Орус-украин согушу 100 күндүк чектен өтөт деп эч ким ойлогон эмес. Билермандын дээрлик бардыгы, Орусия Украинаны максимум бир аптада толугу менен басып алат деп божомолдогон

Бирилери Украина аймагын толук, айрыкча Киев менен Харьковду, басып алганга мүмкүнчүлүк бербегени эле чоң жениш дешти. Наркы тарап болсо, Крымды кошкондо орус армиясы Украинанын 20%ын көзөмөлгө алды деп атат. Айрыкча Мариуполь жана Херсон деген ири шаарларын алганын айтсак, бул да бир ийгилик.

Бирок чын эле фактыларга таянсак, украин согушкерлери Орусиянын дүйнөдөгү экинчи орунда турган армиясы (согуштагы эффективдүүлүгү жагынан да) бар деген уламыштын сыртындагы жылтырак сырын кетирип койду. Учурда орус армиясынын алдыга жылуусу толугу менен токтоп калды десек болот. Анткени украин тарап Сум, Чернигов облустарын толугу менен жана Харьков, Киев облустарынын бир бөлүгүн орустардан кайра алды.

Бул согуш, чындап айтканда, орус армиясы Крым менен Донбасска киргенден бери башталганын, 2021-жылдын 24-февралындагы чабуул болсо анын уландысы гана экенин айтууга болот.

Крым жана Донбасс алынгандан бери Орусиянын украиндердин калган жерлерин басып алуу ыктымалы арткандыктан, украин аскер башчылары менен жетекчилиги жеп-ичкенин бир аз бууп, мурун мамлекеттик бюджетти эки колдоп жеп атса, балким, бир колу менен жеп, армиясын күчтөгөн. Орус бюджетинен бөлүнгөн жүз миллиарддаган рубль каражат болсо ушул күнгө чейин улак-тартышка түшүп, Владимир Путиндин табакташтары жакшы эле пайдаланышканы билинди.

Айрыкча түздөн-түз согуш талаасындагы кармашууну жетектеген сержанттык курамдын айырмасы байкалган. Орустардын контрактниктеринен бери сержанттар тартыш болуп, согуш талаасына офицердик курам да түшүүгө мажбур болгон. Ошондуктан майданда өлгөндөрдүн жана туткунга түшкөндөрдүн арасында офицерлер арбын экени факт. Айрыкча, аскердик иерархиянын эң чокусунда жайгашкан генералдык курамда да жоготуулар болду.

Кээ бир эксперттердин баамында, аскердик курам жана тактика, согуштук курал менен техника жагын салыштырганда, учурдагы согушта мурунку “үчүнчү” (20-кылым) муундагы жана учурдагы “төртүнчү” муундагы армиялар кармашып атат. Ошондуктан орус армиясы Афганистан менен Сириядага колдонгон “жер өрттөө”, б.а. ар бир метрдин таш-талканын чыгарган тактикасына өтүүгө мажбур болду.

Учурда орус командачылыгы аскерлерин чабуулга өткөрүүдөн качып, артилерия жана авиация менен аткылап-бомбалоо аркылуу украин тарапты чегинткиси келип атат. Бирок мындай тактика, көбүнчөсүн, карапайым калктын кырылуусуна алып барып, ал Орусиянын имиджин эки тараптан талкалап келет. Биринчи тарап – дүйнө коомчулугу алдында, экинчиси болсо – Украинанын буга чейин Орусияга лоялдуу болгон орус тилдүү калкынын алдында аброю күн санап түшүүдө.

Бул жүз күндө орус аскерлери басып алган аймактарда партизандык аракеттер улам күч алып бара жатат. Орустардын аскердик поезди жардырылып, блок-постторуна кол салынып, орус тарапка өтө качкан украин жарандары жардырылып баштады.

Бирок орус бийлиги да мурун Крым менен Донбасстагыдай эле Орусия поспортторун таратып, сооданы рублге өткөрүп, оккупацияда калган украин калкына гуманитардык жардам таратып кирди.

Ошол эле 100 күндүн ичинде, мурун украиндерге ооз көптүрүп жардам берем деген Германия менен Франция келечектеги кыштан коркуу менен бирге башка да саясий себептерден улам, Орусия тарапка жан тарткандай түрү бар. Мисалы, Германия украин аскерлерине “Гепард” учак соккучун берем деген, бирок учурда ал тууралуу үн да катпай калды.

Таалайбек Маматов