Карнеги фондунун анализи боюнча Кытайдын Борбор Азиядагы (БА) экономикалык катышы 1990-2021-жылдар арасы төрт этап менен өнүккөн. Ал этаптар бири бүткөндө бири башталган эмес, бири бирине кийишип ишке ашкан:

1-этап. 1990-жылдардын этегинен тартып, 2014-жылга чейин уланган. Алар, көбүнчөсүн, Казакстан менен Түркмөнстандын мунай-газ жана кен байлыктарын кытай мамлекетинин колдоосу менен өндүрүүгө байланыштуу болгон. Кийинчерээк, бул аракеттин уландысы катары, мунай-газды Кытайга ташуу үчүн түтүктөрдү курууга багытталган. Бирок мындай инветициялар 2014-жылдан тартып бир топ жайлаган.

2-этап. 2006-2014-жылдары кытайдын мамлекеттик банктары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнө жол салуу, электр энергиясын өндрүү жана аны ташууга багытталган карыздарды берип келген. Кээ бир долборлор 2014-жылы башталып, азыркы учурга чейин ишке ашууда, бирок 2014-жылдан бери бир да ири насыя келишими түзүлө элек.

3-этап. 2000-жылдардын этегинен тартып, Борбор Азиянын түрдүү тармактарына чакан инвестицияларды чегерген кытай компаниялары көбөйүп келүүдө. Алардын көбү жеке фирмалар. Келишинин себеби – тармагында Борбор Азияда атаандаштык жокко эсе болгонуна жана Кытайда бизнес кылуу жыл сайын татаалдашып бара жатканына байланыштуу.

4-этап. 2012-2013-жылдардан бери өндүрүшкө багытталган тармактар жандана баштаган. Кыргызстанда, мисалы, мунайдан түрдүү заттарды чыгаруу, цемент өндүрүү жана кендерди казып алууга багытталган кытайлык ишканалар ачылган.

Бирок Кыргызстан менен Тажикстандын базары жана андагы иш жүргүзүү мүмкүнчүлүгү чектүү болгондуктан, кытай фирмаларынын бизнес ачуу потологу жапыз деп эсептелет.

Кытайдан Кыргызстанга кирген Тикелей чет элдик инвестициянын (ТЧИ) көлөмү 2013-жылдан бери дайыма өсүп келгени төмөнкү графикте көрүнүп турат. Мында 2020-жылы гана пандемияга карата төмөдөө болгонун байкаса болот (1-график)

1-график

Кыргызстан Кытайдын Эспорт-импорт банкы менен (Эксимбанк) биринчи келишимге 2009-жылы, акыркысына 2015-жылы кол койгон. Акыркысы азыркыга чейин аягына чыга элек (план боюнча 2021-жылы бүтүшү керек болчу) Түндүк-Түштүк альтернативалык жолун курууга тиешелүү келишим болгон. Эксимбанк ушул күнгө чейин бул долборго акча чегерип келет. Бирок, буга карабастан, Кыргызстандык Эксимбанкка болгон карызынын пайызы акыркы төрт жылда өзгөрбөй келет. Анткени пандемия убагында бюджетинин таңкыстыгын жабыш үчүн Кыргызстан карызды Пекинден эмес, Эл аралык валюта фондунан алган (2-график).

2-график

Эксимбанктын Кыргызстанга чегерген каражатын эки кытай фирмасы гана өздөштүргөн. China Road and Bridge Corporation (CRBC) жолдорду салган, Tebian Electric Apparatus (TBEA) болсо, электр чубалгыларын жана электр-чордонун курган.

Кытайдын мамлекеттик банктары Кыргызстандагы ири долборлорду каржылоону токтоткону менен, кээ бир кытай фирмалары тобокелчиликке барып, маал-маалы менен мындай долборлорго каражат жумшап келет.

Башкы макала бул шилтемеде. Уландысы бар.