Пенде кулчулук жашоосунда үмүтсүздүккө да түшпөсүн, өзүнө ашыкча ишенип да албасын. Ал жасаган күнөөлөрүн көкүрөгүндө туюп жүрсүн, бирок ошол эле маалда Алла күнөөкөрлөргө да жакшы иштерди жасатып койорун эсинен чыгарбасын

Муну жакшы билген киши Алла Таала берген жакшылыкты өзүм жасадым дебейт. Кандайдыр бир жакшы ишке себепкер болгондо: «Чынында, мындай таштак, какыраган жерге ушундай кооз гүлдөр өсмөк эмес. Демек, бул жерде да Алланын өзгөчө назары бар!», – десин. Ушундай пикирде болгон киши Алладан келген нематтарга шүгүрлүк кылууда кемчилик да кетирбейт, менменсинүүгө да барбайт.

Кичинекей нерселерге чоң-чоң иштерди жасатып коюу Алланын улуулугунун белгиси. Ал чалынган-чулунган, мүдүрүлгөн, жарылган, чайпалган, айласы кеткен катардагы кишилерге да опол тоодой иштерди жасатып, анын колу менен бир өрөөндү, бир өлкөнү жандандырып, баскан кадамын, кылган аракетин жемиштүү кылып койот. Бирок, пенде өз колунан чыккан сыяктуу укмуштуудай ийгиликтерди көргөндө адашууга барып, туура эмес ойлорго түшүп кетпесин. 

Ийгилик жолундагы жоготуулар

Ийгиликке жетип, Алланын колдоосу келип турганда бараткан багытты кармануу да оңой эмес. Далайлар мына ушундай учурда сыноодон кулаган. Мисалы, кээ бирөө айланасына чогула калган он чакты кишини көрүп өзүн олуя сезе баштайт. А кокус жанындагылардын мактоосу, сүрөөсү болчу болсо, анда маселе андан да ырбап кетти дей бер. Башкалар жакшы тилек менен ыроологон даражаларды баса отуруп, андан наркы улуулукка көз арта баштайт. Мындай бечаралар балким өзүн улуулук (кутбиет) менен олуялардын олуясы (гавсиет) сыпаттарын чогуу алып жүргөн заттай көрөттүр. Ал тургай мындан да нары аша чаап, махди, масих болдум деп ойлоп, жер үстүндө басып жүрүүгө татыксыз болгонуна карабай, өзүн көк асманда учуп жүргөндөй сезип, ийгилик жолунда баратса да, арты-артынан жоготууга учурайт. Ооба, кээде Алланын эң чоң жакшылыгы берген тартууларын байкатпаганында жаткандыр.

Кайра башынан келе турган болсок, кылган-эткен күнөөлөрүн, кемчиликтерин сезип,  эсинен чыгарбаган киши шумдук болуп кеттим деп ойлобойт. Улуулукту, олуялыкты мындай кой, катардагы киши болууну да өзүнө ашыкча көрөт. Такыр жерлердин гүл бакчага айланганын көрүп калса: «Менден бир нерсе чыкпайт эле, Алла жоктон бар кылган кереметин көргөзүп жатса керек», – дейт.

Ошол эле маалда, тарыхта өткөн кай бир меламилердин  катасын да кайталабоо зарыл. Алар өзүн улуу сезүүдөн, улуу кылчу ойлордон качып, чыныгы абалын сезүү үчүн күнөө кылып туруш керек деген туура эмес ойдо болушкан. Чынында бул да бир адашуу. Момунга жарашкан иш – бир жагынан өзүн булгап албоо үчүн кара кылды как жаргандай калыс жашоо болсо, бир жагынан өзүндөгү кемчиликтерди эсинен чыгарбоо. Чындап келгенде, кишинин байкабай кылып алган күнөөлөрү эле, мисалы, туура эмес кепти угуп калуусу, туура эмес жолго кадам таштоосу, туура эмес кепти сүйлөп алуусу ага жетип, ашып да калат. Бир катасы үчүн миң жолу тообо кылса да, ал күнөөсүн экинчи унутпай, эсинен чыгарбай жүрүшү керек. Мына ушуну жасай алган киши гана Алла Таала тартуулаган ийгиликтерди өзүм жасадым деп ойлобойт.

Таптаза болуу түшүнүгү, тагыраак айтканда өзүн эч бир күнөөсүз, катасыз көрүү өтө коркунучтуу. Күнөөдөн алыстыгы, тазалыгы эң негизги өзгөчөлүк болгон улуу пайгамбарлар дагы Алланын алдында титиреп, көз ирмемчелик убакытка да өздөрүн таштап койгон эмес. Ошондуктан пенде бул түшүнүккө каршы айыгышкан күрөштө болушу керек. Бир жагынан болгон эрки менен күнөөсүздүк үчүн акыркы демине чейин кармашса, бир жагынан өзүнүн таптаза, аппак болгонун эч качан ойлобосун.

Ооба, пенденин өзүн өзү билүүсү өтө маанилүү. Азирети Бедиүззаман да: «Өзүнүн абалын билип ашкере кетпегендер кандай бактылуу!», – деген эмеспи. Баарыбыз тең эттен, сөөктөн куралган пенделербиз. Баарыбыздын напсибиз бар. Адаштыруу үчүн тынымсыз аракет кылган шайтан бар. Таптаза коомдо төрөлдүк деп да айта албайбыз. Нары-бери баскан көчөлөрүбүз айланып өтүүгө болбой тургандай, жок эле дегенде этек-жеңди булгачу ыпластыкка толо. Ал тургай кээ бирлерибиз этек-жеңи эле булганып тим болбой, кекиртекке чейин матып калган. Бул кебетебиз менен бизден бир нерсе чыкмак эмес. Бирок, Алланын мээрими ушунчалык кенен болгондуктан, бизге окшогон күнөөкөрлөргө да эң сонун иштерди жасатууда. 

Ооба, колу жеткен ийгиликтерди Алладан келди деген түшүнүктө болгон киши менменсинбейт жана өзүн укмуш сезип албайт. Мына ушундай түз, туура түшүнүктө болгонубузда гана Алла белектерин, жакшылыктарын үзбөй улантат.
Ошол эле маалда пенде кылган-эткен күнөөлөрү үмүтсүздүккө алып баруусуна да жол бербеши керек. Ыпластыкка кокосуна чейин баткан киши да Жараткан Алланын мээриминен үмүтүн үзбөсүн. Белгилүү болгондой, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) күнөөкөр киши тууралуу ар кандай сүйлөп аткан кишилерди укканда дароо аларды тыйып, ал киши Алла менен Пайгамбарын жакшы көрөрүн айткан.

Мындан келди, пенде мурда кылган күнөөлөрү, каталары канчалык чоң болгонуна карабай, Алла менен Анын Элчисин жакшы көрүүнү жана алардын жолунда болууну уланта бериши керек. «Оо, Жараткан Алла, мен эч бир кадырым жок киши экенимди билем. Бирок, кишиге кадыр-барк берүүчү Сенсиң!», – деп улуулукту сыйынууга жападан жалгыз татыктуу жана бардык нерсенин жалгыз ээси болгон Аллага бере алгыдай болсун. Жана ушул жолго чакырган азирети Мухаммед Мустафага (саллаллаху алейхи васаллам) мамилесин, сүйүүсүн токтотпой уланта берсин. Колунан келсе, Алла менен Элчисине арналган сүйүүсүн ырга айлантып, дастанга айлантып даңазаласын. Мындай жоругуна буга чейинки кылган күнөөлөрү жолтоо болбош керек. Шайтан менен напси күнөөлөрүн пендеге далил катары кармап, Алла менен Пайгамбарынан абдан алыс сездириши мүмкүн. Пенде болсо сезимдери менен, ой-пикирлери менен алыстабай жүрүүнү билиши зарыл.

Өзүн сүйгөн кишилер

Тарыхта өткөн улуу инсандарды караганыбызда, өздөрүн дайыма эсепке тартып, жерден алып көргө уруп турушканын, өздөрүнө бир кыпындай да баа бычышпаганын көрүүгө болот. Чыныгы улуулук ушунда эмеспи. Мен-мен деген кишилердин бир нерсеге жетүүсү мүмкүн эмес. Өзүмчүл, менменсинген кишилер дайыма өздөрүн көрсөтүп, башкалардан айрымаланып турууну каалашкандыктан, өздөрүнүн фантазияларынан чыга алышпайт. Баары айтып жүргөн, баары ишенген ойлорду айтууну жактырышпайт, оригиналдуу, өзгөчө бир нерсе айтуу үчүн тынымсыз адаттан тыш ойлорду издеп, кубалап турушат. Элдин көңүлүн буруп, башкаларды таң калтыруу үчүн башкача пикирлерди айтууга ашыгышат. Кокус өздөрү каалагандай алкышка, мактоого жетпей калса, өлчөмдү андан да өйдө көтөрүшөт. Ал эмес өздөрүн көрсөтүүдө туура фактылар, туура сөздөр жетишсиз болуп калса, жалганды да аралаштырып жиберүүдөн кайра тартышпайт.

Өзүн, өзүнүн пикирлерин, өзүнүн кылык-жоругун, өзүнүн туруш-турпатын ушунчалык жактырган нарцист (өзүн сүйгөн) жандар башкаларды да, башкалар кылган иштерди да жактыра беришпейт. Мындайлардын бир нерсени жактырышы өтө кыйын. Дайыма тигини-муну айтып, тигинден буга секирип, өмүр бою балтага сап болбой жүрүп өтүп кетишет.

Болбосо, адам уулунун башаты бир тамчы суудан башталат эмеспи. Аны жоктон бар кылган Алла. Көбүбүз кылчайып башыбыздан өткөн күндөрдү караганыбызда, буга чейин кылган-эткен каталарыбызды, кемчиликтерибизди ойлогонубузда жүзүбүзгө каралбай турган киши экенибизди билебиз. Алла бизди кул кылып жараткан. Ушундан улам пенденин чыныгы улуулугу да Аллага кулчулугунда. Анын мойнундагы милдет – Алла өзүн адам кылып жаратышына ыраазы болууда жана эң чоң сыймыкты, эң чоң урматты Ага кулчулук кылууда издөөсүндө. Киши Алла өзүнөн сурабай туруп берген (жабри лутфи) материалдык жана руханий бардык тартууларга шүгүр кылып, аларды кулчулугу менен көрктөндүрүүгө аракет кылышы керек.

Жөнөкөйлүктүн каармандары

Алла жөнөкөй кишилерди ылайыктуу даражага көтөрөт. Үрөн жерге түшмөйүн өнбөйт. Анын сыңарындай, башы жерге ийилгендерди Алла кошумча сыйлыктары менен ушунчалык жогорулатат дейсиң, керек болсо адамзатка жол башчы кылат. Шахи Гайланини карагыла, Мухаммед Бахауддин Накшибандини карагыла, Хасан аш-Шазилини, Абдулкадир ал-Гайланини, Бедиүззаманды карагыла! Арадан кылымдар өткөнүнө карабай аларды эстеп, таштап кеткен баа жеткис эмгектери менен жолубузду тапканга аракет кылып келебиз.

Булардын ар биринин унутулбас, эстен кетпес кишиге айлануусунун негизги себеби жөнөкөйлүктү, ыйбааны, карапайымдыкты туу тутуусунда. Алар бардык күч-аракетин Алланы таанытууга арнагандыктан, Алла да аларга дайыма таанылууну (унутулбоону) берип, башкаларга аларды сүйүүгө үндөгөн. Алар таухид акыйкатын (бир Аллага ишенүү) бекемдөөгө жан үрөшкөндүктөн, Алла да аларды бекемдеп (туруктуу кылып), ар бирин акыл-эсиңерге жарык чачкан жол башчы абалына айланткан. Арадан канчалаган кылымдар өткөнүнө карабай, биз дагы эле алардын дубаларын (күнүмдүк адатка айланган дубалар) кылып, алар артына таштаган эмгектердин жардамы менен өзүбүз жашаган учурдун көйгөйлөрүнө жол тапканга аракет кылып келебиз. Мындан жакшы тастыктоо болобу?!

Баарынан коркунучтуусу, пенде бир нерселерди “эсеби суралбайт го” деген ойдо жасоосу. Мисалы, кээде жакшы амалдарыбызды, жакшы иштерибизди да өзүбүзгө байлап алуу менен аларды байкап-байкабай булгап алабыз. Эгер кылган иштериңерди «мага тең эч ким жок» деген түшүнүк менен жасай турган болсоңор, анда бул дүйнөдө руханий жашооңорду талкалап, акыретке эч нерсе калтырбай жок кылган болосуңар. Эгер, Алланы гана ойлоп, жасалган бардык иштерди Алланын ыраазылыгы үчүн жасап аткан болсоңор, анда ал иштерден өз атыңарды жок кылышыңар керек. Бирок, бир иштен өзүн өчүртүп салуу пенде үчүн эң оор нерсе. Чынында, ал көп эле нерсенин үстүн сызып, жок кылып койо алат. Бирок, өзүн сызып таштоо оңой иш эмес. Адам уулунун эң чоң көйгөйү − өзү. Керек болсо, муну теориялык жактан айтуу, түшүндүрүү да оңой. Бирок, чыныгы маселе пенденин сезиминде, түшүнүгүндө.

Мына ушул маселелердин баарында өзүбүздү жаңылап, өзүбүздү өнүктүрүүгө өтө чоң муктаждыгыбыз бар. Ар бир күнү ой-пикирибизди, түшүнүгүбүздү таразадан өткөрүп, сындап, өзүбүздүн ким экенибизди, кайсы жерде турганыбызды жана кандай абалда турганыбызды карап чыкпасак болбойт. Болбосо, адашуулар, жаңылуулар айланып өтүүгө болбой турган абалга келет. Мындан да коркунучтуусу – кайра-кайра түшкөн тескери жолдун тескери жол экенин да билбей калганыбызда. Өтө чоң жаңылыштыктарды жасап, Алланын азабына карай баратсак да туура жолдобуз дей беришибизде. 

Көпчүлүк учурда акыл-эсибизди, сезимдерибизди башкара албай, кандай гана кыялдардын, ой-максаттардын артынан түшкөнүбүздү билбей калабыз. Мисалы, көр дүйнөгө байланыштуу маселелерде ач көздүккө берилип, пайда табуу үчүн жан талашып калабыз, же жашоо арзуусу мээбизди бүтүндөй ээлеп алат. Мындай сезимдердин, түшүнүктөрдүн чоң күнөөлөрдүн катарында орду болбосо да, турган ордубуз жагынан Аллага түздөн-түз урматсыздык болорунда күмөн жок. Мына ушул коркунучтардын баарынан алыс болуу үчүн дайыма Алла Таалага болгон байланышыбызды көзөмөлдөп, кулчулуктун туура мүнөзүн калыптандырышыбыз керек. 

Бул макала Фетхуллах Гүлендин 2009-жылдын 10-11-июнундагы баянынан алынды.

Которгон: Насыпбек Асанбаев