Бул цифраларга таянган кээ бир түрк эксперттери, эгер жакынкы президенттик шайлоодо бириккен оппозиция (“6 лидер”) туура кандидатура кое алышса, ал 55-60% добушту алып, Тайып Эрдоганды биринчи турда жеңип чыгат деген ишенимде
Түркиянын Метрополь изилдөө борборунун өткөргөн сурамжылосу боюнча, «Бул экономикалык чөгүүгө эң көп ким жооптуу» деген суроого түрк жарандарынын:
– 62,5%’ы “Бийлик”;
– 23,8%’ы “Сырткы күчтөр”;
– 7,5%’ы “Оппозиция”;
– 6,2%’ы “Пикирим жок”, – деп жооп берген.
Экономикалык проблемалардан “оппозиция жооптуу” дегендерди түшүнүү кыйын. Анткени 20 жылдан ашык Тайып Эрдогандын АКП партиясы жана, акыркы бир нече жылдан бери Эрдоган өзү жалгыз башкарып келе жаткан Түркияда оппозицияны күнөөлөш кыйын.
Экономикалык көйгөйлөрдөн “Сырткы күчтөр” жоопкер деген 23,8%, учурдагы исламчыл бийлик теңирден тескери иш кылса да, актап-жактап келе жаткан тайпа. Буларга “оппозиция жооптуу” дегендерди кошкондо, мындай “дакансалар” 30%’дан ашат. Жер жүзүн түрө кыдырсаң, аң-сезимди колдонуудан, илимий жана турмуштук чындыктан мынчалык алыс калган тайпаны табуу кыйын.
6,2% “пикирим жок” дегендердин чындыгында пикири бар. Алар, бир жылда 100%’дан ашкан инфляциянын жоопкери – сүйүктүү Эрдоганы экенин билишет, бирок аны менен жакындан-узактан табакташ болгондуктан, бул ачуу чындыкты эч качан айтышпайт. Булардын көбү мамлекетте иштеген бюрократтар. Алар азыркы бийлик менен бирге арам акчага белчесинен батып, “жакынкы шайлоодо уттуруп жиберсек кантээр экенбиз” деп айласы куруп турат.
Метрополь: “Учурдагы экономикалык абалыңыз кандай”, – деп сурап, кийинки жоопторду сунуштаганда түрк жарандарынын:
– 35,9%’ы “Негизги муктаждыктарыма да жетпей атат”;
– 43,7%’ы “Тамак-аш жана турак-жайга гана жетип атат”;
– 19,6%’ы “Бардык муктаждыгыма жеңил эле жетип атат”;
– 0,7%’ы “Пикирим жок”, – деп жооп берген.
Бул жерде “негизги муктаждык” дегенде нан, суу май, сүт азыктарын сатып ала албай жаткан киши 35,9% экени билинген. Болгону “тамак-аш жана турак-жайга жетип атат” деген 43,7% киши, “айдын этегине чейин акчамы эптеп ушуларга жеткирип атам, мындан башка кошумча бир нерсеге же медициналык жана башка кызмат алганга күчүм жетпейт” дегендер. Бул цифралар, Түркиянын 80% калкы, учурдагы экономикалык башкаруунун айынан жакыр жана кедейлик абалга кептелгенин айтып турат.
Мында 19,6% гана түрк жараны “бардык муктаждыгыма жеңил эле жетип атат” деп, кээ бири жогорудагы “экономикалык чөгүүгө эң көп ким жооптуу” деген суроого саясий жооп бергени ашкере болуп турат. “Пикирим жок” дегендердин пайызы 6,2%’дан, 0,7%’га түшкөнү да экинчи суроого ыкластуураак жооп бергенин айтууда.
Метропольдун “Акыркы бир жыл ичинде экономикалык абалыңыз кандай өзгөрдү” деген суроосуна:
– 6,8%’ы “Жакшырды”;
– 70,8%’ы “Начарлады”;
– 21,9%’ы “Өзгөргөн жок”;
– 0,4%’ы “Пикирим жок”, – деп жооп берген.
Мурунку суроодо “бардык муктаждыгыма жеңил эле жетип атат” жооп бергендердин да 3%’дан ашыгынын абалы акыркы жылда начарлаганы көрүнүп турат.
Үч суроонун жоопторун анализ кылганда, Түркия экономикалык жактан тез начарлап баратканын айтса болот. Тайып Эрдоганды колдогон 30-35% калк да “ушул жылы абалым күн өткөн сайын начарлап баратат” дегени билинип турат.
“Акыркы убакта экономика жакшы же жаман башкарылып жатабы” деген суроого:
– 77,4%’ы “Начар”;
– 19,5%’ы “Жакшы”;
– 3,1%’ы “Пикирим жок”, – деп жооп берген.
Жакында Лондондо бир нече тонна алтын 25 млрдга жакын долларга сатылган. Дүйнөлүк эсперттер мынчалык алтынды Түркия гана сатканга муктаж жана сата алат деп жатат.
Бул кайсыл өлкө тууралуу айтылбасын өтө жаман кабар жана божомол. Мында кабарга караганда божомол өтө чоң роль ойнойт. Анткени, бул кадамдарга барышы мүмкүн экени божомолдонгон мамлекетке, таза инестицияны бул жакка кой, бүдөмүк акча менен иштеген ишкерлер да барбайт. Учурдагы Түркияга ууру-кескилердин жана арам акчаларды айланткандардын каражаттары гана кириши мүмкүн.
Жансакта Сарбашов