Түркиядагы шайлоо, жыйырмадан ашык жылдар сыяктуу эле, Тайып Эрдоган менен жакындарынын жеңиши менен аяктады. Президенттик шайлоо экинчи турга калганы менен, баары алдын ала Эрдогандын жеңип чыгарына кайыл. Эгер өлүп эле калбаса, Эрдоган жеңерине биз дагы 100% ишенебиз. Эмнеге?
Москвада төрт-беш жылдан бери иштеп жүргөн киши менен маектешкенимде, ал: “Орустар бизге өздөрүн америкалык жана европалык кылып көрсөткүсү келет, бирок Америка менен Европадан бизден да алыс”, – деген эле. Ошол сымал түрктөрдүн көбү да өзүнүн демократиясын Жакынкы-Чыгыш же Борбор Азия режимдерине салыштырганда, асман-жерге батыра албай калат.
Ушундай акыл жана мантык адашуусу, акыркы шайлоосундагы бийликтин көзгө сайып турган бурмалоолоруна түрк эксперттери менен журналисттердин дээрлик баардыгына көз жумдуруп келет. Сыртка качып чыгып кеткен, бирок Түркиядагы нетворкингин жоготпогон саналуу журналист гана бул бурмалоолор тууралуу айтып турду.
Ал бурмалоонун көбү, КМШнын шылуун саясатчылары эгемендигибиз каймактагандан бери колдонуп келген ыкмалар. Мисалы, он миңдеген аскерлер, бюджеттегилер, мигранттар же такыр эле “өлүү жандар” үчүн бүлетен толтуруп, шайлоо сандыгына оптом салмай. Экинчиси, түрктөрдүн ЙСК деген Боршайкомунун серверине, натыйжаларды ыкчам бурмалоо максатында, пареллель сервер орнотулганы да шайлоого бир ай калганда айтылган.
Төмөндө Диярбакыр шаарынын бир участогунда күрттөрдүн Жашыл солчул партиясына берилген добуштун баары бийликчил МХПга жазылып калганы тууралуу протокол турат.
Андан сырткары, бийликчил ультра-улутчулдар үчүн жан үрөгөн учурдагы ички иштер министри Сулейман Сойлу, жүз миңдеген сириялык качкын жарандык алганын айткан. Ар кайсыл маалыматтар боюча, Түркияга качып чыккан сириялыктар 3-7 млн болуп калганы байма-бай айтылып келет. Алардын көбү шайлоого катыша алчу куракта экени баарына маалым.
Түркиянын алты-жети ишенимдүү сурамжылоо компанияларынын баары оппозициянын бирдиктүү талапкери Кемаль Кылычтароглу Тайып Эрдоганды 4-5% артта калтырганын тастыктаган.
Демек, жогоруда айтылган бурмалоолор менен, президенттик шайлоонун биринчи турунда, 4-5% пайыз добуш Кылычтароглудан алынып, Эрдоганга берилген.
Дагы бир кызык нерсе, ортодон 5%дан ашыгыраак добушту жулуп кеткен шиит Синан Оган добушунун дээрлик бардыгын, орто Анадолунун сунний аймактарынан алган.
Бул кандидат спойлер экени тууралуу пикир да жок эмес.
Ошону менен бирге, бийликчил исламчыл-ультра-улутчул АКП менен ультра-улутчул МХП партиялары жана аларга ыктаган майда радикал-исламчыл партиялар түрк парламентинин көпчүлүк орунун ушундай бурмалоолордун натыйжасында алып, конституциянын беренелерин да парламентте алмаштыруу укугуна жеткендей болуп турат.
Натыйжада, түрк саясатчыларынын, эксперттеринин жана журналисттеринин Түркияны салттуу демократия сыяктуу көрүп, бурмалоолорго атайын же билбей көңүл бурбаганынан улам, Режеп Тайып Эрдоган 28-майда өзүнүн мыйзамсыз үчүнчү президенттик мөөнөтүн камсыздаганы турат.
Жансакта Сарбашов