Орус-украин согушу эки анжы болуп турган көп нерсенин бир тарапка оошуна турткү болду. Өткөн аптадагы “Петербург экономикалык форумунда” (ПЭФ) Кытай менен Казакстан Орусиянын ала-көөдөндүгүн колдобогонун ачык жана катуу бетке айтты десек болот

Жыл сайын форумдун өзөктүү окуясы болгон Орусиянын президенти Владимир Путин катышкан сессия аягына чыга электе эле кишилердин чыгып кетүүсү ПЭФ’тин негизги жаңылыктарынын бири болуп калды. Казак президенти Касым-Жоомарт Токаев да катышкан бул сессиянын үчтөн-экиси өтүп-өтпөй эле залдын балкону гана эмес портери да бир топ бошоп калганын көрдүк. Бул көрүнүш бир жагынан аталган форум, келбей коюуга мүмкүн болбогон, бирок ошол эле убакта маанисиз иш-чара болуп калганынын далилдеди десек болот.

Казакстандын президенти Токаевдин ЛНР жана ДНР боюнча бетке айткан сөздөрү ПЭФ’тин экинчи маанилүү окуясы болду. Ал Орусияга эң жакын мамлекеттердин бийлиги бүдөмүк жана чала-була айтып жаткан позицияны катуу жана ачык айтты. Бүтүм катары берсек, ал: Орусиянын демилгеси менен уюшулуп келген жана уюшулганы жаткан ЛНР жана ДНР сыяктуу “квази-курамдарды” тааныбайбыз; коңшу мамлекетке согуш ачуу менен эч бир маселе чечилбейт, – деген пикир.

Үчүнчү маанилүү жаңылык катары Кытай эл республикасынын лидери Си Цзинь Пиньдин видео-кайрылуусун алсак болот. Эң кызыгы, ал ПЭФ’тин катышуучулары менен түз видео-конференция кылбастан, алдын ала жазылган видео-кайрылуусун бердирди. Андагы ойду ороюрак жеткирсек: “Балдар, негизи, ынтымакта жашаш керек. Мындан нары адамзат үчүн бүткүл дүйнөлүк глобалдашуудан башка жол жок. Технологиялык суверинитет деген нерсени айтып атасыңар, бирок андай кылам десеңер, бизди ал оюнуңарга кошпой эле койгула. Биз, Кытай, глобалдуу дүйнөнүн бир бөлүгүбүз жана ошол бойдон калуу ниетиндебиз”, – деди.

Он чакты күн мурун Орусиянын “Левада-центр” көз-карандысыз социзилдөө компаниясы май айынын этегинде жүргүзгөн сурамжылоосунун натыйжаларын жарыялады. Анын негизги темасы: “Башка өлкөлөр Орусияны кандай көрө баштаганы жана орусиялыктар башка мамлекеттерди кандай кабыл алып калганы”, – болгон. Анда изилдөөчүлөрдүн көңүлүн орусиялыктардын Кытайга карата оптимисттик ой-пикирлеринин өскөнү бурду. Мындай өсүү акыркы жолу, Орусия Крым менен Донбасска кол салган, 2014-жылы да көрүнгөн.

Эгер 2014-жылга чейин орусиялыктардын 24%’ы гана Кытайга оң көзү менен караса, ал жылы симпатиялар дарооо 30%’га жеткен. Учурда Кытайды жакшы көргөндөрдүн пайызы 40’ты чапчыды. Мындан орусиялыктардын өлкөсүнүн экономикасы оор абалга келгенин, жана аны оңдоп кетүүгө Кытайдын гана кудурети жетерин сезгени билинип турат. Алты жыл мурун мындай үмүттөр такыр акталбагандыктан, 2014-жылдан бери Кытайга позитивдүү карагандардын пайызы тырмактай да арткан эмес.

ПЭФ’теги Си Цзинь Пиндин сөзүндө Кытайдын Орусияны келе жаткан экономикалык кризистен куткарууга кол сунаары тууралуу ишарат да болгон жок. Чындап келгенде, ал Орусия тууралуу эч нерсе деп айткан эмес. Кайрылуусунун башында эле Санк-Петербургдун ысмы аталганы болбосо, Синин ПЭФ’теги: “Келгиле бүткүл дүйнө менен чогуу тынччылыкта жашайлы”, – деген “дүжүр сөзүн”, кандай болбосун, саясий-экономикалык форумга жолдой берсе төп келет.

Казак президенти Токаевдин Путин менен бир сессияда үч сааттан ашык бирге отуруп, сессиянын алып баруучусунун суроолоруна ачык жана так жооп бергени, өлкөсүнүн Орусияга канчалык жакын жана ашкере көз-каранды болгонуна карабастан, анын өз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн катуу турган кырс лидер экенин көрсөттү. Ошол эле убакта ал Путинге катуу тийчү ар бир билдирүүсүн алдын ала жумшак чүпөрөккө ороп берип жатканы, дипломатиялык протоколдун ыкмаларын канчалык терең өздөштүргөнүнөн да кабар берип турду.

Маргарита Симоняндын: “ЛНР менен ДНРди качан тааныйсыңар?”, – деген тариздеги суроосуна ал. – “Эми мен, албетте, Владимир Владимирыч менен макулмун, …бирок биз аларды эч качан тааныбайбыз”, – деген дипломатиялык кульбитти жасады. Кээ бир эксперттер Токаев мындай эрдикти аркасына Кытайды коюп алып көрсөтүп жатат дейт. Анткени Казакстандагы өткөн жылдын январь айындагы козголоңду ОДКБ басып, Путиндин “бул уюм Казакстанда канча керек болсо, ошончо калат” дегенинен бир күн өтпөй Токаев “эртең чыгып кетет” деген соң, чын эле чыгып кеткенинин акрасында кытай бийлигинин опузасы турат дешкен.

Токаев ПЭФ’те – Кытай казак экономикасынын эң ири инвестору, Казакстанда туруктуулук бар, Орусияга киргизилген санкциялардан улам кыйналган орус жана чет элдик компаниялар казак мамлекетине келип иштей берсе жана санкциялар алынганда кайтып кетсе болот деген, Путинди безге сайган, сөздөрдү да айтты. Кыскасы, орус-украин согушу учурунда Астана менен Ташкент Борбор Азияда Кремлден көз-карандысыз саясат жүргүзүүгө дымагы бар экенин ачык эле жарыялай баштады.

Ошол эле учурда Кытай да, учурдагы глобалдашкан шарттарда өзгөчө импердик жана араздашууга негизделген саясат болжолдонгон натыйжаларга алып келбесин, түшүнгөн сыяктуу.

Албетте, орусиялык саясий элита казак бийлигинин ПЭФтеги сөздөрүн эч качан унутпайт жана колтугуна дагы бир котур ташты жайгаштырды десек болот. Бирок анысын чыгарып, казак менен өзбектерден өчүн алып, сазайын бериш үчүн Кытай катуу алсырап кетиши керек. Дүйнөдө жана Кытайда андай тренддерди жандандырган аракеттер азыр анча байкалбайт.

Таалайбек Маматов