Тайып Эрдоган менен ынтымакташкан партиялар андан оолак болууга аракет кыла баштады. Оппозиция булушунча биригүү аракетинде. Бийликчилдер саясий сооданы шайлоодон кийинкиге калтырууда, оппозиция болсо ал сооданы шайлоого чейин бүтүрмөкчү   

14-майдагы президенттик шайлоого Мухаррем Инжени спойлер катары киргизген Тайып Эрдоган добуш берүүнүн экинчи турун эңсеп турат. Анткени ошол эле күнү өтчү парламенттик шайлоодо ультра-улутчул Девлет Бахчели менен бирге курган “Жумхур иттипагына” кирген партиялар түрк межилисинде көпчүлүк орунду алса, Эрдогандын президенттик шайлоонун экинчи турунда оппозициянын орток талапкери Кемаль Кылычтароглуну жеңип алам деген үмүтү бар.

Демек, “шайлоо жеңген машина” атаккан Тайып Эрдоганда бул ирет “президенттик шалоонун биринчи турунда жеңип чыгам” деген үмүт жок. Ошондун улам саясий эксперттердин баары учурда парламенттик шайлоого кирген партиялардын электоралдык пайызына үңүлүп турган кези.

Девлет Бахчелинин МХН партиясы 87 шайлоо участогунда өз талапкерлерин түртөөрүн билдирди. МХП’нын “Жумхур иттипагына” киргени менен өзүнчө тизме менен шайлоого аттанганы, Эрдоган үчүн шайлоодон кийинки эсеп-кысапты оорлоштурат. Себеби, бул иттипакка кирген партиянын баары шайлоого өздөрүнүн логосу менен аттанса, учурдагы мыйзам боюнча, иттипак межлисте 10-15 орун аз алат дейт эксперттер.

Оппозиция тараптагы ультра-улутчул ИЙИ партиясынын лидери Мераль Акшенер айым “Миллет иттипагын” бирге курган Кемаль Кылычтароглуна капыстан аккарат кылып, бирок эртеси кайра кайткан күндөн тартып, саясатчы айымдын партиясынын тарапкерлери дароо азая баштаган. Бир бөлүгү ошол эле Кылычтароглунун ЖХП’сына кетсе, бир бөлүгү спойлер Мухаррем Инженин “Мемлекетине”, калганы Эрдоганга каршы болсо да, добушун адатынча МХП партиясына бермекчи болуп турат.

Ошондон улам “Жумхур иттипагындагы” МХП, парламенттик шайлоого ар бир ультра-улутчулга таанымал логосу менен катышып, андан кийин саясий соода дасторконуна отурмакчы болду. Кээ бир серепчилер, Девлет Бахчели Тайып Эрдогандын президенттик шайлоодо уттураарын болжоп, анын өзүнөн жана АКП партиясынан оолак болоюн деши мүмкүн, дейт.

Ошол эле убакта оппозиция “Миллет иттипагы” жана “Алтылык үстөлдүн” алкагында катуу кызматташып атат деген кабарлар бар. Бул эки уюмга кирген партиялар парламенттик шайлоого бирдиктүү тизме менен кирүү ниетинде дешет. Демек, кайсыл партия, кайсыл жерде күчтүү болсо, оппозициянын талапкерлери ал участокто ошол партиянын тизмеси менен кирмекчи. Тактап айтканда, бири-бирине атаандаш болбойт.

Сурамжылоолор боюнча “Миллет иттипагы” бийликчил “Жумхур иттипака” караганда парламентте азыраак орун алчудай болуп турат. Ошондуктан эч бир иттипакка алынбаган күрттөрдүн ХДП партиясы менен да шайлоо участокторунда атаандаш болбогонго аракет кылып турган чагы. Анткени, өкмөт түзгөндө да, президенттик шайлоонун экинчи турунда да күрт шайлоочунун добушуна муктаж. Кийин, күчөтүлгөн парламенттик башкаруу системасын референдумга чыгаруу үчүн да оппозиция үчүн күрттөрдүн ХДП’сы зарыл.

Жансакта Сарбашов