Президенттик жана парламенттик шайлоо Түркияда 14-майга коюлду. Муну бүт бийликти жапмага басып алган Тайып Эрдоган айтты. Түрк президенти эмне үчүн шайлоону 3-4 апта алдыга жылдырды? Алдыдагы үч жарым айда эбегейсиз окуялар болору шексиз…
“Шайлоону уткан машина” атаккан Эрдоган, 14-майга чейинки ар аптаны жана ар күндү эсепке алып, 20 жылдан ашык башкарып келе жаткан өлкөсү экономикалык, укуктук жана саясий кризиске батканына карабай, бул жарышты да утуп чыгуу ниетинде. Шайлоо, мурун белгиленгендей, июндун ортосунда болсо, ал убакка чейин ар кайдан карызга жыйнап келген ресурстары жетпей, күбүлүп-сапырылып бара жаткан аброю түтпөй калмак.
Чынында, жеке бийлигин орноткон акыркы конституция боюнча, Эрдоган шайлоону бир жылга кечиктире алат. Бирок акыркы эки-үч айда жүргүзүлгөн сурамжылоолор боюнча, андан кете баштаган, бир гана акчага алданган өзүнүн жана АКП партиясынын шайлочуларынын бир бөлүгүн, сырттан карызга алган каражаттын жардамы менен кайра кайтара алды. Демек, Эрдоган бир ай алдыга жылдырылган шайлодо утуп чыга алам деп ишенип турат.
Ал 14-майдагы шайлоону жар салып атканда “73 жылдан кийин элибиз кайра: “Болду! Эми эл сүйлөйт!”, – дейт”, – деп 1950-жылдын 14-майында Ататүрктүн жалгыз партиялык (ЖХП) доору бүтүп, диндарлыкка жакын Түрк демократтар партиясы (ТДП) жеңип чыккан күндөрдү эске салды. Бирок 73 жыл мурун утуп чыккан Аднан Мэндерестин ТДПсы “Алтылык үстөлгө” кирип, учурда Эрдоганга эң катуу каршылык кылып жаткандардын катарында.
Анан да ТДПнын 73 жыл мурунку : “Болду! Эми эл сүйлөйт!”, – деген ураанын жыйырма жылдан ашык бийликте отурган лидер колдонгону ого бетер күлкүнү келтирген жорук болду. Бул ураан эл тандаган күрт жетекчилерин алып, алардын ордуна партиялаштарын жайгаштырган, Салахиддин Демирташ жана Экрем Имамоглу сыяктуу эл жактырган эң күчтүү атаандаштарын же капаска солоп, же түрмө менен коркуткан Эрдогандын оозуна жарашпай эле жатып калды.
Чындап келгенде, “Болду!” урааны учурда эң акылдуу баласын да мамлекеттик жумушка орноштура албаган, андыктан аларды чет өлкөгө иштегенге жибергенине сүйүнгөн, кичине каяша айткандарды капаска киргизген, элдин укугун тебелеп, бардык сотто өз кишилери уткан Тайып Эрдоганга каршы айтылса жарашат.
Ошондо шайлоону 14-майга жылдырган Эрдоган эмнеге ишенип атат. Биринчиден, ал “динбезерлер бийликке келсе, силерге кайра күн көрсөтпөй” деген пропагандасы менен алдап, өзүнүн “темир электораты” болгон 30%дык караңгы динчил жана уьтра-улутчул калкка ишенет. Экинчиден, мээси капчыгынын калыңдыгына жараша иштеген, калган 20-25% динчил менен ультра-улутчулдарга болсо жакындан бери миллиарддаган түрк лирасын агыза баштады. Үчүнчүдөн, атаанаштарына каршы бүт мамлекеттик мекемелер менен түрк медиасынын дээрлик бардыгын колдонот.
Ошондуктан Орусия газына карыз болуп калган 20 млрд долларды шайлоодон кийин берем деп Путин менен макулдашты.Саудия, Катар жана Бириккен араб эмираттарынан миллиарддаган доллар карыз алып, эки анжы болуп турган жандоочуларына таратып кирди. Ошентип дүйнөнүн тирандары менен автократтары биригип, өздөрүнө окшогон Тайып Эрдогандын бийликте калуусу үчүн кол кабыш кыла баштады.
Түрк оппозициясынын колунда чала-була иштеген шайлоо механизми, социалдык медиа менен митинг-демонстрацияларга чыгуу жолдору гана калды. Укук коргоо органдары, прокуратура, сот жана Боршайкомуна ишенич жок. Оппозиция, эми мындан ары маалкатпай, тез аранын ичинде орток талапкеринин ысмын айтышы зарыл. Эгер ал талапкер күрттөргө да жакса, Тайып Эрдоганды биринчи турда жеңип чыгуу ыктымалы бар.
***
Кадыр-Хас университетинин “Түркиянын тренддери” деген изилдөөсүнө карасак:
- Түрк жарандарынын 55%ы гана “Демократиялык башкаруу системасы жакшы” деген;
- 51,2%ы “Парламент менен шайлоону жыйыштырып, күчтүү лидерге багыныш керек” деп айткан;
- 50,9%ы “Түрк өкмөтүнүн тышкы саясаты ийгиликтүү” деп эсептейт.
Демек, түрк шайлоочусу демократия, эркиндиктер, туура иштеген укуктук система сыяктуу категориялар менен ойлонбойт. Тайып Эрдогандын бир күн туруп “канкорлор, душмандар” деген өлкө жетекчилерин, эртеси “бир-тууганым, кан досум” деген башаламан жана саткын тышкы саясатын эли туура көрөт. Чөнтөгүнө бир нече миң лира түшсө, андай саясаттын кесепетинен Түркияга келгенге мажбур болгон 5 миллиондон ашык сириялык жана афган качкын бар экенин убактылуу болсо да унутта калтырууга даяр.
Ошондуктан шайлоочунун жарымы демократия, күчөтүлгөн парламенттик сиситема деген баалуулуктарга эмес, Эрдоганга салыштырмалуу канчалык көбүрөк материалдык мүмкүнчүлүк убада кылганына жараша добуш берерин түрк оппозициясы унутпашы керек.
Жансакта Сарбашов