Түркиянын саясатчылары менен шайлоочусу 14-майдагы президенттик жана парламенттик шайлоого так ортосунан жарылган абалда кетип баратат. Социологиялык сурамжылоолор боюнча, оппозициянын лидери презедент Тайып Эрдогандан жогору добуш алмакчы   

Бардык жердегидей эле, Түркияда да президенттик башкаруу эки партиялык системага алып келди. Саясий көз-караштар азырынча формалдуу эки партияга ажырабаса да, партиялар “миллет” жана “жумхуриет” деген эки блоктун алдына чогула баштады.

Өткөн аптада, ичинен учурдагы президент Тайып Эрдоган да чыккан, исламчылдардын илгерки “Рефах” партиясын түзгөн Нежметтин Эрбакандын уулу Фатих Эрбакан бир аз назданган соң Эрдоганга макул деди. Ал президенттик шайлоого талапкер болбой, өзүнүн “Жаңыдан Рефах” партиясы менен бирге исламчыл Эрдоган менен ультра-улутчул Девлет Бахчели түзгөн “Жумхур иттифагына” кирмей болду.

Ошентип, исламчылдардын баары оппозициялык “Миллет иттифагына” кирбестен, бири Эрдоган тарапка өтө качты. Бул бир-эки апталык соодалашуудан кийин, катуу кетсе 2-2,5%дык жактоочусу бар партияга Эрдоган айласыздан, Түркиянын мажилисинде фракция кура алганчалык (23 тегерегинде) орун бергенге макул болгон. Себеби, Фатих Эрбакан президенттик шайлоодо андан ошол пайыздагы добушту жулуп кетмек.

Андан сырткары, күрт улутундагы хизбутчулардын “Худаапар” партиясы менен бирге, аялдардын жана башка көз-караштагылардын укугун басмырлаган эң радикал исламчыл талаптарlын тизмесин берип, Эрдоганга кол койдуруп алды. Ошентип, Түркиянын болочок парламентинде эң радикал ультра-улутчулдар менен исламчылдардын тобу да пайда болмокчу. Мындай радикалдардан турган мажилис түрк тарыхында биринчи ирет курулмакчы.

Эксперттердин айтымында, Эрдоган менен партиясы 20 жылдык бийлигинин натыйжасында, өзүнүн эзелки ашкере улутчулдук жана динчилдикке, исламды саясий кызыкчылыктары үчүн пайдалануу көрөңгөсүнө кайра кайтты. Бир апта мурун “20 жылдык күнөөгө орток болбойбуз” деген Фатих Эрбакан, эми Эрдоган менен жакындарынын арам тамагына он бармагын салган кез. Демек, мындай исламчылдар, жеке жана партиялык кызыкчылыктары үчүн, өлкөнү оттон кечирүүгө даяр экенин дагы бир жолу далилдеди.

Мында, “Жаңыдан рефах” партиясынын, Эрдоганды жек көргөн тарапташтары, парламенттик шайлоодо оппозициялык исламчыл “Саадет” партиясына добуш берери да күтүлүүдө.

Түрк бийлиги ордунда калыш үчүн 500 миң сириялык качкынга шайлоо укугун берерин билдирди. Бул кабарды Ички иштер министри Сулейман Сойлу айтып чыкты. Мынчалык добуш 80 миллиондук Түркияда таасир бербеши мүмкүн, бирок бийлик 3-4 миллион сириялык качкындын канчасын колдонуп коеру али табышмак.

“Аксой” сурамжылоо компаниясынын изилдөөсү боюнча, эгер шайлоо ушул жекшембиде болсо:

Эрдогандын АКПсы – 31%

Оппозициялык ЖХП – 28, 4%

Оппозициялык улутчулдардын ИЙИ – 12%

Күрт сициалисттеринин ХДПсы – 10,3%

Бийликчил улутчулдардын МХПсы – 7,2%, – алмак.

Эрдогандын АКП партиясы мынча аз добушту тарыхта биринчи жолу алмакчы. Демек, ортогу МНП менен бирге 38%дай добушке жетет. Оппозициялык “Миллет иттифагына” киргендер менен күрттөрдүн ХДПсынын добушу 53%га жакындаган.

Президенттик жарышта оппозициянын бирдиктүү талапкери Кемаль Кылычтароглу 55,6%, Тайып Эрдоган 44, 4% добуш алмакчы.  

Эми эксперттер оппозициялык блок менен парламентке кетчү партиялардын соодасынын жыйынтыгын күтүп турган чак. Анткени, Түркиянын конституциясы боюнча, маргинал партиялар да жогорудагы эки блоктун курамында парламентке кире алат.

Жансакта Сарбашов