Убакыт түрк оппозициясына каршы иштеп жатат. Тайып Эрдогандын АКП партиясы жарым жылда 10%’га жакын өстү. Оппозиция Эрдоган чийген талаанын ичинде ойногон сайын тарапташтары азайып бара жатат. Ал арада НАТО мүчөлөрү Түркиянын бул уюмда калуусу керекпи деп ойлоно баштады…

Түрк оппозициясы бир жыл мурун эч нерсе кылбай эле “алма быш, оозума түш” деп отура берсе деле жеңип чыкчудай көрүнүп аткан. Бирок андан бери көп нерсе өзгөрдү. Оппозиция убадалаган материалдык жыргалчылыктын баарысын Эрдоган өз тарапташтарынын оозуна салып берди. Учурдагы түрк президенти элди кап ортосунан бөлүп, бири-бирине тукурса да бийликте калмакчы.

ТИИМ, Йөн Эйлем, Метрополь жана Конда сыяктуу олуттуу түрк социологиялык компанияларынын изилдөөлөрү боюнча 2023-жылдын 14-майына болжонгон кош шайлоо алдында Эрдогандын да, анын АКП партиясынын да рейтингдери жогорулоодо. Ал изилдөөлөрдүн натыйжалары чыккандан кийин Эрдоган 500 миң исламчылды мамлекетик кызматка алды. Ошондуктан, эмки сурамжылоого чейин ага добуш бергендердин саны миллиондорго өсөт деп күтүлүп жатат.

Оппозиция болсо тойго барчу чалдардай болуп, “баланча талапкер болсо, оюмду бербейм”, “жинибизге тийсе, биз да шалоо майданына өз талапкерибизди чыгарабыз” деп бири-бирине кыр көрсөтмөйгө өттү.

Эрдогандын АКПсы 2022-жылдын апрель айында 27-28%’га чейин түшүп кеткен болчу. Түрк эксперттери ал кезде “мындай кризистин убагында мынча добуш алганы да көп” деп таң калып жаткан. Андан бери Эрдоган сырттан карызга алган миллиарддаган долларга пенсияга эрте чыгуу, ипотекага үй салдыруу, бюждеттегилердин маянасын көтөрүү, жүз миңдеген партиялашын жумушка алуу сыяктуу иш-аракеттери менен бул айын башында тарапташтарын 37,5%’га жогорулатты.

“Жумхуриет биримдигиндеги” динчил АПКнын өнөктөшү ультра-улутчул МХПнын 6,7% ойун кошкондо, ал экөө 44% добуш алмакчы. Бул партиялардын рейтинги. Президенттикке аттанган Эрдоганга берилчү добуштар болсо 45-46%’га чыгат. Аларга каршы аттанган “Миллет биримдигине” кирген социалист ЖХПныкы 26%’дын тегерегинде, ага өнөктөш ультра-улутчул ИЙИ партиясыныкы 11,7%. Демек, эң күчтүү оопозициялык эки партиянын добушун кошкондо, араңдан зорго 38% чыгып атат. “Алтылык үстөлгө” кирген калган төрт партия менен биригигип 41-42%’га араң жетип атат.

Ошентип, оңдон солго, солдон оңго эсептесең да күрттөрдүн ХДПсынын 10-12%’дык оюна эки тарап тең муктаж болуп турат. Ошондуктан оппозициялык партиялар түрк улутчулдугуна тообо кылып, Стамбул менен Анкаранын мэриясын алгандай, күрттөр менен биригүүгө мажбур. Антпесе, күрт картасын жакында Эрдоган колдонуп баштайт. Мисалы, күрттөргө эне тилинде билим алуу, Түркиянын ичинде кеңири автономия берүү сыяктуу убадалар менен аларды азгырат.

Учурда түрк казынасынын ички жана сырткы карызы 60 млрд АКШ доллага жакындады. Оппозиция жеңип чыккан күнү Эрдоган сокур тыйыны жок казынаны эмес, он миллиарддаган карыздар бюджетти алардын моюнуна илип, оюндан чыга берет.

ТИМ компаниясынын социзилдөөсү боюнча, бийликчил электораттын келечекке карата 30%’ы “тынчсызданат”, оппозициячыл электораттын 74%’ы “тынчсыз”; бийликчил электораттын 27,5%’ынын “жини келип атат”, оппозициячыл электораттын 69%’ы “жинденет”; бийликчилдин 44%’ы “бактылуу”, оппозициячылдын 21%’ы ошондой; бийликчилдин 50,8%’ы, оппозициячылдын 35%’ы “үмүтүү”.

***

Ала арада Батыштан: “Биз ушул күнгө чейин түрк бийлигинин өз элинин конституциялык укуктарын тебелегенине, антидемократиялык аракеттерине, жеке бийликти орнотушуна мейли деп келдик, бирок мындан наркысын көтөрө албайбыз”, – дегендей каңкуулар келе баштады. Түрк демократиясынын акыркы чеби – бул жарым жартылай да болсо таза өткөн шайлоолор болчу.

Түркия 1950-жылдары көп партиялык системага өткөнү үчүн НАТО’го алынган. Батыш, мындан кийин түрк калкы ойгонуп, өзү калаган бийликти шайлоо аркылуу алып келе алат, деп ишенген.

Британиянын The Economist журналындагы макаласында америкалык республикачылардын коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон: “Түркиядагы шайлоолор демократия чегинде адилеттүү өтпөсө, бул мамлекетти НАТО’дон чыгарыш керек”, – деп жазды.

Батыштын саясий интеллектуалдары: “Түрк эли антидемократиялык, укук менен иши жок, конституциясын көзгө илбеген саясий режимге ыраазы болсо, анда анысы менен жыргай берсин. Бирок бизге жабышпай, өз алдынча, өздөрү менен өздөрү жыргасын”, – деп каңкуулай баштады.

Жансакта Сарбашов