Януш Корчак адамзаттын тарыхында улуу педагог, гуманист жана фашисттик идеологиянын курмандыгы катары калды

Корчак Польшанын борбору Варшавада төрөлгөн польшалык еврей жана Треблинка концлагеринде, карамагындагы жетимкананын балдары менен бирге, фашисттер тарабынан өлтүрүлгөн улуу инсан. Ал жетимкананы Корчак өзү түзүп, экинчи дүйнөлүк согушта ата-энеси жана жакындарынан ажырап калган балдарды асыраган.

Жетимкананы ачканга чейин ал балдар үчүн чыгармаларды жазган (мисалы, “Падыша Матеуш-1”) гуманист болгон. Анын гуманисттик педагогикадагы эмгектери, көз-караштары жана пикирлери кийинки педагогикалык теория менен практикага чоң таасир тийгизген.

Башка улуу педагогдордун арасында анын пикирлери Сухомлинский, Мантесори сыяктуу лөктөрдүн практикасына жана Вальдорф педагогика мектебинин теорияларына кирген. Януш Корчак, биринчилерден болуп, кичине балага бир гана таасир берилчү объект эмес, өзүнчө инсан, педагогикалык чыгармачылыктын өнөктөшү катары карай баштаган. Ошондой эле ал, окуу учуранда, баланын денесине запкы берүүнү педагогикалык практикадан толугу менен чыгарууну алгач айтып чыккандардын бири болгон.

Учурда Корчактын жогорудагы принциптери педагогикалык теорияга сиңип, анын ажырагыс бөлүгүнө айланды десек болот.

Януш Корчак польшалык жана дүйнөлүк еврейлик саясий-коомдук аракеттерге активдүү катышкан инсан болчу. Еврейлер ал кезде кобөйүп баштаган Палестинага көп каттаган жана “кибуци” аталган жамааттык өзүн-өзү башкаруу чарбаларынын калыптанышына болушунча таасир берген.

Бирок ал Польшага кайтып келип, бул өлкөнү немистер 1939-жылы оккупация кылганда, Варшавада болчу. Ал түзгөн жетимкана 1940-жылы Варшавдык геттого (шаардын жалаң еврейлер жашаган аймагы) көчүрүлгөн. Ал жерде биринчи ирет камакка алынып, кийин кое берилген.

Анын абактан бошонуп чыгуусуна, өзү еврей болуп туруп, еврейлерге жана алардын уюмдарына саткындык кылып, фашисттердин кол алдында иштеген (коллаборационизм), еврейлерге каршы провокацияларды уюштуруп, кийин аларды сатып жүргөн Абрам Ганвайх деген еврей активисти кол кабыш кылган. Кийин Корчактан бул тууралуу суралганда, ал: “Жетимдеримди куткарып калыш үчүн, керек болсо, шайтан менен жолугам”, – деп жооп берген.

Фашисттер жана дүйнөнүн коомдук-саясий лидерлери, адамзатка таанымал гуманист-педагогду Польшадан чыгарып кетүүгө аябай аракет кылышкан. Себеби, анын эбегейсиз моралдык-руханий аброю бар болчу. Аны куугунтуктоодон фашисттердин да имиджи запкы чеге баштаган. Ошондуктан алар да Корчактын тирүү калып, сак-саламат качып кетүүсүнө кызыктар болушкан.

Бирок Януш Корчак Польшада, андан кийин Треблинкадагы концлагерде өзүнүн кол алдындагы жетимдери менен бирге кала берген. Треблинкага товардык вагондор менен 200 бала жеткирилген. Корчак алар менен бирге газ менен ууландыруучу камерага кирип, жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Бул эрдик, кесибине жана жетимдерге берилгендиктин символу катары, адамзат тарыхында калды.

Акылай Бактыбек кызы