15 февраля 2016 г. 9:35 1542

Салттуу экономика эски пайдубалга орногон. Ал боюнча биз чечимдерибизди программаланган машина сымал кабыл алабыз. Башкача айтканда, акылга жана эсепке таянабыз. Бирок биз инсанбыз. Баарыбыздын мүнөзүбүздө сезимталдуулук, ката кетирүү жана жалкоолук сыяктуу алсыз тараптарыбыз бар

Кириш сөз же таксисттер

Таксисттердин олжого тунган жана куржалак калган күндөрү болот. Бул аба ырайына, жыл мезгилине жана шаардагы ар кандай окуяларга байланыштуу. Эгер алар дайыма эсеп-кысап жүргүзүп, ойлонуп жашаса олжолуу күндөрү эс оогончо иштеп, куржалак калчу маалдарда машинесин өчүрүп үйдө жатышмак. Бирок изилдөөлөргө караганда, натыйжа андай эмес. Көрсө, таксисттер теңирден тескери иш кылышат экен. Алар дайыма кайдан табылганы белгисиз «бүгүнкүгө жетет» деген ой менен үйүн көздөй бет алат. Нью-Йорк таксисттеринин жүрүм-туруму тууралуу чуулгандуу илимий ишинде белгилүү экономист Ричард Талер: «Алар тимеле белгилеп койгон күнүмдүк кирешеси бар сыяктуу, белгилүү сумма тапканга чейин гана иштешет», – деп таң калган. Бул адамдар дайыма эле ойлонуп жана эсеп-кысапка таянып иш кылбастыгынын далилдеринен. Тетирисинче, «эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө» дегендей, колго тийген акчага гана алымсынып, келечектеги чыгымдарга баш катыра бербейбиз. Турмуш койгон суроолорго суралганына жараша жооп берип, «карылыкка бир нерсе жыйыш керек эле», «сапаттуу тамактансак жакшы болот», «чылымды тыштасам жыргайм» дейбиз, бирок адатта анын бирин да аягына чыгара аткарбайбыз.

Идеалдуу керектөөчү жокко эсе

Экономисттер төрт тарабы төп келген акыл эстүү (homo sapiens) адам бар деп эсептешет. Ал өзүнүн тизгинин тарта билип, кирешеси менен чыгашаларын эсептеп, логикага жараша өзүмчүлдүк чечимдерин кабыл алат. Бирок чындап келгенде мунун баары ката экен. Заманбап «жүрүм-турум экономикасы» деген экономикада даанышман катары таанылган Р.Талердин айтымында, көпчүлүк адамдар өздөрүн жетишерлик көзөмөлдөй албайт. «Бизге пайдалуу экенин бөркүбүздөй билип турсак да, колдо турган мүмкүнчүлүктү карап отуруп өткөрүп жиберебиз. Кээде биз аңтарылганча тоюп алабыз, мас болобуз, же ашыкча чыгымдарга киребиз. Же мунун тетирисинче, спортко катышып, ашыкча үнөмдөп, азырак иштегенге аракет кылабыз», – дейт Талер.

Соода-сатыкка чыкканда да көбүбүз акыл-эсти колдонбогонубузду ашкерелейбиз. Экономика жаатында «Нобель» сыйлыгын алган Кристофер Симс: «Салттык экономикалык теория адам базарга аттанганда бардык товардын баасын билип, эмнени, кайсыл жерден, кантип сатып алыш керек экенине таянат. Бирок чын-чынына келгенде адам жөн эле каймак, чучук же таттуу алганы эле барат», – дейт. Ал оюн: «Жүрүм-турум экономикасы салттуу экономикадан айырмаланат. Мисалы биз телефон сатып алганда кимдин кандай телефону бар экенине жана коомдогу ордубузду эске аларыбызды айтат. Ошондуктан адамдын көбү муктаждыктарын жөнөкөй телефон деле камсыздап тура аларына карабай, айфон алганга жанталашат», – деп улаган.

Экономикада адамдын көбү өзүмчүлдүктөн да алыс болот. CERGE-EI институтунун кызматкери Михаил Бауэр: «Жүрүм-турум экономикасы салттууга караганда өзүмчүлдүктөн сырткары бир топ кеңири себептерди эске алат. Кан тапшыруу донору болуу чечими тууралуу жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөр буга эң сонун далил. Салттуу экономика боюнча донорлорго акча төлөнө баштаса, кан тапшыргысы келгендер көбөйүүсү керек. Бирок турмуш тетирисин көргөздү. Кан тапшырууга эң негизги түрткү – кансыраган адамга жардам берүү. Аларга акча берилгенде бул сезим кирдеген сыяктуу болуп, кан тапшыруу каалоосу басаңдайт», – деген натыйжа чыгарган.

«Гомо экономикус» эмес, инсан

Адам дайыма эле өзүмчүл боло бербестигин экономисттер небак эле баамдашкан. Экономиканын атасы делген Адам Смит чечим кабыл алууда психикабыз негизги шарттарга кирет деп эсептеген. Ал атагы чыккан «Элдердин байлыгы» деген эмгегигинин жана «Адеп-ахлак сезимдеринин теориясы деген китептин ээси. Заманбап экономисттер анын биринчи эмес экинчи эмгегине көбүрөөк көңүл буруп турган кези.

Даниэл Канеман менен Амос Тверски «Келечек теориясы» деген эмгеги менен жүрүм-турум экономикасынын пайдубалын 1979-жылы биротоло түптөп чыккан. Алар бул жолу «адам эки белгисиз нерсенин кайсынысын тандап алат?» деген маселенин үстүндө ой жоруган. Кинеман так ушул эмгегин улантканы үчүн 2002-жылы экономика боюнча «Нобель» сыйлыгын алган. Бирок, эки автор тең психолог болчу. Алар адам күтүүсүз жоготуу жана тобокелдиктен качаарын «бир долларды таап алуунун оң таасирине караганда, бир долларды жоготуунун терс таасири психикага 2,5 эсе катуу тиет» деген натыйжа менен далилдеп чыгышкан. Психологдордун баамдоосуна караганда, адамдын чечимине аргасыздан тобокелчилик кылуу гана эмес, тандоо варианттары кандай сунушталганы да таасир этет.

Буга Кинеман менен Тверски төмөнкүдөй мисал келтирген. Экспериментке катышкан адамдарга «Кошмо Штаттарда коркунучтуу ылаң жайылып, 600 адам өлүм алдында турган болот. Ушундан улам өкмөт оору менен күрөшүүнүн эки жолун сунуштап атат. Биринчи программа боюнча 200 адам аман калат. А экинчи программа кабыл алынса, 600 адамдын бардыгы аман каларына 30% ыктымал бар. Бир да адамды куткарууга болбосуна 60% ыктамал бар. Кайсынысын тандайсыңар?» – деген суроо коюлган. Адамдарын 72%ы 1-программаны тандашкан. Себеби, адамдар тобокелден коркуп, ачык-айкын тарапка качырышат.

Бирок, илимий иш аягына чыга элек болчу. Бул жолу Канеман менен Тверски суроону башкача койду. 1-программа боюнча 400 адам өлөт, 2-программа менен эч кимдин өлбөсүнө 30% ыктымал болуп, бардыгынын өлүп калуусуна 60% ыктымал бар деген маселе коюлган. «Аман калат» деген сөз «өлөт» дегенге алмаштырылгандыгы гана үчүн 78% адам экинчи вариантты тандап алышкан! Көрсө, адамдар эч кимдин өлбөшү үчүн,кимдир бирөөнү куткарууга караганда көбүрөөк тобокелге барууга даяр экен. Анткени менен алар өздөрүнө кайсынысы ыңгайлуу экенин ойлонгусу да келген эмес.

Бүгүнгө караганда эртең жакшыраак

Дагы бир таң калыштуу нерсе – адамдар эртеңки чоң кирешеге караганда бүгүнкү кичине кирешеге макул. Эгер кимдир бирөө аларга бүгүн 10 доллар берелиби, же эртең 11 доллар берелиби десе, көбү биринчи сунушту тандап алышат. Бирок, бир жылдан кийин 10 доллар аласыңбы, же бир жыл бир күндөн кийин 11 доллар аласыңбы дешсе, көпчүлүк экинчи вариантты тандашат. Мында экөөндө тең бир күн айырма каралган. Бирок бул учурда мөөнөттүн узактыгы чечүүчү мааниге ээ болуп калууда.

Гарварддын профессору Дэвид Лэйбсон жазгандай: «Адамдар бүгүнкү күнгө келгенде шашмалыкка, келечекке келгенде сабырдуулукка жакын. Эгер алардан бүгүн мөмө-жемиш каалайсыңбы, же шоколадбы деп сурасаң, көбү шоколадды тандашат. Бирок, бир жумадан кийин эмнени тандайт элең деп сурасаң, мөмө-чөмө деген жоопко кабыласың. Себеби, биз азыр шоколад, чылым жана болбогон кино тасмаларды каалайбыз, келечекте болсо көбүрөөк мөмө-жемиш жегенди, чылымды таштоону жана эң сапаттуу тасмаларды көрүүнү убада кыла беребиз».

Демек адамдар келечекти туура баамдай албаганынан улам шалаакылык кылышат. Биз келечекте жакшы натыйжага жеткирчү нерселердин эсебинен учурдагы каалообузга ашыкча каражат коротобуз. Ошондуктан адамдарда тамекини таштаганга да, арыктаганга да мүмкүнчүлүк болбойт. Бирок салттуу экономикалык теория боюнча мындай көйгөйлөргө жол берилбеши керек эле.

Көрсө, маалыматтын бардыгы оболу мээнин сезимдерди көзөмөлдөгөн тарабына келип түшөт экен. Ал жерде чечимдер окшоштук, белгилүүлүк жана учурдук негизде кабыл алынат. Ошондуктан мээнин бул тарабы көп маалыматты бир заматта талдап чыгууга жөндөмдүү. Илимпоздор мээнин сезимдерди камтыган тарабы ой жүгүртүү тарабына караганда мурун иштеп баштаганын аныкташкан. Ошондуктан көпчүлүктүн оюна каршы болууга аракет кылганда адамдын мээсинин мындай ойдон баш тартууга чакырган бөлүктөрү көбүрөөк иштей баштайт экен. Ошондой эле, бир нерселер тууралуу дароо чечим кылышы керек маалда мээнин башка бөлүмү, келечекке тиешелүү маселелерди ойлонгондо башка бөлүмү ишке киришет.

Саресеп