Жер жаңы эле жарып, жайлоонун таңы эми-эми атып келаткан кез. Жайдын толуп турган мезгилине карабай, аба ичиркенткен муздак. Бул жак жакадан анча алыс болбогону менен, аба кыйла өзгөчөлөнүп, оңой менен жылый койбойт. Эрте турган киши жылуу кийинбесе, суук жөн эле чучукка жетет. Баятан турган ата атын кармап келип токуду да, он бир, он эки жашар уулун жылкыга аттандырды.

– Балам, − деди ал. – Жылкы жакага түшпөсүн деп кечинде катуу кууп жибердим эле, жондон нары өтүп кетти го. Анда эле баягы журтуна барат. Баштаак көк бээ түз эле төрдү көздөй алып кетсе керек. Не бар, не жок, жон менен барчы.

Ата жаңылбайт. Канчадан бери жылкы баккан, бээлеринин, малынын сырын билген ата жаңылбайт. Түндө кеткен жылкынын дүбүртүнөн эле жылкысы эртең менен тоонун кайсы жеринде болуп каларын билет. Туят, сезет. Алгач уулу таң калчу. Бирок, бара-бара ал да буга көндү. Атасына ишенет да, атын минген бойдон кыңылдап ырдаган бойдон кетет. Ал балким эки жакты сонуркап караар, балким башка үйүрлөрдү көрсө шектенип дүрбү салаар. Бирок, ал таппайт. Жылкыны үйдө жаткан ата табат. Кыраакы ата үйдөн эле уулуна жылкынын дайынын айткан эмеспи. Уулу башка үйүрлөрдү карайбы, башка жол менен бастырабы, баары бир, акыры атасы айткан жерден барып жылкыны кууп келет.

Дагы бир күнү ата жылкыны агытып жатып кобурайт.

– Төрдө от калбады, − дейт ал. – Жонду да жеп бүтүштү. Жылкыны тигил кайкыны көздөй айда. Атаңдын көрү, жол алыс, атты чарчатат. Бирок, ал жактын отуна тиш тие элек. Кайкыга жеткен эле жерде жатат го. Эртең менен сен баргыча тоюп, ал тургай берилеп калышы да мүмкүн. Ойт десең эле желени көздөй жөнөп берет.

Ооба, ал күнү да ошондой болот. Таң атпай туруп, уйкусу чала канган бала ат үстүндө шылкылдаган бойдон барып жылкыны кууп келет. Кууп келгени курусун, бир эле жолу ойт деп кыйкырып койот. Бир эле жолу «желе!» деп добуш салат. Калганы так эле атасы сүрөттөп бергендей, атасы айта келгендей жүзөгө ашат. Баягы баштаак көк бээ алдыга түшүп, артынан башкалары чубурат. Араакта оттоп жүргөн Карагер айгыр бала деп тоготпойбу, же ыңгыранабы, айтор ордунан козголбойт. Бирок, атасы айткандай, бала аны карап деле убара болбойт.

– Айгыр үйүрүнөн калбайт, балам, − дейт ата. – Бери жагын кууй берсең, айгыр өзү эле  жетип келет.

Ооба, бул дагы так ошондой аткарылат. Бала айгырды карабайт. Таңкы таза аба анын чыңкылдаган добушун алда-кайда алып учат. Тизеден буралган тулаң чөптө жатып дырдая тойгон жылкы анын үнүн угуп баш көтөрөт. Анан көк бээ алдыга түшөт. Ага элтең-элтең чуркап кулуну кошулат. Анан жалпак кара бээ, чоң тору бээлер имерилет кулундары менен. Анан эки байтал деп отуруп баары жөнөп берет. Ал ортодо жайлоонун көркү, абанын тазалыгына кошул-ташыл болуп, жылкысын ылдам тапкан баланын да көңүлү ачылат. Дүбүрөп жөнөп берген жылкыны көрүп аты да лүкүлдөйт. Шайдоот бала кармана албай оозун койо берет. Жылкы айдаган шаң деп бекер айтпаган тура бабалар. Көңүлү ачылат, өпкөсү көөп алып учат. Жылкы менен тең жарышып чаап жөнөгүсү келет. Бирок… Бирок, кыраакы атанын кеби тык этип эсине келет.

– Жылкыны катуу кууба, балам. Тиги чоң тору бээнин кеч туулган кулунунда сүйрөткү бар. Тебелеп алса катуу жыгылат. Айрыкча, кыядан абайлап өт, бири-бирин жөөлөп учуп өлүшпөсүн, − деген кеби тык этет.

Ооба, атанын бул сөзү дагы айтканындай ишке ашат. Энесинен калбайын деп тызылдап чуркап жүргөн жаш кулун бир жыгылып турат. Ушундан улам бала аны аяп, аттын оозун тартат.

Үйүрдү үйгө айдап келип желеге илген соң, апасы уйларды агытып алдына салып берет.

– Сен буларды сайдын ичине киргизип кет, анан мен торпокторду агытайын, − дейт апа. Ал дагы булардын сырын билет. Уйлар сайга кире электе агытылган музоолор энелеринин артынан чуркап кетерин апасы жаземдебей билет.

Ошентип жайлоодо өскөн бала да такшалат. Малдын сырын, жердин табын үйрөнөт. Жылкыны кечинде кайда айдаса, эртең менен кайдан табарын билет. Жаандуу күнү кайдан издеш керек экенин, жаан эместе кайдан издеш керек экенин билет. Уй канчада үйгө кайтарын, торпокту кайсы убакта акмалап баштабаса энесин таап эмип кетерин түшүнөт. Таң атпай жайылып кеткен кой кайсы убакта жуушап каларын, кайсы убакта сууга түшөрүн, кайсы убакта жайылып жөнөрүн байкайт. Ал тургай кечинде тушалган атты эртең менен кайдан табарын да үйрөнөт. Ооба, аны да атасы үйрөтөт буга.

«Эртең буюрса, жылкы бул эле бетте болот. Атты тушап койо бер. Көп болсо сайга түшөр» дейт. Же «Көк-Жон менен төрдү жеп бүттүк. Жылкы бүгүн Кайкыга кетти. Эртең менен сен айдап келгиче кеч болуп кетет. Күн көтөрүлүп кетти дегиче жылкы ысылап карагай аралайт. Анда эле таппай каласың. Атты бетке аркандап, эртерээк аттан» дейт.

Бала алгач муну түшүнбөйт. Ал тургай атасына ишенгиси деле келбейт. «Кантип эле жайлоонун оту түгөнүп калсын? Жапжашыл болуп эле жатпайбы» дейт. От түгөнөт десе эле такырайып чаңы чыгып калчудай элестетет. Анан калса, жылкыны жалаң эле өзү айдап келип жүрөт. Атасы ал жакка жаздан бери бара элек. Анан от түгөнгөнүн кайдан билет дейт. Бирок, кыраакы ата аны да билет. Бээлердин сүтү тартыла түшкөнүнөн, кулундардын жүүнү бошоп арыктай баштаганынан билет.

– Байкуш кулундар түнкү тоютуна алымсынбай калды. Карачы шапая түшүшкөнүн. Жылкы  от кууп жүрө берсе, булар кайдан тойот эле. Керели кечке акыйып байлоодо турганы аз келгенсип, түнү менен жүрсө өлбөйбү, − дейт ата.

Ооба, ал жайыттын оту түгөнгөнүн малынын түрүнөн билет. Сүттүн саанынан билет. Бала аны түшүнбөйт башында. Оттун азайганын байкабайт. Жерден чыккан чөптүн баары эле жылкыга от боло берчүдөй сезет. Жайлоо жапжашыл болуп турса эле баары тоют деп ойлойт.

Бирок, ата баласын таң калтырганын койбойт. Ал эч ойлобогон жерден жыйынтык чыгарат, күтпөгөн жерден көсөмдүк кылат.

Кеч кирип, жат-жатка келгенде сыртка чыгып кеткен ата кайра кирип келатып кобуранат.

– Сары жылдыз менен ай тогошуп калыптыр. Кудай уруп катуу жаан жаайт го. Ашып кетсе беш күндүк аралык калыптыр. Чөптү чаптырыш керек эмес беле, − деп санааркайт.

Эне менен бала не ишенерин, не ишенбесин билбей бири-бирин карайт. «Асмандагы жылдыздын жердеги жаанга кандай тиешеси бар?» деп таң калат уул. Ал тургай эне да сүйлөнөт. Мурда абышкасынан мындай кепти далай укса да, болбой эле сүйлөнүп калат.

– Кайдагыны эле айта берет ушул, − дейт эне. – Тиги радио деле аба ырайын беш күн мурун айта албайт. Анан эле ушунун жылдыздары кыйын, тогошуп, найзалашып эле турат, − деп күбүрөнөт. Ата күлөт. Айтты койду дебегиле дегендей ишенимдүү күлөт. Анан күн сайын түнкүсүн ай менен жылдызга көз салат.

Катуу тогошуп келатат. Тим эле айдын желкесине мингени калды, − деп кобуранат.

Уул түшүнбөйт, эне таң калат. Бирок, экөө тең жүрөгүнүн түпкүрүнөн ишенет. Атасы айткан болсо, демек жаан жаайт. Арадан апта өтөт. Күндүн ырайы бузулат, булуттар карарып кирип келет. Ал тургай тоо башылап карлап жиберет. Кардын ичиркенткен суугу келет андайда. Ылдыйга болсо үч күн, беш күндөп күн ачылбай, ак жаан болуп майдалап жаайт. Жайлоонун эли жүдөйт, бала тажайт. Тажабай анан, жагайын десең отун суу, кийейин десең кийим суу. Мал айдасаң бет үшүйт, кулун салсаң кол үшүйт. Андайда жылкынын да ачуусу чукулдап чыга келет. Кулундар чындыңдап тепкиленет. Бээлер айдаган жакка баспай, чимириле калып жаанга соорусун салат. Эне байкуш куурайт. Уй саагандан, бээ саагандан заарканат. Бирок, кыйбайт. Үшүсө да, жаны кейисе да саайт. Ооба, жайлоонун бир жыргалын хан көрбөйт, бир кууралын кул көрбөйт деген ошол.

Күн чайыттай ачылып, шаңкайып тийип турган маалда жайлоодон өткөн керемет болбос. Чымчыктардын сайраганы, тоо суусунун күпүлдөп акканы, көк шибердин жайлуулугу, кам каймактын майлуулугу. Андайда конок да келип, опур-топур киши үзүлбөйт. Бала жанын сабап ат токуп, келгендерди алда кайдан тосуп келип, козу сойсо баш куйкалап, идиш жууса суу ташып, казан асса от жагып жаны тынбаганы менен, конок келген күндөр ал үчүн майрам. Келген кишиге да, тоскон кишиге да майрам.

Андайда да атанын билгичтиги ишке жарайт. Кайсы коногуна кандай союш керек экенин, кайсы козу союуга жарап калганын, кайсы козу быша элек экенин билчү киши ошол. Конок келет дегенден бир-эки күн мурун короого кирип кой-козусун чуктайт.

– Бул козу бир айда эт алып калчудай, муну кыздар келгенде сойолу, − дейт кечинде карала козунун капталын, чычаңын кармап көрүп.

Анан дагы бир козуну карматат.

– Ошол ак төбөлдү карма, − дейт. Бала койду аралап барып шыйрагына жабышат. Көккө тойгон койдун жампасын балчайта басып алганына жийиркенгени менен андан качып кутула да албайт. Короо толо жампа болсо кайда качат эле. Ата болсо аярлай басып келип муну да кармалап көрөт.

– Оо, бул эттенип калган тура. Керек болсо карын май чыкчудай. Эртең ушуну кармап келесиң, макулбу, − деп табыштайт. Анан:

– Тиги токтуну да кармап көрчү, − деп тапшырат. Бала ак төбөл козуну койо берип, атасы көргөзгөн ак токтуну качырып жөнөйт. Алгач айлана басып имерип барып, көп койго кептеле калганда шап жетип шыйракка жабышат. Токту деген козу эмес да, баланы дикилдетип сүйрөп барып араң токтойт. Бала бул жолу да бутун сүргүлөп, жампа баскан бутун каралап энтигип турат. Анткени менен токтуну колунан чыгарбайт. Карма деген соң кармаш керек. Баары бир өзүң кармай турган болгон соң аянып кереги жок.

Ата шашпай келип мунун да жонун, куйругун, чычаңын кармалайт.

– Аа жакшы. Өткөндөгүдөн кыйла эттенип калыптыр, − дейт. – Кысыр дагы. Буюрса бир айдан кийин эки эли болуп калат. Чөптүн маалында ысык тамакка жарагыдай.

Бала таң калат. Таң калат бирок, ишенет. Койдун жонун кармап көрүп кандай эт чыгарын, желинин кармап көрүп тууп-туубай турганын, анан канча убактан кийин канча семирип каларын билген атасына ары таң калат, ары ишенет. Ооба, атасын биринчи жолу көрсө балким ишенмек эместир, бирок муну эс тарткандан бери көрүп келатат. Атасы чанда гана жаңылат. Чанда гана! Жылкынын жайытынан да, кулундардын тоютунан да, күндүн жаашынан да, койдун туушунан да, малдын этинен да дээрлик жаңылбайт.

Атанын кыраакылыгы, көрөгөчтүгү ушул. Турмуштан алган билими, айтылбаган өнөрү да ушул. Ал түндө туруп жылкыны Көк-Жондон төргө кууп таштап, анан эртең менен баласын төргө жөнөтпөйт. Же төрдүн отун кырып чаап салып, «Бул жердин оту түгөндү, жылкыны Кайкыга айдайлы» дагы дебейт. Кайкыга барып оттуу экенин да көрүп келген эмес. Болгону айылда кимдин малы каякта жатканын, кайсы жайытта канча мал бар экенин элден укканына жараша болжоп, ошого жараша тыянак чыгарат. Козуга баландай чөптү жеп бир айдан кийин мынча семир, бир жумада мынча май чогулт деп да тапшырбайт. Асмандагы булуттарды чогултуп келип бир аптадан кийин баланча күн жамгыр жаадыр деп да айтпайт.

Ооба, ата мунун баарын тек гана билет, байкайт, түшүнөт. Жараткан кыргызды ошондой жараткан тура.

Айтмакчы, ошол Жараткан да мунун баарын билет. Билет, көрөт, түшүнөт. Атасы ошондой мал багарын, кайсыл жайытты жайлап, кайсыл жайытка жылкы айдарын, кайсы козуну качан союп, кайсыл конокко кандай эт берерин да билет. Ата билгенди Жараткан билбей калыппы?.. Ал баарын билет. Болгону, аны атанын эркине таштайт. Ата малын жайытта эркин таштагандай, Жараткан дагы атасын жашоодо эркин таштайт…

Насыпбек Асанбаев