6 января 2016 г. 9:15 389

Күндөрдүн биринде болор-болбос иш үчүн эки тууган кер-мур айтышып, таарынышып калышты. Чынында экөө тең айыл ичинде кадыр-барктуу адамдардан болчу. Теңтуштары: «Койгула эми, жарашкыла. Эл-журт эмне дейт? Ашка-тойго барсаңар кантип жолугасыңар? Кантип бир дасторкондо отуруп тамак ичесиңер? Жарашып алгыла, андан көрө», – деп кайра-кайра суранышты.

Алгач улуусу да, кичүүсү да бул сөзгө макул болбой жүрүштү. Акыры: «Канча кылса да сен кичүү эмессиңби. Сен биринчи алдына түшчү», – деп кичүүсүн көндүрүштү.

Ошентип кичүүсү кой сойду. Тамакка баягы улуусу баш болуп, айылдын аттуу-баштуу адамдары, тууган-урук чакырылды.

Аңгыча тамак бышып, чоң табакка булоолоно салынып элдин алдына эт келди. Чогулгандар көбүнчө аксакал адамдар болгондуктан, бир-эки жаш жигит кошо кирип, этти устукандап алдыларына тартты. Мына, көйгөй ушул жерден башталды. Көрсө, үй ээси өтө карыган кой союп койгон тура. Ансыз да тиши жок абышкалар колуна тийген этти ары чайнап, бери чайнап жута албай аябай убара болушту. Акыры айласы кеткен бечаралар эттен эптеп ооз тийимиш болуп, устукандарды кайра табакка салышты.

Тээ төрдө отуруп, ушунун баарын байкап отурган кыраакы карыя ошондо колун майлыкка аарчып: «Аа байкуш кой! Эки туугандын элдешээр күнүн күтүп жүрүп картайып калган турбайсыңбы?» – деп шыпшынып койду.

Саресеп