Чын эле, кыргыздын макалында айтылгандай, “Калптын казаны кайнабайт” экен. Түркиядагы эң абийирсиз жалган – 2016-жылдын 15-июлундагы “аскердик төнкөрүш аракети” болгон. Ал жалганды сүйлөгөн бийлик менен анын колдоочулары, ошол күндөн тартып, жалгандын үстүнө жалган сүйлөөгө мажбур болуп, акыры оңбой калды

1-жалган:

Төнкөрүш кылууга аракет кылышты деген күнөө/айыптоо менен жүз миңдеген кишинин тизмесин алдын ала жазган түрк бийлиги, Улуттук коопсуздук кызматы (MIT) “төңкөрүш” болуп атканынан кабардар болушкан эмес.

2-жалган:

MITтин, армиянын, полициянын ж.б. бардык күч органдарынын баарын көзөмөлдөгөн Түркиянын президенти Тайып Эроган “төңкөрүш” окуясын “жездесинен уккан”. Кабар бербеген MIT’тин башчысы эмдигиче өз кызматын аркалап келет, ал кездеги Генштабдын башчысы “төңкөрүштөн” кийин коргоо министри болду.

3-жалган:

2016-жылы, 11-июль күнү кечинде президент Эрдоган Мармаристеги мейманканага барган, дайыма анын жанында жүргөн жансакчылары төрт күндөн кийин төңкөрүшкө катышмак экен. “Төңкөрүш” түнү жана күнү Тайып Эрдогандын жанында 24 саат бою жүргөн жансакчылары төңкөрүшкө катышууга аракет кылышкан имиш, бирок негедир катыша албай калыптыр.

4-жалган:

Ал түнү президенттин учагын коргогон, түрдүү куралга ширелген тик учактардын пилоттору да кийин “террорчу” болуп чыгып, президенттин жансакчылары менен бирге капаска солонушкан.

5-жалган:

15-июль, жума күнү болчу, жума намаздарда дайыма шоу кылган Эрдоган Мармаристеги Чамлыкөйү мечитине барууга даярдык көргөн. Бирок кокусунан эле ооруп калып, жумага барбай калган.

6-жалган:

“Төңкөрүштүн” максаты боюнча, президент кармалышы керек болуптур, бирок ал ишке ашпай калыптыр. Аны менен кошо камакка алынуусу пландалган премьер-министр, ички иштер министри, адилет министри, тышкы иштер министри жана башка министрлер менен кошо депутаттардын бири да кармалбай калыптыр.

7-жалган:

Президентти кармоого бара турган аскердик күч мейманканага “капыстан” 3 саат кечигип калган имиш.

8-жалган:

Эрдоганды кармоо үчүн чектелген генерал-майор Гөкхан Сөнмезатеш жетектеген спецнац Измирдеги аскердик авиация бөлүгүндө 4 саат кармалып калган. Бирок бул тууралуу Аскердик аба куралдуу күчүнүн жетекчиси кабардар болбогону таң калтырат.

9-жалган:

Ошол күнү президент Эрдоган турган мейманкананын жанында жайгашкан, 4000 аскери бар Түркиянын эң күчтүү Аксаз деңиз флотунун 2-аскердик бригадасы курчоого алган эмес. Деңиз флотунун жеткечиси Намык Алпер болсо 16-июлда төңкөрүшчү деп  камакка алынган.

10-жалган:

Көзгө сайса көрүнбөгөн карангыда майда нерсени көрө алгандай жабдыктары бар аскердик тикучактар, караңгы болгону үчүн, Даламандагы Эрдогандын учагын көрбөй калган.

11-жалган:

Анкарадагы түрк парламенти менен ички иштер бөлүмүнүн имараты аскердик тезучактар менен бомбанган. Бирок президенттин аксарайы менен MIT имаратын бутага алса да жардыра албай калган.

12-жалган:

Ошол түнү Стамбулдун мечиттеринде атайын азан чакырткан Дин иштери башчысы Мехмет Гөрмездин төңкөрүштүн алдында MIT’тин башчысы Хакан Фидан менен кокустан жолугуп баарлашып калган имиш.

13-жалган:

Босфор көпүрөсү бир жактуу жабылып, тажыйырбасыз аскерлер менен курчалганы да кокусунан болгон иш экен. Бирок көпүрөнү жабууга акылы жеткен байкуштар коомчулукту тез уюштуруу боюнча чоң ролу бар инстаграм, фейсбук, твиттер сыяктуу соцмедияны блоктогонду унутуп калыптыр.

14-жалган:

Түркияда далай жолу ишке ашкан аскердик төңкөрүштөр дайыма, эл таттуу уйкуда жаткан, таңга маал кылынчу. Бул жолу “кокустан” ысыктан чарчаган кишилер көчөгө чыккан кечки сааттарда башталган.

15-жалган:

Төңкөрүштүн талаптары Мамлекеттик биринчи каналдын (ТРТ) негизги берүүсү болгон “А-Хаберден” бир саат мурун жарыяланат, бирок ал убакта ТРТ “төңкөрүшчүлөр” тарабынан басып алынган эмес.

16-жалган:

Төңкөрүшчүл аскерлердин баары “bylocke” тиркемесин колдонушчу экен, бирок төңкөрүштү WhatsApp аркылуу уюштурган имиш.

17-жалган:

Төңкөрүштөн бир күн мурун атайын кызмат бөлүмүндө MIT башчысы  Хакан Фидан, Куралдуу Күчтөрдүн жетекчиси Хулуси Акар, спецнацдын башчысы генерал-майор Зекаи Аксакаллы 6 саат бою, адаттан сырткаркы кеңешме өткөрүшкөн. Бул чогулушта жайкы күн тартибиндеги адаттагы маселелер каралган имиш.

18-жалган:

Куралдуу Күчтөрдүн башчысы Хулуси Акар карамагындагыларга “Аскердик бөлүктөн эч ким кетпесин!” – деген  бир эле буйрук берсе, бардык аракет токтоп кала турган ишке буйрук бербей туруп алганы кызык.

19-жалган:

Катардагы аскерлер менен жаш курсанттарды, төңкөрүшчүл деген кине коюп, өмүр бою жазага тарткан бийлик, төңкөрүштүн негизги каарманы катары билинген Адил Өксүздү кокустан бошотуп жиберген имиш.

20-жалган:

Түркиянын президентинин мурунку кеңешчиси Али Осман Сарыкожа, Адил Өксүз камалып турган жандарма бөлүмүнө кокусунан кирип барып, анын бошотулуусуна себеп болуп калган имиш.

21-жалган:

Төңкөрүш тууралуу 15-июль саат 16’да кабар алган MIT кызматынын башчысы Хакан Фидан, Куралдуу күчтөрдүн башчысы Хулуси Акарга маалымат берген эмес. Бирок бул кооптуу маалыматка көңүл бурбай, жан сакчыларын калтырып, аскерлерге карай барып, Хулуси Акар менен чай ичкен.

22-жалган:

MIT кызматы төңкөрүш боюнча Президент Эрдоганга кабар берүү үчүн байланышка чыга албай койгон имиш.

23-жалган:

Стамбул шаарында аскерлерге зомбулук кылган мурунку аскер кызматкери Али Түркшен 15-июлдан бир күн мурун эргүүсүн кокустан токтотуп, Стамбулга келип калган экен. Президенттин партиялаштыры да бир-эки күн мурун Стамбулга капыстан келип калбаганы кийинчерек маалым болгон.

24-жалган:

Улуттук парламенттин алдында төңкөрүш боюнча түзүлгөн комиссия, төңкөрүштүн эң негизги “жабырлануучулары катары” чакырыла турган Режеп Тайип Эрдоган, Хакан Фидан жана Хулуси Акарды комиссияга чакыруунун “зарылчылыгы жок” деген.

25-жалган:

Мамлекеттик телеканал тарткан “Куртлар Вадиси” аттуу сериалдын режиссерлору 15-июлдан канчалаган ай мурун “Куртлар вадиси-төңкөрүш” атту серияга лицензия/паетнт алуу боюнча тиешелүү мекемеге кайрылышкан болчу.

26-жалган:

Эрдоган 15-июль төңкөрүш окуясын “Кудайдын белеги” деген сөздү жөн эле айтып койгон имиш.

27-жалган:

15-июлда саат 14:45’те Х.А аттуу майор MIT’ке төңкөрүш боюнча кабар берүү үчүн барган. Бул маалыматтан соң Хулуси Акар, Хакан Фидан жана башка жогорку командирлер генштабга барышып, төңкөрүштү алдын алуу боюнча кандайдыр бир чараларды көрүшкөн. Бирок кандай чара көрүлгөнүн ким билсин, жарым күндөн кийин төңкөрүшчүлөр тарабынан кармалып, таң атканга чейин алардын колунда калган имиш.

28-жалган:

Хулуси Акар ошол күндөгү “төңкөрүш аракетин” кандайдыр бир чоң пландын бөлүгү болгонун айтып, бирок алдын ала турган чара катары, эмнегедир Абаа аскердик курсанттык окуу жайын зыярат кылууга буйрук берген.

29-жалган:

Төңкөрүштү боюнча кабар берген майор Осман Каража, мурунураак Түрк Куралдуу Күчтөрүнүн чечими менен кызматтан кетирилген болсо да, кайрадан MIT кызматына дайындалып калышы да кокустукпу?

30-жалган:

Аба Куралдуу Күчтөрүнүн башчысы Абидин Үнал, кол алдындагы командирлери менен чогуу, ошол кечте Стамбулда боло турган тойго кетишкен. Саат 20:30’дан баштап төңкөрүшкө каршы күрөштү баштаганын айтса да, алдын алуу иштери үчүн жанындагы командирлер менен ыкчам жыйын өткөрбөгөнү таңкалтырат. Ал, кийин “төңкөрүштүн башчысы” аталган, Анкарада кызынын үйүндө эс алып аткан Акын Өзтүрктү аскердик аба базасына жөнөтүүнү эп көргөн. Абидин Үнал аскерлер келип салондон кармап кеткенге чейин тойдон чыккан эмес.

31-жалган:

Генерал Акын Өзтүрктү төңкөрүштүн негизги фигурантты катары айтып келген MIT кызматкери Садык Үстүн, көп өтпөй эле соттук теришитүүгө катышпашы үчүн, Австралиядагы Түрк Элчилигине дайындалганы да кокустукпу.

Ал ошол түнү Зекаи Аксакаллыга чалып, ага телеканалдарга чыгууга жана журналисттерге интервью берүүгө көмөктөшкөн. Төңкөрүштү алгачкы минуталарынан баштап жамаат уюштурду деп жар салган да Садык Үстүн болчу, бул да кокустук имиш.

32-жалган:

Төңкөрүш боюнча CNN каналында Эрдогандын түз эфирге чыгуусун MIT кеңешчиси Нух Йылмаздын уюштуруусу да капыстан болуп калган имиш.

33-жалган:

15-июлда жамааттын адамдары деп, тизмеге алынган аскерлердин баары казармага чакырылган, бирок негедир төңкөрүштү уюштурууга Түрк куралдуу күчтөрүнүн 0,5 пайызы гана катышкандыгы тууралуу айтылган.

34-жалган:

15-июлда карапайым элди тебелей турган танктардын глушителине калк футболка тыгып (!) токтотулгандыгы айтылган.

35-жалган:

Ошол күнү каарман аталган Шерифе Боз аттуу аял Стамбулдун Таксим районуна жүк ташыгыч машинеси менен барып төңкөрүшчү аскерлерге каршы тургандыгы айтылган. Кийин ал аялдын автомашина айдай албай тургандыгы белгилүү болгон.

36-жалган:

Президенттин сарайына баран жолдор жүкташгыч машинелер менен торолгонуктан, башка аскерлер жетишип келе албагандыктан, 2500 полис кызматкерлери кайтарган жерди 13 аскер басып алган имиш.

37-жалган:

15-июлда төңкөрүштөн кабары жок жүргөн MIT башчысы Хакан Фидан креслосуна бекем отурууга жетишсе, Хулуси Акар болсо Коргоо Министри болуп дайындалды. Ал эми төңкөрүшчүлөр тарабынан барымтага алынган Яшар Гүлер болсо Түрк куралдуу күчтөрүнүн генштабдын башчысы болуп дайындалды.

Жогоруда айтылгандар ал түндүн жалгандарынын бир гана бөлүгү. Күн өткөн сайын ал күндөргө тиешелүү башка жалгандар айтылып жатат. Ал жалгандарды башка жалган сөз менен жашырган түрк бийлиги дүйнөнүн да өз элинин да ишениминен чыкты.

Жансакта Сарбашов