СЫР АЯК

Кээ бир кишилер өтө сезимтал болушат. Устат да өзүн ошондойлордун катарында көрөт жана андайлар өтө аракетчил, курч болорун айтат. Бир нерсени башкаларга караганда таптакыр башкача кабыл алып, болуп жаткан нерселерден аябай таасирленишет. Алардын кыймыл-аракеттери да көпчүлүк учурда башкаларга окшобойт. Мисалы алар коом дуушар болгон кыйынчылыктардан, жамандыктардан, кырсыктардан катуу таасирленип, мына-мына жарылып кетчүдөй дирилдеп, дуулдап турушат. Башкаларга салыштырмалуу сезимталдыгы, жапакечтиги абдан жогору. 

     Мындай мүнөздү дароо эле артыкчылык катары да көрбөш керек. Анткени бул кишинин табиятына тиешелүү маселе. Баары эле ушундай болсо деп күтүү да туура болбой калышы мүмкүн. Кээ бир кишилердин ичи кең, нерви калың, сезимдери керең болот. Бет алдында дүйнө астын-үстүн болсо да былк этпеген, Ислам ааламы алоолонуп күйүп жатса да кебелбеген жандар бар. Ал эми буларга салыштырмалуу сезимталдар бир тал самандын түтүнүнө ууланып, бир үзүм желге дирилдеп энтигишет. Булардын баары адамдын мүнөзүнө жана табиятына байланышкан маселелер. 

        Токтоолук

     Сезимталдар жакшы устаттардын колунда тарбияланса адамзат үчүн өтө пайдалуу кызматтарды кылат. Анткени алардын ичи жалындап, буулугуп турганы турган. Аларды кыймылга келтирүү үчүн эч кандай сырткы күчтүн, айдакчынын кереги жок. Анткени алардын табиятына бүткөн сезимтал, дилгир мүнөзү көздөп, көксөгөн максаттарына тынымсыз сүрөй берет. Ал эми бейгам, камырабаган кишилерди ордунан жылдыруу абдан оор. Аларды ордунан козгоо үчүн да кошумча күч-кубат керек. Азирети Бедиуззаман мындай ыкшоо кишилер тууралуу: “Эй, эки жашоонун жаны болгон мусулмандыкка кайдыгер караган эки аяктуу тирөлүк таалайсыздар! Арттан келе жаткан муундун алдын тоспогула! Кабырыңар силерди күтүп жатат, баргыла! Ислам акыйкатын ааламга жая турган жаңы муун келсин!” – деген[1]

     Азирети Бедиуззаман ар дайым жаңы, шайдоот муунду күтүп жашады. Куранды жаңы эле түшкөндөй кабыл алып, ага Пайгамбарыбыздай (саллаллаху алейхи васаллам), сахабалардай мамиле кылган, Алланын буйруктарын аткарууга дилгир, дин кызматы дегенде ичкен ашын жерге койгон жаңы муунду күтчү! Ошондуктан жүз атка сүйрөтсөңөр да ордунан козголбогон, камырабаган, мурдун балта кеспеген кишилерге ушинтип кайрылган эле. 

     Мына ушул себептен пенденин сезимтал болушу, жеңил болушу өтө маанилүү. Бирок мунун да өзүнө жараша кооптуу жактары бар. Эгер мындай кишилер сезимдерин акылы менен, аң-сезими менен башкара албаса, шарият нугуна сала албаса, анда алар өтө көп катачылыктарды кетирет. Шашмалап жүрүп бардык ишти башаламан кылат. Сезимдерине алдырып дегдеңдеп жүрүп шарияттын чегинен чыгат. Ошондуктан, эң негизгиси Имам Газзали, Имам Раббани жана азирети Бедиуззамандардай сезимтал болуу менен бирге, кылдат, оор басырыктуу да болуш керек. Бир жагынан баарына кучак жайып, сүйүү тартуулай турган кең пейил болсоңор, дагы бир жагынан бардык нерсенин убагы болорун билип, убакыттын өкүмүнө моюн сунган, оор басырыктуу, токтоо болууну колдон чыгарбагыла. 

     Киши көздөгөн мүдөөсүнө, карманган жолуна канчалык бекем болсо да, этияттык менен, токтоолук менен иш кылбаса, жалпы элдин башына чоң көйгөйлөрдү алып келиши мүмкүн. Кыраакылык, көрөгөчтүк менен коштолбогон күйүт, санаа кишиге чоң катачылыктарды жасатары турган иш. Сезимтал, ичи сырты бирдей ак көңүл, ала көөдөн кишилер алды-артын карабай чуркап, коомдук, саясий же экономикалык каталарды оңдойм деп жатып күтүүсүз иш кылып алышы мүмкүн, демократияга шай келбеген аракеттерди жасап, артык кылам деп тыртык кылып алышы мүмкүн. Тарыхта мунун мисалы арбын. 

     Ооба, жалкоолуктун, ыкшоолуктун, кебелбестиктин, көлкүгөн көлчүктөй көпшөктүктүн жеке кишиге да, коомго да эч бир пайдасы жок. Бул сапаттарды түп тамыры менен жок кылуу керек. Пенде эптеп бир айласын таап мындай терс сыпаттардан арылганы оң. 

     Ыкластуулук, дилгирлик, түйшөлүү болсо мактоого ылайык өзгөчөлүктөрдөн. Тилекке каршы, туура кадам таштоо үчүн ушулар эле жетиштүү эмес. Муну менен бирге сөзсүз сабырдуулукту кошо карманып, учуру келгенде көңүлүнө жакпаган окуяларга да көз жумганды, көөдөнүн кенен тутуп, пландуу, программалуу иш жүргүзгөндү да билмеги эп. “Эр жигиттин ичине ээр токумчан ат батат”, – деген эмеспи бабаларыбыз. Ар бир иштин бүтөөр саатын байкап, белгилүү бир убакытты талап кылган иштерде шашпоо зарыл. 

     Кыскасы момун пенде тең салмакты кармай билген, ар нерсенин чегин туура баамдай алган жан болушу керек. Антпесе Исламдын жана адамзаттын тагдырына тиешелүү чоң маселелердеги жаңылыштыктар Алланын акысына, жалпы элдин акысына ушунчалык орой тийгендиктен, акыретте анын азабы оор болот. 

        Кең пейил, оор басырыктуу азаматтар

     Эгер силер адамзаттын көйгөйлөрү менен алек болуп, улуу сапаттардын коомго жайылышын кааласаңар, акыйкат жана адилеттүүлүктүн артынан түшүп, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюуну өзүңөрдүн милдетиңер деп билсеңер, анда мунун оңой-олтоң иш эмес экенин жана белгилүү бир убакытты талап кыларын да эске алууга тийишсиңер. Вахий менен азыктанган жана көсөмдүктүн ээси болгон Алла элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) жахилият доорунун жашоочуларын колдон алып, адамдык улуулукка жеткириши да жыйырма үч жыл өмүрүн алган. Ал бул жаатта үммөтүнө жол көрсөтүп, табият мыйзамына ылайык иш жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн көрсөткөн. Эгер ал бардык нерсени кереметтери менен эле орундатып койгондо биз кимден өрнөк алат элек? Ал жүрүш-турушу менен бизге адамдык улуулукка жетүү жолдорун, ал үчүн кандай кыйынчылыктарга чыдоо керектигин жана мунун акырындык менен жүзөгө ашарын көрсөткөн.  

     Манжасынын бир ишараты менен Айды экиге бөлгөн, салааларынан шаркыратып суу агызган, бир ууч тамак менен үч жүз кишинин курсагын тойгузган Пайгамбарлар мырзасы Алладан тилесе (Бусийри мактоо ырларында айткандай) Алла анын урматына тоолорду чылк алтынга айландырып коймок. Бирок бул Пайгамбарыбыздын милдети эмес болчу. Ал Алла Таала мойнуна жүктөгөн динди жеткирүү милдетин иш жүзүндө көрсөткөн. Жыйырма үч жыл бою эч бир кемчилиги жок өмүр сүрүп, алдынан опол тоодой көйгөйлөр чыкса да Алланын буйругу менен баарын жеңип чыкты. Түркөй, караңгы коомдон маданияттуулуктун жылдыздай жанган үлгүлөрүн өстүрдү. 

     Биз да азыр учугу үзүлбөй келаткан бир топ көйгөйлөр менен бет маңдайлашып турабыз. Чынында эле чыгаар жолу өтө катаал, оңой менен түшүнүүгө болбой турган оор көйгөйлөрүбүз бар жана алардын айласын шашма, чыдамсыз кишилер таба албайт. Андайлардын ар бир таштаган кадамы проблемаларды чечмек тургай, кайра жаңыларын пайда кылып, башкалар сөзсүз ийгиликке жетебиз деген жерден да үстөкө-босток утулууга дуушар болушат. Алдыбызда турган машакаттарды чече турган азаматтар кең көкүрөк, оор басырыктуу, токтоо жана ойгоо болушу керек. Ошондо гана алар шашмалабай, чебелектеп жүрүп туура эмес кадам таштабай, башкаларды дайыны жок дүрбөлөңгө салып ызылдатпай, ого бетер кошолонтпой, иштин иретине доо кетирбей, болгон мүмкүнчүлүктү, болгон бурсатты өтө жакшы пайдалануу менен көйгөйлөрдү камырдан кыл сууругандай чече алат.

 
***
Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2008-жылдын 15-ноябрындагы баянынан алынды.  

Которгон: Канатбек Аманбаев

Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев


[1] Бедиуззаман, Муназарат