Руслан экөөбүз жарышып Фехми Корунун, Таха Акйолдун чыккан макалаларын күндө талкуу кылчубуз. “Аксионго” (Хизметтин журналы – Саресеп) Руслан абонент болчу. Кээде ошол Аксиондун аркасынан экөөбүз урушуп да кетет элек. Мен болсо жума сайын ага жалынып атып сурап окучумун. Мустафа Озелдин “Макро паша” экономикалык анализ (Өттө кызыктуу экономикалык анализ болчу) сериясын талкуу кылабыз же Керим Балжынын жөөттөр тууралуу кандайдыр бир макаласын талкуулайбыз.

Аксиондой апталык сапаттуу чыккан журнал Түркияда дээрлик жок болчу. Андан кийин да, мурда да чыкпады. Керим Балжыны Аксиондо да, Заманда (Хизметтин гезити – Саресеп) да күтүп жүрүп окуйт элем. Керим Балжынын, Ахмет Куружандын, Экрем Думанлынын, Абдуллах Аймаздын макалаларын токсонунчу жылдардан газетанын акыркы күндөрүнө чейин окуп аттым. Керим Балжынын кээ бир макала, маектерин кыргызчага да котордум.

Хекимоглу Исмаилди лицейден бери жакшы тааныйт элек. Бир эки китебин лицейде эле окуган болчумун. Кийин газетадан акыркы макаласына чейин окудум. Руслан бир күн келиптир: “Эй, бүгүн автобустан Хекимоглуну көрдүм”, – дейт. Мен болсо “коё” деп алгам. Ушундай улуу киши автобуста жүрөт бекен э, деп алганбыз танкалып.Ошондон көп өтпөй Фатих университетинин алгачкы ачылышы болуп калды. Хожа-эфенди (Фетхуллах Гүлен) баш болуп, Алпарслан Туркеш, бюрократтар, атактуулар келип атты, анан ээң артта өзү жалгыз бирөө жөө келатат. Жакындаганда тааныдык. Элдин баары “агай-агай” деп салам айтып урматын көрсөттүп атты. Ошондогу элеси эч эсимден кетпейт жалгыз, жөө… Аалым киши жаталак болуп оордунан туралбайхкалган күндөрүндө да газетадагы макала ордун бош тыштабай жазып атты. Райхан Шүкрү Апуханлы менен башынан өткөргөн күндөрүн Derdimi Seviyorumdu (Дартымды сүйөм) кеңири жазган, окуганда не кызык окуялар, не мотивациялар! Өттө кызыктуу кыскасы.

Кээде кызып кетип ошол журналисттерге кат жазчумун, жооп беришчү. Кээбир пикирлерин түшүнбөй же жакпай калса, дароо эле эл-почтасына жазчумун. Керим Балжы менин идолум болчу. “Радикалдан” (гезит – Саресеп) Айше Хүрдү, Ахмет Алтан, Мехмет Алтандарды да калтырбай окуйт элем. Күн сайын окубасам тамак жебегендей кадимкидей ачка калчумун. Бир күн Айше Хүрдүн “Насрдай болуу оңойбу” деген макаласын кыргызча которуп туруп өзүнө жөнөтүп жибердим. Ошо кезде Богазичи Университетинде профессор болсо керек эле. Аябай толкунданып жооп жазган. Тарыхий окуяларды, жалпак тил менен аңгеме сыяктуу жазчу. Стили башкача окуган сайын окугуң келе берет.

2000-жылдары окууну бүткөндөн кийин Илбер Ортайлыны көп окуп баштадым. Өзгөчө орус тарыхын укмуш аргументтер менен жазчу. Орусча булактардан түз пайдаланган чанда кезикчү профессорлордон болчу. Акыркы жыйырма, жыйырма беш жылды Түркияны Ортайлысыз элестетүү кыйын. Азырга чейин Түркияга жолум түшкөн сайын бир эки китебин көтөрө келем.

Юнус Эмреден дагы бир шиңгил:
Шоола бизге айдан келбейт
Ашык эри бул жолдон келбейт
Ырыскыбыз бул үйдөн келбейт
Дерия-йы уммандан келет

Тагыраагы:
Шоола бизге айдан эмес
Ашык эри бул бойдон эмес
Ырыскыбыз бул үйдөн эмес
Дерия-йы уммандан келет

Нурлан Муса (уландысы бар)