Устат азирети Бедиуззаман бир нерсенин жакшы жагын издеген киши жакшы ойдо болорун, жакшы ойдогу киши жашоосунан ырахат аларын айтат. Кандай кыйын убакта, кандай оор шарттарда болбосун адам пенде ушундай көз карашын сактап, эң негативдүү көрүнүштөрдүн да жакшы жактарын таба алышы өтө маанилүү. Себеби сыртынан караганда түрү суук, жаман көрүнгөн канчалаган нерселер, окуялар бар, бирок нары жагын карай келсең толгон-токой жакшылыктар катылып жатат. Ошондуктан, убакытка, окуяларга, кыйынчылыктарга нааразы болбош керек. Айлана толугу менен карарып, бир да жылчык калбаган, бардык нерсе соолуп, эң жандуу нерселер да томсоруп калган учурларда дагы колдон келишинче жакшы жактарын, пайдалуу учурларын көрүүгө аракет кылуу зарыл. 

     Биз “жакшы” же “жаман” деп баалаган жагдайларда жаңылышыбыз мүмкүн. Жакшы көргөн нерселер жаман, жаман деп ойлогондорубуз жакшы болушу мүмкүн. Акыйкатта, Кураны Каримде бул жагдай ачык-айкын, так баяндалган:
وَعَسَى أَنْ تَكْرَهُوا شَيْئًا وَهُوَ خَيْرٌ لَكُمْ وَعَسَى أَنْ تُحِبُّوا شَيْئًا وَهُوَ شَرٌّ لَكُمْ وَاللَّهُ يَعْلَمُ وَأَنْتُمْ لاَ تَعْلَمُونَ
“Силер жаман көргөн кандайдыр бир нерсе силер үчүн жакшы. Силер кандайдыр бир нерсени жакшы көрөсүңөр, (бирок) ал силер үчүн жаман. Алла  Таала билет. Силер билбейсиңер”. (Бакара, 2/216).

     Дээрлик бардык мезгилдерде адамзат тынчын кетирген бир катар сыноолорго туш болуп келген. Өзгөчө пайгамбар жолун кармангандар тынчтыкты, бейпилдикти дээрлик көрүшкөн эмес. Кээде каапырлар, кээде каапырлык сыпатындагы момундар алардын жашоосун кыйындаткан. Тилекке каршы, тарыхта жана бүгүнкү күндө момун-мусулман катары көрүнгөн канчалаган кишилер каршылаш санагандарын, душман деп ойлогондорун талкалап, эзип жок кылуу үчүн ойго да келбеген зулумдуктарды жасашууда. Жийиркеничтүү максаттарына жетүү үчүн бардык жолдорду туура көрүп, бардык айла-амалдарын колдонушууда. Жалганчылык, жөнү жок жалаа жабуу, каралоо – алардын эң башкы куралына айланды. Ошондой абалдарына карабай, алар өздөрүн момун-мусулманбыз дешет. Бирок, каапырларга тиешелүү сыпаттарды алып жүрүшкөнүндө эч кимдин шеги жок. 

     Азирети Бедиуззаман айткандай, ар бир каапырдын ар бир сыпаты каапырлык болбогондой эле, ар бир момун-пенденин ар бир сыпаты дагы момун пенденики эмес. Маселен жалган айтуу каапырлык сыпат. Эгер бир мусулман жалган айтып, жалган нерсени жазып жатса, бул киши каапырлыкка тиешелүү сыпатты алып жүрөт дегендик. Пенде бир жолу айткан жалганы менен каапырлыкка, эки жүздүүлүккө бир кадам таштап, ыймандан бир кадам алыстаган болот. Андай киши намаз окуса, орозо кармаса, ажылыкка барса да каапырлыкка тиешелүү жагдайды өзү менен кошо алып жүрө берет. Өзгөчө жалган маалыматын массалык маалымат каражаттары аркылуу калктын калың катмарына жеткирип, өчпөй тургандай басмалап, бекитип жаткан болсо, анда анын кабат-кабат күнөөгө батканы ошол. 

     Тилекке каршы, бүгүн кээ бир саясатчылар билип туруп жалган айтып, бир эле айтып тим болбой кайра-кайра кайталап жүрүшөт. Массалык маалымат каражаттары болсо анын жалган экенин билип турганына карабай калың элге сиңирүүдө жана кийинки урпактарга чейин өткөрүп берүүдө. Жадагалса кээде түшүндүрмөлөр менен, комментарийлер менен бул жалганды ого бетер көбүртүп-жабыртып чоңойтушууда. Кыскасы ооздон чыккан кай бир сөздөр бир канча кишинин ортосундагы жөнөкөй эле жалган болуп калбай, миллиондогон кишилерге чейин жетүүдө. Башкача айтканда, миллиондогон кишинин башы айланып, миллиондогон акыл-эс кирдеп жатат. 

     Бул жалганчылардын артында сүрөөнчүлөрү да бар. Жалганчылар эл оңой менен ишенбеген жалганды айтып, калың элдин катмарында шек-күмөн пайда кылган соң, артынан ушул сүрөөнчүлөр аралашып, тигилер айткан жалгандарга тирөөчтөрдү коюп бекемдеп, жамап-жаскап кирет. Апыртылган маалыматтарды чечмелеп, жоромолдоп отуруп ишенимдүү кылып көрсөткөнгө аракет кылышат. “Жаңылбас жаак болбос. Кичине туура эмес айтып алды. Айтайын дегенин толук түшүндүрө албай калды. Негизинен мындай айтайын деген болчу”, – деп, жалганчыларды эл алдында актоого, таза көрсөтүүгө аракет кылышат. Мындай жорук жалганчыларга ого бетер дем-күч берип, ого бетер күч алышат. Жалганчылар менен сүрөөнчүлөрдүн бири-бирине көрсөткөн колдоосунун айынан канчалаган таза инсандар күнөөлүү көрсөтүлүп, ар-намысы булганып, жийиркеничтүү зулумдукка кабылышты. Элдин сабатсыздыгы менен ээрчимелиги аларды ого бетер күчөтүүдө. Алар мындай кылыктары менен элдин аң-сезимин бузуп, коомду бөлүп жарууда. 

     Кимдин мүнөзү кандай болсо ошондой мүнөзүн көрсөтөт. Демек алардын аң-сезиминде өчөшүү, көралбастык, кекенүү жана душмандыктар жашынып жатат. Мына ошолорду элге көрсөтүп, нары жагындагы кутум ойлорун жүзөгө ашыруу үчүн шылтоо издешүүдө. Бир нерсе кылгандарды көрсө ичтери күйүп, көкүрөгүндөгү жалган жалааны сыртка төгүп салуунун амалын кылышууда. Ушундан улам колуна бурсат тийери менен өздөрү да таза экенинен шектенбеген он миңдеген кишиге жалаа жаап, күнөөлүүдөй көрсөтүүгө аракет кыла башташты. Кишинин оюна да келбеген жаман сөздөрдү айтышты. Негизи күзгүгө каранып көрүшсө, ошол айткан нерселери кимге жарашарын өздөрү аябай жакшы түшүнүшмөк. 

     Бирок ушул окуялардын баарына карабай, биздин мойнубуздагы милдет − пайгамбарлардай, олуялардай кайраттуулук менен эч тайсалдабай, эч тайманбай жолубузду улантуу, кыйынчылыктардын артында сакталып турган жакшылыктарды көрүүгө аракет кылуу болуп саналат. Себеби алар жакшы ойлорго, жакшы ойлор болсо жашоодон ырахат алууга себеп болот. Айтылып жаткан акаарат сөздөргө көңүл бурбай, эч кимге капа болуп маанайды түшүрбөй ишибизди уланта беришибиз керек. Жараткан кандай кылса да эң сонун кылат. Мыңк эткенге мыңк этип, кыңк эткенге кыңк этип, ар бир сөзгө жооп бере берсең убактыңды да, энергияңды да пайдасыз нерселерге сарптаган болосуң. Ошону менен бирге, жедеп такшалып бүткөн жалганчыларга, аларды кубаттап турган сүрөөнчүлөргө теңелүүгө да болбойт. Себеби алар күн сайын жаңы-жаңы калптарын айтып отура беришет. Айткан калптары да түгөнбөйт, сүрөөнчүлөрү да тажабайт. 

     Акыл-эсибизди мындай негативдер менен чарчаткандан көрө, буга чейин жасап келген жакшы иштерибизди уланта беришибиз керек. Адамзатка кызмат кылуунун алтернативдүү жолдорун издеп табалы. Орошон ойлорго сүңгүп, бийик максаттарга умтулуп, саныбыз бирөө болсо миң болуунун жолун карайлы. “Бул иштер менен эмнени кыйратып иймек элек?” – дебей, кичиникей иш-аракетти да аз көрбөй, колубуздагы бар мүмкүнчүлүктөрдү берекелүү колдонууга аракет кылышыбыз керек. Бүгүн жасалып жаткан кичинекей иштер эртең кандай мөмө берерин билбейбиз. Дин үчүн, эл-жер үчүн кылган кызматтарыбызды өзүбүздүн тар түшүнүгүбүз менен чектебейли. Баары Алла Тааланын колунда. Алла Таала кааласа тамчыны дайрага айлантат.  

     Эң негизгиси – оор сыноолорду ыраазычылык менен, сабырдуулук менен кабыл алып, акыретке ошонун кайтарымын ала турган болуп жөнөп кетүү. Кээде шайтан “Биз ушуга чейин эч кандай кайтарым күтпөй, жан дилибиз менен чуркап келдик. Мал-мүлкүбүздү, убактыбызды аябай кайрымдуулук кылдык. Эми ошончо кылганыбыздын акыбети ушундай болуш керек беле?!” – дегендей пикирлерди салып, нааразы болууга түртүшү мүмкүн. Буга окшогон Аллага кулдук кылуу түшүнүгүнө туура келбеген ойлорго кабылбаштын жолу – биз үчүн жол көрсөтүүчү, багыт берүүчү болгон пайгамбарлардын жашоосун карап, ошолорду карап түздөнүп, алардын изи менен басууда. Бир нерсени унутпайлы. Алланын эң көп сүйгөн пенделери − эң оор сыноолорго дуушар болгондор. Бул илгертен бери уланып келаткан Алланын буйругу. Башкача айтканда, бул Алланын өзгөрбөс мыйзамы. Куранда баяндалган пайгамбарлардын окуяларын карай турган болсок, алар сыноолордун эң ооруна дуушар болушканын жана ошол сыноолордун баарын сабырдуулук менен, ыраазычылык менен кабыл алышканын көрөбүз. Алла Таала бизди да ошолордун жолуна татыктуу эр азаматтардан кылсын!


Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2014-жылдын 17-августундагы баянынан алынды.

Которгон: Сейитбек Идирисов 

Редактор: Насыпбек Асанбаев