18 января 2016 г. 11:34 467

Учурда Жакынкы Чыгыш экономикалык, саясий, этникалык жана диний чыңалуунун чордонуна айланган кези. Бир нече мамлекеттердин чек аралары, керек болсо буга чейинки абалында сакталып калуусу талаш маселеге айлангандыктан, кичинекей эле окуя аймактагы тең салмактуулукка таасирин тийгизип турат. Сауд Аравия Королдугунда Аль-Нимр аттуу шиит аалымынын өлүм жазасына тартылуусу да ушундай окуянын бири болуп калды

Бир адамдын өлүмү кризиске алып барабы?

Нимр аль-Нимрдин өлүмү дүйнөлүк ЖМКларда жайнаган кабар, ой жорум жана макалаларга себеп болду. Чынында аль-Нимр менен биргеликте дагы 46 адам өлүмгө тартылган. Алардын 3өө шиит, калган 43ү сунний Исламды тутунган ДАИШтин («Исламдык мамлекет» делген топ) мүчөлөрү болчу. Чынында баары тең, анын ичинде аль-Нимр да ДАИШтин мүчөлөрү деп билдирилген. Суннийлерге тиешелүү басылмалар суннийлердин нааразылыгын алдын алуу үчүн сауд бийлиги 4 шиит кошуп койгон десе, шииттерге жан тарткан ЖМКлар шииттер унчуга албаш үчүн 43 сунний ошол эле берене менен жазаланган дешет. Бул ой жорумдардын кайсынысы чындыкка жакын экенин жакынкы тарых далилдейт болуш керек.

Аль-Нимр өзү шиит болгону менен Сириянын президенти Башар Асадга каршы болгон. Биз Асаддын шияларга жакын алеви-нусайри тобунан экенин жана аны Иран активдүү колдоп келгенин билебиз. Нимр аль-Нимр өз пикирин коркпой айткан, тили курч адам болчу. Ал Саудиянын бийлигин диний жактан өтө катуу сындап келген. Аль-Нимр саудиялык аткаминерлерге «шиит азчылыгын кордооңор Ислам дининин кайсыл жоболоруна туура келет?» деген суроолорду койгон. Шиит тараптары болсо «Саудияда шииттер мамлекеттик кызматтарга алынбай, ар түрдүү басмырланып келет» дешет. Ошол эле учурда, бул маселеде Ирандын аброю деле тоо суусундай таза деп айтуу кыйын. Себеби Ирандык суннийлер да мындан кем эмес басмырлоого дуушар болууда. Сауд Аравиянын бийлиги Нимр аль-Нимр куралдуу козголоңго үндөгөн деп жарыя кылган. Бирок, дүйнөлүк олуттуу маалымат булактарынын бирөөндө да «Аль-Нимр террорчу болчу» деген дооматты колдогон макала, же ой жорум чыккан жок. Коомдук пикирди багыттоого дарамети жеткен «The New York Times» баш болгон бир нече ЖМКлар тетирисинче, Нимр аль-Нимрдын сотунда аша чабуулар болгон деген материалдарды жарыялап, Эр-Риядды сындашкан.

Бул тирешүү динийби, саясийби же экономикалыкпы?

Саудия менен Ирандын тирешүүсүн 2-январдагы окуяга гана байланыштуу десек жаңылган болобуз. Андан кененирээк карайбыз деп Саудия менен Ирандын ортосунда гана болуп жаткан иш катары бааласак да, маселени толук камтыган болбойбуз. Эки мамлекеттин араздашуусунун тарыхий тамырлары терең. Мусулмандар жашаган 50нүн тегерегиндеги мамлекеттердин Жакынкы Чыгышта атаандашып келген негизги үч улуттук бутагы бар. Булар: түрк тилдүүлөр мекендеген өлкөлөр жана араб менен перс тилинде сүйлөгөндөр жашаган мамлекеттер. Түрк тилдүүлөрдүн өзөгү NATOнун мүчөсү болгон светтик мүнөздөгү Түркия. Сунний арабдардын мамлекеттери Египет менен Сауд Аравиясынын тегерегинде топтошот. Шиитер болсо узак жана бай тарыхы бар перс тилдүү Иранга үмүт артып келишет. Маселеге терең көз чаптырганыбызда, мусулмандардын мындай үч тайпага бөлүнүүсүнүн пайдубалын диний эмес, саясий себептер түзөрүн аңдайбыз. Эгер Саудияда суннийликтин саясий багыты катары ваххабийликти карманса, Иран эзелтен шииттик саясий багытты тутунуп келет. Ушундан улам кылымдардан бери созулуп келе жаткан араздашуулардын өзөгү саясий-экономикалык болгону менен бул тирешүүлөргө дайыма диний форма кийгизилип келген.

Мамлекеттер саясий диалог аркылуу коргой албай калган экономикалык кызыкчылыктарын күч колдонуу же согуш аркылуу коргогонго аракет кылышат. Газ жана мунай кору жагынан Сауд Арависынан кем калбаган Иран ушул тапта Батыш менен ымалага келип, стратегиялык кен байлыктарын дүйнө базарына чыгарам деп талпынып жаткан кези. Мындан улам Иран Нимр аль-Нимрдин өлүмүн саясий-экономикалык атаандаштыкта колдонуусу мүмкүн.

Саудия менен Ирандын тирешүүсүнүн геосаясий тараптары

Учурда Иран менен жакындашып жаткан Орусия да башка геосаясий оюнчулар сыяктуу эле бул араздашууларды өз кызыкчылыгына пайдаланганга аракет кылат. Эгерде Иран колдогон күчтөр менен тирешкен Сауд Аравиясы согуштук аракеттерден улам мунай өндүрүп, аны дүйнөлүк базарга чыгарууда мүчүлүштүккө кабылса, мунай жана газ колдонгон мамлекеттер аргасыздан Орусия менен Иранга кайрылат.

2003-жылы АКШ баш болгон батыштык коалиция Ирактын Саддам Хусейн жетектеген өкмөтүн кулаткан соң, Иран ал жерде активдүү саясат жүргүзүп, өзүнө союздаш болгон шиит жетекчилигин орноткон. Ошондон баштап Сауд Аравиясынын шииттер менен курчалып калуу коркунучу жарала баштаган. Себеби жанындагы Йеменде шииттер көп, Бахрейндин көпчүлүк калкы шииттер. Сириядагы жарандык согушта да Иран аскердик жана саясий кызыкчылыгы бар экенин ачык-айкын билгизип, катуу кийлигишип турган кези. Ошол 2003-жылдан баштап Орто Чыгыштагы суннийлер басымдуулук кылып турган таразаны Иран шииттер тарапка оодура баштады. Бул аракеттер албетте Сауд Аравиясын кооптондурду. Мындан улам биз диний айырмачылыктар геосаясий кызыкчылыктар үчүн да колдонулуп жатат десек болот.

Согуш чыгып кетүүсү мүмкүнбү?

Сауд Аравиясы акыркы жылдарда 800 млрд. АКШ долларына жакын Ички дүң өндүрүмүнүн (ИДӨ) 10%ын курал сатып алууга чегерип келет. Башка өлкөлөрдүн ИДӨлөрүнө салыштырганда бул эң жогорку көрсөткүч. Мисалы 2015-жылы эле эң жаңы жабдуулары бар 300 танк алган. Мындан сырткары, ошондой эле деңгээлдеги учак жана тик учуктары бар. Салыштыра келсек, Кытай ИДӨсүнүн 2,5%ын, Иран 4%ын куралданууга жумшайт деген маалыматтар бар. Бирок Ирандын тынчтык атомун өндүрүүсү – бул өзөктүк курал чыгарууга бир эле кадам калды дегендик. Эгер Иранда өзөктүк курал пайда болсо, анда Орто Чыгыштагы бардык саясий-экономикалык кырдаалды кайра карап чыгууга туура келет. Мына кечээ эле бул өлкө 1000 км алыстыктагы буталарга жете ала турган ракетасын көргөздү. Мындай ракеталар менен Иран Сауд Аравиянын аймагынын көбүнө жете алат. Андан сырткары Иран куралдуу күчтөрүн Орусиянын жаңы куралдары менен жабдый баштады.

Чиелешкен тарыхы жана курал жарышына түшкөн эки тараптын тирешүүсү бир заматта токтоп калат деп божомолдоо туура эмес. Азыркы учурдун шарттарына жараша күч талашуу, жер талашуу, эл талашуу ж.б.нын согушу эчак эле башталган. Ал эми эки өлкөнүн түздөн-түз кызуу араздашуусу ар кандай себептерге байланыштуу. Мындан сырткары, Саудия менен Ирандын араздашуусунун тегерегинде Орто Чыгыштагы ири мамлекеттердин, Батыш менен Чыгыш тарап болуп калган дүйнөнүн, анын ичинде Орусиянын кызыкчылыктары бири-бирине өз ара ширелип, чаташып, чиеленишип калган абал бар. Бул саясий-экономикалык тиреш эки элдин өтө талуу жерлерине тийди. Бирок байыркы дипломатиялык өтмүшү бар Иран тарыхында ушуга окшогон үркүтүүчү, коркутуучу кадамдарды тыштаганы менен, убакты-сааты бышканда тирешүүнүн мөмөсүн жыйнап, маселени кагылышууга жеткирбей кайтуу жөндөмүнө ээ. Сауд Аравиясы да бул араздашуу эки тарапка тең пайда алып келбээрин жакшы сезет деп ойлойм. Бул тирешүү согушка алып барабы? Бул эки тарап эмнени максат кылганына жана азыркы курч абалдын тегерегинде болуп кетчү окуяларга байланыштуу.

Согуштун зыяны кимге тиет?

Тутанып кетүү мүмкүндүгү бар кагылышуу Саудиянын да, Ирандын да саясий, экономикалык жана диний абалына зыян алып келет. Аскердик үстөмдүк менен башкаларды сестентип туруу туура болгону менен Орто Чыгышта согуштан утуп чыккан мамлекет жана эл болгон эмес. Согуштун кесепети эң эле бери жагы бир-эки муундун келечегине балта чабат.

Бул араздашуунун таасири Борбордук Азияга да тийүүсү мүмкүн. Ал шииттерге каршы жана жалпы эле диний радикалдыкты күчөтөт. Курал-жарак сатуудан кандайдыр бир пайда таап жаткан дүйнөнүн күчтүү мамлекеттеринин эли да Саудия менен Ирандын кагылышуусунан зыян тартат. Орто Чыгыштагы башаламандыктан Батыш болобу, же Кытай, же Орусия болобу, кыскасы ким болбосун кыска мөөнөттүк утушка аракет кылганы менен узун мөөнөттөгү зыянга кабылбай койбойт.

Бул араздашууну токтотсо болобу?

АКШ баш болгон батыш лидерлери Сауд Аравиясы менен Иранга бул маселени ырбатпай, дипломатиялык жол менен чечүүнү сунушташкан. Азыр Орусия жана Ирак Саудия менен Ирандын ортосуна арачага түшкүсү келип жатканын билдиришти. Албетте эки тарап түздөн-түз эмес, ортомчуларды шылтоо кылып жарашат. Анткени менен негизги аракетти көмүскөдө кылуу адаты бар Орто Чыгыш саясатында күтүлбөгөн жерде күтүлбөгөн кадамдар болуп кетүүсү мүмкүн. Ошондуктан Саудия менен Ирандын тирешүүсүн жөнгө салууга кайсыл тараптар катышарын жана кантип чечилерин божомолдоо оор.

Эсен Өмүракунов