«Сен туулган үй- бул сенин тагдырың», деген сөз Түркияда атагы чыккан бир психолог аялга таандык. Менимче таамай айтылган…
Бир тобубуз «Байлык кууба, акча жаман, азга шүгүр кыл, көп акча азгырат, жөнөкөй эле жаша…» деген насааттарды көп угуп чоңойдук окшойт. Биз көргөн кинолор, уккан жомоктор, чыгармалар жана миш-миштерде, адатта, бай, колунда барлар жаман каарман, ал эми колунда эч нерсеси жок, эртеден кечке иштеп курсак тойгузганга гана алы келген каармандар жакшы каармандар болчу…
Булардын баары, адатта, байлыктын кулу болбоону, аны кубалайм деп башка баалуулуктарды унутуп калбоону табыштап жатат деп ойлошубуз мүмкүн. Жок, мен буга кошула албайт элем. Бизге бул насааттарды айткандар да, ага кулак төшөгөндөр да жупуну, жөнөкөй жашоо менен кедей, жокчулукта жашоону, көбүнчөсү, аралаштырып алдык… Бул экөө такыр эки башка нерсе.
Менден бай тилемчи
Анкарада окуп жүргөндө, стипендиям бар, анан да бирөө жер үйүн, кароолчулук кылганча, бекер эле жашай бер деп берген болчу. Мындан сырткары анча-мынча фонддор студенттерге айына бир жолу бекер азык-түлүк да таратып турчу…
Кыскасы жанагы бир эле стипендиям менен үй-бүлө багып, окуй баштадым. Жогорудагыдай тарбия көрүп чоңойгонум үчүн, шүгүр кылып, ыраазы болуп «бай жашай баштадым» деп ойлоно баштапмын… Мен чоңойгон чөйрөнүн критерийлери боюнча, казан күнүгө кайнап, курсак ток, үстүң бүтүн болсо дээрлик байсың да. Алтургай кээде майрамдык маанай кылып, көздү жумуп туруп, жарым килограмм этти бир эле тамакка салып ийгенде «Кембагалдын бир тойгону – орто байыганы» деп ырымдап койчу макалыбыз да бар болчу. Күндө казан кайнап калса ошентип ойлонот экенсиң да анан…
Кыскасы өзүмдүн оюмда ошентип бай болуп жашап жүргөндө, түкөмдөрдүн баклавасына (таттуу) талгак болгондой эле, сүрүп жей баштаган элем. Башында чекеден эле сатып ала берсем, кийин тандап, жакшы жасаган жерден жечү болдум. Жанагы, кээбир чөйрөлөрдө винону бир ууртап туруп «Хмм… Бул вино мынабунчанчы жылы, паландай деген заводдон чыккан вино экен…» деп билип койгон «аброй» алып келгендей, анча-мынчада тиштеген баклаваны кайсы фирмадан чыкканын айта баштадым эле, достордун арасында…
Ошентип дээрлик күнүгө китепканадан кайтып келе жатып, жол бою баклава алчу жериме учурап, 5 лирага 4 даана (100 грамм) баклава алып келчү болдум. Айдаганың беш эчки ышкырыгың таш жараттан болуп, көтөргөнүм төрт бүдүр баклава, басыштарым байды уялтып, кудум эле, ар барганда, магазинди толук сатып алып чыккандай болуп жашап жүрдүм. Бул мен үчүн бардар жашап жаткандын белгиси болчу…
Бир күн адаттагыдай 4 даана баклава алып жатсам, бир тилемчи жолдо өтүп баратып мени көрүп, токтой калды. Колунда маркеттен азык-түлүк салынган эки пакети… Мага «Эй бала! Мага да алып берчи соопчулук үчүн. Көп эмес, бирар жарым килограмм алсаң болот…» деп мени аяп…
Мен ойлонуп көрсөм, акчанын көзүнө карабай, баклаваны жарым же бир килограмм алган учурум жылына 1-2 жолу эле болот экен; уяттуу мейман келип калат, майрам болуп калат дегендей… Бай кебетем менен болгондо да… Бул аял болсо жолдо өтүп баратып, планда жок эле жерден таттуу ала барайынчы дегенде, «минимум меркасы» жарым килограмм экен го деп таң калып калдым.
Бул окуядан таасирленип чөйрөмдө «Ээх, акча жок. Кыйналып, эптеп тиричилик кылып атам…» дегендерди карасам, менден жакшы жашашат экен… Алар үчүн ал шарт канааттандырарлык эмес экен, кыскасы…
Андан бетер кызыгып, адамдардын жашоо стандарттары тууралуу окуп жатып, кызык бир нерсе таап алдым. Кыскасы Түркияда өкмөт жылына «кызматкердин минималдуу айлыгы» деген стандартты белгилеп турат. Өкмөттүн эсеби менен 2 балалуу бир үй-бүлөдө бир киши, ошол минималдуу айлыкты алса, үй-бүлөнүн 1 айлык жашоосуна жетиш керек. Ал бир кыйла эле акча деген сөз, кыскасы. Өкмөт мындан сырткары «ачкачылык чеги» деген бир стандартты да жылына белгилеп турат экен… Мисалы, бул жылы минималдуу айлык акы 30 000 сом болсо, 15 000 сом “ачкачылык чеги” деп. Логика боюнча айлык кирешеси 30 000 сомго жетпеген, бирок 15 000ден көп болгон адамдар, ачкачылыкта жашап жатат деп эсептелет экен.
Анан мен айына алып жаткан стипендиям, «шабашкаларым», азык-түлүк, аркы-беркини эсептесем, менин айлык кирешем жанагы «ачкачылык чеги» дегенден да аз экен. Жана мен бул «стандартка» көтөрүрүлүп жеткениме эми эле 1-2 жыл болгон болчу, мурда андан да аз акчага жашаптырмын… Менин абалымды белгилеген критерий деле жок экен кыскасы.
Не дейбиз эми?
Кыскасы, оо башта айткан, чөйрөдөгү травмалар мага катуу «давит этип» койгонбу, кыскасы, ачкачылыктан да паста, жакшы жашап атам деп жүрө берипмин.. Мен го макул, өзүмдүн оюмдун жарасын өзүм тартам дегендей… Аялыма, балама ошол күндөрдү тарттырганыма ызаланам.
Өткөндө бир блог жаздым эле, «Бай жашагым келип, бизнесмендерге аралашып, кыйла тырталаңдап көрдүм. Анан капитализмдин эрежелери мени «Кой, сен жөн эле койчу…» деп, четтетип койду…» деп… Азыр ойлоп көрсөм, алгоритм ушундай экен да. Кудай мага көрсө «Эй Элмурат! Сен биринчи ачкачылыктын чегине жет, андан ашып минималдуу айлыкка жет, кийин орто киреше дегендей… Анан, бай болгуң келсе, караштырып көрөйүн. Өзүң аракет кылабы десем, ачкачылыктын астында жашап атып «Мен баймын» деп жүрсөң, каякка сени бай кылмак элем. Ойду, аң-сезимди оңдобосоң, сенин жашооңду мына мен Кудай болсом да оңдой албайм..» деген окшойт эле чамамда…
Кыскасы азыр акчага болгон көз карашым өзгөрдү. Акчаны туура колдонсо, сонун нерсе, ырахат тартуулайт. Өзүңдү эркин, күчтүү сездирет. Бала-чакаңды кепилдикке алып жашаган кандай сонун ээ? Мына ошону камсыздаш үчүн акча да шарт!.. Чөнтөктө акча жок болсо, алтургай маанай да көтөрүлбөй калат го чиркин…
Акчага мынчалык душмандай мамиле кылууну неге таңуулады билбейм, биздикилер. Алтургай, диний тармакка жакындай баштаганда тагдыр өзгөрөөр бекен десем.. Аң-сезимди адам өзү өзгөртпөсө аны дин эмес, Кудай деле өзгөртпөйт тура…
Бул жолкусунда «Кедей байдан мурда бейишке кирет экен, Кудай алдында байлыкка жооп бериш өтө оор болот экен, Пайгамбар кедей жашаган экен…» деген нерселер каптап кетти менин ойлорумду… Ал учурда бул түшүнүктөргө каршы чыга алган эмесмин. Аныгында, жокчулук себеп болгон, канчалаган коомдук маселелер бар эмеспи айланабызда…
Бүгүн, ой-пикирин өзгөртүп, утуру өстүрүп, эски түшүнүктөрдө убагы менен жоопко тартып келе жаткан Элмурат катары: «Мен Пайгамбардай боло албайм. Андыктан бай болуп жашагым келет… Бейишке кедей кишиден кийин киргенге, күтүп турганга да макулмун… Анан, мага Кудай мал-мүлк бере турган болсо, аларды максаттуу колдонуу боюнча Кудайдын алдында жооп бергенге да даярмын. Канчалык оор болсо болсун өзүм «атичаю»», – демекчимин…
Кээде шарт туруп, «…инстаграммдан сабак өтөм акчага» деген ойлор келет, тообо. Антейин десең биягы да кызык. Адатта ал жакта «…менин курсума акча төлөп окусаң, кийин өзүң мынча акча табасың, ишиң боп кетет, ваййй күйөөң сенден башкасын сапсим карабай калат» деген «брутуальный» кызыкчылыктарды убадалашат экен да… Мен “айтып берем, окутам” дегендеримде алар менен тең тайлаша турган «калибр» жок да… “Бейишке кирип кетиштин жолун үйрөтүп ийем” деп айта да албайм кашайып… Көөп сооп топтогонду, оңой жолдон күнөөлөрдү кечиртип ийгенди, кыска жолдон соопту кырып топтоп, бейишке оңой кирип кетишти үйрөтө албайм…
Бирок ушуларды айтып, адамдын сезимдерин колдонгон, аларды коркуткан, басмырлаган бир да «дин соодагерине» алданбаштын жолун айтып бере алыш колумдан келет… Бирок, бул азырынча, жеке баамымда, эч кимге керек деле эмес…
Дагы башка бир кесип окуйт окшойм… А кесип тандай элек жаштар, мени окуп жаткандар! Сиздерге сунушум, мен алданган түшүнүктөргө силер алданбаңыздар! Кандайдыр бир кадам таштаарда, материалдык пайдаңызды да сөзсүз эске алып, таштаңыз. Бул уят эмес, бул адепсиздик эмес, бул салтка, этикага, динге каршы келген нерсе эмес! Акчаңыз болуп жашагандын ырахатын тартыңыз, бул сиздин Кудай берген акыңыз! Аны сизден тартып алып коюшуна жол бербеңиз!
Элмурат Кочкор уулу