Учурда кыргыз коомунун Түркия менен алакасы бар тайпаларында, түрк тектүү элдердин башын кошкон, Туран биримдигин түптөөнү туура көргөндөр бар. Мындай биримдикти курууга мүмкүнбү, жаңы “старший брат” болуп берчү Түркиянын коомдук аң-сезими бул идеяны канчалык колдойт?

Биринчи кадам катары, Түркиянын жарандары Батыш блогун жактайбы же, Кыргызстан да кирген, Евразиялык биримигин жактырабы деген суроого жооп издеп көрөлү.

Учурда Түркиянын элитасы жана эли да ушул эки анжылыктын ортосунда турат. Элдин жарымы светтик мамлекетти жактаса, калган жарымы диний башкарууну каалайт, бирок эки тайпа тең евразиялык түрк-улутчулдугунун кыялдарына берилген.

Чын-чындап келгенде, Түркиянын башына эч качан батыштын стандарттарына дал келген саясатчы же саясий топ келген эмес. Ошондуктан андай башкарууда түрк мигранттары гана жашап, жон-териси менен сезип көрбөсө, калың катмар эл саясий-популисттик пропаганданын нугунда келе жатат десек болот.

Түркияда жада калса, кандайдыр бир деңгээлде, адам укуктары, фундаменталдуу эркиндиктер, тең салмактанган жана өз-ара көзөмөлдөнгөн бийлик бутактарын жактаган сол-социалист тайпанын да, Батышка карата эбегейсиз чочулоосу менен бирге, ШОС жана Евразия биримдиги сыяктуу уюмдарга кирүү арзуусу бар. Себеби, алардын ою боюнча Батыш – бул, империалисттик баскынчылыкты колдогон мамлекеттердин биримдиги. Бирок, ошол эле Германияны ондогон жылдар бою, империалисттик амбициялары бар көпөстөргө каршы турган, социал-демократтар бийлеп келгенинен кабары жок. Батышка карата көз-карашы ушундай болгондуктан, түрктөрдүн кандай болбосун бийлиги, тышкы саясатта чоң каталарды кетирип келет.

Эми түрк элитасы менен элинин кыялданып аткан Евразия чөлкөмүнүн өлкөлөрү кандай? Алардын көбү газ жана мунайды менчиктеп алган бийлиги бар, же башкаруучулары тилемчилик кылган мамлекеттерден турат. Бул мамлекеттердин дээрлик баардыгын диктаторлукка жакын автократиялуу же ошол нукка ооп бара жаткан бийлик башкарат. Ал мамлекеттерде: стандарттуу башкаруу системасы, универсалдуу баалуулуктар менен фундаменталдуу адам укуктары деген принциптер бийликке келип алган кландардын оюнчугуна айланган.

Евразия чөлкөмүндө күн санап таасирин арттырып келе жаткан Кытайдын да, түрк калкы менен элитасынын туранчылык кыялдарын кучак жайып тосуп албашында шек жок. Керек болсо, кытай бийлигинин СУАРдагы этникалык баскынчылыгы менен тазалоосунун түпкүрүндө исламий-туранчылыкты жок кылуу ниети турганын божомолдосо болот.

Учурдагы түрк бийлиги, Евразияда күчтүү позициясы болгон Орусия менен Сирия, Ливия, Йемен жана Карабахта жашынбак ойноп көрдү. Натыйжада, кайра эле, биздин ата-баба айткандай, “орус менен дос болсоң, айбалтаңды ала жүр” же түрктөрдүн “доңуздан постун (көрпө) олмаз, рустан достун олмаз” деген бүтүмгө келгенге мажбур болду.

Мунун баарын жыйынтыктап салыштырганда, Түркия газ жана мунай жагынан толугу менен сыртка көз-каранды мамлекет. Ошол эле убакта түрк калкынын үстүнө толугу менен диктаторлуука өтүп кеткен бийлик орнотуу да кыйын.

Түркиянын саясий өтмүшүн, экономикалык мүмкүнчүлүгүн жана географиялык чөлкөмүн бирдиктүү эске алганда, учурдагы эки анжылыгына таң калбоо керек. 20-кылымдын башынан бери республикалык башкаруунун оош-кыйыштарын башынан өткөргөн Түркия, учурда Тайып Эрдогандын орноткон жеке бийлигинин алдында жашап атат. Мындай бийлик мамлекетти кыска мөөнөт ичинде коррупцияга жана экономикалык туңгуюкка кептеди. Ошондон улам бул жеке бийликке каршы “алтылык” деген социал-демократтар, улутчулдар, исламчылар жана күрддөр бириккен коалиция түзүлүп, ачык айткандан уялышса да, батыш стандарттарына жакын парламенттик башкарууга кайтууну максаттап турат.

Ошондуктан, Түркиянын же түрк өкмөтү колдогон түрдүү окуу жайлардан, түрк улутчулдугу менен исламчылдыгын оозанып алган биздин жаш туранчылар, дагы 30-50 жыл кыялдарын соцтармактарга жазып, жакшылап эс ала берсе болчудай. Анткени мындай кыялдарды Батыш мамлекеттери да, Евразияны бийлеп аткан Орусия менен Кытай да, эң жумшак айтканда, колдобойт. Түрк тектүү элдер жашаган мамлекеттер болсо саясий-экономикалык жана географиялык жактан учурдагы ушул эки суперкүчкө толугу менен көз-каранды десек, аша чапкан болбойбуз.

Жансакта Сарбашов