Тайван Кытай үчүн өтө талылуу маселе. Тайван аралы улам бир мамлекеттин курамында болуп келген аймак. Так ошол Тайванга барып “тактыдан тайыган” кыргыз парламентинин депутаттары да бар. Бир саамдан кийин ал маселени да талдайбыз. Ага чейин Тайвандын таржымалынан баштайлы

Тайван талашынын тамыры

Тайвань тээ орто кылымдардын соңунда Цин империясынын курамына кирген. Биринчи кытай-жапон согушунда жеңип алган Жапония 1895-жылы Тайванды өзүнө каратып алган. Экинчи дүйнөлүк согуштан соң АКШ жана Британиянын колдоосу менен Кытай Тайванды кайра өзүнө кайтарган. 1949-жылы Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө жеңилген Чан Кайши, анын Гоминдан өкмөтү Тайванда жана айланасындагы бир нече аралда баш калкалап, акыры Тайванды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Тайвандыктар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери, суверендүү мамлекет катары көрүшөт.

Тайванга карата мамиле Кытайдын бүтүндүгүнө карата мамиле катары кабыл алынат. “Дүйнөдө бир эле Кытай бар, ал эми Тайван анын ажырагыс бөлүгү” – бул Кытайдын расмий аныктамасы. Бир өлкө, эки система эрежеси колдонулат.

Ушул тапта 14 гана өлкө Тайванды өз алдынча мамлекет катары тааныйт. Алардын арасында Кошмо Штаттар жок. Бирок Кытайдын бийлигинин эскертүүлөрүнө карабай, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга иш сапары менен барышы катуу реакция жаратып, конфликттик кырдаал түзүлдү. Реакция дипломатиялык протесттер, кайым айтышуулар, саясий билдирүүлөр менен чектелген жок, аскерий жана башка аракеттер да жасалды.

Кытай дароо эле Тайванга жакын жээкте ири аскерий машыгууларын өткөрүп, курал-жарактарынын күчүн демонстрациялап, буркан-шаркан түшүп турган кези. “Пелосинин Тайванга кара ниет сапарына жасалган жооп чаралар эң туура, ойлонулган жана мыйзамдуу кадам. Бул тайвандык жикчил күчтөргө жана чагымчылдарга эскертүү” – деди машыгуулардын мааниси тууралуу Кытайдын тышкы иштер министрлиги.

Тайван тарап да үн катты

Нэнси Пелоси
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,Нэнси Пелоси

Ал эми Тайвандын өкмөтү Кытай “аралга кол салууга даярдык көрүп, басып алууга даярданууда, бирок Тайван өз суверенитетин сактап калуу үчүн болгон күчүн жумшайт” деп жооп кайтарды. Дүйнө өлкөлөрүнүн көбү Американын жогорку даражалуу конгрессменинин Тайванга сапарынан улам жаралган кырдаалга мамилесин билдирди.

Кытай ушул кырдаал боюнча АКШ тараптагыларга сөөмөй кезеди, эскертти, опузалады, айтор кескин мамилесин ачык билдирди. Орусия жана Борбор Азия мамлекеттери бир ооздон Кытайдын позициясын колдоп, анын аймактык бүтүндүгун сыйлай турганын жарыялады.

Ошентип, конгрессмен айымдын Тайванга иш сапары чоң чуу жаратты, саясий жана дипломатиялык жаңжалга тамызгы болду. Биздин айрым саясатчылардын, жогорку кызматтагы адамдардын дипломатиялык алешемдиктерин, саясий катачылыктарын эске салып, салыштырууга аргасыз кылды. Пелоси айым Тайван маселесин абдан мыкты билет.

Конгрессмен айым билип туруп, конгрессмен катары барды. Албетте, Тайванды өз алдынча мамлекет деп айтканы жок, бирок Тайвандагы демократияны колдоо үчүн барганын жарыялады. Бул айым өз кезегинде Бээжиндеги Тяньаньмень кандуу окуясын эскерүү иретинде ошол аянтка барган сейрек саясатчылардын бири. Демек, бул жолу да Пелоси саясий позициясын сапары аркылуу туюнтту.

Вашингтон, Конгресс бийликтин бир бутагы, деп учкай жооп кайтарды. АКШ менен Кытайдын буга чейинки мамилесин эске алганда, эки тарап жана алардын тарапташтары муну менен токтобой турганы түшүнүктүү. Алдыда далай окуя бар. Албетте, бул кадамды ар ким ар кандай баалайт. Канткен күндө да АКШ конгрессинин жетекчиси Тайванга билип туруп барганы – позиция, мамиле, саясий кадам. Эң башкысы саясатчы маселени билет, кабары бар, проблеманы изилдеген, өз кадамынын опурталдуу экенин түшүнөт, натыйжасын боолголой алат.

Саякат менен сапарды так айырмалайлы…

Эми бизге келели. Биздики такыр тескери, кейиштүү, кыйла опурталдуу жана кооптуу. 1993-жылы алгачкы президент Аскар Акаев Иерусалимге (арабча аталышы – Аль-Кудс) элчилик ача турган болдук деп жар салган. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын бул боюнча резолюцясын эске алганды койдук, араб-еврей ортосундагы эзелки талаштын “башын ачып”, уят болуп, араб дүйнөсү катуу реакция кылган. Айрымдары эмдигиче кечирген жок. 2018-жылы президент Дональд Трамп Иерусалимге Вашингтондун өкүлчүлүгүн ачам деди. Конфликт кайрадан тутанды. Бирок Трамп билип туруп жасады бул кадамды. Кыргыз бийлиги билбестиктиен улам элчилик ачам деди, Америка билип туруп ачам деди. Айырмасы барбы? Бар, болгондо да асман менен жердей.

Нурбек Алимбеков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурбек Алимбеков

Тайван демекчи, ал кезде парламенттик республика деп аталган Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Нурбек Алимбеков 2016-жылы Тайванга барып, анда да бир жаманатты кеп болгонбуз. Жогорку Кеңештин аппараты бул жеке сапар, биз билбейбиз деп кутулган.

Депутат “өз каражатыма баргам, расмийлер менен жолуккам, бирок документтерди талкуулаган эмеспиз” деп түшүндүргөн.

Ушул түшүндүрмөнүн өзү кооптуу. Албетте, осол иш болду. Эми ошол осолдукту адекваттуу баалай албай, сапарга акча корогон жок деп базардан болбогон пулга болбогон буюм сатып алган сымал актанганы кейиштүү көп нерседен кабар берет. Биздин вице-спикер бараарда кайда бараарын билген эмес, барганда кимге жолугуп жатканына маани бербеген, келгенде да кылган ишинин кесепетин түшүнгөн эмес.

Дипломатияда ыраазчылыкты же нааразычылыкты, оң же терс мамилени билдирүүнүн жолдору көп, формалары ар кандай. Кытай тарап вице-спикердин сапарына туюк, бирок кескин реакция кылганы үчүн вице-спикерликтен кетүүгө аргасыз болсо керек. Болбосо, өлкө ичинде байлык менен бийлик талашта алдына киши салбаган кыйындардын бири, жогорку кызматтан жөн кетмек эмес.

Кытай биздин чама-чаркыбызды билип, көчөдөн келген көп тентектин биринин бейжоопкер кадамына теңелгиси келбей, кечирген чыгар, балким. Ошондуктан биздин Бээжиндеги элчи же биздеги өзүнүн элчиси аркылуу, а балким тышкы министрлеринин телефон менен сүйлөшүүсүн учурунда протест кылып, бирок анысын ачык жар салган эмес. Ушул ызы-чуудан бир жыл өтпөй депутат Ирина Карамушкина орустар Украинадан тартып алган Крымга (маселе талаш, чырлуу, аймактын статусу жана таандыктыгы белгисиз) барат.

Украин элчилиги нааразычылык нотасын биздин тышкы иштер министрлигине тапшырат, Киев Карамушкинага Украинага кирүүгө тыюу салат. Депутат айымдын түшүндүрмөсү да кесиптешинин актануусундай эле кооптуу. Карамушкина талаштуу аймак болгон Крымга “жөн эле, өз көзү менен көргөнү барган” имиш. Ушул окуялардан кийин билимдүү, сезимтал инилердин бири: “Бизди кудай сактаптыр, карабайсызбы, бул кыраандар Тайванга же Крымга барган учурда журналисттерге кабылып калып, алар суроо салганда же тигил же бул иш-чара деп эл алдына чыгарса не болмок? Адатынча ойду-тоону сүйлөп, жаңжал чыгып, таза айлабыз кетмек экен”, – деп өзүн сооротуп, тобо кылган эле.

Эмнеге кызматтагылардын биз келтирген мисалдарын кооптуу, кейиштүү осол иштер, коркунучтуу кадамдар деп жатабыз. Биринчиден, кооптуусу – ошол кадамдарды жасагандардын билбестиги. Мамлекеттик кызматкерлердин интеллектуалдык деңгээли, билимсиздиги кооптуу. Американын конгрессмени билип барды. Биздин депутат билбестиктен барды. Экинчиден, жоопкерчиликтин жоктугу кооптуу.

Пелоси жоопкерчилигин сезет, мыкты билет, терең түшүнөт, биздикилер тышка чыкса базарчылап жүргөндөй, ички-тышкы маселеге акыл-эс кире элек баланын оюнундай мамиле кылат. Демек билип туруп шилтеген кадам – бул позиция, жоопкерчилик, саясат. Билбестиктен же кенебестиктен улам жасаган иш – бул бейжоопкерчилик, трагедия, кооптуу көрүнүш. Учкай мисал кылган осолдуктарга окшош учурлар биздин соңку 30 жыл ичинде аз эмес, тилекке каршы. Бул симптом, начар белги. Кыргыз коомчулугунда бийликтин касиети кайтып, сакралдуулугуна шек келгенине көп жыл болду.

Башка өлкөлөрдө улам жаӊы кызматкерлердин мууну пайда болуп, жаӊы элита калыптана баштады. Бизде да элита эсептелген кыйындардын жоон тобу жаралды, катары өсүүдө, улам жаңылары кошулууда. Бирок алардын көбү үчүн моралдык милдет, саясий жоопкерчилик деген баалуулуктардын куну төмөн, баасы алган парасынан алда канча кем нерселер. Ал тургай кээ бир кыйындар үчүн эч кандай баалуулук да эмес. Бирөөгө шылтамай адатыбыз бар, бирок бул жаман көрүнүштү эч кимге шылтай албайбыз. Өзүбүз гана айыптуубуз. Кайран өлкө, кайран мамлекет, кайран эл, кайран кызмат. Тышкы дүйнө улам осолдук кылган сайын бизди кечире бербейт. Эми мындан ары иштерибизде, эки-жакка чыкканыбызда көңүлгө алуучу, эсибизден чыгарбай турган сабактар жетиштүү.

Көптүн бири же кадимки эле турист болбогон соң, сапарга чыгарда эмне экенин карап, дипломатияга доо кетирип албаймынбы, кайсы сөздү айтсам оң келет да кайсы сөздөн от кетет, барсам, жолуксам болобу же болбойбу дегенди ойлонуп, уялбай эле кеңешип алган оң. Ансыз да биздин бир топ жетекчилерди иш бүтүргөнү эмес, шоппингге эле барат деп далайдан бери сын ээрчип эле келе жатат.

Алмаз Кулматовдун пикири, Би-Би-Си