СЫР АЯК. 30. 11. 2023

Суроо: Күнөөлөргө каршы бекем туруп, чын дилден тообо менен истигфарга багыт алуу үчүн көңүл бурулчу негиздер эмнелер?

Жооп: Кетирилген каталар, жасалган күнөөлөр үчүн Жараткан Алладан кечирим тилөөнү истигфар, ыйман жолунан тайган соң кайра түздөнүп Аллага кайтууну болсо тообо дейбиз. Тообо менен истигфардагы эң маанилүү негиз – жасалган күнөөлөрдүн жүрөк менен рух дүйнөбүзгө салган жараларын туя билүү, күнөөнүн айынан пайда болгон өкүнүчтүн уйкуну качыра тургандай өлчөмдө тереңдегенин сезүү. Мындан келди мейли кол менен болсун, мейли тил менен болсун, мейли көз менен болсун, айтор эч ойлонбой туруп күнөөлөрдү жасаган жана жасаган күнөөлөрү үчүн эч кандай таасирленбеген, тообо менен истигфар аркылуу дароо аларды тазалоого аракет кылбаган кишинин жүрөгү бара-бара катып, мунун натыйжасында ыйманы алсырайт. Эгер киши арамды эч нерсе болбогондой карай алса, калп айта алса, башкаларды гыйбат кыла алса, анда анын руханий иммундук системасы кыйраганы ошол.

Микроптор, вирустар денебизге киргенде иммундук системабыз ишке кирип, аларга каршы күрөшөт. Мисалы, ооруп калганда мурдубуздан суу куюлганы, жөтөлгөнүбүз, дене табыбыздын көтөрүлгөнү сыяктуу жараяндар иммунитетибиздин иштеп жатканын көрсөтөт. Анын сыңарындай, зыяндуу микропторго, вирустарга окшогон күнөөлөр да жүрөгүбүзгө, рухубузга зыян келтирет. Руханий иммундук системасы күчтүү кишилер ал күнөөлөргө дароо жооп кайтарат. Жаңылганы үчүн өкүнөт, андан кутулуу үчүн көз жашын төгүп жалбарат, тообо кылат, истигфар кылат. Күнөөгө каршы көрсөтүлө турган ушул реакция абийирдин тирүүлүгүн, жүрөктүн жандуулугун жана ыймандын күчтүүлүгүн билдирет. Өлүү жүрөк менен эч нерсени сезбей калган абийир күнөөлөргө эч кандай маани бербейт. Күнөөнү күнөө катары көрбөгөн, анын кыйратуучу күчүн сезбеген, ага жакындоодон чочулабаган киши ыйманына дагы бир жолу көз салып койсун.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бир хадисинде момун күнөөсүн үстүнөн басып кала турган тоо сыяктуу көрөрүн жана көрүшү керектигин айтат. Ушундан улам улуу заттар күнөөгө каршы аябай кылдат өмүр сүрүшкөн. Күнөөнү карай бир кадам таштоону да кокосуна чейин сазга батып калгандай көрүшчү. Билип-билбей күнөө кылып алышканда, же күнөө кылып алдым го деген ойдо болгондо дароо тообо менен истигфар көлмөлөрүнө чумкуп, күнөөнүн бир мүнөт дагы тирүү турушуна мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Чоң болсун, кичине болсун, айтор күнөөлөрдөн укмуштуудай чочулап турушчу. Мына күнөөнү күнөө катары көрүү жана анын таасирин чын дилден сезүү деген ушул.

Тообо менен истигфар сырткы көрүнүшү боюнча кай бир сөздөрдүн ооздон чыгышынан эле турбайт. Тообо бул жасалган күнөөгө каршы укмуштуудай өкүнүү, күнөөдөн кайтуу менен колдон чыгып кеткен нерселердин ордун толтуруу аркылуу алыстай калган аралыкты басып өтүп кайра Жараткандын босогосуна келүү аракети. Истигфар болсо Улуу Гафуур (кечирүүчү) жана Рахим (ырайымдуу, мээримдүү) Заттан кечирим суроо дегендик. Тообо менен истигфардын акысын берүү, мындайча айтканда, күнөөнүн чындап күнөө катары сезилүүсү, жасалган күнөө үчүн жүрөктүн сыздашы. Натыйжада Аллага кайтып баш калкалоо ыймандын жана Алла менен байланыштын бекемдигине байланыштуу. Ыйманга тиешелүү эмгектерди окуу, ички жана сырткы дүйнө тууралуу пикирленүү, ибадаттарды улантуу дегендер ыйманды бекемдей турган негиздерден. Эгер ыйман тууралуу, анын бекемделүүсү тууралуу кеп кылып жаткан болсок, анда өзгөчө Рисалаи Нурларды эске албай коюуга болбойт. Себеби Рисалаи Нурдун эң негизги өзөгү ыйманды тастыктоодо жана бекемдөөдө жатат.

Бардык нерсе өзүнө каршы нерселери менен түшүнүктүү болот. Ушундан улам ыймандын бойогу менен бойолгон, жүрөгүнөн ыйман орун алган киши мунун тескериси болгон каапырлык, ширк жана чын жүрөктөн ишенбөө сыяктуу динден чыгуу себептерин, же кишини каапырлыкка алып бара турган зулумдукту, кежирликти жана күнөөлөрдү дароо тааный алат жана булардан алыс боло алат. Ысык суудан чыккан кишини дароо муздак сууга салып жиберсеңер, анын муздактыгын чучугуна чейин сезет. Бирок ысык суудан чыккандан кийин акырындап отуруп муздакка көнгөн киши ортодогу айрыманы жогорудагы кишидей сезе бербейт. Күнөөлөр да ушул сыяктуу. Ыймандын тереңдиктерин дайыма жүрөгүндө сезип жүргөн киши каапырлык менен адашууну, же аларга алып баруучу себептерди, ортомчуларды дароо байкап, ошого жараша реакция кылып, аларга каршы күрөшөт. Беддиуззамандын айтуусу боюнча, күнөөгө кирген киши каапырлыкка бир кадам жакындап, ыймандан бир кадам алыстаган болот. Күнөөнүн оордугуна жараша бул кээде бир нече кадам болсо, кээде андан да көп жакындык болушу мүмкүн. Эгер билип-билбей туура эмес кадам таштап алган кишинин жүрөгү ыйманга чылк толуп турган болсо, анда ал жанагы кадамы үчүн аябай жаман болуп, күнөөнүн таасирин чучугуна чейин сезип, бир көз ирмем да убакытты кетирбей тазаланууга шашылат. Бирок, кишинин ыйманы алсыз болсо, анда анын күнөөлөргө каршы кыла турган реакциясы да ошончолук алсыз болот. Ушундан улам азыркы учурда баарынан мурун ыйманга көңүл буруп, ар бир ыңгайлуу учурду аны бекемдөө үчүн колдонуу зарыл.

Экинчиден, кишинин чындап тообо кылуусу, истигфар кылуусу бир аз дагы күнөөнүн чоңдугун туюусуна байланыштуу. Ушул жерден дароо бир нерсени айта кетейин, күнөө деген Жаратканыбыздын акысын тебелөөгө киргендей эле, өз напсибизге жасалган зулумдук да болуп саналат. Себеби куттуу аяттардын биринде:  وَمَا ظَلَمْنَاهُمْ وَلٰكِنْ ظَلَمُٓوا اَنْفُسَهُمْ «Биз аларга зулумдук кылбадык, алар өздөрү напсине зулумдук кылышты»[1], – деп айтылат. Бул жерде айтылган напсинин мааниси напс-и аммара, напс-и лаввама, напс-и мутмаинна деген категорияларга бөлүнгөн напси эмес. Напси дегенде көбүнчө кишини жамандыкка түрткөн механизм, же болбосо шайтандын киши менен байланышуу үчүн колдонгон куралы эске келет эмеспи. Бирок бул аятта айтылган напси кишинин өзү. Аятта Аллага баш ийбей, моюн толгогондор өздөрүнө зулумдук кылары, адилетсиздик кылары, өздөрүнө жамандык кылып алышканы айтылууда. Ооба, күнөө кылган киши Алла Тааланын алдында ордун сактай албай, өзүнө өзү зыян келтирип, өзүнүн акыбетин өзү коркунучка салган болот жана бул өзүнө карата жасалган зулумдук экенинде эч кандай күмөн жок.

Күнөөлөр ошол эле учурда Алланын акысына көңүл бурбоо болуп саналат. Себеби күнөө кылуу менен Жараткан Алла койгон чектерди тебелеп, Анын буйруктарын, тыюуларын көзгө илбеген болобуз. Бул ошол эле маалда Алла Таалага кылынган адепсиздик да болот. Хадисте айтылганы боюнча, кишинин кандайдыр бир күнөө кылуусуна, буйруктарга баш ийбөөсүнө каршы Жараткандын «гайрети», же (айып болбосо) кызгануусу бар. Салыштыруубуз супсак болуп калбасын, бир киши өзүнүн кадыр-баркын, ар-намысын кадырлап, чаң жугузбай сактоо үчүн аябай кылдат көңүл буруп, керек болсо аларды өзүнүн көзүнөн да кызганат эмеспи. Алла Таала да эң куттуу кылып жараткан кулдарын алар кылган күнөөлөрдөн аябай кызганат. Алардын күнөө менен булганышын, Өзүнөн алыстап кетүүсүн жактырбайт.

Мына ушунун баарын ойлоп жүргөн киши кылган күнөөлөрү үчүн чочулабай коюусу, коркконунан тообого чуркабоосу мүмкүн эмес. Күнөөнүн эмне экенин билбеген жана аны жеңил баалаган киши болсо, күнөөнүн оордугун сезе бербейт. Натыйжада тообо менен истигфарга умтулбайт. Умтулса да анын тообосу сөз жүзүндө эле кала берет. Оозунан чыгып жаткандарга жүрөгү ишенбейт. Ошондон улам тоободон кийин деле күнөөсүн баягыдай уланта берет. Аллага кайттым дегенден кийин, кайра көп өтпөй Алладан кайтат. Болбосо күнөөнүн кайгысын жан дилден туюп, күйүттүү, кайгылуу жүрөк менен Аллага кайтуу, тообого бекем болуу, күнөөнү өзүнөн алыстатуу үчүн талбай аракет кылуу тообо менен истигфардын эң негизги шарттарынан.

Тилекке каршы, бүгүнкү күнү күнөөлөрдүн эшиги аңырая ачылып турат. Чыгуу жолу жок кайдыгерлик, эч бир адептик эрежени кабыл албаган, бардык нерсени боло берет деген түшүнүк кеңири тарады. Кишилер бир ыпластыктан кутулам деп жатып башка бир ыпластыкка түшүүдө. Күнөөгө эч бир каршылык кылбаган кишилердин бир бөлүгүндө бир канча убакыттан кийин өзүнө жуккан ыпластыкты тазалоо сезими да калбай калууда. Жаңылганда, жыгылганда кылган-эткендери үчүн өкүнүшпөйт жана учурдагы абалына көз чаптырып да коюшпайт. Натыйжада күнөөлөрүн улантып, үстү-үстүнө булганып келишет. Ушундай кирдеген чөйрөдө жашагандардын ишенимдүү жерлерге кадам таштоосу, ишенимдүү чөйрөдө өмүр сүрүүсү жана дайыма ыйманын тереңдетүүгө аракет кылуусу мурункудан да оорлошууда. Эгер силерде өзүңөргө таандык абаңар менен дем алгандай жайыңар, чөйрөңөр бар болсо, белгилүү бир убакытка чейин күнөөлөрдөн сактана албай тургандай жерлерде жүрсөңөр да, дароо ошол чөйрөңөргө келип сактанып, тазаланып алсаңар болот. Бирок мындай жерлер өзүнөн-өзү эле пайда боло калбасы да белгилүү. Андай болсо, кайда болбосун көөдөнүндө күйүтү бар кишилер бир жерге чогулуп, чогуу сукбаттарды кылып, кеңеше турган, талкуулаша турган, дуба кыла алган жана ибадат кыла алган руханий жайларды калыптандыруулары керек. Ошол жерлерге келип дем алып, руханий жактан тазаланып, жаңылана алгыдай болушсун.

Мухаммад Фетхуллах Гүлен

Которгон: Насыпбек Асанбаев


[1] Ыйык Куран, Худ сүрөсү, 11/101