Туугандар, биз эл аралык коомчулуктун санкциясынан коркуп жатпайбызбы. Туура. Кудай сактасын кабылып калышыбыз мүмкүн, бирок менин коркконум биз тегерегибиздеги эле кошуналардыбыздын бейрасмий (негласный) “санкцияларына” кабылып калышыбыз ыктымал.
Чөлкөмдө азыр Кыргызстандын гана позициясы башкалардан айырмаланып турат. Бир гана Кыргызстан Украинага жардам жиберген жок. Биз Кремлге эле жалдырап, В. Путиндин сөзүнөн чыкпай жатсак Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан бизге кантип ишенет? Эске алып, жөн эле бөлүп коюшу мүмкүн.
Ошондуктан биз кошуналарыбыз менен бирдей позиция карманышыбыз керек. Ошончолук эле башка бирөөгө учкашышыбыз керек болсо, өз алдынча оокат кыла албасак, жок дегенде Ташкентти карап иш кылалычы. Орусияга караганда жакын эмеспи. Кыргызстан азыр эч кимге жаман көрүнбөй эле бардык кошуналар менен мамилени оңдоп алганга кудурети толук жетет.
Орусия менен да мамилени сактайлы. Бирок бул бир жактуу жагалданыш керек дегендик эмес.
Биздин эң негизги катабыз, кызыкчылыгыбызды коргогондон, таламыбызды талашкандан жазганып жатабыз. Мулуюп эле баш ийе бербей, бирөөнүн кареги менен тең айланбай, жан барбы, эрк барбы, эл аралык аренада дипломатиялык инструменттер менен улуттук кызычылыгыбыз үчүн күрөшөлү.
Соодалашалы, сунуштайлы, жүйө келтирели, баалулук суналы, ишендирели, бириктирели дипломатияны колдонолу. Килтейген мамлекеттик аппарат, Тышкы иштер министрлиги, эмнеге керек анда?! Биз дагы өз алдынча өлкөбүз, эркин улутпуз, эгемендүүбүз!!!
Руслан Акматбек, Социо Код коомдук фондунун мүдүрү