15 января 2016 г. 11:23 460

Сауд Аравиясы менен Ирандын ортосундагы от тутанып бараткандай. Мусулман жана мусулман эместердин демографиялык өсүшүн салыштырганда мусулмандар дүйнөдөгү согуштук аймактардан алыс болушса, же ал өрөөндөн качып чыгышса, утушка ээ болчудай

Батыш менен Орусия «картайып» баратат

«Аргументы недели» гезитинин 2015-жылын жыйынтыктаган санында белгилүү серепчи журналист Вячеслав Костиков: «Европа мамлекеттери менен жарыша «карып» бара жаткан Орусия калкынын 13 пайызы 2015-жылы 65 жаш босогосун аттап өттү. 15 жылдан кийин бул көрсөткүч 19-20%га жетиши мүмкүн», – деп жазган. Фактыларга саресеп салган журналист эркектердин аялдардан аздыгы кырдаалды ого бетер курчутууда деген ойду айткан. Ал карып бараткан муундун өкүлдөрү бийликке ээлик кылгандыктан эскиликти сактап калуу аракеттери күч алып, жаштардын демилгелери басмырланат. Мындан улам мамлекеттин алдыга жылуусу басаңдап, башка элдерден артта калуу коркунучу көбөйөт деген жоромолду кылган. Вячеслав Костиков макаласында бул көрүнүш жалпысынан «Батыш» деп аталып келген мамлекеттердин баарында күч алып бара жатканын белгилеген.

Согуш казанында ким куурулуп жатат?

Жакынкы же Орто Чыгыш деп аталган кеңири аймакта согуш оту улам барган сайын алоолонуп күйүп барат. Мусулман мамлекеттери делген өлкөлөрдүн жаштары жана ислам менен жаңы эле таанышып, «бул дин ушуну буюрат» турбайбы деген туура эмес түшүнүктөгү Европанын жаштары жетим көпөлөктөргө окшоп, так ошол согуш отуна учуп барып күйүп кетип жатышат. Алар бул согуштун сормо сазына малынып, жок болушууда. Эки тарапка жан тарткан Батыштык коалиция менен Орусиянын учактары теменени көзгө аткан жана жердин жети катына чейин кирип жардырган куралдарга ээ. АКШ дүйнөнүн курал базарынын 50гө жакын пайызын ээлейт. 10 пайыздык көрсөткүчкө жеткен Орусия болсо курал сатуудан түшкөн кирешесин быйыл 50%га арттырган. Албууттанган мусулман жаштарга арача түшкөндөрдү да ушул эки күчтүү тайпа жетектейт. Бул согуштарда мусулман жаштары эле кырылышпаса, алардан башка эч ким согушпайт.

Мусулман аалымдары эмне дейт?

Ислам динин терең түшүнгөн жана заманбап дүйнөгө кеңири көз чаптыра билген аалымдар тынчтыкка чакырууда. Алар: «Учурда болот кылыч эч нерсе чечпейт. Азыр илим жана маалымат кылычын жакшы колдонуу керек» дешет. Бирок мусулман жаштарына ийне менен илим кудугун казгандан көрө жатып ичерлик жана канкорлуктун «оңой оокаты» жакыныраак окшойт.

Эсен Өмүракунов