СЫР АЯК

     Суроо: Адамзатка акыйкатты, Алланын динин жеткирүүгө өздөрүн милдеткер сезип тыным албай чуркап жүргөн азаматтар башкалардын кызганыч сезимин козгоп албоо үчүн эмнелерге маани бериши керек?

     Жооп: Биз баарына боорубузду ачып, дайыма жакшы көрүү, сүйүү, мээрим тууралуу айтканыбыз менен, котур ташын койнуна каткан душмандар да бар экенин көз жаздымда калтырбашыбыз керек. Силер башкаруучулукка аракет кылган жоксуңар, бийлик, байлык сүйүүсүнө кабылбадыңар, өкүмдарлыкты эңсебедиңер. Алла силерди андай кылбасын. Бирок, ошого карабай, болгон түшүнүгү, арман-азабы бул дүйнөнүн чегинен өтө албагандар силерди түшүнбөйт. Ал тургай жылуу мамиле менен элдин жүрөгүн жибитип, эриш-аркак жашоо маданиятын калыптандырып, коомдун ар кандай катмарларын бириктирип, ынтымакташтыруу сыяктуу эң таза ниеттеги аракеттериңерге да терс маанай көрсөтүп, бут тосуу үчүн силердин артыңардан ар кандай иш-аракеттерди кылган кишилер чыгат. Мына ушул тиш кайрап, жаатташып алгандардын колуна түшүп, оюнуна алданып калбаш үчүн аябай кылдат болушуңар керек. Алардын көңүлүн өзүңөргө бура турган сөздөрдөн, кыймыл-аракеттерден алыс болуп, ашыкча уу-дуу кылбай, кылган ишиңер чыгара турган үнүңөрдөн алдыда болуп, ниетиңер менен максатыңардагы тазалыкты, ак ниеттикти баса белгилөө менен аз да болсо алардан келе турган зыяндардын алдын алсаңар болот.

     Мындан сырткары, силер менен бирге намазга туруп, бир кыбылага жүздөнүп, бир мечитте намаз окуган кай бир момундардын да ич күйдүлүгү, көрө албастыгы болушу мүмкүн. Андайлар силерди өзүнө атаандаш санап, жасап жаткан ишиңерди көргөндө «Эмнеге мындайды биз кылбай, ушулар кылып жатат?» деп кызганып, ошонун айынан силерди жолуңардан адаштыргысы келет. Алла жолуна башын сайган азаматтар баскан жолун коопсуз кылуу үчүн ушул сыяктуу аялуу сезимдерге да сак болуп, ошого жараша чара көрүүлөрү керек. 

     Бадиуззаман устат көрсөткөн өлчөм боюнча, бул жаатта жасалчу нерселердин эң маанилүүлөрүнөн бири – оор милдеттер жүктөлгөн, жоопкерчилиги чоң башкаруучулукка караганда, катардагы кызматкер болууну тандоо менен бир-эки кадам кетенчиктей билүү.

     Ошондой эле Алла жолунда болууга аракет кылгандарга ыраазычылык билдирүү, алкыш айтуу да жогорудагы маселеде кылдат көңүл бурулчу негиздердин бири. Ооба, ким болбосун жасаган жакшы ишин, кылган кызматтарын жеңил баалабай, сый-урмат менен кабыл алуу керек. Ал тургай «Алла сизге түбөлүк ыраазы болсун. Кылган иштериңиз менен дагы бир чыйыр ачтыңыз. Артыңыздан келе тургандар үчүн шарт түзүп, бизге да ушул жолдо чуркоо мүмкүнчүлүгүн берип жатасыз» деп өзүбүз жасаган кызматтарда да алардын үлүшү бар экенин көргөзүп, басмалай кеткенибиз оң.

     Көрө албастык, кызганыч, душмандык сыяктуу ынтымакты буза турган терс мүнөздөрдү мындай кой, түпкүлүгүндө туура көрүнгөн жакшылыкта жарышуудан, бирөөнүн ишине суктануудан да алыс болууга аракет кылып, момундардын арасында мындай сезимдердин да ойгонуусуна шарт түзбөйлү. Анткени суктануу менен кызганыч чектеш сезимдер. Пенде экөөнүн ортосундагы чектен кантип өтүп кеткенин байкабай калышы да мүмкүн. «Анда бар экен, менде да болсун» деген ой бир заматта «менде жок болсо, анда да болбосун» дегенге, же «менде болсун, анда болбосун» дегенге алмашып кететтир. 

     Кызганыч, ич күйдүлүк сыяктуу сезимдердин туткунунда калган кишинин (Кудай сактасын) окуган намаздары, туткан орозолору, берген садага-зекеттери бүт бойдон сапырылып жок болушу мүмкүн. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өрт отунду жалмагандай, кызганыч да жакшылыктарды жалмап түгөтөрүн айткан. (Абу Давуд, Адаб 52) 

     Ушундан улам башка жамааттан бирөө келип: «Агай, сизге Алла ыраазы болсун! Ачкан мектептериңиз, кылган иштериңиз, түптөгөн диалог платформаңыз менен эң сонун кызматтарды кылып жатасыз», – десе, мен дайыма: «Астафурулла! Силер Алланын ырайымы жана мээрими менен өлкөдөгү жалпы маанайды жибитип, жагымдуу абалга жеткирдиңер. Силердин артыңар менен бороондор айдарым желге, добул берекелүү жамгырга айланды. Биз болсо ошол пайда боло калган жылуу маанайды эле колдонуп калдык окшойт», – деп жооп берип келдим. 

     Мамлекеттик кызматтагы жетекчилер жасаган иштерибизди мактап калса да ушундай эле жооп берчүмүн. Дайыма аларга ыраазычылык билдирип, дуба-тилектеримди айтып, алар жасаган жакшылыктарды да алдыга чыгарууну милдет катары көрдүм. Мындай кылууга мүмкүн болбой калган учурда болсо, маселени жалпы элибизге ыйгарууга аракет кылдым. Жамы журт көтөрүп бараткан кызматтарга бир-эки кишини автор кылуу туура эмес дедим. Мына ушунун баары бир четинен акыйкат болсо, бир четинен бир күнү баш көтөрүп чыга келчү терс сезимдерди басып, кызганыч сезимдерин суутуу жаатында өтө маанилүү иштерге кирет. 

       Момун ынсаптуу болот

     Момун деген ынсаптуу, кадыр-баркты билген киши болот. Эң кичинекей жакшылыктарды да унутпайт жана көрбөмүш болуп көз жумуп койбойт. Адашкандардай, каапырлардай болуп килейген элдин көмөгү менен жасалган жакшы иштерди назарга илинген бир кишиге, же бир ууч топко ыйгара салбайт. Бир-эки кишини урматтоо менен калгандарынын акысын, укугун тебелебейт. Айрыкча текеберлик, менменсинүү күч алып турган заманда мындай кыянатчыл мамилелер баш көтөрө албай араң турган көрө албастыкты ого бетер күчөтүп, башка да терс сезимдерди козутуп чыгат.

     Башка түшүнүктөгү, башка жамааттагы кишилерди мактап, ыраазычылык билдирип турууну бир гана алар менен жолуккан учурга, же алардан алкыш, мактоо уккан учурга калтырбаш керек. Мисалы, бир жерде конференция өткөрүп калсак, же симпозиум уюштурсак, сөзсүз башкалардын да жасаган жакшылыктарын айтып, кылган эмгектерине ыраазылык билдирели. Ал тургай бир эле мактоо менен чектелбей, колубуздан келсе аларга көмөк көрсөтүп, жардам берели. Илгерки падышалар маал-маалы менен кол алдындагы кызматкерлерине жаман-жакшысына карабай тегиз сыйлык тараткандай, жакшы иштер менен жүргөндөрдөн бирөө да, бир да жамаат биздин материалдык жана моралдык колдообуздан куру калбасын. Мына ушундай жоомарттык кылуу менен кызганычка алып барчу жолдорду жаап, колу-бутун тушаган болобуз.

   Бардык себептерди, мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен акыйкат динибиз Исламга кызмат кылуу, анын баалуулуктарын суусап турган жүрөктөргө жеткирүү, адамзатты тынчтыкка жана ынтымакка чакыруу момундун эңсеген мүдөөсү болуш керек. Бирок, ал ошол максатка жеткире турган жолдордун коопсуздугун камсызбадай, алдынан чыга турган коркунучтарды эсепке албай, башкалардын кызганыч сезимин козутпай, өзүнө кол салдырбай, бут тостурбай тургандай аракет кылбаса, анда көздөп жүргөн мүдөөсүнө кыянаттык кылган болот. 

     Бул маселеде Бадиуззаман устат берген төмөнкү өлчөмдү кармануу өтө маанилүү: «Эй, акыйкаттын жана туура жолдун жолоочулары! Алла жолунда кызмат кылуу өтө оор, өтө зор казынаны көтөрүп жүргөндөй. Аны көтөрүп жүргөндөр өзүнө жардам бергиси келген күчтүү кишилер канча көп болсо, ошончо көп сүйүнүшү керек. Алардан кызганууну мындай кой, чын дили менен келгендердин өзүнүкүнөн да артык күч-кубатын, өзүнүкүнөн да артык таасирин, жардамын мактап, ыраазылык билдирсин. Анткендин ордуна, ошол чыныгы боордошторду, мээрман жардамчыларды атаандаштардай карап, ошонун айынан ыкласын бузуп жатканыбыз кандай?» (Бадиуззаман, Лемалар, 197-198-бб.)

     Тилекке каршы, кээ бирөөлөр мында айтылган терең маанини, кылдат өлчөмдү жакшы сактай албаганынан сооптун жолунда жүрүп күнөөгө кириптер болуп жатат. Бир туугандарча эч бир ажырымга, эч бир көйгөйгө жол бербей тургандай ынтымак менен бирге сапар улоонун ордуна, бирге сапар тартып, бирге сооп табуунун ордуна, «Бардык соопту мен табайын, алар куру калсын» деген түшүнүккө азгырылып кылган жакшы иштерин булгап келишет. Тилекке каршы, бул жагынан көпчүлүк убакта багытыбыздан адашып келебиз. Башкалар жеткен ийгиликтер, жетишкендиктер кызганычты ойготуп, көрө албастык ортого кирип кетүүдө. Болбосо ушунун баары Алланын берешендиги, жоомарттыгы менен жүзөгө ашып, Алланын каалаганына берилет эмеспи.

     Күнөөдөн үлгү алынбайт

     Башкалардын бул жаатта кылдаттык кылбашы, талаптагыдай мүнөз көрсөтө албашы биздин да ошолордой болушубузга жол ачпайт. Күнөөдөн үлгү алынбайт. Эми баары эле ушундай болуп калды, туура жолдун баркы кетти деп биз да башкаларга жамандык кыла албайбыз. Бул маселеде эч ким мойнундагы милдетин аткарбаса да, биз аларды так сактаганга милдеттүүбүз. Алла кимди болбосун өз кылгандары үчүн жоопко тартат.

     Айтмакчы, мунун баарын ынсаптууларга, абийирдүүлөргө айттык. Каапырдыкка, адашууга, терсаяктыкка, бузукулукка байланып калгандарга келсек, силер эмне кылсаңар да аларды ыраазы кылып, жамандыгынан алыс боло албайсыңар. Бир тууганы Абылды өлтүргөн Кабылга бир нерсе түшүндүрүү, Фараонду кепке келтирүү мүмкүн эмес. Муну чындык катары кабыл алышыбыз керек. 

     Жолдун эң кыйынын тандадыңар. Анткени силер оңдоо, түзөтүү жолундасыңар. Бузуу оңой. Бир нерсени бир заматта бузуп, талкалап салсаңар болот. Бирок, жыгылганды оңдоо, үзүлгөндү улоо узак убакытты, көп күч-кубатты талап кылат.

     Айрыкча көздөгөн максатыңар Алланын ыраазылыгына жетүү, Анын атын бардык жерде даңазалоо, адамзаттын башын бириктирип, уруш-талашы жок жашоого жеткирүү сыяктуу уруксат берилген иштер болгондой эле, ага жеткирчү ыкмаңар да, басчу жолуңар да динибизде уруксат берилгенине бекем көңүл бурууга милдеттүүсүңөр. Эч качан «Көздөгөн максатыма жетсем болду. Башкалар чалынса чалынсын, адашса адашсын, бузулса бузулсун!» деп макиавелисттик1  кыла албайсыңар. Момун-мусулман эч качан мындай бузук түшүнүктө болбошу керек. Максатыңар канчалык бийик, канчалык ыйык болгон күндө да, макиавелисттик түшүнүк менен иш кылсаңар, уруксат берилбеген ыкмаларды колдонсоңор, анда ошол терс кылыгыңар менен максатыңардын ыйыктыгына, улуулугуна доо кетирдик дей бергиле. 

     Момун баса турган бардык жолдорго, бардык каражаттарга динибиз «макулдук» берип, Куран менен Сүннөт ыраазы болуп, туура акыл-эс, туура абийир жана туура түшүнүктүн баары анын туура жана жакшы экенин кабыл алышы керек. 
***

Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гюлендин 2008-жылдын 19-ноябрындагы баянынан алынып, даярдалды.

Которгон: Насыпбек Асанбаев

____________________

1Макиавелисттик агым – өз максатына жетүү үчүн башкаларды алдоого, манипуляция кылууга жана талап-тоноого болот деген түшүнүктөгү агым.