Түрк саясатчылары шайлоочунун добушун чөнтөгүндөгү акчадай көргөнү кызык. Эки тарап тең президенттик шайлоого үч күн калса да улам бир биримдик кура салып, койкоюп сүрөткө түшө калып жаткан кез. Мындай шудуңдамайлар шайлоочунун добушуна таасир береби же жокпу деп ойлонгон киши аз
Чынында бул шайлоодо бир гана, “Тайып Эрдоган кетсин же калсын, калганы чечилет”, – деген маселе турат.
Учурда анын тарапкерлери, Түркиянын чар тарабына Эрдоган утуп алгандай баннерлерди илип, оппозицияга добуш берем дегендерге басым кылып аткан чак.
Бүрсүгүнү, 28-майда Эрдоган менен Кемаль Кылычтароглунун түрктөр “тарыхий” деген атаандашуусунун акыбети билинмекчи.
Түрк улутчулдарынын талтайуусу
14-майдагы президенттик шайлоонун биринчи турунда ортодон 5% добушту жула качып, шайлоонун 2-турга жылышына себеп болду деген Синан Оган деген түрк улутчулу, 1-турда сүйлөгөн сөздөрүнөн 180 градус бурулуп, Манаста айтмакчы, “келин болуп жүгүнүп” Тайып Эрдоган тарапка өткөнүн жар салып, өзүнүн пресс-конференциясынан, журналисттердин суроолоруна жооп бербестен, качып кетти.
Синан Оганды өзүнүн АТА коалициясынан президенттикке көрсөткөн Үмит Өздаг деген, Огандан да ашынган улутчул, шайлоого үч күн калганда Кемаль Кылычтароглу менен “протокол” түзүп, аны колдойм деп жар салды.
Бул протоколдогу 4-берене Кемаль Кылычтароглунун, аны буга чейин колдогон 6 партия менен түзгөн келишимине каршы келип, ал партиялардын жетекчилигинен он чакты киши чыгып кетти. Эски беренеде, шайланган жергиликтүү жетекчи соттун чечими менен макамынан алынса, анын ордуна келчү кишини ошол жердин мажилиси шайламак.
Өздаг менен кол коюлган протоколдо, шайланган жергиликтүү бийлик дагы эле сот менен алынат, бирок анын ордуна келчү кишини бийлик коет. Эрдогандын бийлиги, акыркы жергиликтүү шайлоодон кийин, күрттөр шайлап алган 5 облус губернатору менен 33 райондун акимин түрмөгө тыгып, алардын ордуна өз кишилерин дайындап салган.
Бийликтин 48 ополдомочу, башкалар шайланган жерлерди, Тайып Эрдогандын каалоосу менен опузалап алганын ички иштер министри Сулейман Сойлу балп эттирген.
Ошентип, шайлоодо канча добуш алары белгисиз болгон түрк улутчулу Үмит Өздаг Кемаль Кылычтароглуна өзү каалаган протоколго кол койдурду. 48 шайланган жетекчиси камалган жана миллиондогон колдоочусу бар күрттөрдүн ХДП партиясы болсо Кылычтароглун, эч бир шарт кошпостон, колдоду.
Эми жогорудагынын баарынын суммасын чыгарсак, төмөнкү абал көрүнөт:
- Добушунун канча экени дайыны жок түрк улутчулу, талаптарын “протоколго” түшүрүп, Кылычтароглуна кол койдурду, 9-10% добушу бар күрт партиясы аны, шарт койбостон, колдоп атат;
- Биринин аркасынан жалдырап жүгүрүп жүрүшөт, экинчисине жардамын алгандан да уялгансыган түр көрсөтүлүп атат;
- Шайланган жетекчинин алып салам деген түрк партиясы, эли шайлаган күрт партиясын “террорчулар” десе, Кылычтароглу “лям” деп оозун ача албай турат;
- Маргинал партиянын ашкере улутчул ар бир сөзү алкыштанып, өлкөнүн үчүнчү партиясы бир нерсе десе, “чыккынчылар” деген айыпка жыгылып жатат.
ХДП партиясынын капаста жаткан лидери Селахаттин Демирташ тарапташтарына твитерден: “Түшүндүкпү, жокпу, Эрдоган ута алган жок. 2-турда сандыкка баргыла, жана силер уткула”, – деп жазды.
Демирташтын партиясынын төрайымы Первин Булдан мунун баарын угуп туруп, Кылычтароглун бир гана демократия үчүн колдоп жатышканын айтты. Ошондуктан күрт шайлоочунун бири да калбай барып, кечээ өздөрүнө каршы беренеге кол койгон оппозициянын лидерине добушун беришин суранды.
Ошентип, шайлоочунун оюн өз чөнтөгүндөгү майда акчадай көргөн даярдыктар бүттү. Биринчи турда Кемаль Кылычтароглуна добушун берген 45% киши, 2-турда да ага добуш берип, анын үстүнө улутчулдардын добушу келип түшсө, утуп чыгат деген ой шоона эшпейт. Андан сырткары Эрдоган тарап биринчи турда түрдүү жолдор менен 5-7% добушту “уруп” кеткенин бир нече эксперт менен журналист байма бай айтып жатат. Бирок аларды угайын деген киши жок.
Ошондуктан, Кемаль Кылычтароглунун шайлоого үч күн калгандагы майдачыл соодалары анын өзүнүн, түрк оппозициясынын жана жалпы түрк саясатынын аброюн түшүргөндөн башка эч кандай жыйынтыкка алып барбасы күтүлүүдө.
Жансакта Сарбашов