Амбиция деген кыйын… кыргызча “дымак” деген сөз ага маанилеш. Ал “куру намыс” дегенди козутат. Ал эми куру намыс келип-келип баш жара тургандыгын элибиз эзелтеден эле айтып келген.

Биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки чек ара бөлүшүүгө Германиянын ичи чыкпай, өзүн кур жалак калгандай сезип, кийин империялык амбициясы ойноп кеткенден улам экинчи дүйнөлүк согуш чыккан.

Ошондой эле “кансыз согуштан” кийин Советтер Союзу кыйрап, социалисттик блок ыдырагандан кийинки чек аранын бөлүнүшүнө Россиянын ичи чыкпай, империялык амбициясы ойной баштагандан улам, дүйнө үчүнчү дүйнөлүк согуштун босогосуна келип калды.

Дүйнөлүк согуш чыкпай тургандыгын кай бирлери Батыш өлкөлөрүнүн Россиядан корко тургандыгы менен түшүндүрүп жатышат.

Туура, Батыш коркуп жатат, бирок Россиянын аскер күчүнөн эмес, мактаган орус армиясынын этеги ачылып калганын көрүп турбайбызбы. Алардын корккону Россиянын башында тургандардын куралдын күчүнө, айрыкча ядролук куралга карата жоопкерчиликсиз мамилесинен, “керек болсо атом бомбасын колдонобуз” деген чектен чыккан жоопкерчилиги жок билдирүүлөрдөн улам, “битке өчөшүп көйнөктү отко салмак белек, жиндиге теңелбей тура-туралы” дегендей позицияны карманып турушкан сыяктуу азыр.

Ошондон улам үчүнчү дүйнөлүк согуштун чыкпай турушунун башкы себеби, Батыш өлкөлөрүнүн адамзаттын келечегине карата жоопкерчилиги жогору болгондугунда деп айтууга негиз бар.

Эмилбек Каптагаев