Бакыт Асановдун курултай мыйзам долбоору боюнча “Эксперттер Талдайт’ын” көрүп, Таттуубүбүгө кол чаап, Арабаев агайдын ары этикасы аздыгына, ары логикасы тайыздыгына, ары өзүн өзгөчө эл акылманы туйганына тообо кылып, анан ошол мыйзам долбоорун окуп чыктым.

Курултай боюнча буга чейин эле жалпы ойлорум бар эле, бул долбоорду окуп, берүүнү көргөнүм мага дагы бир топ толуктоо болду. Кыскача ой бөлүшөйүн. Өтө кыскача ток этээрин айтсам, негизи эле мындай өзгөчө институттун кереги жок эле, а бул мыйзам долбоору такыр жарабайт. Эми бир нече пункт жаза кетейин.

1) Баштаганда эле баары – колдогону да, каршы болгону да “Конституцияга жазылып калган, мыйзам баары бир керек”, – дешет. Башкача айтканда, башка айлабыз жок, аттиң Баш мыйзамга жазылып калыптыр деп, мойнунан байланган иттей болуп атышат. Мунун өзү эле бир көрсөткүч. Таттуубүбү туура айтат, Баш мыйзамда чийки нерсе көп, анын бири – ушул Курултайдын кирип калгандыгы. Эл добуш берген болсо эле мыйзам чийки болбой калбайт. Эл референдумда добуш берүү менен чийки мыйзамды бышырып салса, 30 жылда ушунча жолу Баш мыйзамды өзгөртөт белек?

2) “Эл менен бийликтин ортосунда курултай көпүрө болуп берсин”, – дешет. Баары асмандан түшүп калган болсо керек. Биринчиден, андай өзгөчө көпүрөнүн кереги жок – азыркы заманда ар бир киши түз эле президентке чейин кабарын жазып койо алат. 1000 киши чогулган какафонияга караганда ушул Фейсбук 100 эсе эффективдүү. Экинчиден, ошол бийликтин ар бир тепкичи, ар бир бөлүгү элдин өкүлү болуп иштейт. Эл менен эл өкүлүнүн ортосунда дагы кандай көпүрө керек? Логика кайда? “Тээ алыстагы айылдардын, элдердин үнү да угулсун”, – дейт Арабаев. Антип сүйлөчүдөй Кыргызстан килтейген Орусия беле, же жымыраган Кытайбы? Нурлан мырза айткандай, ар бир айылга интернет жеткен азыр. “Тээ алыскы” деп сүйлөчу заман эмес, мүмкүн 100 жыл мурда, ат чабармандан башка байланыш жок кезинде, жарашмак.

3) Элдин бийлик бутактарынын баарына, парламентке да ишеним калбай, курултай керек болуп жатат дешет. Буга Таттуубүбү эң туура жооп берди – анда ошол ишенимди калыбына келтирүү керек, кайра эл ишенчүдөй иштеш керек. Ишенбейт деп эле жаңы институт баштабай. Кишинин башы ооруса жаңы баш кошуп албайт ко, же үйдүн үстүнөн бир жеринен суу акса, ал тешикти бүтөш керек да, кошумча жанына жаңы бөлмө кошуу маселени чечпейт.

4) Курултай кыргыз элинин тээ мурдатан келген эски салты, институту дешет. Биринчиден, тарыхчы эмесмин, бирок укканымды айтайын – белгилүү болгон тарыхыбызда “курултай болгон” деген конкреттүү далил жок экен, Манастын да эч бир жеринде “курултай” деген сөз жок дешет. Андыктан, өзүбүздү жок жерден эле “эски салтыбыз” деп алдап жүргөн болбойлу. Бирок, андан да маанилүү жери: эски салт же институт болсо эле азыркы кезде ал жакшы иштейт дегенге эч кандай негиз жок. Тескерисинче, азыркы шартта пайдасы жок болот дегенге толтура аргумент бар. Азыркы Кыргызстан эли, элдин маселелери, аларды чечүү ыкмалары таптакыр башка. Кыска айтканда, азыр коом да, коомдук жашоо да татаалдашкан, (Макс Веберди уккан чыгар Арабаев, бизде ошол сыпаттаган татаал коом азыр). Өткөн кылымдарда коом, экономика, башкаруу өтө жөнөкөй болгон, ошондо мүмкүн эл маселелерин жыйыла коюп чечип алган.

5) Эми, мыйзам долбоору боюнча бир нече сөз (чындап эле мыйзамчы “укукчумун”, “профессормун” дегендер бул долбоорду бирөөгө көрсөткөндөн уялыш керек болчу):

– Толтура сөздөр, терминдер аралаш колдонулат. Курултай карачу маселелер бир жерде “маанилүү маселелер”, бир жерде “эң маанилүү маселелер” делет, а маанилүү же маанилүү эмес экендигин аныктачу эч кандай критерий жок (болушу мүмкүн деле эмес). Жергиликтүү курултайды караган берененин биринде Элдик курултай деп турат. Элдик Курултай боюнча бөлүмдө аны “уюштуруучу комиссия” тейлейт экен, ал комиссия кайдан пайда болгону дайынсыз (жергиликтүү курултай жакта анын жарым-жартылай дареги бар).

– Курултайлар карай турган маселелердин баарысын ансыз деле карай турган, азыр иштеп жаткан институттар бар – көбүнчө Жогорку жана жергиликтүү кеңештер.

– Курултайлардын курамы болсо, эми, өзүнчө эле бир керемет. Кимдин оюна эмне келсе кошуп салгандай.

– Курултай делегаттарын шайлоо жагы өзүнчө ажайып, бул жерде авторлор бир жомоктон, идиллиядан чыга калган окшойт дейсиң. Делегаттар жергиликтүү коомдун жыйындарында шайланат экен. Ал жыйындарга канча кишини ким жыйа алат, ойлонду бекен? Квоталары, делегаттардын саны, шайлануу критерийлери – дегеле эч нерсеси дайын эмес.

– Элдик Курултайдын делегаттары кандай принципте ким тарабынан тандалаары такыр эле жазылган эмес. Бир топ жерлерде, чынында, жергиликтүү курултайлар боюнча бираз көбүрөөк отуруп, Элдик Курултайга келгенде эптеп эле жазып салгандай.

– Бир ой келди – бул мыйзам долбоорун жазган авторлор өздөрүн Президиум мучөлөрү катары көрүп алган окшойт. Калганы аларга кызыксыздай.

– Жалпысынан, долбоорду окуганда, ал үч нерсенин дилетанттык деңгээлдеги аралашмасындай көрүндү: биринчиден, парламент жана жергиликтүү кеңештер жөнүндөгү мыйзамдык ченемдерди эле алып, ошол стилде, ошол тилде жаза баштаган, анан авторлордун бир бөлүгү коммунисттик партиянын съезддерин сагынганбы, айтор, ошол институттун айрым шамалы келип турат (Кадыр Кошалиев так ошентип эле айткан, Арабаев болсо “мен советтик тарбия алган адаммын” деп сыймыктанды), үчүнчүсү – жогоруда айткан обу жок романтизм: авторлор долбоорду жазып атканда биздин коомду кеминде 2-3 кылым артка кайрып, ошол кыялдуу элестин тутумунда жазып салган окшойт дедим.

– Эмне десек акырында? Биринчиден, бул институт чындыгында керексиз, пайдалуу болуусу дээрлик мүмкүн эмес, чыгашалуу, убарасы көп, толтура кишинин колун байлап иштен калтырган, зарылчылыгы такыр жок, “бешинчи дөңгөлөк” десек болот. Конституцияга жазылып калган, арийне, ал катачылык болгон. Курултайды азыр түзбөй, ишке киргизбей койсо, мамлекеттик, коомдук жашоонун эч бир бөлүгү токтоп калбайт, үзгүлтүккө учурабайт.

– Эми, такыр эле болбой, курултай болсун десек: анда Динара Ошурахунова эже сунуштаган эле, аны формалдаштырбай, ийкемдүү калтырып, көйгөлүү маселелер болгондо ошо маселеге тиешеси барларды, билими барларды чогултуп, талкуу куруп, бийликтин сөзүн угуп, ага кеңеш берип, тарап кетүү. Ар маселеде ар башка кишилер, кимдер кааласа катышсын, кээ бирлерин президент чакырсын, кээ бирин парламент чакырсын, кенен отуруп, эркин, ачык талкуулачу жыйын болсун. Эч ашыкча структура, чыгым, уюштуруу чыгашасы, саясатташтыруу, толтура өзүнө-өзү каршы келген мыйзам беренелери, ж.б. – кереги жок.

Эмилбек Жороев