Орусиянын Жаза аткаруунун федералдык кызматы (ФСИН) статистикалык маалыматын жарыялады. Андан канча кылмышкер Украинага каршы согушка аттанып, алар кантип өлүп баштаганын көрсө болот
ФСИН 2022-жылдын ноябрь айына чейинки жаңыланган маалыматын чыгарды. Андан абактын тургундарынын саны азайганы байкалып турат. Эгер мындай маалымат согуш болбогон тынч жылдары сүйүнткөн болсо, учурда бул маалымат орус серепчилерин чочутуп турат.
Маалыматтарга келсек, 2022-жылдын 1-январынан 1-октябрга чейин абактагы орусиялыктар 12 700кө азайса, 1-октябрдан 1-ноябрга чейин 13 735 кишиге кемип кеткен. Демек, бир айдын ичинде андан мурунку тогуз айга караганда көп киши абактан чыккан.
Ошондой эле 2022-жылдын 1-октябрынан баштап 1-ноябрга чейин ФСИНдин мекемелери да 632дан 626га тушкөн. Демек, бир айда алты колония бир жакка жоголуп кеткен. Серепчилердин божомолу боюнча, алар украин согуш туткундарын же мобилизациядан качкан орус жарандарын камоочу жайларга айланат.
Быйылкы жылдан сырткары абак тургундары 2015-жылы чоң амнистия учурунда жана 2020-жылы КОВИДден улам соттор иштебей калган кезде да тез азайган учурлары болгон, б.а. ылаң учурунда абактан чыкчуулар чыккан, бирок отурчуулар келген эмес.
Учурда эч кандай амнистия болгон жок, орус соттору шакылдап иштеп жатат, бирок абактагы кишилердин мынчалык тез азайганы, ФСИН 2014-жылдан тартып статистикалык маалыматын берип баштаган кезден бери, байкалган эмес. Демек, бул кишилер “кандайдыр бир тарапка” жоголуп кетип атат.
Статистикадан сырткары ФСИН Орусия президенти Владимир Путиндин “ашпозчусу” атыккан Евгений Пригожин абактан орус-украин согушуна чыгарып кеткен кылмышкерлердин өлүмү тууралуу справкаларды да бере баштаган. Ал жерде ачык эле “өлгөн жери” деген графада “Орусия Федерациясы Донецк эл республикасы (ДНР), Артемов шаары” деп жазылган. “Өлүмүнүн себеби” катары “ар түрдүү жарылуулардын сыныктарынан алган жаракаттардан” деп жазылган.
Өлгөн кылмышкерлер согушка кантип барып калганы тууралуу эч нерсе деп жазылган эмес. Жакындары менен укук коргоочулардын бул тууралуу суроолоруна башында “Ростов облусунун колониясына которулду” деген стандарттуу жооп келсе, эми “бул маалымат мамлекеттик сыр болгону үчүн” деп жооп берип калышкан. Эмнеге мамлекттик сыр болуп калганы боюнча эч кандай түшүндүрмө жок.
Ошентип Орусия мамлекети өзүнүн мыйзамдарына, өзүнүн милдетине жана өзүнүн жарандарына канчалык мерес жана текебер экени билинип калды.
Жансакта Сарбашов