Суроо: Кай бирөөлөр «кокус мусулмандарга оомат келип, иши жүрүшүп калса, башкаларды кысымга алып, күч колдоно баштайт. Же эч болбоду дегенде өз диндеринин эрежелери менен «азчылыкка үстөмдүк кылышат» деген кооптонууларды, сын-пикирлерди айтып жүрүшөт. Бул кооптонуу эмнеден келип чыкты? Негизи эле мындай сындар негиздүүбү?
Жооп: Курани Каримде Алланын Элчиси ааламдарга ырайым катары жиберилгени айтылат. (Анбия сүрөсү, 21/107) Муну жүрүш-турушу менен тастыктаган Пайгамбарыбыз да (саллаллаху алейхи васаллам) куттуу жашоосунда ар бир кишиге боорукердик, мээримдүүлүк, ырайымдуулук менен жумшак мамиле кылган. Анын укмуштуудай боорукерлигин айласыз катышкан кармаштардан да байкоого болот. Ал бүткүл өмүрүндө бир да кишиге кек сактаган эмес, эч бир кишиден өч алууну көздөгөн эмес. Өзүнө кылбаган кылыгы калбаган Меккенин мушриктерин да кечирген. Үммөтүнө да дайыма кечиримдүүлүктүн, тынчтыктын жана сабырдуулуктун жолун көрсөткөн.
Ал эми Куранда «Динде мажбурлоо жок» (Бакара сүрөсү, 2/256)? – деп айтылып, кысым көрсөтүүнүн жана мажбурлоонун бардык түрүнө тыюу салынган. Пайгамбарыбызга жана анын үммөтүнө айтылган: «Сен аларды мажбурлап, үстөмдүк кылуучу эмессиң» (Гаашийа сүрөсү, 88/22), «Сен аларга кыйнап бир нерсе кылдырышың керек эмес», (Каф сүрөсү, 50/45)? – деген аяттар мажбурлоого тыюу салынганын баса белгилеп турат. Эгер кимдир бирөөлөр ушунун баарына карабай мусулмандардан коркуп, алардан кысым көрөбүз деп ойлоп жатса, анда же мусулмандар Исламды туура эмес түшүнүп, туура эмес чагылдырып жатышат, же муну айтып жаткандар Исламды жана мусулмандарды туура эмес таанып алышкан, же алардын башка бир максаттары бар.
Ушул күнгө чейин үстөмдүк кылгандар, башкаларды мажбурлагандар көбүнчө ыймансыздар, адашкандар болуп келишкен. Өздөрүндөй болбогондорду ар түркүн кыйынчылыктарга дуушар кылып, ар кандай жолдор, ыкмалар менен өз ойлорун, системаларын башкаларга таңуулап, өздөрүнө окшобогондорду опузалоо, жектөө аркылуу өздөрүнө окшоштурууга аракет кылышкан. Натыйжада алар мусулмандарды да өздөрүнө салыштырып, өздөрүндөй көрүшкөндүктөн, маал-маалы менен ошол тынчсызданууларын жашыра албай кеп кылып турушат.
Мусулманчылыктын маңызын түшүнбөгөн, диндин маанисин аңдабаган, Пайгамбарыбыздын куттуу жашоосунан туура сабак алып, анын өмүр жолунун философиясын баамдай албаган жана Исламды замандын талабына жараша баалабаган айрым мусулмандардын динди зордук-зомбулуктун, үстөмдүктүн куралына айландырганын көз жаздымда калтыра албайбыз. Тилекке каршы, бүгүн андай окуяларга өзүбүз да күбө болуп жатабыз. Бирок бир нерсени унутпайлы, мындай радикал, бузуку тайпалар ар бир диндин, ар бир системанын, ар бир идеологиянын арасынан табылышы мүмкүн. Адам баласы буза албаган баалуулук жок. Андыктан, динди туура эмес түшүнүп, туура эмес чагылдыргандарды көрүп алып эле мусулманчылык тууралуу, мусулмандар тууралуу чечим чыгарып коюу таптакыр туура эмес.
Башка динди кармангандардын, же эч бир динге ишенбегендердин Исламдан кооптонуп, коркуп турушунун дагы бир себеби, жогоруда айтылгандай, алардын Ислам дини жана мусулмандар тууралуу жеткиликтүү маалыматка ээ болбогонунда. Тилекке каршы, өз айылынан сыртка чыкпаганы, коомдун ар түрдүү катмары менен байланышта болбогону үчүн «башкалар» деп эсептегендеринен коркуп, аларды душман санашууда. Себеби киши билбеген нерсесинен чочулап, коркуп турат. Айткандай эле, бир кездерде муну өз оозу менен тастыктап, «Биз айлыбыздан чыкпаган кишилербиз» деп айткан кишилер да болгон. Андайлар коомду ар кандай түстөрү, оймо-чиймелери, кооздугу менен тааный алышкан жок. Коомдон обочолонуп калышты. Ыймандуулар менен бирге болууну, алардын айылына, шаарына барууну басынуу катары көрүштү. Ошону менен алардын дүйнөсүн таптакыр тааныбай кала беришти.
Мусулмандар тууралуу айтылган мындай терс пикирлердин дагы бир себеби − ыймансыздык. Азирети Адамдан ушул кезге дейре Фауст- Мефисто1 оюну уланып келет. Тарыхый окуяларга көз чаптырганыбызда, ыйман менен каапырлыктын күрөшүнүн сансыз мисалдарына күбө болобуз. Бүгүнкү күнү да мусулмандарга карата негизсиз кооптонууларын, тынчсызданууларын айтып жатышкандардын көбү, кандайдыр бир мааниде, өздөрүнүн милдеттерин аткарып жатышат деп айтууга болот. Аны өзгөртүүгө биздин да күчүбүз жетпейт.
Жалпысынан алганда, мусулмандардын өз диндерин тутунуусун башкаларга үстөмдүк кылуу катары баалоого эч кандай негиз жок. Маселени ушул өңүттөн карай турган болсок, мындай сын-пикирди коомдогу бардык айырмачылыктар үчүн айтууга болот. Мисалы, жоолук салынган аялдар көпчүлүк болгон жерде жылаңбаш жүргөндөргө үстөмдүк кылат деп кине коюу канчалык жүйөлүү болсо, жылаңбаш жүргөндөр көпчүлүк болгон жерде жоолукчандарга үстөмдүк кылат деп кине коюу да ошончолук жүйөөлүү. Бул мамиле ал жердеги бардык кишилер бирдей болуп калганга дейре улана берет. Мындай көрүнүш адам баласынын табиятына туура келбейт жана кишинин эркине, эркиндигине жасалган чоң сокку болуп саналат. Бул пикирдин акыл-эс жагынан да, логика жагынан да эч кандай негизи жок жана ал туура ой жүгүртүүнүн тыянагы эмес.
Мусулмандардын диний жөрөлгөлөрүн аткаруусун үстөмдүк катары санагандар өздөрүнүн алсыздыгын, бечаралыгын байкоосуздан моюнга алган болот. Демек, алар өздөрүнө ишенбейт, жашоолоруна канааттанбайт, өздөрү менен өздөрү айкалыша жашай албайт. Ошондуктан башка бирөөлөрдүн ибадат кылуусу, диний жөрөлгөлөрүн аткаруусу алардын тынчын кетирип жатат. Өздөрүнөн күмөн санабаса да, таңуулап отуруп элге сиңиргиси келген баалуулуктарынан күмөн санашат десек болот. Себеби, өзүнүн баалуулуктарынан, ишенген негиздеринен шектенбеген киши башкалардын жашоосун карап, өзүн кысымда калгандай сезбейт. Муну сүзгөндү билген киши деңизге чумкугандан да коркпогонуна, сүзгөндү билбеген кишинин болсо сайдагы сууга түшкөндөн да коркконуна салыштырсак болот.
Чыныгы мусулман өзү кабыл алган, ишенген жана күнүмдүк жашоосуна айланткан баалуулуктарына ушунчалык ишенгендиктен, башка диндегилер менен бир чөйрөдө жашагандан, алар менен мамиле түзүүдөн жана алардын таасиринде калуудан коркпойт. Ушул себептен алардын дин тутунуусуна да, ишенген акыйкаттарын башкаларга түшүндүрүүсүнө да тоскоол болбойт. Эгер бул маселеде санааркап жаткан болсо, демек анын да өз дининен шеги бар. Ыйман анын көөдөнүнө жайгаша электиги ошол. Мындай бошоң киши бүгүн болбосо эртең башка багытка бурулуп кетиши ыктымал. Өздөрү менен, өз баалуулуктары менен ширелише жашабаган кишилер гана башкалардын эпкининде калуудан коркот. Өздөрүнөн коркушпаса да, өз көз караштарын таңуулап кармап турган массанын таасирленип кетүүсүнөн коркот. Ошондуктан ар кандай кысымдар, тоскоолдуктар аркылуу башкалар деп эсептеген кишилердин ишенимдерин тутунуусуна жана аны жаюусуна бут тосууга далбасташат.
Болбосо, дин, ар намыс, ой-пикир эркиндиги адам укуктарынын сап башында турат жана бүгүнкү күнү дүйнө жүзү да муну ушундай кабыл алууда. Бир пикирдин тууралыгына, негиздүүлүгүнө жана адамзат үчүн пайдалуу экенине ишенген киши аны башкаларга да түшүндүрүүнү, башкалардын да ошол баалуулуктарды кабыл алуусун каалаганы, албетте, табигый көрүнүш. Бул мейли каржылык пикир болсун, мейли саясий пикир болсун, мейли маданий, мейли адеп-ахлактык, мейли ишенимге байланыштуу пикир болсун, айырмасы жок. Эгер бир нерсенин чындык экенине, акыйкат экенине ишенип жаткан болсоңуз, анда аны баары тең кабыл алуусун каалайсыз. Эл да өздөрүнө сунушталган бир пикирдин, же баалуулуктар тутумунун алда канча туура экенине, акыйкат экенине ишенип, аны «келечегим үчүн пайдалуу» деп эсептесе, анда өз эрки менен тандоосун жасап, ал пикирди кабыл ала баштайт.
Мисалы мен адамзатты бакыт аралына алып барчу кеменин капитаны азирети Мухаммед Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам) экенине ишенсем, анда элдин баарынын ошол кемеге түшүүсүн каалайм. Ооба, адамзаттын бактылуу болушун кааласам ошентишим керек. Бул менин мусулмандыгымдын да, адамгерчилигимдин да табигый көрүнүшү. Маселеге ушул өңүттөн караган киши башкаларды да ойлой жүрөт, алардын көйгөйлөрүнө түйшөлөт, алардын оңолуусун, кутулуусун каалайт. Эгер маселеге мындай карабасам, анда бул өзүмдүн баалуулуктарымдан күмөн санарымды, же керт башымдан башка эч кимди ойлобогонумду билдирет.
Бул жердеги негизги көйгөй – өзү тутунган баалуулуктарын башкаларга кыйноо, мажбурлоо, таңуулоо жолдору аркылуу кабыл алдырууга аракет кылууда. Негизги кеп кыла турган, талкуулана турган тема ушул болушу керек. Болбосо башкалардын ой-пикирин, ишенимин, тандоосун, укугун жана эркиндигин сыйлоо чегин аныктай билген соң, алардын да өзү сыяктуу болуусун каалоодо эч кандай айып жок. Өзү ишенген акыйкаттарды кээде ыңгайына жараша башкаларга түшүндүрөт, кээде жүрүм-туруму, мамилеси менен өрнөк болот. Эгерде анын жашоо образы, адеп-ахлагы, адамгерчилиги башкаларды да ынандырып, таасир эте алса, анда эч кимдин бул жагдайды сындаганга акысы жок. Анткени, өзүнө жаккан пикирлерди кабыл алып, өзү үлгү алган кишилерди ээрчүүсү ар бир пенденин өз эрки.
Кыскасы, өз алдынча көз карашка ээ болуу, ошого жараша жашоо жана аны башкалар менен бөлүшүү ар бир кишинин укугу. Көйгөйдүн баары өз көз карашын кандай жол менен болбосун башкаларга таңуулоодо. Адам баласы ой-пикир, жүрүм-турум эркиндигине ээ болгон соң, ар кандай көз караштагы кишилердин болуусу да коом үчүн өзүнчө бир байлык.
1Атактуу немец жазуучусу Гётенин «Фауст» аттуу чыгармасындагы каармандар. Мефисто аттуу терс каарман Фаустту адаштырууну көздөйт.
Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2008-жылдын 15-февралындагы баянынан алынды.
Которгон: Тойчубек Сагындыков
Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев