Навальный жөнүндө документалдуу тасма Оскар сыйлыгын алды. Муну менен дүйнө коомчулугу Навальныйдын күчтүү инсан жана эң негизгиси − саясий туткун экенин моюндады. Ал эркиндик үчүн күрөштүн символу экени тастыкталды
Соту бүтүп абакка киргенден тартып Навальный Штрафной изолятордон (ШИЗО) чыкпай келет. Владимир Путиндин аны өлтүртүп коюуга эки көзү төрт. Бирок аны кыйноо да, өлтүрүү да оорлошуп баратат, анткени Навальныйды бүткүл дүйнө таанып калды. Анын жубайы Оскар мааракесинде: “Менин күйөөм чындыкты айтып, элдин таламын талашканы үчүн түрмөдө отурат. Алексей, сени жана өлкөбүз (Орусия) эркиндикке жеткен күндү самап жашайм”, – деген.
Навальный 2010-2011-жылдары Москва шаарынын саясий жылдызына айлангандан тартып, ар түркүн кысымдарга кабыла баштаган. Бирок бул сыноолор анын руханий эркиндиги менен эркин курчутуп келе берди. Анын командасынын саясий сойкулар менен арам кекиртектердин чыныгы жүзүн ачуудагы тапкычтыгы таң калтырат. Алардын кылмыштуу орус бийлиги менен чукугандай сөз таап, безге сайгандай сенсацияларды көргөзүп каяша айтышуусу адаттагы саясий диссиденттикинен башкача образды берип турат.
Бул тасманын Навальныйды ФСБнын кызматкерлери ууландыргандан кийинки Омск бейтапканасында жатканы, аны ууландырган Кудрявцев деген агент менен сүйлөшкөнү, Германиядан кайтып келгени, соту, врачтарга каратпай койгондон кийинки ачкачылыгы же Путиндин “бизге далил таап бербейсиңерби” дегени тууралу сахналары таң калтырбайт. Анткени алардын баарын көрүп, эске сактап койгонбуз. Оскарды алган “Навальный” тасмасы бизге бул тайманбаган саясатчынын өзүн жана анын эбегейсиз саясий күрөшүн дагы бир жолу эскертти.
Тасмада оппозициялык саясатчы ууландырылган жайдын күндөрү Омсктун коррупциялашкан депутаттары жөнүндө видео тартылганы, 2018-жылкы президенттик таймашка чыгаар алдындагы митингддерде сүйлөгөнү, Навальныйдын “Чыныгы шайлоо бир кишини тандап алуу гана эмес. Ал идеялардын кагылышы, программалардын атаандаштыгы, өлкөнүн өнүгүү жолун тандоо”, – деген сөзү берилген. Мунун баары бийликтин аны ууландыруусуна алып барган.
Навальныйсыз шайлоодо орус бийлиги өмүр эмес өлүмдү, өнүгүүнүн ордуна деградацияны, тынчтыктын ордуна согушту тандап алды. Эми мунун баарын Навальныйга, орус элине, КМШ өлкөлөрүнө жана бүткүл дүйнөгө таңуулап келет.
Навальныйдын өмүрүнө кол салуу, аны кармоо жана капаска солоо учурдагы согуштун “кириш сөзү”, аны жарыялоо кандуу майданга кадам таштоо болгон. Эгер Навальныйга саясий атаандаштыкка кирүүгө уруксат берилгенде, бул согуш болмок эмес. ЖМКлардын оозун жабууга, куугунтукка, камоолорго жана саясий себептер менен өлтүрүүлөргө жол берилбесе, бул согуш башталмак эмес. Бул согуштун автору орус эли эмес, анын күнөөкөрү – алмашпаган бийлик менен тирания.
Тасма Оскарды алганын укканда, Навальный дал ушул нерселерди айтты. Бул сапар Оскарга байланыштуу кайрылуу тарыхта биринчи жолу түрмөдөн, телеграмм-пост аркылуу кылынды: “Дагы бир жолу айтам, тасма меники эмес. Оскарды мен алган жокмун. Анын сыйлыгын кимдир бирөөгө арнаганга да акым жок. Бирок өзүмдүн үлүшүмдүн баарын, кайда жашабасын, чынчыл жана эр жүрөк кишилерге арнайм. Алар диктатура желмаянына жана анын дайыма коштоп жүргөн жолдошу болгон согушка күнү-түнү туруштук берип келишет”
Таалайбек Маматов