Фейсбукка 1 күндө 1 миллиарддан ашык адам кирип чыгат. Америкалыктар чыныгы жашоодо адамдар менен жолугууга канча убакыт коротушса, Фейсбукта да ошончо убакыт коротушат экен. Биз Кыргыздар акыркы убактарда алардан да өтүп кеттик окшойт
Келгиле эми дал ушул Фейсбук “досубузду” жакындан тааныйлы. Канткенде биздин жазган посттор көп кишиге көрсөтүлөт, эмнеге кээ бир авторлордуку улам эле көрүнө берет, комментарийге коюлган “плюстар” чындап эле ишке жарайбы ж.б.у.с. толтура инсайттар менен бөлүшөйүн.

Популярдуу Пост (ПП) = А х С х Т х Ж

Мына ушул формуланы билип алганыбыз оң болот. Себеби посттун популярдуу болуп-болбоосу ушул алгоритмден көз каранды. Чындыгында мындан башка дагы 100 000 ден ашуун фактор бар экен. Бирок эң оорчундуусу ушул төртөө.

– А = Автор.
Эң биринчиси Автор. Эгер сиз кимдир бирөө менен достошкон болсоңуз же 5000 доско батпай калып, ага жазылып койгон болсоңуз, демек Фейсбук сизге ошол Автордун жазгандарын көбүрөөк сунуштайт. Андан сырткары достугуңузда болбосо деле, бирок аны менен жазышып калган болсоңуз анда да сунушталышы мүмкүн.

– С = САПАТ
Эгер жазылган пост сапаттуу жана кызыктуу болсо, анда да элге көбүрөөк көрсөтүлө баштайт. Кыргызча жазылган посттун сапатын америкалык Фейсбук кайдан билмек эле? Оңой эле. Коюлган лайкатардын саны, комментарийлердин көптүгү жана канча жолу бөлүшүлгөндүгү посттун сапатын аныктайт.

– Т – ТҮРҮ же ТИПИ
Посттун түрү да чоң роль ойнойт. Себеби элдин көңүлүн бурдуруу барган сайын оор болууда. Жөнеле текстпи, сүрөтпү, добуш берүүбү же видеобу? Акыркы убактарда видео популярдуу боло баштады. Сиз кандай түргө көбүрөөк көңүл бурсаңыз, Фейсбук ошол түрдү көбүрөөк сунуштай баштайт. Ал эле эмес, кандай теманы жактырсаңыз ошону да билип коет. Мисалы Nazira Aytbekova досумдун легендарлуу сүрөттөрүнүн бирөөсүн эле көрүп калсаңыз болду, Назирадан кутула албайсыз. Артыңыздан кууп жүрүп кийинкисин көрсөтөт.

– Ж – ЖАҢЫЛЫК
Жаңылык бул биз билген кабарлар эмес. Посттун канчалык деңгээлде ЖАҢЫ (СВЕЖИЙ) экендигиде. Эгер эски пост болсо, албетте алдыга чыгышы мүмкүн эмес.

Андан сырткары

– Эгер интернетиңиз жай болсо, анда видео-посттор азыраак көрсөтүлөт;
– “Куттуктайм” деген пост болсо, демек Фейсбук бирөөнүн туулган күнү экен деп, ал постту алдыга чыгара баштайт;
– Эгер кандайдыр бир постко сыртынан эле лайк коюп койсо, ал анча эмес. Эгер үстүнө басып кирип анан лайк же комментарий жазса, анда ал пост да жогору көтөрүлөт. Себеби Фейсбук аны кызыктуу деп түшүнөт.
– Анан Кыргызстанда мода болуп кеткен “+” коюу салтыбыз да кандайдыр бир деңгээлде ишке жарашы мүмкүн. Бирок өтө көп таасир бербейт. Себеби, баары окшош “+” коюп аткан үчүн муну Фейсбук манипуляция катары кабыл алышы толук мүмкүн. Бул менин жеке оюм…

2016-жылы Америкадагы шайлоодо чоң ызы-чуу чыккан. Саясатчылар тууралуу фейк-жаңылыктар Фейсбукту басып кеткен. Андай жаңылыктар бат эле популярдуу болуп, кээ бир саясатчылар мунун запкысын тарткан. Анан Фейсбукту күнөөлөшкөн. Фейсбук ошондон баштап өзүнүн алгоритмдерин өзгөртө баштаган. Себеби, мурунку алгоритмдер кабардын чын-жалганын биле алган эмес. Көбүрөөк лайк басылып же коммент жазылса эле рейтинги жогору көтөрүлө берген. Ошондон кийин лайк менен комменттен сырткары кабардын канчалык чын же жалган экенин аныктоону үйрөнө башташты.

Бул албетте аябай оор. Себеби алгоритм (компьютер) андай деңгээлге жете элек. Алгоритмдер КОНКРЕТТҮҮ нерселерге таянып, анан жыйынтык чыгарат. Андыктан кээде баары бир адамдардын колу тиймейинче алга жылбай турган абалдар болот экен.
Эми ток этээр жерине келдик.

Фейсбук биздин КЫЗЫКТУУ постторго эмнеге мажбур болушу мүмкүн? Жообу оңой эле. Элди мүмкүн болушунча Фейсбукта көбүрөөк отургузуу. Канчалык кызыктуу контент болсо, ошончолук көп эл. Канчалык көп эл, ошончолук көп жарнама көрөбүз. Канчалык көп жарнама көрсөк Марк Цукербергди ошончолук көп байытабыз.

 Сүйүн Өткеев