Суроо: Өтмүштөгү кастыкты козута турган маселелерди козгобой туруп урпактарга тарыхты кантип жеткирсек болот?
Жооп: Өтмүшү жок келечек болбойт эмеспи. Себеби эл үчүн анын өтмүшү тамыр сымал, өзөк сымал мааниге ээ. Келечек бир гана анын үстүнө тургузулуп, анын үстүнө гана бутак байлайт. Андыктан Зия Гөкалптын «Селсаяксың, сен календер эмессиң. Өтмүшүңө кылчактайсың, келечегиң билбейсиң!» деген сөзүнө Яхя Кемал: «Селсаяк да, календер да эмесмин, өтүмүшүмө тамыр салган келечектин өзүмүн» деп кыска-нуска жооп кайтарган.
Яхя Кемалдын жообу абдан маанилүү. Анткени жаркын келечек кургусу келген муундар сөзсүз түрдө тамырынан ажырабай, өтмүшү менен тыгыз байланышын үзбөшү керек.
Бизди биз кылган колубуздагы баалуулуктарыбыз, руханий жана өзөк тамырларыбыз. Буларды таяныч катары колдонуп, анын коргонуна баш калкалаган кезде аска-зоодой көк тиреп, эл арасында калыстыктын кепилдигине айланып, дүйнө жүзүнө үнүбүздү жеткирип келгенбиз. Ирландия аралдарынан Францияга, ал жерден Инди океанына чейинки аймактарда тынчтыктын өкүм сүрүшүнө зор салым кошконбуз. Ай чапчып турганыбызда солк эттирбей кармап турган бекем тамырыбыз, төш кагып сыймыктана турган тарыхыбыз бар. Буга көз жумуп коё албайбыз.
Ооба, өткөндү четке кагып, тарыхка далыбызды салуу менен келечекти түптөй албайбыз. Себеби биздин баалуулуктарыбыздын өзөгү өтмүштө. Ал өзөктөрдү жан дүйнөбүзгө улуу пайгамбарлар менен улуу пайгамбарлардын султаны, Адамзаттын Асыл Таажысы (саллаллаху алейхи васаллам) ыроологон. Алардан кийин Рашид халифалар, сахабалар, табииндер, мужтахид аалымдар, мужаддид аалымдар… Мына ушул улуу заттардын баары биздин тамырыбыз болуп саналат. Аларды көрмөксөнгө салуу бизди ар түркүн тексиздикке түртөт. Алардан кол үзүү менен тамыры кыйылган бакка, же желп эткен желге уюлгуган, бутагынан үзүлүп туш келди чачылып жаткан жалбыракка айланабыз. Кайсы шамал кайда учуруп кетерин, кайда түшүп, кандай жайга түшөрүбүздү билбейбиз. Эгер биз эң катуу бороон-чапкында да солк этпей бекем туруп, андан кийин туш-тарапка кайра тирилүүнүн жышаанын тартуулагыбыз келсе, анда ошол оодарылгыс тамырларды бекем кармашыбыз керек.
Тамырынан алыстап, өтмүшүн жоготкон эл сапарын андан нары туруктуу, чечкиндүү уланта албайт. Бир жерге туруктуу тура албаганы үчүн жолбун иттей жортуп, анда-мында бир тийип жүрө берет. Бүгүн бирөөнү ээрчисе, эртең дагы бирөөнү сагалайт. Мындай эл кудум мекен-жайын жоготуп, кайда барарын билбеген жандардай чечкинсиз болот. Учурдун шарттарына, абалына жараша кубулуп, бүгүн «туура» дегендерин эртең танып, «туура эмес» дешет. Бир күнү бир философияны, же бир идеологияны жактаса, кийинки күнү башка идеологиянын жактоочусу болот. Бүгүн бул көз карашты жактырса, эртең башканы жактырат. Себеби, убакытты саймадай сая турган туруктуу жүзаарчысы, негизги эрежелери жок. Эгер улуттук пайдубал түптөлө турган болсо, ал бир гана туруктуу эреженин үстүнө түптөлөт. Рухубуздун портретин кайрадан тарта турган болсок, аны бир гана руханий жана улуттук тамырыбыздын үстүнө, бизди биз кылган баалуулуктарыбызды калем кылып тарта алабыз.
Биздин маданий мурасыбыз; эң алгач негизги булактарга (китеп, сүннөт, ижма, кыяс), анын артынан кайра эле салафи салихиндин (баштапкы мусулмандардын) чыйыр салган кошумча булактарга (истихсан1, истисхаб2, масалихи мурсала3, садди зара-и4) жана калам, тасаввуф сымал эрежелерге таянат.
Албетте, биздин өтмүшүбүздү, маданиятыбызды, баалуулуктарыбызды түзүп турган башка байлыктарыбыз да бар. Акыл-эстен сүзүлүп чыккан, абийир менен жан дүйнөнүн ортосунда тогошуп, тажрыйбалар менен пайда болгон, билимдин мүмкүнчүлүктөрү менен колго тийген жетишкендиктер, баалуулуктар жана мурунку үммөттөрдөн, ата-бабаларыбыздан мурасталган каада-салттарыбыз, үрп-адаттарыбыз бар. Булардын баары бир жагынан заманга жараша бааланса, бир жагынан негизги принциптер деп аталган «үммүхат»5 менен «мухакематтын»6 калбырынан өткөрүлгөн. Куран менен Сүннөткө карама-каршы келгени, доордун рухуна дал келбегендери эленип кала берген.
Руханий жана маданий тамырларыбыз тууралуу кеп кылып, тарыхка сый-урмат көрсөтүү, өтмүш менен байланышты үзбөө деген нерселер жөнүндө сүйлөгөндө мына ушунун баарын жана алардын негизинде түптөлгөн каада-салт менен маданияттын негизги элементтеринин сакталуусун, бүгүнкү күн менен келечекти түптөөдө аларды негизги өзөк катары, таяныч катары карманууну айтабыз. Мына, ушул өңүттөн алганда тарых түшүнүгүнө эгедер, ошол эле учурда жашап аткан дооруна саресеп сала алган инсандар жана коомдор келечекке кепил болушат. Алар жерге терең тамырлаган жана бийиктикти карай көөдөн керген чоң чынар терек сыяктуу. Тамырлары бекем болгон үчүн катуу шамал да, күчтүү толкундар да таасир эте албайт. Жердин чаң-тозоңун чыгарган куюн да аны солк эттирбейт. Удаама-удаа агып өткөн кылымдар мындай тамыры бекем даракка алы жетпейт. Убакыттын өтүшүнөн, доорлордун өзгөрүүсүнөн куурап калбайт. Ал Куранда айтылган «шажараи таййиба (кооз бак)» (Ибрахим сүрөсү, 14/24-25) сыңары, мезгилдин шартына, учурдун талабына, замандын берген баасына жана адамзаттын муктаждыгына жараша ар бир мезгилде ар кандай жемиштерди берет.
Ал эми өткөн тарыхынан кол үзгөн инсандар менен коомдор тамыры кыйылган бактарга окшош. Алар өз ордунда бекем тура алышпайт. Ооба, алар бүгүнкү күнүн текке кетиргени аз келгенсип, келечегин да караңгылатышат. Бардык нерсени бүгүнкү күнгө жараша гана баалашат. Мындайча айтканда, аларды келечеги жок киши катары кароого болот. Анткени тамыры терең өтмүшкө таянбаган иштердин келечеги да болбойт.
Өтмүштөгү душмандыктарды козутуу
Суроодогу урпактарга тарых түшүнүгүн берели деп жатып илгери болуп өткөн чыр-чатактардын кайрадан козголбоосуна дыкат мамиле кылалы дегени өтө маанилүү. Өзүбүз туура болсок да, болбосок да, айтор өтмүштөгү терс жагдайларды азыркы күнгө сүйрөй келбеш керек, алардын арты менен жаңы кастыкка жол ачылбашы абзел. Мурда ар кандай себептерден, ар кандай абалдардан улам чоң согуштар тутанып, көптөгөн коомдук окуялар ишке ашып, алар оор трагедияларга алып келген.
Кай бир жерде сүрмө топ психологиясы козголсо, кай бир жерде кекенүү, жек көрүү сезимдери күч алды. Кай бир жерде айрымачылыктардын айынан пикир келишпестиктер чыгып аягы барып чыр-чатакка айланган. Натыйжада, көптөгөн нааразычылыктар, зулумдуктар, мыкаачылыктар жүзөгө ашкан.
Биздин бүгүнкү милдетибиз ал жараларды казып чыгып, жаңы кастыктарды жаратуу эмес. Мүмкүн болушунча өткөндөгү терс көрүнүштөрдү согуштун жаңы шылтоосуна айландырбашыбыз керек. Бир учурларда бирөөлөр силердин өмүрүңөргө, ар-намысыңарга, мал-мүлкүңөргө коркунуч келтирип, мекениңерге кол салып, желкеңерге мылтык кезегендир. Ата-бабаларынын катачылыктарын айтып, бүгүнкү кишилерди күнөөлөгөндөн пайда жок. Тескерисинче, мындай айыптоолор, сындоолор жек көрүү, кек сактоо сезимдерин пайда кылып, душмандыкка алып барат. Биз жек көрүүгө, кек сактоого, касташууга себеп болчу кандай жагдай болбосун баарын тарыхтын табытына салып, доордун дөбөсүнө көмүп, үстүнө үйдөй таштарды үйүп салышыбыз керек.
Албетте, тарыхтагы айрым окуяларды унутуп, кечирип жиберүү оңой эмес. Кээ бир жагымсыз окуяларды ойлогондо кабыргабыз кайышып, өпкө-боорубуз сыздап, жүрөгүбүз ооруйт. Кээ бир жамандыктарга, кыянаттыктарга жана бүлгүндөргө кылчайбай коё албайбыз. Каалайбызбы, каалабайбызбы, бул окуяларга ачууланып, “эмнеге минтишти”, “эмнеге антишти” деп ойлонобуз. Бирок буларды кеп кылып көбүртүп-жабыртуу менен алек болуп, дүйнөнү дүрбөлөңгө салып, жаңы-жаңы душман очокторун түзүүнүн ордуна, тарыхтан, тажрыйбадан сабак алып, окшош окуяларды кайталабоо үчүн өзүбүзгө тиешелүү милдеттерибизди аткарып, жалпы тынчтыкка салымыбызды кошуубуз керек.
Ооба, өтмүшкө байлануу менен өтмүштө болуп өткөн окуяларды жаңы чыр-чатактардын себептерине айлантпоону бири-бирине алмаштырбоо зарыл.
Баш-аягыбызды жыйып, кайрадан жаңы жан дүйнө, жаңы түшүнүк менен бутка туруу үчүн тарыхты туура жана мыкты түшүнүп, аны аңдоо абдан маанилүү болсо да, өтмүштөн бүгүнкү күнгө алып келчү нерселердин бизге жана башкаларга пайдалуу болуусуна ынануу бул жолдун эң оңтойлуусу.
Бир жагынан жүрүм-турумубуз, кылган мамилебиз, кеп-сөзүбүз, ойлогон ойлорубуз менен барган жерибизди да кооптуу кылып албайлы. Алдыбыздан чыкчу кишилерди жырткычка айлантуу, өзүбүзгө кол салуусуна түрткү берип, шыкактоо апендинин иши. Себеби жек көрүүнүн, өчөшүүнүн, көрө албастыктын, жинденүүнүн бүгүнкү күнгө чейин адамзатка бир тыйынчалык пайдасы тийгенин көргөн жан жок.
Биз келечекте согуш болушун эмес, тынчтык болушун каалайбыз жана ушул багытта бара жатабыз. Ал үчүн баары менен жакшы мамиледе болууга мажбурбуз.
Жаңы душмандарды пайда кылуу мындай турсун, бизге душмандыгы барлар менен да кандайдыр бир ыкма аркылуу достошуунун жолдорун табышыбыз керек. Кучагыбыз баарына ачык болсун. Ушунчалык кең пейил бололу дейсиң, пейилибизди көргөн жандар босогодо калам деп ойлобосун. Кишилердин бул сезимин ойготуу үчүн колдон эмне келсе баарын жасайлы. Адамзат коркунучтуу курал менен ар кандай мыкаачылыктарды кылып жаткан учурда дүйнөдө тынчтык орнотуу мүмкүн эмес. Сүйүү, сабыр, бир туугандык, тынчтык сыяктуу баалуулуктар орнобосо, адамзат бул кооз жер шарын жутуп, талкалап, өз колу менен кыйратышы мүмкүн.
Алла Таала бизге булардын баарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк береби-бербейби, билбейбиз. Чындыгында аны билүү биздин милдетибиз да эмес. Биздин милдет – көзүбүз өтүп кеткенге чейин карманган жолубуздун акысын берүү, мойнубуздагы аманатка бекем болуу. Аны чамабыз жеткен жерге чейин алып барып, андан соң артыбыздан келген кийинки муундарга өткөрүп беребиз. Ушул күнгө чейин ар бир адам түшүнүгүнүн тереңдигине жараша жакшылык катары бир нерселерди кылып келген болсо, анда биз да ошону жасайлы. Адамзатты бейкуттукка жеткирчү жолдогу тикенектерди жулууга, кыйынчылыктарды жана кырсыктарды минималдаштырууга аракет кылалы. Колубуздан келген нерсени кылган соң, калганын Эгебизге тапшырып, Анын ырайымына баш калкалап, «Калганы Жаратканга аманат. Ал кандай кылса да ыраазыбыз!» деп Эгебиздин кемчиликсиз иштерине абай салып суктанып туралы…
1Истихсан – артык көрүлгөн чечим, өкүм.
2Истисхаб – өкүмү өзгөргөнүнө далил жок болсо, мурдагы өкүмдүн өзгөрүүсүз калышы.
3Масалихи мурсала – каршы же тастыктаган далил болбогон, адамдарга пайдалуу нерсе.
4Садди зара-и – жамандыкка алып барчу иштерге тыюу салуу, арам же зыяндуу нерсенин алдын алуу, тосуу.
5Уммухат – негиздер, негизги булактар.
6Мухакематтын – ачык далилдер, өкүмү так аяттар.
Бул макала 2015-жылдын 7-июнундагы баяндан алынды.
Которгон: Тойчубек Сагындыков, Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев