Биз азыркы учурда салттын баарын буздук. Же өзүбүз деле салттардын эмнеден улам келип чыкканын жана кандай жүзөгө ашарын толук билбейбиз. Ошол эле маалда илимпоз, тарыхчы дегендерибиз дагы каада-салтыбызды коргоп калууга, аны элге туура түшүндүрүп, маанисин чечмелеп берүүгө жарытылуу аракет кылышкан жок.

Андайлар же бул ишти такыр колго алышпайт, же колго алса да кайдагы бир жеке кызыкчылыктарга, же бир коммунизмдин шарапаты менен келген атеисттик түшүнүктөргө берилип алып, өздөрү жоктон таап чыккан кыргызчылык, теңирчилик деген сыяктуу ата-бабабыздын түшүнүгүнө, каада-салттардын негизине таптакыр карама-каршы келген тыянактарга жабышып алышат. Бул болсо, ансыз да дин менен элдин күнүмдүк турмушун айкалыштыра албаган молдокелерибизди үркүтүп, ого бетер баштарын айлантууда.

Айрыкча, эл ичинде жашабаган, элдин турмуш-тиричилигин билбеген молдокелер менен шаарда жашап калган интеллигенциянын өкүлдөрү каада-салтты билишпейт жана туура өкүм чыгара алышпайт. Ошонун айынан салттарыбыз шариятка да, күнүмдүк экономикага да терс келип жаткандай түшүнүк пайда болот. Албетте, бул сөзүбүзгө азыркы учурдун “аш көп болсо, каада көп” деген ашмалтай жосундарын аралаштырып карабоо керек.

Эми бул сөздөр эмнеден улам пайда болду, ушул тууралуу кеп кылсам. Бүгүнкү күнү маркумду узатуудагы союш маселеси, киши өлгөн жерде тартылган эт көпчүлүк учурда талаш-тартышка себеп болуп келет. Дин тутунган, бирок салттын маани-маңызын түшүнбөгөндөр муну шариятка каршы иш деп жерип келсе, салтты да, динди да билбеген, бирок эс тартканы көргөн-билгенин туурап келгендер муну салт катары санап, ага кынтыксыз моюн сунуп келишет.

А чынында иштин негизги чоо-жайы кандай эле? Кепти тээ башынан бери карай карай келсек. Негизи эле элибиз жеринен Ислам динин бекем карманган, каада-салты да көпчүлүк учурда диндин негиздерине жараша калыптанган эл. Эгер каада-салт менен диндин негиздерин бирдей жакшы түшүнгөн бирөө болсо, муну эң сонун чечмелеп бере алмак. Эмесе биз дагы алыбыздын жетишинче чечмелеп көрөлү.

Биринчиден, элибизде сөөк чыккан үйдөн элге тамак берилген эмес. Андай кылууга мүмкүнчүлүк да жок болчу. Эмнеге?

Себеби, илгери кыргызда там үй болгон эмес. Баары боз үйдө жашаган. Ушундан улам маркумдун сөөгү өзүнүн боз үйүндө эле жаткан. Биз ошол адатты буза албаганыбыз үчүн атайын боз үй тиге калып жүрөбүз. Ата-бабаларыбызда болсо антип боз үй тиге калуу зарылдыгы болгон эмес. Асангазы жезде айткандай, жамандыкка тигилген боз үй, жакшылыкка тигилген боз үй деген жок болчу. Ар ким өзүнүн жалгыз боз үйүндө жашап атса, баланча өлүптүр деп ким эле жашап жаткан үйүн чечип бермек эле? Азыркыдай кошумча боз үй жасатып, аны складка сактап коюу ал кезде болгон эмес. Демек маркумдун сөөгү өзү тирүү кезинде жашаган үйүнө (боз үйүнө) эле жайгашкан. Аялы, кыз-кыркыны ал үйдүн ичинде ыйлап отурган. Бала-чакасы сыртта, капшытта ыйлап турган. Демек, сөөк чыккан үйдө тамак жасоо, дасторкон даярдоо мүмкүн эмес болчу. Мына чыныгы салт ушул. Шариятта да ушул айтылып жатат. Сөөк чыккан үйдө дасторкон жайылбасын деп жатат. Кыргыз эли сөөк чыккан үйдөн тамак берген эмес.

Келген кишилерди кошуналары, ага-тууганы тосуп алып, өз үйүнөн тамак берип, өз үйүнө жаткырып узаткан. Сөөк чыккан үйгө да ошол колу-коңшу, ага-тууган тамак берип турган. Жаназага келген кишилер кабырга барып, сөөктү жашырып келгенден кийин, маркумдун үйүнө келип Куран окуп, анан колу-коңшунун, ага-туугандын үйүнөн тамак ичип тарап кеткен. Бүгүнкү күнү да ушул эле көрүнүштү кай бир жерден көбүрөөк, кай бир жерден азыраак көрүүгө болот. Мисалы, Нарын, Ат-Башы жергесинде эл мүрзөдөн келип, сөөк узаган боз үйдүн алдына отуруп Куран окуган соң, колу-коңшунун үйүнө тарап барып эт жешет. Эт ал үйлөргө алдын-ала бөлүнөт жана аны ошол үйлөр өздөрү бышырып, өздөрү тартып, өздөрү узатып коюшат. Шарият да ушуну айтып жатпайбы. Демек, салтыбызда эч кандай маселе жок. Салтыбыз динибизге таптак шайкеш келет.

Биз ушул маселени жакшылап түшүнсөк анан кандайдыр бир чечим чыгаруу оңой болоттур. Балким азыркы учурда кошумча тиге койгон боз үйдү маркумдун үйү деп карап, ал эми там үйдү «башка үй» деп өкүм чыгарып койорбуз. Боз үйдөн тамак, чай бербей, там үйдөн тамак берүү менен шарияттын өкүмүнөн кутуларбыз. Шариятта минтип буйтатып өкүм чыгаруу менен элдин түйшүгүн жеңилдетүү болуп эле келет го. Мисалы, бир эле акчаны бир кишиге берип, кайра алып, кайра берип отуруп маркумдун карызынан кутулууга болорун молдокелер өздөрү айтып жүрүшөт. Же болбосо, банктан кредит алууга болбойт, бирок исламдык каржылоо менен алууга болот дешет. Экөөндө тең эле алган суммаңан ашыкча бересиң. Болгону, кредит алсаң пайыз деп бересиң, исламдык каржылоо деп алсаң үстөк деп ниет кылып бересиң. Кредит алсаң, банк берген суммасына процент кошуп туруп төлөтүп алат. Исламдык каржылоодо сен алчу мүлктү банк сатып алып, анан кайра үстүнө акча кошуп сага саткан болот. Натыйжада экөөндө тең эле банкка кошумча акча бересиң. Эң негизгиси ниет. Андай болсо, маркумдун сөөгү жаткан боз үйдү дагы анын үйү деп ниет кылып койолу. Элге жеңилдик болсун.

Эми экинчи маселе, киши узаган үйдөгү мал союу маселеси. Муну деле буга чейинки бабаларыбыздын күнүмдүк турмушуна байланыштуу карашыбыз керек. Себеби кргыз эли мал киндиктүү эл болгондуктан, дасторконунда эттен башка деле тамагы болгон эмес. Ошол эле маалда, жайдыр-кыштыр эт сактагыдай мүмкүнчүлүгү да болгон эмес. Кышында согум союп, же этти сүрсүтүп сактоо ыкмалары болгону менен, ал жүздөп келген кишиге жеткидей көлөмдө эмес эле. Ошондуктан, маркумду узатканы келген кишилерге тамак берүү дегенде эт тартуудан, ал эми эт тартуу үчүн сөзсүз союш союудан башка айласы жок болчу. Мына, сөөк узатууда эт тартуу, союш союу салты ушундан улам пайда болгон.

Ушундан улам, чындап келсе азыркы учурда маркумду узатуу зыйнатында сөзсүз эле мал союнун деле кереги жок. Эгер келгендерге сөзсүз тамак бериш керек болсо, мурун союлган этти, же дүкөндөн, базардан алынган этти деле колдонууга болот. Ошол эле маалда, келген кишилерди тойгузуу үчүн сөзсүз эле эт тартуунун да кереги жок. Элге мына ушуну биринчи жеткирүү зарыл.

Мисалы, түрк элдери тажия күндөрү келген кишилерге халва жасап таратышат. Ошол эле маалда, кээ бир ата-бабадан калган жосундарды колдон келишинче сактап калуу дагы жакшы көрүнүш. Мисалы, ошол эле түрктөр халва берүүнү салтка айландырышкан. Андан башка тамак берүүгө шарттары болуп турса деле, ошол салтын бузбай карманып келишет. Демек, бабалардан калган салтты колдон келсе, кыйынчылык болбосо кармана жүрүү деле жакшы. Эл ошонусу менен эл.

Ошондой эле, элибизде, же салтыбызда берилген тамакты сөөк ээлери чыгарган эмес. Же сөөк ээлери чыгарган күнү да, орду кайра толтурулган. Эл ичинде бул кошумча деп аталат. Кимдир бирөө каза болсо, союшту анын бутуна туруп калган балдары чыгарат. Демек, ал маркумдун мал-мүлкү эмес. Ошол эле маалда кудалар да сөзсүз бир союшу менен келет. Ал тургай таяке-жээндер да өзүнчө союш чыгарат. Союш чыгара албагандар да өздөрүнүн кошумчасы менен келет. Дос-жарлар ража менен келет. Мындай айтканда, өлүк ээлерине дээрлик эч кандай деле чыгым келтирилбейт.

Молдокелерибиз бүгүн ушул маселени да түшүнбөй келет. Мал союлуп жатса эле маркумдун малы союлуп жатат деп ойлошот. Ошол эле маалда, айрым жерлерде киши каза болгон жерге эч кандай кошумчасыз, союшсуз барышат окшойт. Мына ошолор барган жеринен тамак жебесе, же өлгөндө эт тартылуусуна каршы чыкса болот. Бирок бизде, айрыкча Нарын, Ат-Башы өрөөнүндө бул салт азыркыга чейин бузулбай сакталып келет. Бизде кудалар сөзсүз бир союшу, же бир союшка жете турган кошумчасы менен барат. Андай болсо, эмнеге союшту өзгөчө өөн кабыл алып, аша чаап каршы чыга беришет? Албетте, бул дагы болсо молдокелерибиздин жана интеллигенциябыздын элдин салт-санаасын билбөөсүнөн келип чыгууда. Дайыма илим жолунда жүрүп, натыйжада чет өлкөдө жашап калган, же бул жакка келсе да шаарда туруп калган молдокелерибиздин салт-санаадан кабары жоктугу ушундай кайчы пикирлерге алып келүүдө.

Эгер алар илимди да, салтты да жакшы билишкенде, ашкере катуу кеткен, эл үчүн оор келген чечимдерди чыгарбай, тескерисинче, маселени элге түшүндүрүп, жеңилдетип отуруп акырындап чечип кете алышмак.

Мисалы, кошумча кошулган учурда тамак жесе болорун, кошумча берилмейин тамак жегенге болбой турганын түшүндүрсө, балким союш чыгарам деп кыйналган үй-бүлөлөр, карызга баткандар болмок эместир.

Ал эми аза күнү элибиздин каны-жанына сиңип бүткөн тамагына айланган эт менен боорсоктон (бул түрктөрдүн халвасына, арабдардын талбинасына, өзбектердин ашына окшош эле бабалардан калган улуттук тамак) башка ар кандай салаттарды, момпосуй, печенье, булочка дегендерди таптакыр тыйып салууга болот. Чын-чынында бул салт да эмес. Ошол эле маалда бул нерселерге союштан дагы көп чыгым жана көп убара талап кылынат. Эт тартуу, эт бышыруу кыргыз үчүн опоңой иш. Этти казанга салып, астына от жагып коюунун эмне түйшүгү бар дейсиз? Ал эми базарга барып толтура азык-түлүк сатып келип, анын баарын бышырып, туурап, аралаштырып, идиштерге салыштырып чыгуу кандай гана убаракерчилик. Ошол эле маалда элибиз муну башкаларга көрүнүү үчүн жасайт. Аш көп болсо, каада көп деген обу жоктук ушул жерде. Эгер молдокелерибиз жана эл башыларыбыз чындап эле ысырапты тыйгысы келсе, эң биринчи ушуну тыюусу зарыл. Ошону менен бирге келген кишилердин пакет алып кетүүсүн да тыйып, жокко чыгарууга болот. Же балким дасторкондо эт менен боорсоктон башка нерсе болбосо, пакет алып кетүү деле тыйылар.

Насыпбек Асанбаев