Суроо: Акыркы үч-төрт кылымдан бери фыкых жаатындагы пассивдүүлүктү жеңүү үчүн кандай иштерди аткарууну сунуштайсыз?
Жооп: Оболу темага байланыштуу бир жагдайды эске сала кетсек. Фыкых илимин Кураны Каримдин жана исламий түшүнүктүн мужизасы десек болот. Ислам укукчулары талыкпай, тыным албай эмгектенип жүрүп иштеп чыккан өкүмдөрү менен жашоону майда-чүйдөсүнө чейин тартипке салып, жашоонун эч бир жеринде кенемте калтырышкан эмес. Ибадаттардан баштап соода-сатыктагы өкүмдөргө, мурастан тартып күнүмдүк кем-каржыга, турмуш куруудан баштап ажырашууга, жаза укугунан карыздардын укугуна чейин ар бир темада көз караштар айтылып, чечимдер кабыл алынып, буларды системалуу абалга айландырышкан. Укук илиминде чыгыштык жана батыштык көптөгөн адистешкен изилдөөчүлөр да Ислам укугуна байланыштуу пикирлерин айткан. Тарыхка кылчайып карачу болсок, Римде болсун, Вавилондо болсун, Ионияда болсун, дүйнөнүн дагы кандай жеринде болбосун, мындай кереметтүү, укмуштай кынтыксыз укуктук системаны көрсөтүү мүмкүн эмес.
Фыкыхтык мурасыбыздын байлыгы
Өзгөчө ханафий фыкыхы укук системасы катары өтө бай жана кенен түзүлүшкө ээ. Бул жерде ханафий мазхабынын түптөлүүсү жагынан бир мамлекеттин түзүмүнө аралашып кирүүсүнүн мааниси абдан зор. Анткени маалым болгондой, башында ханафилик мамлекеттен көз карандысыз коомдук кыймыл катары пайда болуп, кийин Аббасий мамлекетинин расмий мазхабы катары кабыл алынган. Имам Абу Ханифанын алдыңкы саптагы шакирти Имам Абу Юсуф болсо башкы казылык (жогорку сот) кызматын аркалаган. Бул жагынан алганда, ханафий укукчулары мамлекеттик башкаруудан социалдык жашоодогу кичинекей маселелерге чейин көптөгөн темада Куран менен Сүннөткө карап фыкыхтык чечимдерди чыгарышкан.
Ханафий фыкыхчылары өздөрү жашаган доордо пайда болгон укуктук маселелер боюнча чечим чыгаруу менен эле чектелбей, ошону менен бирге келечекте пайда боло турган болжолдуу бир катар окуялар жөнүндө да ойлонуп-толгонуп, ижтихаддарды иштеп чыгышкан. Бул бардык жагын кылдат карап, терең ойлонгон инсандар кандай тема болбосун элүү түрдүү ыктымалдуулукту бирдей эске алып, “Мындай болсо эмне болот?”, “Тигиндей болсо эмне болот?” – деп ой жоруп отуруп, өздөрүнөн кийинкилерге өтө бай фыкых мурасын калтырышкан. Ар кандай маселелерге байланыштуу ушунчалык көп ижтихадды, истинбатты (купуя маанини) ойлоп табышкан дейсиң, бүгүнкү күнү бул теманын атайын адистери да алардын калтырган фыкыхтык мурасын оңой-олтоң түшүнө алышпайт.
Алардын мындай мээнетине, аракетине таң калбай коюу мүмкүн эмес. Канчалаган жылдардан бери жеке өзүм жоро-жолдошторум менен чогуу отуруп, алардан бизге чейин жеткен фыкыхтык мурастарды талкуулап дарс өткөрүп келебиз жана күн өткөн сайын аларга таң калуум артып барат. Арийне, бул мурастын кадыр-баркын жеткиликтүү биле албадык жана билмей тургай, аны ары алпарып бир четке түртүп таштадык!
Фыкыхты изилдөө
Бир жагынан темага байланыштуу адабият өтө кенен болгондуктан, экинчи жагынан заманбап укуктук системадан айрымаланып, өзүнө тиешелүү түзүмгө ээ болгону үчүн, теология тармагында билим албаган кишилердин фыкых китептеринен пайдалануусу, же белгилүү бир фыкыхтык темага байланыштуу жалпы билимге ээ болуусу өтө эле кыйын. Жадагалса, катардагы кишилер менен теолог эместерди мындай кой, Ислам укукчулары да көпчүлүк учурда ар кайсы фыкых китептеринде камтылган маселелерди түшүнүп кетүүсү оңой эмес.
Ошондуктан, мейли укукчулар болсун, мейли башка адистикте билим алган кесипкөйлөр болсун, өздөрү каалаган нерсени таба алышы жана андан пайдалана алышы үчүн фыкых китептерин кайрадан иреттеп, тартипке келтирип, мындан да системалуу абалга салынышы маанилүү болууда. Муну фыкыхты иргеп, иреттеп чыгуу десеңер да болот. Фыкых китептерине кайрылып, андан пайдалануу жеңилдетилгенде, бул тармакта иликтөө жүргүзгөн изилдөөчүлөр мейли жеке турмушта болсун, мейли үй-бүлөлүк жашоодо болсун, мейли коомдук, мейли экономикалык жагдайда болсун, мейли башкаруучулук менен саясий кырдаалда болсун, зарыл болгон маселелердин өкүмдөрүнө мурункудан да оңой жете алышат.
Фыкых китептери ар кайсы мезгилдерде жетилген ар кайсы фыкыхчылар жана мужтахиддер тарабынан жазылганына байланыштуу, бир маселеге тиешелүү ар кандай өкүмдөргө туш болушубуз мүмкүн. Жадагалса бирдей усулду карманып жазылган фыкых китептеринде да ар башка талдоолор жасалган. Албетте бул ал иштин адиси болбогон кишилердин пайдалануусун оорлотот жана зарылчылык болгондо, ибадаттарда болобу, же мамилелерде болобу, жазаларга байланыштуу маселелерди таап чыгуу бир катар кыйынчылыктарга жол ачат. Фыкыхтын изилдениши жана дагы жакшыраак системалуу түзүмгө салынышы менен аталган көйгөйлөрдүн алдын алып, фыкыхтык маселелерди оңой чечүү мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү.
Ханафий мазхабынын негизинде маселени талдоого ала турган болсок, мындай изилдөө иш-аракети жүргүзүлгөндө Фатава-и Ааламгирия, Бадаиуʼс-Санаи жана Ибн Нужаймдын Навадири сыяктуу алда канча системалуу жазылган китептерди негиз кылууга болот. Раддуʼл-Мухтар, ал-Мухитуʼл-Бурхани, ал-Мабсут, Фатхуʼл-Кадир сыяктуу көлөмдүү фыкых китептери тыкыр электен өткөрүлүп, булардан да пайдаланууга болот. Балким буларга кошуп элүү, жүз даана башка фыкых китептер талдоого алынып, дагы кенен ойлонулуп, маселелер дагы терең иликтенип отуруп орто жолду табууга болот.
Топтук ишмердик
Кураны Каримди тафсир кылуу маселесинде айтылгандай, фыкыхты изилдөө жана кайрадан иретке келтирүү жумушу да адистешкен топко тапшырылышы керек. Мына ошондо кандайдыр бир нааразычылыктардын, келишпестиктердин жана баш катырган суроолордун алды алынган болот. Бул топ ар кайсы фыкых китептерин талкууга алуу менен, алардын ар бириндеги маселелерди топтоп, аларды жаңыча көз караштагы башкача бөлүмдөргө бөлүп, дагы да системалуу абалга алып келет. Бүгүнкү күнү өнүккөн компьютердик технология да алардын жасай турган мындай иштерин жеңилдетет.
Мына ушундай топ түзүлүп, фыкыхтын иретке келтирилиши, изилдениши үчүн тийиштүү иштерди жасагандан кийин, экинчи кадам катары жаңыдан пайда болгон укуктук маселелердин чечилиши, зарыл болгон темаларга түшүндүрмө берилиши үчүн да иликтөөлөрдү жасаса болот. Пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн оболу колдо бар ижтихаддарды электен өткөрүп, алардын арасынан чечимдерди табууга аракет кылынат. Ар кайсы мазхабдардын көз караштарынын арасынан шарттар жана конъюнктура эске алынып, мезгилдин талабына ылайыктуу болгон ижтихаддардын тандалып алынышында эч кандай ыңгайсыздык жок. Акыйкатта салафу саалихиин уламалары да ушундай жолду карманышкан. Анын сыңарындай, китеп даярдаганда ханафий мазхабы негиз алынганына карабай, бүгүнкү күндүн шарттарына жараша кээде фатва берилбеген көз караштар кабыл алынып, атүгүл бир канча жерде башка мазхабдардын ижтихаддары да алынган.
Эгер колдогу маалымат бул темада жетиштүү болбосо, кыяс, маслахат-ы мурсала, истихсан, садд-и зараи, үрп-адат сыяктуу фыкых усулу тарабынан белгиленген далилдер, истидлал ыкмалар, фыкыхтык эрежелер жана принциптер колдонулуп, жаңыча ижтихад жана фатваларды иштеп чыгууга болот. Мындай иштерди жасап жатканда сөзсүз учурдун шарттарын эске алып, атүгүл мындан жыйырма, отуз жылдан кийинки өнүгүүнү да эстен чыгарбаш керек. Бул маселеде жалпынын жагдайын эске алуу кандай маанилүү болсо, Куран менен Сүннөттүн далилдерине, диндин түпкү эрежелерине, тартибине тескери иш кылбаганга аракет кылуу өтө маанилүү.
Мамилелер жаатындагы кенемтелер
Өзгөчө мамилелер жаатында мындай иликтөөлөрдүн жүргүзүлүүсү абдан зарыл. Себеби ибадаттарга байланыштуу маселелер бир жагынан туруктуу, экинчи жагынан бүгүнкү күнгө чейин жеткиликтүү иштелген. Умар Насухий Билмен жана Мехмет Зихни Мырза сыяктуу аалымдар жана андан кийинки илимпоздор, өздөрү жазган Ислам негиздери китептери менен темага байланыштуу өкүмдөргө жетүүнү элге жеңилдеткен. Мамилелер темасы болсо тилекке каршы абдан чаржайыт жана ар башка абалда. Чаржайыт болгон маселелер топтолуп, өзгөргөн, же жаңыдан пайда болгон укуктук маселелер мезгилдин талабына жараша кайрадан талдоого алынышы керек. Маселен, бүгүнкү күнү технологиянын өнүгүшү менен бирге жаңы мамиле түрлөрү пайда болду. Соода-сатык иштеринде өзгөрүүлөр жүрүүдө, ар кайсы элдерден ар кайсы диндерди тутунган кишилер менен эл аралык өнөктөштүктөр түзүлө баштады. Булардын баары фыкых тармагында көптөгөн жаңы абалдардын пайда болгонун көрсөтүүдө. Ушул сыяктуу ачык-айкындыкка алып чыгылуусу керек болгон көптөгөн маселелер бар.
Тилекке каршы, суроодо айтылгандай, канчалаган кылымдардан бери фыкых тармагында кандайдыр бир пассивдүүлүк болуп келе жатат. Динге тийиштүү деңгээлде маани бербегенибизден улам, кайсыл бир жерге чейин фыкых мурасыбызды коргоп, өнүктүрүп, уланта албай калдык. Ушул жагынан караганда, ал тийиштүү адистер тарабынан сөзсүз түрдө өнүктүрүлүшү керек. Бул үчүн уламалардан калган ачык-айкын далилдерди бекем карманып, заманыбыздагы кементени толтурууга аракет кылуу зарыл. Бүгүнкү күнү ар кайсы адамдар, мекемелер, уюмдар тарабынан бул жаатта жасалып жаткан иштерди колдоо менен бирге, булар жетиштүү болбогонун, мындан да алдыга жылдыруу керектигин айтуу керек.
Негизинен бул зарылчылыкты байкаган кээ бир кишилер мындан мурун да темага байланыштуу бир катар колдоого татырлык иштерди жасаган. Маселен, Фатава-и Хиндие ханафий мазхабындагы ар кандай көз караштарды топтоп, буларды системага салып, фатва берилген көз караштарды алдыга алып чыгуу максатында жазылган керемет эмгек десек болот. Ошондой эле түрк тилинде Умар Насухий Билмен “Хукук-у Исламия ве Ыстылахат-ы Фыкхие Камусу” аттуу сегиз томдук керемет эмгекти жазган. Бул жаатта ар кандай кишилер жана уюмдар тарабынан чыгарылган эмгектерди да колдоого алуу керек. Классикалык китептер жана анын түзүмү негиз алынып жазылган эмгектер да бул жаатта жазыла турган эмгектер үчүн идея берчү булактар болуп саналат. Булардан да пайдаланып, бүгүнкү күндө маселени дагы да алдыга жылдыруу керек.
Мазхабдардын маанилүүлүгү
Зарылчылыктан улам башка мазхабдардын ижтихаддарынан пайдалануу, же ошолорго таянып жаңыча көз караштарды билдирүү ар убак мүмкүн болгону менен, мазхабдарды эсепке албай, дайыма уруксаттарды негиз алуу, кошумчалоого, бириктирүүгө багыт алуу, башкача айтканда, белгилүү бир усулду карманбай, башка мазхабдарга тиешелүү көз караштарды ыңгайына жараша бириктирүү туура эмес. Захидуʼл-Каусарий: “Мазхабды кабыл албай коюу – динсиздикке алып барган көпүрөө сыяктуу”, – деп айтуу менен ушул коркунучка көңүлдү бурган.
Тилекке каршы, фыкых тармагында дасыккан, бышып жетилген илимдүү көптөгөн кишилер да өздөрү негиздеген көз караштарында мазхаб системасын эске албай, атүгүл кээде толугу менен мазхаб көз карашынан чыгып кетишкен. Алардын мазхабдарды жеңил санап жана мазхабга болгон көз караштарын жокко чыгарып, четке кагып коюп коюшкандыгы кабыл алына турган мамиле эмес. Анткени салафи саалихиин уламалары Бактылуулук кылымына бизге караганда абдан жакын мезгилде жашап, ошол касиеттүү булакты абдан жакшы жана жакындан түшүнүп, мунун натыйжасында өтө терең темаларга сүңгүп, далилдерди ушунчалык терең иликтешкен дейсиң, абийири бар ар бир жан алардын мындай таң каларлык мээнеттерине ыраазы болбой коё албайт. Кураны Каримде болсо бизге:
رَبَّنَا اغْفِرْ لَنَا وَلإِخْوَانِنَا الَّذِينَ سَبَقُونَا بِالْإِيمَانِ وَلَا تَجْعَلْ فِي قُلُوبِنَا غِلًّا لِلَّذِينَ اٰمَنُوا
“Эгебиз, бизди жана бизден мурун ыйманга келген боордошторубузду кечир. Биздин жүрөгүбүзгө ыйман келтиргендерге кек салба” (Хашр, 59/10), – деген дуба таалим кылынып, аларды жакшы ой менен эскерүү керектиги насаат кылынган.
Фыкых менен алектенген уламалардын ыңгайына жараша, оюна келгендей мамиле жасап, кандайдыр бир усулду карманбай, ар кайсы мазхабдардын көз карашын алып, бир мазхабдан экинчи бир мазхабга секирип өтүшү элдин башын айлантып, керек болсо динге болгон ишенимди солгундатышы мүмкүн. Эгер баары бул темада өзүнүн жеке демилгеси менен иш кылып, дайыма оңоюна ооп, бирде андан бирде тигинен алып фатва бере турган болсо, аруу динибиз жамаачыланган түйүнчөккө айланып калбайбы.
Ошону менен бирге, мындай мамиле ибадат маселесине жеңил-желпи кароого түрткү болот жана мындайда мусулмандар бирде шафии мазхабынан, бирде ханафий мазхабынан, же дагы башка мазхабдардан бир нерселерди алуу менен ибадатты өзүнө ылайыктап аткара баштайт. Бул санскрит сыяктуу динди пайда кылып, динде кош көңүлдүккө, кайдыгерликке жол ачып, аруу динибиз Исламдын рухуна доо кетирет.
Жеңилдетүү диндеги маанилүү принцип. Бирок бул Куран менен Сүннөткө ылайык аткарылышы керек. Айрыкча ибадаттарда, адал-арамдарда этияттыкты негиз тутуп, талаш-тартыштагы жааттардын сыртына чыгуу жана күмөндүү нерселерден алыс болуу негиз экенин да эстен чыгарбаш керек. Азирети Бедиуззаман да өзгөчө аруу динибиз Исламды башкаларга жеткирүүгө берилген кишилерге улуулуктун жолун көрсөткөн.
Ооба, жашоонун татаалдашкан жолдорун ачуу, кыйынчылыктарды, машакаттарды жоюу үчүн ар кандай ижтихаддардын арасынан абалга ылайыктуу көз караштарды тандап алуу ар дайым маанилүү болушу мүмкүн. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам): “Үммөтүмдүн келишпестигинде ырайым бар”, – деген хадиси болсо, кандайдыр бир жагынан муну талап кылат. Бирок ошол эле маалда өз жыргалчылыгынын жетегинде жашаганга көнүп калган кишилерге дайыма “уруксаттарды” көрсөтүү – аларды ого бетер кош көңүл, кайдыгер кылып коёру турган иш. Ижтихад жана фатваларда мындай тең салмактын сакталышына өтө катуу көңүл буруу зарыл.
Акырында мына муну да айта кетүү керек: Дин тууралуу сүйлөгөн, жазган, пикир айткан кишилер мүмкүн болушунча жаңы келишпестиктерге жол ачпаганга, коомдо тирешүүлөрдү жана бөлүнүп-жарылууларды козутпаганга көңүл буруулары керек. Ошондуктан кандайдыр бир зарылчылык болбогон учурда буга чейинки уламалар жалпы ижма кылган (бир пикирге келишкен) маселелердин чегинен чыкпай, чектен чыккан ойлорду айтуу менен адамдык абийир кабыл албаган жүрүм-турумдан алыс болуу керек.
Мухаммад Фетхуллах Гүлен
Которгон: Сейитбек Идирисов
Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев