Учурда Жогорку Кеңешке билим берүү системасын жакшыртуу боюнча эки долбоор сунулуп жатат. Биринчисин Билим берүү жана илим министрлиги, экинчисин отузга жакын депутат колдоп аткан демилгечи топ сунуштоодо. Баары келип бюджеттен бөлүнгөн акча менен парага берилчүү акчага такалган…
Макала ББИМдин мыйзам долбооруна атаандаш долбоор катары сунган Демилгечи топтун сунуму жана ага катышкан кишилердин сөздөрүнө жараша жазылды. Кишилердин аты-жөнүн бербегенибиз кыргыз коомунун майдалашып кеткенине байланыштуу. Анткени, кишинин аты айтылса эле “аа, ал баягылардын түкүнчөсү” деп, эң жүйөөлү сөзгө кулак салбаган акмактар кыргызда чекесинен табылып калды.
***
Демилгечи топ демилгелеп аткан ваучер системасы кирсе, Билим берүү жана илим министрлигиндеги (ББИМ) жемкорлор бюджеттеги акчаны мурункудай он бармагын салып жей албай калат. Анткени учурда, мисалы, мектепке бөлүнгөн акча ага түз жетпейт. Миллиондогон сомдор облустук, шаардык жана райондук билим берүү уюмдарынын эсебине түшөт. Андан мектеп кызматкерлери менен мугалимдердин акчасы эле берилет. Калган каражат “борборлоштурган сатып алуу” деген шылтоо менен чиновниктердин колунда калат. Мектепке кеткен бардык буюм-тайым, шаймандын баарын чиновник өз баасынан канча эсе жогору сатып алып, ортодогу айырманы министрликтеги табакташы менен бөлүшөөрү турган иш.
Ваучер системасында болсо, каражат ОБЛОНО, ГОРОНО, РАЙОНО дегендерге эмес, окуучуга бөлүнөт. “Борборлоштурулган сатып алуу” жоюлат. Кайсыл мектеп күчтүү болсо, ага окуучу көп барат жана ваучерлерин тапшырат. Мектеп чогулткан ваучерге жараша бюджеттен каражат алат. Эгер Грузиянын тажрыйбасын карасак, окутуунун сапатына байланыштуу эмес, мисалы, жайгашуусунан улам окуучу аз барган мектепке гана мамлекет дотация кылат.
Мектеп лицензияны бир эле жолу алат. Башында ал үчүн 5-6 эле документ талап кылынчу. Эми бул 5-6 документтин ар бирин тастыктаган документтер талап кылына баштаган. Андан сырткары мектепке бир аз өзгөртүү болсо (кошумча имарат же кабат ж.б.у.с) аларга да өзүнчө лицензия алуу зарыл.
Сертификат болсо лицензиядан да өткөн баш ооруу. Себеби, местеп сертификатты 5 жылда бирден жаңыртып туруусу зарыл. Сертификат алуу үчүн эмне талап кылынганы да ачык эмес. Кыскасы, билим берүү чиновниги пара бермейинче, өзү каалагандай талаптарды кое берсе эч ким эч нерсе дей албайт. Кыргызстандын мектептери жылда ББИМ менен анын аймактык бөлүмдөрүнө миллиондогон сом пара агызчу система түзүлүп, кынтыксыз иштеп келет.
Арам акча өндүргөн системаныны айынан учурда бала-бакчаларга мектепке чейинки балдардын 24%ы гана барат, мектеп окуучуларынын билим деңгээли төмөн, көбүнчө ЖОЖдордун берген илими формалдуу.
Демилгечи топ мыйзамга лицензия менен сертификатты алууну билим берүү мекеменин өз ыктыярына калтыруу керек деп киргизген. Себеби, мектеп же бала-бакча жакшы иштебесе, ата-эне ансыз деле ага балдарын бербейт. Лицензия менен сертификат мекеменин күчтүүлүгүн тастыктаган гана жарнамалык курал болуп калышы керек.
Иш-чарада: “Мектепке ваучердик системаны киргизүүгө каршы чыккан, лицензия менен сертификатты колдогон – билим берүүнүн жана өлкөнүн келечегинин душманы, аларды таптакыр жоюп жиберүү зарыл, керек болсо, санитардык нормалар менен өрт коопсуздугун да ата-энелердин көзөмөлүнө калтырыш керек”, – деген жүйөөлү пикирлер да айтылды.
Демилгечи топ тууралуу маалымат
Гүлнара Каликова, Бурул Макенбаева, Абдувахаб Нурбаев жана Элдар Абакировдор менен бирге Билим берүү (айрыкча мектепте) жаңы мыйзамды демилгелеп атышат. Учурда 150 кишиден турган жумушчу тобу менен иштешишет. Башында эксперттер бийликтен чочулап, аларды чогултуш кыйын болгон. Алгачкы талкууну 2022-жылдын февралында араң уюштурушкан. Бирок азыр жакшы иштеп калышкан. Демилгечи топко 27 киши кирген, алардын арасында ЖКнын депутаттары да көп. Учурда 30дун тегерегинде депутат макул.
Мыйзамдын өзөгү Билим берүү жана илим министрлиги (ББИМ) демилгелеп аткан долбоор менен бирдей, б. а. түп нускасы ошол министрликте иштелип чыккан.
Башында депутаттар колдогон эмес. Бирок кийин мектеп директорлору жана мугалимдери менен чогулуштарга катышып, алардын бул мыйзам долбоорун колдогонун көргөндө депутаттар да кызыгып, учурда активдүү катышып атышат. Августтун этегинде Ошто болгон чогулуш катуу күч берген, анткени зал тура калып кол чапкан. 8-сентябрда депутаттар демилгелеп, декабрда Долбоор ЖКга кирген.
Долбоорду даярдоодон мурун “обзорное исследование” жүргүзүшкөн. Ал изилдөөнү Билим берүү министрлиги баш болгон баары кызыгып окушкан. Учурда талкуу аркасынан талкуу уюштурулуп, коомдук (эксперттик) пикир жаратылды.
Долбоордун негизги өзгөчөлүктөрү:
– Лицензия менен аккредитацияны ыктыярдуу кылуу (ушул жерде былтыйган коррупция бар;
– Мугалимдерди аттестация кылуудан көрө ваучердик система кирсе, кайсыл мектеп күчтүү болсо бюджеттик каражат ага барган окуучуну ээрчип барат. Ошол эле убакта борборлоштурулган госзакупка кылбай, акчаны мектептер өздөрү сарпташы шарт;
– Мугалимдерге академиялык эркиндик берүү;
– Жеке менчик бала бакча (24% гана садикке барат) жана мектептерди (учурда 2,7% гана жеке менчик) ачууну жеңилдетүү.
Жансакта Сарбашов