Суроо: Алгачкы күндөрдөгү аруулукту сактоо, руханий чыйралууну улантуу жана жаңы мүдөөкерлердин жетилүүсү үчүн эмнелерди жасаш керек?
Жооп: Оболу суроодо ишарат кылынган бир чындыкка токтоло кетели. Чынында элге, жерге кызмат кылам деген эр азаматтар алгачкы жылдары аябай күйүмдүү, айкөл болушкан. Алла Тааланын ыраазычылыгынан башка эч нерсе ойлошчу эмес. Араларында таң каларлык биримдик, ынтымак бар эле. Көбүрөөк окуп, көбүрөөк ойлонуп, көбүрөөк кеңешишчү. Окуганга, изилденгенге жана үйрөнүүгө абдан кызыгышчу. Ошондуктан, бүгүнкү күнгө караганда, ал кездеги кишилердин илим-билими өтө терең эле. Маселен, заманыбыздын кереметтүү Куран тафсири болгон Рисалеи Нурларды кунт коюп окуп, ал китептердеги акыйкаттарды аңдап түшүнүүгө аракет кылышчу. Рисалелерде каралган темаларды ушунчалык терең билишчү дейсиң, кайсыл томдукта кайсыл тема кандай талдоого алынганын жадында сактап, керек болсо салыштырып, чечмелеп, иликтеп-жиликтеп айтып беришчү.
Мурункулардын китеп окубай, дуба кылбай туруп тарап кеткен мажлиси эсимде жок. Кээде Ыйык Куран аяттарын талдоого алып, кээде Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) куттуу хадистерин түшүнүүгө аракет кылып, кээде Рисалеи Нурларда чечмеленген ыйман акыйкаттарына токтолушчу. Илимий, диний маселелерди үйрөнүү, түшүнүү, башкаларга түшүндүрүүгө олуттуу аракет кылынчу. Окуп үйрөнгөн нерселери менен оболу өзүндөгү кенемтени толтурууга, андан кийин аларды муктаж болгон жандарга жеткирүүгө жан үрөшчү. Булардын баары аларды руханий жактан, ыйман, ишеним жактан азыктандырып, жандуу, чыйрак кармачу. Аларда таптакыр башкача жандуулук бар болчу. Жасалган иштерден да ушулардын баарынын берекесин көрчүбүз.
Тилекке каршы кийинки жылдары окуу ынтызарыбызды жоготуп алдык да, ошонун айынан руханий азыгыбыздан алыстап кеттик. Окубаган, үйрөнбөгөн, изилдебеген кишилердин өздөрүнүн нарк-насилин сактап калуулары, элге, жерге, дин исламга кызмат кылуу ышкысын өчүрбөй улантып кетүүсү өтө кыйын. Чынында кай бирөөлөр илимге умтулуп, окууга кызыкканы менен, андай асыл инсандардын саны өтө чектелүү. Болбосо, чөйрө канчалык кеңейген сайын, мындай чыгаандардын саны да артышы керек эмес беле. Бирок тилекке каршы андай болбоду. Сапат санга жараша өрчүбөдү.
Мунун маанилүү себеби – убакыттын өтүшү менен пикирлештерибиздин баштапкы жигердүүлүгү өчүп, аткарылган иштер кадимки көнүмүш адаттар сымал жасалып калышында. Алгачкы жылдары алар окуган китептеринен укмуштай ырахат алышчу. Бардык нерсе алар үчүн жапжаңы, таптаза, нукура болчу.
Ушундан улам убакыттын өтүшү менен пайда боло турган көнүмүш адаттардан арылтуу үчүн окуунун жаңыча түрүн иштеп чыгуу, маселелерди мурдагыдан да терең, кенен талдоого алуу муктаждыгы турат. Бирок тилекке каршы, илимий жана диний акыйкаттарды жеткирем дегендер муну кыла алышкан жок. Талдоого алган маселелерине жаңы ойлорду кошо алышпады. Убакыттын өтүшү менен көнүмүш адаттар да пайда болду. Элдин ыраазы болгонуна алданышты. Эл эмне айтылса ошону уга берет деп мурункуларын эле кайталай беришти. Натыйжада, убакыттын өтүшү менен эң нукура акыйкаттар да элдин көз карашында баягы таасирин жогото баштады.
Арабызда пайда болгон мындай кайдыгерликтен арылуунун, соолуган дилгирликти кайрадан жандандыруунун жолу – чөйрөбүздө дагы бир ирет окуу марафонун баштап, элди кайрадан илимге, билимге, изденүүгө, үйрөнүүгө тартууда турат. Бул үчүн жаңыча окуу таризин өнүктүрүү, жаңыча форматтарды табуу керек. Ар кандай эмгектерди, көз караштарды биргеликте талдоого алып, буларды бири-бирине салыштырып, жаңыча жыйынтыктарга барууга, жаңыча бийиктиктерге жетүүгө аракет кылуу керек. Адамдардын кызыгуусун, көңүлүн кайрадан ыйман-ишенимдин акыйкаттарына, буларды чечмелеп түшүндүргөн эмгектерге буруп, ааламга сыйгыс асыл мурастардагы нукура идеяларды аңдоонун жолун ачып берүү зарыл. Эмне кылып болсо да окуу маселесинде адамдарды дагы бир ирет безге сайып ойготуп, алардын кызыгуусун козгошубуз абзел. Эгер муну кыла албасак, анда кайдыгерликтен арылып, руханий чыйрактыкты кармап кала албайбыз.
Саабикуна Аввалуун
Мейли пайгамбарлардын жанында болсун, мейли алардын жолун карманган улуу адамдардын артында болсун, алардан сабак алган алгачкылар (саабикуна аввалуун) өзгөчө болушкан. Алар маңдайында турган затты улуулугу менен кошо таанып, ошондой өң-түскө чулганганы үчүн таптакыр башка бийиктиктеги адам боло алышкан. Азирети Бедиуззамандын айланасында чарк айланган кишилерге мына ушул жагынан карасаңар болот. Алар Рисалелерди ийине жеткире окуп, Устаттын ар бир оюн түшүнүшкөн. Сураган соболдору менен аны толук кандуу пайдаланууну билишкен. Рисалелер абдан укмуштуу, абдан баалуу керемет эмгек экенин түшүнүшкөн жана ошон үчүн бул берекенин булагына жан дүйнөсүн толугу менен ачып, андан колунан келишинче бир нерсе алып калганга аракет кылышкан. Балким алдында отурган шакирттеринин да мындай дилгирлиги Бедиуззамандын илхам жолун ачып, ага андан да жаңы нерселерди айттыргандыр.
Ооба, баары эле мындай сапатты көрсөтүүсү кыйын. Буга жетүү үчүн терең ой жүгүртүп иш кылуу, башкача айтканда, кандай маселе болбосун башынан иликтеп, кайра башынан окуп, кайра башынан ойлонуп, кайра башынан талдоого алып, анализдеп чыгуу керек. Мунун кандай усулда жасаларын терең ойлонуп, башкача жолдорду, ыкмаларды ойлоп тапса болот. Кандай ыкма колдонулса колдонулсун, максат кылынган нерсе – каралып жаткан маселелерди майда-чүйдөсүнө чейин түшүнүп, кеңири мааниде сезип, туюп, ар бир ишаратты, ар бир белгини аңдап, терең маанисине сүңгүш керек. Мына ушундай кыла алсак гана эң жакшы билген маселелерди да толук түшүнбөгөнүбүздү көрөбүз жана иликтеп олтуруп жеткен жаңы маанилерге күбө болгонубузда таптакыр башкача ырахатка балкып, толкунданганыбызды сезебиз. Натыйжада көнүмүш адаттын думуктурган, буулуктурган, адамды шал кылган атмосферасынан суурулуп чыгып, окуп жаткан китептерибизге башкача көз карашта карап, аны кайрадан таптаза нукуралыгында сезе алабыз.
Ар бир тема ошол тармакта жазылган баштапкы эмгектер менен бирге талкууланып, талдоого алынышы керек. Бул жолдо жаңыча усулдарды өнүктүрүп, мунун үстүндө талыкпай эмгектенүү зарыл. Мен бүгүнкү күнү китепке олуттуу маани берилип окулуп жатат деп айта албайм. Ошондуктан өзүбүз биле турган негизги маселелерди да жакшы биле албай жатабыз. Мындан дагы кейиштүүсү − көпчүлүк кишилер билүүгө да кызыкпай калды. Элестетип көргүлөчү, момун пенде кантип Алла Таала өзүнө түшүргөн ыйык китепке кызыкпайт? Өзүнүн тутунган динине тиешелүү маселелерди үйрөнүүгө кантип аракет кылбайт?! Мындай абал мени аябай түйшөлтүп кейишке салат. Ыйманга, Куранга байланыштуу жазылган эмгектерди ой токтотуп ойлонбой, жөн гана барактап окуп коюу дагы менин тынчымды кетирет. Окуп жатабыз, бирок түшүнгөнгө аракет кылбай жатабыз, түшүнбөсөк да түшүнгөндөй мамиле кылабыз. Тилекке каршы, үстүртөн каралган жеңил-желпи маалыматтар, тар түшүнүктөр бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей, ой-пикирлерди канааттандырбай, жаңыча кызыгууну пайда кылбай калды.
Формалдуулукка камалбаш керек
Окууга болгон кызыгуубузду жоготуу менен бирге белгилүү бир убакыттын ичинде биз туш болгон дагы бир көйгөй бул – формалдуулуктун негизги максатыбызга жолтоо болуусу. Башында макамдар, үлүштөр, даражалар жок болчу. Дайындоочу топтор да, текшерүүчүлөр да, мүдүрлөр да жок эле. Баары бирдей кабыл алынып, бирдей категорияда каралчу. Адамдардын бири-бирине болгон сый-урматы басымдуу болчу. Чогулган жерибизде биз үчүн жашоонун булагы болгон маселелер талкууга алынчу. Колго тийген китептер кайра-кайра окулуп, окулган ар бир маселени тереңдеп билүүгө, үйрөнүүгө жан үрөп, түшүнбөй калган нерселер болсо билген кишиден сурашчу. Ким болбосун өзүнө тиешелүү маселелерди кынтыксыз айтып бере алуу деңгээлине жетүүгө аракет кылчу. Бардык аракеттер эң мыкты адамдарды жетилтүүгө негизделчү. Алланын улуктугун даңазалоо максатынан башка бардык нерсе майда-барат нерсе деп эсептелип, маанисиз нерсе деп каралчу.
Убакыттын өтүшү менен макамдар, кызмат орундары пайда болду. Кимдир бирөө бир мекеменин өкүлү болду, кимдир бирөө бир жердин жоопкерчилигин мойнуна алды, дагы бирөөнө башка милдеттер жүктөлдү. Убакыт учкан куштай зымырап өткөн сайын ар кандай уюмдар түзүлдү, бирикмелер негизделди. Чогулуштардан кийин дагы башка чогулуштар улантылды. Балким булардын баары чоңоюунун, мекемелешүүнүн табигый натыйжасы болгондур. Бирок негизги көйгөй адамдардын ошол макамдарга, үлүштөргө маталып калганында, мунун баары экинчи пландагы нерселер болгонун унуткандыкта жана түпкү максаттан адашкандыкта болду. Тагырак айтканда, кээде болбогон бир маселелерди таап чыгып, муну менен өздөрүнүн да, башкалардын да убактысын короткону болду. Маанилүү милдеттерди аткарып жатабыз деген шылтоо менен окууну, дуба-зикирлерди көз жаздымда калтырышты.
Негизинен башчылык, мүдүрлүк, башкы мүдүрлүк сыяктуу милдеттер болгону ыйман, Куран жолунда кызмат кылуунун ыргагы, туруктуу уланышы үчүн колдонулган себеп болчу. Алар негизги максат болбой, ашыкча маани берилбеши керек болчу. Бир киши кандай макамда болбосун, өзүн алакандай бир катты бир жерге алып бара турган, кимдир бирөөнүн айттырган саламын башка бирөөлөргө жеткире турган чабармандай көрүп, ошого жараша иш кылышы керек болчу. Системанын ырааттуу иштеши үчүн өзүнө берилген ролду мыкты ойноп, өзүнүн милдетин так аткаруу анын мойнундагы озуйпа болушу керек эле.
Дагы кайталап айтайын, өзүн улуу максатка арнаган кишилер үчүн мындай макамдардын эч бири баш катыра турган, көңүл бура турган нерселер эмес, андай болбошу керек. Себеби аманат катары мойнубузга алган мындай макамдар муктаж болуп суусап турган жүрөктөргө Алла Тааланы жана Пайгамбарыбызды таанытуу үчүн бараткан жолубуздагы кандайдыр бир себептен башка нерсе эмес.
Эгер колубузда турган макамдарды негизги максатка айландырып алсак, анда себептерди максаттын ордуна коюп алган болобуз. А эгер буларды өзүбүздү билдирүү, билинүү, көрүнүү үчүн кандайдыр бир мүмкүнчүлүккө айланта турган болсок, анда моюнга алган аманаттарды өз кызыкчылыгыбызга жараша колдонгон болобуз. Өзгөчө өзүбүз ээ болуп турган макам менен үлүштөрдү жеке кызыкчылыктарга колдонуп, өзүбүздүн эсеп-кысабыбыздын артынан түшчү болсок, анда бул ачык-айкын кыянатчылык болуп саналат. Аң-сезимибизге сиңген, максатыбызга, кыялыбызга айланган нерселер жүзөгө ашып, аткарылышына бүткүл өмүрүбүздү арнап жаткан милдеттер аткарылып, керек болсо жаныбызды да садага чабууга даяр турган Жараткандын жолундагы максатыбызга жетип, Алланын ыраазычылыгына бөлөнгөн соң, элге таанылган менен таанылбагандын айрымасы эмне? Аткарыла турган милдеттер аткарылган соң, мейли атыбыз чыкпай, атагыбыз угулбай кала берсин. Жадагалса текеберлик, менменсинүү, элге көрүнүүү илдетинен алыс болуу үчүн, эч кимге таанылбай калган жакшы эмеспи.
Чаржайыттыктын себептери
Бизди азыктанчу булактарыбыздан алыстаткан иштердин дагы бирөө – коомдук жашоонун ичине кирип, ар кандай нерселер менен алагды болуубуз, ар кандай мерчемдердин, долбоорлордун артынан чуркаганыбыз болду. Кандайдыр бир деңгээлде зарылдыгы бар деп ойлогон мындай иштер убакыттын өтүүсү менен бизди жыла бастырбай курчап алды. Сүйлөшсөк негизги кебибиздин арасына кирди, ойлонсок оюбузга жайгашты. Натыйжада, жыйналыштарыбызда балким “кызмат” деп көптөгөн нерселерди сүйлөшкөндүрбүз, бирок негизги кебибиз, басым жасачу түпкү маселелерибизди унуттук. Ошентип бул да окууга, изденүүгө болгон кызыгуубузду өчүрүп, буларга муктаж экенибизди жок кылды. Керек болсо кээ бирлерибизде “Буларды окуганым менен окубаганымдын айрымасы кайсы? Изденбей койсом эмне болуп кетмек эле?” деген бир кызыктай кенебестик пайда болду. Билбей турушса да билебиз деп ойлошту. Формалар, калыптар, формалдуулуктар келип, маани-маңыздын, өзөктүн ордун ээлеп алды. Адамдар руханий жашообуздун негизги азыгы болгон ыйман-ишеним акыйкатынан алыстаган сайын ар кандай мүшкүлдөр, көйгөйлөр пайда боло баштады.
Ар кайсы тармактардагы өзгөрүүлөр биздин кызматыбыз үчүн маанилүү пайдасы болгону менен, булар ошол эле кезде ишти башка нукка буруп салды. Өзгөрүүлөрдүн шарданы менен бирге, кээ бир кишилер өздөрүн таштап салды. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө исламий борборлорду, диалог борборлорун, маданий фонддорду, билим берүү мекемелерин ачуу, ал жерлерде жетекчи же мугалим болуп иштөө, коомдун ар кайсы катмарлары менен социалдык байланыштарды түзүү, мамлекеттик жогорку кызматтардагы жетекчилер менен жолугуу, толеранттуулук, диалог үчүн ар кайсы катмарлардагы кишилер менен көрүшүү жана маектешүү сыяктуу нерселер бизди өзүбүздүн дүйнөбүздөн, өзүбүздүн идеалдарыбыздан алыстатты, керек болсо бизди таптакыр башка дүйнөлөргө алып барып салды. Тилекке каршы бүгүнкү күнү арабыздан көбүбүз ушундай чаржайыттыкты баштан өткөрүп жатабыз.
Узун сөздүн кыскасы, эгер жоготуп алган абалыбызга кайра баштан келүүнү, адамдардын кызыгуусун кайрадан жандандырууну, кайрадан этек-жеңди жыюуну кааласак, анда баштапкы аруулукту кармангандар сыяктуу дагы бир жолу илимге умтулуп, изилденип, акыйкатты издеп, руханий булагыбыз менен кайра баштан бекем байланышка өтүп, бардык адамдарды буга кызыктырууга аракет кылышыбыз керек. Бул үчүн жаңыча форматтарды таап, башкача окуу усулдарын өнүктүрүп, эмне кылып болсо да адамдардын кызыгуусун биз үчүн мүрөк суунун булагы болуп саналган эмгектерге бурушубуз керек. Өздөрүн Алланын улуктугун даңазалоо максатына арнаган жаңы муундун жетилип чыгуусу, бул доордун улануусу бир гана ушул жол менен жүзөгө ашышы мүмкүн.
Ооба, биз көздөгөн максаттарыбыз, кыялдарыбыз жүзөгө ашышы үчүн бир катар уюмдарды негиздеп, системаларды түзөбүз. Бирок булар биз үчүн экинчи пландагы маселелер. Биздин чогулуштарыбыз, жыйналыштарыбыз түпкүлүгүндө окууга, окутууга, үйрөнүүгө, үйрөтүүгө, өзүбүздү жана башкаларды өнүктүрүүгө, дуба-зикирлерге негизделиши керек. Мунун да эң негизги максаты – Алланын ыраазычылыгын көздөө жана Анын улуктугун даңазалоо.
***
Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2007-жылдын 30-майындагы баянынан алынды.
Которгон: Сейитбек Идирисов
Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев