Суроо: Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам), бир хадисте ата-эне акысына көңүл бурбаган, куттуу ысымы аталганда салават айтпаган адамдардын катарында, Рамазанды пайдалуу өткөрбөгөндөрдүн да жоготууга учурагандыгын айтат. Бул үч нерсенин атайын аталышынын сыры эмне?
Жооп: Суроодо айтылган хадистин бир топ риваяттары бар. Кээ бир риваяттарда бул сөздөрдү Жебирейил (алейхи салам) айтып, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) аны тастыктагандыгы бар. Аталган риваяттар боюнча, Пайгамбарыбыз кутпа кылганы минбарга чыгып баратып, тепкичтерде үч жолу “аамийн” дейт. Пайгамбарыбыздын ар бир кыймыл-аракетине кунт коюп көз салып турган сахабалар муну байкап, сырын сурашат. Ал төмөндөгүчө жооп берет:
“Ошол учурда Жебирейил (алейхи салам) келип: “Ата-энесинин картайган чагын көрүп, бирок аларды жакшы карабаган, аларды жакшы багып, Алланын мээримине жана кечиримине жетүү мүмкүнчүлүгүн пайдалана албаган адам курусун, тумшугу менен жер сүзүп калсын!” – дегенде мен: “аамийн!”, – дедим. Жебирейил: “Оо, Алла элчиси! Бир жерде сенин атың аталганда Сага салават салам айтпаган адам курусун!” – дегенде мен: “аамийн”, – дедим. Акыркы тепкичке чыкканымда Жебирейил: “Рамазанга жеткени менен Алланын кечиримине жете албаган адам курусун!” – деди, мен: “аамийн”, – дедим”. (Ат-Табарани, ал-Мужамул Кабийр, 19/144; Ал-Байхаки, Шуабул ийман, 2/215)
Хадистин башка бир риваятында бул сөздөр түздөн-түз Алла элчисинин өзүнүн сөзү катары айтылат: رَغِمَ أَنْفُ رَجُلٍ ذُكِرْتُ عِنْدَهُ فَلَمْ يُصَلِّ عَلَيَّ، وَرَغِمَ أَنْفُ رَجُلٍ دَخَلَ عَلَيْهِ رَمَضَانُ ثُمَّ انْسَلَخَ قَبْلَ أَنْ يُغْفَرَ لَهُ، وَرَغِمَ أَنْفُ رَجُلٍ أَدْرَكَ عِنْدَهُ أَبَوَاهُ الكِبَرَ فَلَمْ يُدْخِلَاهُ الجَنَّةَ “Жанында менин атым аталганда мага салават айтпаган адам курусун! Рамазан айына жеткени менен кечиримге жетпестен аны өткөрүп жиберген адам курусун! Ата-энеси жанында картайганы менен аларды ыраазы кылбагандыктан бейишке кире албаган адам курусун, тумшугу менен жер сүзсүн!” (Тирмизи, Даават 114; Ахмад бин Ханбал, Муснад, 12/421)
Хадистерде айтылган “рагима анфуху” деген сөз, араб тилиндеги бир идеома. Мындай идеомаларды башка тилге которуу жана ал тилде толук маани берүү оңой эмес. “Рагима” этиши менен бир уңгудан чыккан “рагам” сөзү чаң, топурак деген маанини туюндурат. Рагима анфуху дегенде, мурду топуракка сүрүлсүн деген сыяктуу маанини берет. Бирок бул кыйыр мааниде айтылган. Анын түпкү мааниси, аталган адамдын кор болушу.
Эгерде адам баласы мындай улуу иштерге кайдыгер болуп, өзүн жогорку даражага жеткире турган мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланбаса, негизинде өзүнүн мурдун өзү жерге сүртүп жатат дегендик. Келген мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарган мындай адамдын акыретте мурду жер сүзөт Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) жогорудагы сөздөрү менен момундарды эскертет. Пайгамбарыбыздын бул сөздөрү, анын, үммөтүнө болгон мээрими, алардын акырет бактылуулугуна жетиши үчүн далалатын көрсөтүп турат.
Арапчада, بِقَدَرِ الْكَدِّ تُكْتَسَبُ الْمَعَالِي деген бир сөз бар. Мааниси, түйшүккө жана машаакатка жараша даража көтөрүлөт. Кандайдыр бир маселеде канчалык кыйынчылык тартсаңар, канчалык тер агызсаңар, канчалык түйшөлсөңөр ошончолук сооп табасыңар. Мунун мааниси, негизинде оңой болгон иштерди кылганда да сөзсүз өзүңөрдү кыйнагыла, ашыкча түйшүк тарткыла дегендик эмес. Тескерисинче, силерге оор келген, орундатуу оңойго турбаган иштер көп сооп алып келерин, материалдык жана руханий ийгиликтерге жетүү, туу чокуга чыгууда көптөгөн оорчулуктарга чыдоо керектигин билдирет.
Ата-эненин акысына көңүл буруу
Мисалы адамдын ата-энесинин ыраазылыгына жетиши, алардын акыларына толук маани бериши оңой эмес. Ата-энеде перзенттерине карата табигый мээрим көрсөтүү сезими бар. Алла, аларды балдарына мээрим төгүүгө мажбур кылып койгондой. Жан дүйнөсү бузулбаган адам балдарына мээрим көрсөтөт. Перзенттүү болору менен көз карегиндей аздектеп карайт. Анын ден соолугу, саламаттыгы үчүн ар кандай кыйынчылыктарга чыдайт.
Бирок, балдар ата-энелерине карата андай сезимде болушпайт. Мына ушул себептен Куран Каримде ата-энеге баш ийүү жана алардын акыларына көңүл буруу баса белгиленет. Ал эми балага мээрим көрсөтүүгө буйруган эч бир аят Куранда жок. Анткени балага карата мээрим ансыз деле адам табиятына катылуу. Куран, адам табиятынын талабы болгон мындай мамилелерди анын табиятына тапшырып, табигый болбогон маселелерге үндөйт. Бүгүнкү күнүбүздө балдарына кайдыгер караган жана аларга жаман мамиле жасаган ата-энелер аз болгону менен, ата-энесине жаман мамиле жасаган же аларды бакпай таштап салган балдар арбын.
Мисалы Ниса сүрөсүндө мындай деп айтылат: وَاعْبُدُوا اللهَ وَلاَ تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا “Жалгыз Аллахка ибадат кылгыла, Ага эч бир шерик кошпогула! Ата-энеге да жакшы мамиле жасагыла!”. (Ниса, 4/36)
Исра сүрөсүндө болсо мындай деп айтылат: وَقَضَى رَبُّكَ أَلاَّ تَعْبُدُوا إِلاَّ إِيَّاهُ وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا إِمَّا يَبْلُغَنَّ عِنْدَكَ الْكِبَرَ أَحَدُهُمَا أَوْ كِلاَهُمَا فَلاَ تَقُلْ لَهُمَا أُفٍّ وَلاَ تَنْهَرْهُمَا وَقُلْ لَهُمَا قَوْلاً كَرِيمًا “Жараткан Эгең мындай деп буйруду: Алладан башкага кулчулук кылбагыла! Ата-энеге жакшы мамиле жасагыла! Эгер алардын экөөнүн бири же экөө тең картайган кезде сенин жаныңда болушса, аларга кызмат кылууну оор көрбө, “уфф” да дебе, аларды кагып-силкпе, аларга жагымдуу жана көңүл жылытарлык сөз сүйлө!” (Исра,17/23)
Жогоруда көргөнүбүздөй, эки аятта тең Алла Таала, Өзүнө кулчулук кылууга буйругандан кийин дароо анын артынан ата-энеге жакшылык кылууга да буйруган. Экинчи аятта ата-энеге “уфф” дегенчелик жамандыкка да тыюу салуу менен, андан чоң жамандык ансайын арам болоруна ишарат кылган. Анткени бир иштин эң азына да тыюу салынган болсо, чоңу андан да чоң күнөө болот. Ата-энесине “уфф” деп да айтпашы керек болгон адамдын, аларга кыйкырып сүйлөшү, кол көтөрүшү аны чоң азапка туш кылат. Аятта, бир жагынан ата-энеге жакшы мамиле жасоого буйруп, экинчи жагынан аларга карата чоң-кичине ар түрдүү терс мамилеге тыюу салган.
Ата-эне тууралуу дагы көптөгөн аят, хадистер бар. Аларды караганда эки нерсе көзгө урунат: Биринчиси, ата-эненин акысын өтөө оор экендиги, экинчиси бул оор милдетти орундатуу Алланын алдында канчалык баалуу экендиги. Эгерде бир адам Алланын бул тууралуу буйруктарына көңүл буруп, ата-энесине кам көрсө, ошончолук пайдага ээ болот. Аятта, Аллага кулчулук кылуунун артынан эле ата-энеге жакшылык кылууга буйрулганы муну көрсөтүп турат.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) да: “Ата-энеси жанында картайганы менен аларды ыраазы кылбагандыктан бейишке кире албаган адам курусун!” – деп айтуу менен бул акыйкатка ишарат кылган. Б.а. бир жагынан ата-эненин ыраазылыгын алуу бейишке кирүүгө маанилүү себеп экендигин айтып, экинчи жактан мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган адамдын акыретте кандай жаман абалга түшөрүнө көңүл бурдурган.
Алла элчисине салават жана салам
Хадисте айтылган дагы бир маселе – салават жана салам. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам), “Жанында менин атым аталганда мага салават айтпаган адам курусун!” – деген сөзү менен мунун маанилүүлүгүн билдирген. Ар бир салават жана салам менен Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) шапаат кылуу мүмкүнчүлүгү да кеңейет жана дагы көбүрөөк кишини камтыйт. Ошондой эле хадистерден алган маалыматыбыз боюнча, Анын шапааты чоң күнөө кылгандарга да тиет (Тирмизи, Кыямат 12; Абу Дауд, Суннат 21).
Биз, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) үчүн кылган дубаларыбыз менен бир жагынан Анын шапаатын өзүбүзгө тартып, экинчи жагынан Анын Макаму Махмудга ээ болушун, шафаат кубрага (улуу шапаат) ээ болушун жана шапаат кылуу мүмкүнчүлүгүнүн кеңейишин тилейбиз. Маалым болгондой, бир нерсеге себепчи болгон киши да аны кылгандай сооп табат. Салават-саламдар аркылуу Анын шапаат кылуу мүмкүнчүлүгү кеңейип, андан дагы көбүрөөк адам пайдалангандыгы үчүн, негизинде салават айткан адам бир жагынан өзү үчүн, бир жагынан башкалар үчүн да шарт түзүп, күнөөлөрүнүн кечирилишине кам көргөн болуп саналат. Мунун арты менен, акыретте күнөөлөрү менен Алланын алдына барганда, шапаат мүмкүнчүлүгү бар Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) аны колдон алып, коопсуз жайга чыгарат.
Экинчи жагынан Адамзаттын Асыл Таажысына (саллаллаху алейхи ва саллам) салават жана салам айтуу түздөн-түз Алланын буйругу экендигин унутпоо керек: إِنَّ اللهَ وَمَلاَئِكَتَهُ يُصَلُّونَ عَلَى النَّبِيِّ يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا صَلُّوا عَلَيْهِ وَسَلِّمُوا تَسْلِيمًا “Чындыгында, Алла пайгамбарга ырайым кылат. Ошондой эле Ага (Пайгамбарга (а.с.) периштелер да салават айтып турушат. Эй, момундар! Ага (Пайгамбарга (а.с.) салават жана салам айткыла”. (Ахзаб, 33/56) Ошондуктан Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи ва саллам) салават жана салам айткан адам, ошол эле учурда Алланын буйругун аткарып, Ага жүздөнгөн болот.
Акыркы айтыла турган нерсе, Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи ва саллам) салават, салам айтуу момундар үчүн опаалуулуктун талабы жана моюнундагы карыз болуп саналат. Анткени биз ааламды Ал аркылуу туура окуп, Жараткан Эгебизди Анын жардамы менен туура тааный алдык жана Аллага кандай кулчулук кылууну да Анын жол башчылыгы астында үйрөндүк. Мына ушул себептен улам маселени Пайгамбарыбыздын куттуу ысымын эстөө катары гана карабаш керек. Ага салават жана салам айтуу өтө маанилүү болгондуктан, намаздай парз ибадаттын ичинде да муну кылабыз. Маселени ушул жактарынан алып караганда, Ага салават жана саламдарды айтууга кайдыгер болгон адамдын эмнени кайдыгер калтыргандыгы, кандай пайдалардан куру калгандыгы да түшүнүктүүрөөк болот.
Бирди миң кылган Рамазан
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) хадисте баяндаган акыркы топ, Рамазан айын жакшы пайдаланбагандар: “Рамазан айына жеткени менен кечиримге жетпестен аны өткөрүп жиберген адам курусун!”
Рамазан айынын ар бир күнү, балким ар бир мүнөтү өтө зор баага ээ. Анын сааттарын, мүнөттөрүн, секунддарын жакшы пайдалана алган адам Алланын ырайымына ээ болот. Мына ушул жагы менен Рамазан айы “он бир айдын султаны” деп аталган. Биз “алтындай, баа жеткис учур” дейбиз.
Куттуу Рамазан, Алла Тааланын Мухаммед үммөтүнө чоң белеги. Алланын бул айдагы тартууларын, тактыга отурган падышанын бекер тараткан сыйына окшотсок болот. Падышалар белек таратканда кадыр-баркына карабастан баарына бир нерселерди бергендей эле, Алла Тааланын бул айдагы ырайымы да жалпысынан бардык мусулмандарды кучагына алат.
Ооба, Рамазан айынын өзүнө жараша тереңдиги бар. Бирок анын бул тереңдиги түшүнүктүү болушу бир аз да пенденин өзүнүн тереңдигине байланыштуу. Адамдын жан дүйнөсүнүн тереңдиги, Рамазанды жакшы түшүнүшүнө өбөлгө болот. Пенденин ички дүйнөсүнүн тереңдиги аны да тереңдетет. Биз эч кимдин кулчулугун аз көрбөйбүз. Эгерде бир адам ыкыластуу болсо, эл көрсүн жана эл уксун үчүн ибадат кылбаса, окуган намаздарынын, туткан орозолорунун, саарлыктарынын, окуган таравилеринин, катмыларынын, берген зекет, садагаларынын сообун эселеп алат. Анын жанында Рамазанды көңүлүнүн түпкүрү менен сезе алган адамдын андан пайдаланышы да өзгөчө болот. Алланын берекеси жаап турган мындай мезгилди кантип жакшы пайдаланбайлы!
Аталган маселелерге бүгүнкү мусулмандар кайдыгер карагандыгы өтө өкүнүчтүү. Таалайсыз доордун таалайы тайкы мусулмандарыбыз. Руханий азыктан куржалак жүрөбүз. Үй-бүлө, көчө, мектеп, мечитти жетерлик баалай албайбыз. Булар, балдардын тарбиясы үчүн жетишсиз. Үй-бүлө абдан сабатсыз. Көчө ырайымсыз. Мечит жансыз. Азыктана турган булактардын баары соолуп, мусулманчылыкты сезбей калдык. Руханий бийиктөө болбой калды. Мындай абалыбыз менен Рамазанды сезишибиз да кыйын көрүнөт.
Анда эмне кылышыбыз керек?
Оюнчуктардан оюн талаасына чейинки бардык нерсени өз баалуулуктарыбызга, өз дүйнөбүзгө жараша курушубуз керек, өзүбүзгө таандык нерселерди пайдаланалы жана балдарыбыз да туура тарбия алсын. Бирок, муну менен бирге түрүн, формасын өзгөртүү менен, өз ара кеңеш куруп, Рамазанды да жакшыраак сезүү жолдорун издейли. “Келгиле, бул Рамазанда ушунча Куран окуйлу, аны арабызда талдайлы, таравини катмы менен кылалы, таравилердин ортосунда салават-салам айталы же Жевшен жана Аврад Кудсиййа сыяктуу дубаларды окуйлу, хажат намазын окуйлу жана Мухаммед үммөтүнө дуба кылалы…”, – десек болот. Ушундай өзгөчөлүктөр менен үйдө, көчөдө, мечитте, мектепте жетерлик азыктана албаган адамдарды аз да болсо шыктандырып, алардын диний жагын жандандыралы. Рамазанда бирди миңге айлантуу бир аз өзүбүздүн аракетибизге байланыштуу.
Рамазан “Курандын айы” болгондуктан бул айда Куранга жүздөнөлү. Айрыкча Ислам дүйнөсүндө эч болбогондой Курандан алыстоо жана ага жат болуу доорунда кайрадан ага жүздөнүшүбүз зарыл. Көп адамдар Куранды окуганы менен түшүнбөгөндүгү өкүндүрөт. Анын маани-маңызына тереңдеп, сырын, максатын түшүнбөйт. Биз ага канчалык жүз бурсак, ал ошончолук бизге эшиктерин ачат, күн сыяктуу жан дүйнөбүзгө жарыгын чачат. Алланын бизден каалаганын жана пайгамбарлыктын маңызын камтыган Китепке кайдыгер кала албайбыз. Биз ага канчалык маани берип, жакындасак, ошончолук пайдалана алабыз. Биз кайрадан Куран менен табышып, аны туу көтөрсөк, Алла да бизди бийиктетип, тебелендиде калуудан куткарат.
Кыскасы, кандай болбосун, Рамазан айын өтө жемиштүү жана пайдалуу өткөрүүнүн жолун издейли. Ким бул мөмөлүү айдын баркын билбесе, берекесинен насиптүү боло албаса, күнөөлөрүнөн кутула албаса, анда анын жоготуусу чоң. Тактап айтканда ар бир сааты, мүнөтү алтындай баалуу бул учурду пайдалана албаган, Алланын “бекер, алчулар алсын” деген олжосуна кош көңүл болгон, бул айдагы Алланын жакшылыктарын тоготпогон адам, өзүн өзү басынтып жаткан болот.
Алтындар, берметтер таратылган жерде, жез сатылган базарга барып жез чогулткан адамга башка эмне деш керек! Аны көргөн эң мээримдүү, эң ынсаптуу бирөө да: “Ай, куруп калгыр!”, – дебеспи?…
***
Бул макала, Фетхуллах Гүлендин 2009-жылдын 16-августундагы баянынан алынып даярдалган.
Которгон: Канатбек Аманбаев