Адамзат тарыхынын бардык доорунда пайгамбарлар, сыддыктар, салихтер менен бирге фараондор, жезиттер, шаддаттар[1], шимирлер[2] да болуп турган. Бирок, куттуу аяттарда айтылгандай, дайыма туура жолдогулардын акыбети жакшы болгон[3]. Алланы карай багыт алгандар уялбай тургандай, беттери кызарбай тургандай, «аттиң» деп өкүнбөй тургандай жашап, натыйжада жан дүйнөнү балкытчу акыбетке жетишкен.
Бул ушундай сонун акыбет дейсиң, баштан өткөн кыйынчылыктардын оорчулугу кетип, лаззаты гана калат. Бул жашоодо тартылган азап-тозоктор ал жакта жагымдуу дастанга айланат. Салих пенделер өздөрү үчүн даярдалган мамыктарга бет маңдай жайланышып алып, көңүлдүү маанай менен бул жашоодо өткөн окуяларын айтып беришет. Жезиттер кандай гана душмандык менен, жек көрүү менен кысым көрсөтүшкөнүн, хажжаждар кандай айоосуздук, пастык менен кол салышканын, шимирлер алдыларына кандай дарларды тургузушканын дастан кылып бири-бирине баяндашат. Заалымдар тарттырган кыйынчылыктар алар үчүн ушунчалык кичик көрүнгөндүктөн, «Ал дүйнөдө жүргөндө буларды аябай чоң сезип алган экенбиз» дешет.
Бир гана бүгүнкү күндү ойлогон, эртеңки күндү, бүрсүгүнкү күндү ойлобогон, эси-дарты акырет эмес, бул дүйнөгө багытталган заалымдар болсо, миңдеген өкүнүч тартып, миңдеген кайгыга бата турган «аттиңдер» менен бүк түшүп кулай турган акыбетке туш болушат. Алдыда айтылгандар Аллага жана Анын түбөлүк нематтарына жолугуп отурганда, бул бактысыздар ай талаада калышат. Кайгырышат, Аллага жалынып-жалбарышат, өкүнүчтөн чачтарын жулуп, беттерин тытып ыйлашат, бирок колдон чыгып кеткен мүмкүнчүлүктөрдү артка кайтара алышпайт.
Бизди күткөн акыбет ушундай болгон соң, бул жерде башыбызга түшкөн кыйынчылыктар үчүн дүрбөлөңгө түшпөй, акыл-эсибизди жоготпой, сабырдуулук менен чыдашыбыз керек. Эң негизгиси − карманган жолдун тууралыгында. Эгер Алланын улуу Ысымы бардык жерде желек сымал желбирешин, Мухаммеддик түшүнүк дүйнөнүн булуң-бурчунда канат кагышын улуу мүдөөгө айланткан болсоңор, анда башка түшкөн кыйынчылыктар менен кесепеттерге каршы солк этпей турууну билишиңер керек. Жолунан чыккандын баарын апырып-сапырган, керек болсо кере кулач чынарларды да коңторгон кыйратуучу бороондорго бекем туруп, ордуңардан жылбаганыңар оң. «Бул улуу мүдөөм жүзөгө ашар болгон соң, каарыңдан жапаа, мээримиңден опаа келсе да, экөөсү тең жанга шыпаа, мээримиң да сонун, каарың да сонун» дегенди билип, алга жыла беришиңер керек.
Ал тургай пайгамбарлардай жана алардын кыйбас жолдошторундай кай бир маалдарда силерге каршы чыккан дөө-перилерди да тайманбай туруп эрөөлгө чакырышыңар керек. Чынында, миң бир түркүн кыйынчылыктарга, бут тосууларга кабылган азирети Нухтун (алейхиссалам) ары кежир, ары азоо коомуна айткан төмөнкү сөздөрү эрөөлгө чакыруунун үлгүсү боло алат: فَعَلَى اللّهِ تَوَكَّلْتُ فَأَجْمِعُواْ أَمْرَكُمْ وَشُرَكَاءكُمْ ثُمَّ لاَ يَكُنْ أَمْرُكُمْ عَلَيْكُمْ غُمَّةً ثُمَّ اقْضُواْ إِلَيَّ وَلاَ تُنظِرُونِ. Мунун мааниси мындай: «Билип койгула, мен жалгыз Аллага ишенип, таянып турам. Кааласаңар силер бардык айла–амалдарыңарды, ор–капканыңарды жыйнап алып мага келгиле. Шериктериңерди да жардамга чакырып, ээрчитип алгыла. Болгон даярдыктарыңарды кылгыла, бардык мүмкүнчүлүктөрүңөрдү колдонгула. Ичиңерде: «Кап, тигиндей да кылсак болмок» деген өкүтүңөр калбасын. Анан эч нерсени күтпөй, буйдалып жүрө бербей чечимиңерди аткарып, колуңардан келгенин кылгыла»[4].
Азирети Нух бул жерде пайгамбарлардын тайманбаган мүнөзүнө жарашкандай сүйлөп жатат. Алгач Аллага арнаган бекем, солк этпес ишенимин жарыялап, андан кийин өзүнө кастарын тиккен коомдун алдына типтик туруп алып аларды эрөөлгө чакырууда. Ал бул жоругу менен артынан келген момундарга да үлгү болуп, Алла Таалага ишенгендер кас-душмандарына каршы кандай турушу керек экенин көрсөтүүдө.
Кайсы пайгамбардын сөзүнө кулак төшөсөңөр да ушундай эле нерселерди угасыңар. Кайсы пайгамбардын жашоосун карасаңар да ушундай эле мүнөздү көрөсүңөр. Тайманбас пайгамбарлардын дагы бири азирети Ибрахим (алейхиссалам) өзүнө жасалган бут тосуулар менен душмандыктар арты-артынан уланып турган маалда, бүткүл намруттарды эрөөлгө чакырып, көкүрөк керип тик турган. Ал өзү менен айтышып, тирешип турган коомуна карата минтип күркүрөйт деп айтылат: «Алла Таала мага туура жолду көрсөтүп турса, силер дагы эле мени менен Ал тууралуу талашып жатасыңарбы? Силер Ага шерик кылган нерселерден мен эч качан коркпойм. Жаратканым кандай кааласа, ошондой болот. Жараткандын илими бардык нерсени камтыйт. Дагы эле өзүңөргө келип сабак албайсыңарбы?» (Анаам сүрөсү, 6/80) Ошол эле маалда ал башына түшкөн жамандыктардан, апааттардан улам сезимдерин Аллага мындай билдирет:رَبَّنَا عَلَيْكَ تَوَكَّلْنَا وَإِلَيْكَ أَنَبْنَا وَإِلَيْكَ الْمَصِيرُ «Оо Жараткан Алла! Бир гана Сага ишенип таяндык, Сага багыт алдык жана аягында барчубуз да Сенсиң»[5].
Азирети Мусанын (алейхиссалам) үммөтүнөн чыккан бир катар кишилердин төмөнкү таптаза ойлору да ушул эле нерсеге басым кылат: عَلَى اللّهِ تَوَكَّلْنَا رَبَّنَا لاَ تَجْعَلْنَا فِتْنَةً لِّلْقَوْمِ الظَّالِمِينَ «Таянганыбыз Алла, ишибизди Ага тапшырдык. Оо Жараткан, заалым коомдун алдында бизди сыноодон кулагандардан кылба, бизди алардын зулумдуктарына жана соккусуна дуушар кылба!»[6]. Бул дубаларды да бекем туруунун башкача бир үлгүсү катары карасак болот. Себеби, Аллага таянган кишинин башка кандайдыр бир күчкө моюн сунганы таптакыр болбогон кеп.
Фараондун кошууну менен чалкыган деңиздин ортосунда калган азирети Мусанын (алейхиссалам) эч күмөндөнбөй туруп: إِنَّ مَعِيَ رَبِّي سَيَهْدِينِ «Жаратканым мени менен жана сөзсүз мага жол көрсөтөт»[7], – деп жанындагыларга дем берүүсү, мушриктер өлтүрүү үчүн Савр үңкүрүнүн оозуна келген кезде Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам): لاَ تَحْزَنْ إِنَّ اللّهَ مَعَنَا «Кайгырба, албетте Алла биз менен»[8], – деп азирети Абу Бакирдин жан дүйнөсүнө ишеним салуусу да так ушундай бекем туруунун бир башкача көрүнүштөрүнөн.
Азирети Мусанын (алейхиссалам) ушул сөзүнөн кийин деңиз экиге бөлүнүп, ал коому менен сак-саламат өтүп кетти да, Фараон кошууну менен сууга чөгүп өлдү. Жана дагы эле Жараткан Алла бир көгүчкөн аркылуу, алсыз, жупуну көрүнгөн жөргөмүш аркылуу меккелик мушриктерди алыстатып, мындай айтканда алардын тилегин таш каптырып, Пайгамбарына болсо келечекте маданияттын борбору боло турган Ясрибдин (Мадинага) жолун ачкан. Ишенгендер көптөгөн сыноолор менен жуурулса дагы, жыйынтыгында тилегине жетип, Алла менен табышышты.
Эми азыркы күнгө келе турган болсок, заманыбызга жарык чачкан азирети Пир-и Мугандын (Саид Нурси Беддиуззаман) да өз доорунун заалымдарынан тартпаган азабы, көрбөгөн кордугу калган эмес. Бирок, ал эч качан аларга моюн сунган жок. Ал тургай аларга өкүм сүйлөгөндөн да кайра тартпады. Мисалы, бир жолу ал мындай деген: «Бүткүл дүйнөнү үстүбүзгө таштап жиберсеңер да Куран акыйкатына башын байлагандар динсиздерге баш ийбейт жана куттуу озуйпасынан баш тартышпайт, иншаалла!»[9]
Дагы бир жерде ал мурдагыдан да үнүн көтөрүп, минтип күркүрөйт: «Мени өлтүргөндөн кийин жашай албайсыңар! Эч качан жеңилбей турган бир күч аркылуу бейишиңер жана сүйүктүүңөр болгон дүйнөдөн кубаланып, түбөлүк азапка ыргытыласыңар! Менден кийин бир заматта намрутташкан башчыңар оңкосунан сайылып, менин жаныма келет. Мен Алланын алдында аны алка-жакадан алам. Жараткандын калыстыгы менен аларды асфал-и сафилинге (эң ылдыйкы даража) ыргытып өчүмдү алам! Эй дини менен акыретин бул дүйнөгө саткан бактысыздар! Жашагыңар келсе мага тийишпегиле! Болбосо өчүм эселенген абалда алынарын билгиле жана корккула! Жараткандын мээриминен алган үмүтүм ушундай дейсиңер, өлүмүм тирүүлүгүмдөн артык динге кызмат кылат жана так маңдайыңарга бомбадай жарылып, башыңарды чачыратат! Ушундан коркпосоңор тийише бергиле! Кыларыңар бар болсо, көрөрүңөр да бар экени ошол!»[10]
Зулумдук эч качан түбөлүк уланбайт. Кыйынчылыктар менен кесепеттер канчалык көбөйсө көбөйсүн, бир күнү сөзсүз жок болот. Бирок бир нерсени унутпайлы, ким эмне кылса да өзү үчүн кылат. Заалымдар өз колдору менен өз кабырын, өзүнүн акыретин карартат. Бирок, башка түшкөн кыйынчылыктар анын азабын тарткан кишилер үчүн күнөөлөрүн, кемчиликтерин кетире турган каффарат жана кутулуунун себеби болушу мүмкүн. Ушундан улам башка түшкөн бардык нерсени сабырдуулук менен, ыраазылык менен кабыл алуу өтө маанилүү. Андаруний Васыф мындай дейт:
Жазган болсо не болсо да көрөсүң,
Жаратканга моюн сунгун, өкүнбө да күйүнбө!
Ошондуктан башка түшкөн алааматтардан улам өзүбүздү жоготпойлу, дүрбөлөңгө түшпөйлү жана калыбыбыздан жазбайлы. Балким жолдун ыңгайына жараша газдан бутту тартып, ылдамдыкты азайтып, кайра тегиз жолго чыкканда арттырарбыз. Алдыбыздан чыккан секиртмектерге, имерилиштерге жараша ылдамдыкты азайтып, же көбөйтүп сапарыбызды улай беребиз. Бир гана токтомой жок. Ал тургай жол жүргүдөй мүмкүнчүлүк таппай калганда да ордубузда кыймылдай беребиз. Эгер бизди ушул жолго салган, бараткан жолубузду ачкан жана жасай турган нерселерди биздин дилибизге жайгаштырган Жараткан Алла экенине ишенген болсок, анда башыбызга түшкөн кыйынчылыктардан улам үмүтсүздүккө кабылбайбыз. Баскан жолубуз Алланын жолу экенине жана багытыбыз дагы Аны карай баратканына ишенген болсок, анда Ал Өзүн карай бараткандарды эч качан жалгыз калтырбасына жана жер каратпай турганына ишенели.
Жол Аныкы, ашуулар Аныкы болсо, анда бул жолду кармангандар эч качан жоготууга учурабайт. Аллага ишенген, Жараткан менен бир болууга жеткен киши үчүн эч кандай кайгыруунун кереги жок. Ал сыртынан жоготууга учурагандай көрүнгөн жерде да чоң ийгиликтерге жетет. Кудум найза жеп жыгылган сахаба: «Каабанын Жаратканына ант, мен кутулдум!»[11], – деп кубангандай. Хансарайларга, байлык-бийликке, дүйнөнүн утурумдук сулуулуктарына байланган жана жашоосун ушулар менен уланткан кишилер болсо жоготуудан коркот, артында калтырган нерселердин кайгысын тартат. Себеби алар бул карманып турган нерселери бир силкинүүгө туруштук бербей кыйрап түшөрүн жана өзүлөрү ошол урандылардын алдында тепселип каларын жакшы билишет. Жан дили жалгыз гана Аллага байланган кишиде болсо, санаа тарткыдай эч нерсе жок. Анткени Алла Таала түбөлүктүү жана Өзүнө бекем байланган кишиге жалгыздыктын кайгысын тарттырбайт.
Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2016-жылдын 17-январында айтылган баяндан алынды.
Которгон: Насыпбек Асанбаев
[1] Шаддат – Байыркы Йемендеги Алланын динине каршы чыккан өкүмдар. Ад коомунун падышасы.
[2] Шимир – Азирети Хусейинди өлтүрүп, башын кескен канкор
[3] Худ сүрөсү, 11/49
[4] Юнус сүрөсү, 10/71
[5] Мумтахина сүрөсү, 60/4
[6] Юнус сүрөсү, 10/85
[7] Шуара сүрөсү, 26/62
[8] Тообо сүрөсү, 9/40
[9] Лемалар
[10] Мектубат
[11] Бухари, жихад 9