Орусиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думага “Жарандык жөнүндө” мыйзамынын жаңы долборун киргизген. Анда “мекендеш” деген терминдин камтыган категориялар кеңейтилген. Ал 5-апрелде биринчи окуудан өткөн. Мыйзамдар МД’да 30 күндө экинчи окууга кириш керек болсо, бул мыйзам атайын кечиктирилип атат.

Ошондуктан, кээ бир эксперттер, кечиктирүү орус-украин согушунун натыйжасына карап, жаңы ыкчам беренелер менен толуктап, Украинадан тартып алынган аймактарда Орусия жарандыгын таркатууга байланыштуу деп атышат. Бул мыйзам долборунун экинчи талкуусунда укмуштай беренелер кирет деп күтүлүүдө.

***

Андан сырткары Мамдумада “мамлекеттик чыккынчылар” тууралуу бир нече мыйзамга өзгөртүү киргизилмекчи. Мисалы, бул мыйзам долборунда “куралдуу кагылышуу учурунда душман тарапка өтүп кетүү” (12ден 20 жылга чейин капас), “ОФ’нун коопсуздугуна каршы пикирин коомго жар салуу” (3төн 6 жылга чейин), “Куралдуу кагылышуу шартында ОФ’нун армиясына каршы колдонуусу мүмкүн болгон маалыматты душманга берүү, же берүү максаты менен жыйноо жана сактоо” сыяктуу жаңы терминдер каралган.

Ошол мыйзам долборуна киргизилип жаткан “Чет элдик атайын кызматтар, эл аралык же чет элдик уюм же алардын өкүлдөрү менен тымызын кызматташуу” деген берене катуу талкуу жаратууда. Ал “ОФ коопсуздугуна каршы багытталган иштерде аларга жардамдашуу максатында…”, – деп ачыкталган. Мындай кылмыш ишин ачыш үчүн сотко ФСБ’нын экспертизасы келип түшөт. Эксперттердин айтымында, бул кылмыш иши чет элдик фонддор, институт, университеттер менен кызматташкан ар бир кишиге каршы ачылып, кандай болбосун алаканы криминалдаштырууга алып барат деген ойдо. Бирок мындай мыйзамдар учурдагы Орусиянын жалпы акыбалы жана абалына төп келип турат.

Мындан кийин кандай болбосун чет элдик бирөө менен жолугуп, баарлашканың, маектешкениңден бери кылмыш иши катары каралышы мүмкүн. Кишинин, башка мамлекеттин өкүлүнөн акча алса, чет элдик агент, эгер сүйлөшсө, балким, алардын шпиону жана ОФ’нун чыккынчысы болуп калуу ыктымалы артууда. Негизинен мындай аныктама учурдагы Кылмыш кодекиснин 275.1-беренесинде да каралган.

Жогорудагы беренелер менен кылмышка шектүү катары тартылгандардын соттук отурумдары пресса үчүн жабык өтөт. Соттук териштирүү да толугу менен жабык болот, ага катышкандардын баары (адвокаттар дагы) “жар салбоо” кагазына кол коюшат жана сотто бир гана ФСБ’нын экспертизасы далил катары кабыл алынат. Ошондуктан киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча каалаган кишиңди соттоп, темир торго киргизип коюунун жолу ачылат. Эксперттер бул өзгөртүүлөр учурдагы кырдаалда сөзсүз кабыл алынат деген ойдо.

Таалайбек Маматов