Ислам булактарында айтылганы боюнча, мусулманчылык келгенге чейин арап коому ушундай бузукулукка, ырайымсыздыкка, уятсыздыкка белчесинен батып турган экен. Буга мисал катары көптөгөн окуялар, сүрөттөөлөр айтылат. Мисалы, зынакорлук, же ойноштук ушунчалык көп болуп кеткендиктен, кимдин атасы ким экени белгисиз болуп бараткан дешет. Андан сырткары, талап-тоноо, алсыздарды, кедейлерди кодулоо да укмуш өрчүп кетет. Ал эми төмөндө айтылган бир окуя элдин канчалык караңгы, канчалык мерез болуп кеткенин ого бетер таасын чагылдырат. Эмесе ал окуяны сөзмө-сөз айта албасак дагы, жалпы жонунан окурмандарга түшүндүрүп берсек.

Бир күнү кайсы бир сахаба Пайгамбарыбыздын жанында отуруп, ошол Ислам дини келгенге чейинки күндөрүнөн бир окуяны эскерип айтып берет. «Бир жолу аялым кыз төрөдү», – деп баштайт сахаба. «Мен кыздуу болгонум үчүн аябай арданып, жаман болдум. Себеби ал убакта кыздуу болуу уят болчу. Ошондуктан эл караган бетим жер карап, жаман болуп жүрдүм. Арадан убакыт өтүп, кызым эс тартып калды. (Кыязы 4-5терге чыгып калса керек). Бир күнү мен бул маселени кечиктирбей чечүүнү туура көрдүм. Аялыма барып, «Кийинтип берчи, таякелерине алып барып келейин», – дедим. Аялым менин эмне кыларымды эң сонун түшүндү. Бирок, каршылык кыла алган жок. (Ал убакта аялдардын каршы сүйлөөгө акысы да, күчү да жок болчу). Бечара ары карап ыйлап, бери карап күлүп туруп кызды кийинтип берди. Байкуш кызым сүйүнгөн бойдон мени ээрчиди. Мен аны шаардан алып чыгып, бир жерди каздым да, ошого түш дедим. Кызым түшкөндөн коркту. Ошондо мен аны түртүп жибердим. Бирок кызым аңдын кырын кармап туруп калды. Анан ошол жерде туруп мени жалбара карап, «атаке, кийимиңдин баланча жери булганып калыптыр» деп чаңын күбүдү. Мен ошого да болбой аны чуңкурга кулаттым да, тирүүлөй көмүп салдым»….

Ооба, сөзмө сөз болбосо да, мааниси жагынан ушундай айтылат. Пайгамбарыбыз аны угуп буркурап ыйлайт. Натыйжада башка сахабалар окуяны айтып берген кишини жаман көрүп: «Пайгамбарыбыздын жүрөгүн ооруттуң», – деп жемелешет. Бирок, Пайгамбарыбыз аларды тыйып, окуяны дагы бир жолу айттырат. Муну менен Ислам дини келгенге чейин силер кандай абалда элеңер дегенди билдиргиси келген деп айтышат аалымдар.

Кыскасы, Ислам дини келгенге чейинки учур ушундай болчу. Анан эле Пайгамбарыбыз пайгамбарлыгын жарыялады, элге даават кылды, жакшылыкка чакырды, жамандыктан качырды дегендей, убакыт өтүп отуруп, арап жарым аралына жыйырма үч жылдын ичинде Ислам дини орноду. Ал эми жанагы сахабалардын бир тобу жыйырма үч жылга чейин эле «сахаба» деп аталган улуу даражага жетти. Азирети Абу Бакир, азирети Али сындуулар бир күндө жетти. Азирети Умар сындуулар бир канча айда жетти, дагы бирөөлөр бир жылда жетти дегендей. Кыскасы ушунчалык караңгы доордо жашаган сахабалар эки-үч гана жылдын ичинде ушунчалык бийик деңгээлге көтөрүлүштү. Ушундай көтөрүлүштү дейсиң, айтуулар боюнча, кыяматка чейин эч бир аалым, эч бир олуя алардын деңгээлине жете албайт. Аалымдардын бири: «Силердин эң жакшыңар да эң жаман сахабанын атынын мурдундагы чаңча боло албайт», – деген мааниде ой айткан. Ооба, ошентип жанагы өз кызын тирүүлөй көмгөн киши кийин мен деген аалымдар, мен деген олуялар да караандабай турган даражага чыкты. Ушунчалык оңолду. Ушунчалык жогорулады. Мурда ушунчалык мыкаачылыкты, ушунчалык наадандыкты кылып келген кишилер кийин жердеги курттарды да байкабай тепсеп, бир жерине зыян келтирип албайын деген ойдо бутуна коңгуроо байлап жүргөн даражага чыкты. Кантип? Кантип ал киши бир заматта ушунчалык тез өзгөрүп кетти? Эмне сыр бар мында? Себеби эмнеде?

Албетте, Пайгамбарыбыздын таасири, анын улуулугу, Курандын улуулугу деген факторлор да бар. Бирок, менин байкаганым боюнча, мында дагы бир нерсе тургансыйт. Ал «эл эмне дейт» деген түшүнүктөн кутулуу.

Тагыраак айтканда, ушул окуяны айткан сахаба жана дагы ушул сыяктуу кишилер түпкүлүгүндө анчалык деле жаман кишилер болгон эмес. Аларда деле абийир болгон. Аларда деле мээрим, аларда деле изги сезимдер болгон. Бирок, алар жөн гана ошол кездин коомуна, ошол кездин түшүнүгүнө, агымына каршы чыга албай калышкан. «Ал кезде кыздуу болуу уят эле», «Элдин алдында жүрө албай калдым» деген сөздөр ушуну билдирип турат. Болбосо ал өзүнөн-өзү эле кызын өлтүрүп койгон жок. Аны ушул кылмышка «эл эмне дейт» деген сезим түртүп алып барды. Кызы төрөлүп, сүйлөп, «атаке, кийимиң чаң болуп калды» деп күбүп калгандай деңгээлге жеткенге чейин чайналып жүрдү. Ошол кезге чейин бакты, чыдады. Акыры чыдабай, «элдин бетин карай албай» ушул мыкаачылыкка барды.

Пайгамбарыбыз пайгамбар болуп, элге тууралыктын, акыйкаттын гаранты болуп туруп бергенге чейин эл чайналып, каадаланган манаптардын, элге көрүнүү үчүн ар кандай амалданган популисттердин, жеке кызыкчылыгы үчүн кимди болбосун кан какшата турган мыкаачы тирандардын жана аларга жагынуу үчүн ар кандай жоруктарга даяр турган митаам жойпулардын таасиринде турушту. Качан Пайгамбарыбыз алардын бирөөнө да моюн сунбай, тууралык үчүн эч кимден тайманбай, жалтаңдабай, эч кимдин көзүн карабай, эч бир манапты, эч бир популистти ээрчибей туруп, түз жол менен басууга болорун көргөзгөндө жана мунун артында Алла Таала сындуу өтө улуу күч турганын билдиргенде гана, ансыз да кыйналып, бери карап күлүп, нары карап ыйлап тургандар дароо аны көздөй ооп кетишти.

Бул тууралуу кайсы бир изилдөөчүлөрдүн иликтөөсү да бар. Ал иликтөөдө психолог профессор атайын өзүнүн 7-8 кишисин даярдап туруп, арасына сырттан бир кишини кошот. Ал киши өзүнөн башкалар даярдалган кишилер экенин билбейт. Баары тең мага окшогон сырттан келген кишилер деп ойлойт. Анан аларды бир жерге отургузуп туруп тактага эки тең сызык, бир узунураак сызык сызышат. Андан кийин отургандарга булардын кайсынысы узун деген суроо берилет. Даярдалган кишилердин баары кыска сызыктардын бирөөсүн «эң узун сызык ушул» деп көрсөтүшөт. Баары ушул пикирди айтып келгенден кийин, сырттан келген кишиге да кезек келет. Ошондо ал киши тигилер айткан сызык узун эмес экенин көзү менен көрүп турса дагы, көпчүлүктөн чыга албай ошол сызыкты узун деп айтат.

Бул эксперимент ушул ыкмада көп кишиге жүргүзүлөт. Көпчүлүгү ушундай эле жоопторду айтып, өзү көрүп турганына карабай башкалар айткан сызыкты узун деп отура берет. Бирок, иликтөөчүлөр кийинки баскычта эксперименттин нугун өзгөртүшөт. Анда жанагы даярдалган кишилердин арасынан бирөө чыгып, кудум элдин ичинен чыккан чыгаан лидер сымал өз көз карашын айтып, беркилерге кошулбай турганын билдирет. Тагыраак айтканда, ал жерде отургандын баары кыска сызыкты узун деп жатса, тигил тайманбай туруп «Жок, ал узун эмес. Тигил сызык узун» деп чыныгы узун сызыкты көрсөтөт. Ошондо жанагы элди ээрчип отурган киши дароо ага кошулуп, чындыкты айтып баштайт. Эгер тигил тайманбас лидер жок кезде 75% киши туура эмести таара десе, андай лидер пайда болгондо акты көрүп туруп кара дегендер 5% гана болуп калат экен.

Ошону менен бирге, табигий жашоодо элдин 25 пайызы, өзү акыйкатты көрүп турса да, авторитетти ээрчип кете берээри далилденген. Демек, акыйкатка бекем турган киши жокто конформисттер 25%’дан 75%’га чыгат, андай чыгаан бар кезде 25%’дан 5%’га төмөндөйт. 

Биз мындан кандай сабак чыгарабыз?

Бүгүн деле абал ошол сыяктуу. Карап турсаң кайда болбосун эл эмне дейт деген түшүнүк. «Элге кеп болбойлу» деп той беришет. Элге кеп болбойлу деп чай беришет. Ал тургай апаларыбыз, эже-карындаштарыбыз «баягы эле көйнөгүн кийип келиптир» деп айтышпасын деп, улам бир той сайын жаңы көйнөк алышат. Эл эмне дейт деп карызга болсо да телефон алышат, карыздап болсо да үй салышат, карыздап болсо да кийим кийишет. Баарыбыз эле ошолбуз. Баарыбыз болбосок дагы, көбүбүз ошондойбуз. Ал тургай, азыркы учурда да элден уялганынан өз уулун өлтүргөндөр бар. Канчалаган кыз-келиндерибиз уулун таштап кетти. Наристесин таштанды челекке ыргыткандар, көчөгө таштап салгандар, ал эмес туалетке таштап салгандар болду. Ушунун баары «эл эмне дейт» дегендин кесепети кептенет. Бирок, ал кишилер чын эле жаман кишилерби? Чын эле ушунчалык мерезби? Өз баласын өлтүрүп жибергенчелик мыкаачыбы? Айта албайбыз. Балким аларга сабак боло турган, акыйкат андай эмес, мындай дей турган бирөө керек болуп тургандыр….

Кыскасы бул өтө күчтүү түшүнүк. Ушунчалык күчтүү дейсиң, нечендеген кишилер ушул сөздүн айынан карызга батат, ушул сөздүн айынан ачка калат, ушул сөздүн айынан калп айтат жана ушул сөздүн айынан өзүнүн кара чечекей уулун, кызын өлтүрөт. Керек болсо Пайгамбарыбызды жанындай көргөн абасы да ушул сөздүн айынан каапыр бойдон кетти десек болот. Ал Алла Элчисин бала кезинен бакты, бардык кыйынчылыктан калкалады, ал тургай бүтүндөй Мекке эли соода-сатыкты токтотуп, мусулмандарды үч жыл камалап ачка койгондо да Пайгамбарыбыздын жанында туруп берди. Бирок өлөрүндө «өлүмдөн коркуп ата-бабасынын динин чаныптыр дешпейби» деп туруп, Пайгамбарыбыз көз алдында көз жашын төгүп суранып турганына карабай Ислам динин кабыл албай койду.

Анан бизге окшогон карапайым адамдар кантип жеңет? Жаныбызда Пайгамбарыбыз сымал колдоочу жок. Пайгамбарыбыз сымал «ал туура эмес, бул туура» деп анык белгилеп берип турган ишенимдүү далил жок. «Ушул жолду басып, ушундай иштерди кылсаң тозокко түшөсүң. Мобул иштерди кылсаң бейишке киресиң» деп таасын айтып бере турган жол башчы жок. Кимди угат кайран эл? Кимден үлгү алып, кимди карап түздөнөт?

Бирок, кандай кылып, кандай айла тапсак дагы, бул маселеден кутулушубуз керек. Тигине, ошол эле мусулманчылык келгенге чейинки арап коому. Кай бирөө «эл эмне дейт» деген түшүнүк менен кыздарын өлтүрүп атканда, азирети Хатижа сындуу аялдар Меккенин эң байы болуп алыскы аймактарга чейин кербендерин жиберип соода кылып, анан анысы да аз келгенсип, элдин эмне дээрин ойлобой туруп Пайгамбарыбызга өзү сунушун айтып, өзү каалоосун билдирип жубай болуп алды. Улуу Инсандын улуулугун билип туруп ага түгөй болду. Болбосо ал деле ошол караңгы доордо төрөлгөн. Бирок аны атасы тирүүлөй көмүп салган жок. «Кыздуу болуп калдым» деп намыстанган жок. Анткендин ордуна ага кербенин, соодасын калтырып кетти. Хадижа энебиз Пайгамбарыбызга өзү биринчи сунуш айтып жүргөндө деле башка аялдар төмөн саналып, кор болуп турган. Эркекке биринчи сунуш айтып, баш кошкусу келгенин билдирмек тургай, балдарынын атасына сүйлөй алышкан эмес. Бирок, Хадижа энебиз «эл эмне дейттен» тартынган жок. Алла Элчисинин улуулугун билди да, бактысын сынап көрдү.  

Ушундан улам айтарым, жаман ишти жаман дейли. Жакшы ишти жакшы дейли. Узун сызыкты узун дейли, кыска сызыкты кыска дейли. Балким эл эмне дейт деп айла жок чыдап жүргөн жалгыз биз эместирбиз. Бизди көрүп дароо эле коштоп кетчүлөр чыгаар. Ким айтар экен деп чыдап тургандар бардыр. Жалгыз болсок да акыйкатты айтып калалы. Ошондо «эл эмне дейт» деп азап тартып, жаман ишке жолдош болуп жүргөндөн кутуларбыз.

Насыпбек Асанбаев