Макаланын темасын шылдың катары эмес, түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын учурдагы реалдуу саясий потенциалы катары кабыл алуу зарыл. Себеби ал өз партиялаштарынын арасынан да чыкчу чыгаан лидерлердин аброюн талкалап, бардык маселеде кыйынмын деп отуруп, бакырып атып дүрмөтү бүтүп, газы чыккан минералкага окшогон жагымсыз абалга келди

Түркиянын учурдагы президенти Режеп Тайып Эрдоган саясий карьерасын баштагандан тартып өзүн эбегейсиз күчтүү сезгендиктен, оппозициядан да, партиялаштарынын арасынан да өзүнө атаандаш чыгаруу мүмкүн эмес деген саясий система куруп келди. Ошондуктан, анын саясатынын ката экенин айтып какшаган достору менен жакындарын өзүнө таандык ЖМКлар аркылуу тепкилетип, генерал жана бакма каракчылар менен коркутуп, ооздорун жаап, активдүү саясаттан четтеткен. Мындай эбегейсиз текебер менменсинүү менен оппозицияга, акылы жетик жакындарына, жалпы эле Түркияга аң казып, акыры ал аңга өзү оңкосунан түшүп, чыга албай жаткан чагы.

Ооба, Тайып Эрдоган 20 жылдан ашык бийлигинде кадам сайын жеке башкаруусун түптөп келген. Акыркы конституциялык өзгөртүүлөр менен мындай башкаруунун юридикалык пайдубалын орнотуп алды.

Эрдоган учурдагы эбегейсиз экономикалык кризисти да жеке башкаруу ыкмасы менен, б.а. экономикадан алыс кеңешчилеринин ар кайсыл жерден топтоп келген маалыматтарына жана өзүнүн чала сабат ой-пикирине таянган буйруктар менен түздөп кетем деп ойлоп жүргөн. Бирок, адатта эки күндө бир алмашкан жана бири-бирине каршы келген буйруктар ансыз деле чочуп турган ички жана сырткы инвесторлорду үркүтүп, түрк экономикасы кризистин сазына улам тереңдеп батып бара жатат.    

Бирок акыркы айларда экономиканы оңдоп кете албасын моюндап, келерки шайлоо үчүн башка ыкмаларды караштыра баштады. Албетте, коррупцияга белчесинен баткан Эрдоган, экономиканын оңолуп кетүүсүнүн эң негизги жана апачык көрүнүп турган ыкмасы болгон, демократия менен укукка кайра кайтып бара албайт.

Эрдоган кандай аңга түштү?

Оппозициядагы атаандаштарын же түрмөгө сологон, же үй камагы сыяктуу изоляцияда калтырган, же сатып алган Эрдоган, “мага эч качан татыктуу атаандаш чыга албайт” деп өзүн өзү ишендирип алган. Мисалы, исламчыл жана улутчулдардын арасынан чыкчу кандидаттарды өзүнө тартып, акчага көмүп, партияларын жаптырып, басып жүргөн саясий өлүмтүк жана өзүн мактаган тотукушка айлантып келди. Дал ушул текебер ишенимине таянып, Баш мыйзамга президенттик шайлоо тууралуу өзгөртүүлөрдү киргизип, саясий оппоненттерине казган аңга учурда өзү түшүп кетти.

Бирок, албетте, ага баары сатылган жок. Учурдагы IYI (ИЙ – “Жакшы”) партиясынын лидери Мэраль Акшенер айым, Тайып Эрдоганга киндиктеш болуп калган МХП партиясынын жетектеген Девлет Бахчелиге каршы талапкерлигин койгон. Бирок бул эки лидер чыгаан айымды жана анын жаңы түзгөн партиясын кордогон кезде, Акшенерге социалисттик ЖХП партиясынын лидери Кемаль Кылычтароглу жардам берип, учурда бул айымды Эрдоган менен Бахчелини кошоктоп сүйрөп кетчү абалга жеткирип койду. Мындай курама темирди эсепке албаган Эрдогандын бир нече жыл алдыга карата түзүп алган саясий пландары бузулду.

Кемаль Кылычтароглунун Акшенер айымга жана партиясына кылган кең пейилдигинен улам Эрдогандын коркутууларына жана сатып алууларына чыдаган төрт саясий лидер бул экөөнө келип кошулуп, учурда Түркия үмүт артып турган “Алтылык курамы” түзүлдү. Ага Социалист Кылычтароглу менен улутчул Мераль Акшенерден башка Эрдогандын командасынан куулган исламчылдар – мурунку премьер-министр жана экономика министри Ахмет Давутоглу (“Гележек” партиясы) менен Али Бабажан (ДЕВА партиясы) жана “Саадет” партиясынын лидери Темел Карамоллауглу, ошондой эле Демократиялык партиянын лидери Гүлтекин Уйсал кирген.

Жогоруда айтылган конституциялык өзгөртүү боюнча президенттик шайлоодо “эч бир талапкер биринчи турда 50% добуш ала албаса, эң көп добуш алган эки талапкер экинчи турда ат салышат” деген өзгөртүү киргизилген. Мындай өзгөртүү киргиздирген Эрдоган, экинчи турда өзүнө каршы чыккан кайсыл болбосун талапкерди утуп алам деп ойлогон. Анткени ал саясий стратегиясын дайыма жылдар бою калыптанган саясий “көз ачыктыгына” негиздейт. Бирок учурда канча аракет кылышса да өнөктөшү Бахчели менен бирге 40-44% добуштан жогору чыга албай калды.

Таразанын бир тарабына Эрдогандын чын эле саясий “көз ачыктыгын”, б.а. кимди кайсыл убакта камап-коркутуп же сатып алууну коюп, экинчи тарапка анын учурдагы глобалдык саясий технология жана топтордон кабары жок экенин, экономиканын эч нерсесин түшүнбөгөнүн, Түркиянын учурдагы динамикаларын тааныбаганын, укук жана демократия иштебеген кезде жакырдык келээрин көрө албаганын койсок, өзү казган конституциялык аңга өзү түшүп калганын байкайбыз. Эрдоган мындан нары мыйзамдуу жол менен бийликти колуна кармап кала албашы айдан ачык көрүнүп турат десек болот.

Эрдоган түрк элитасы менен калкына эмнени сунуштап жатат?

Демократиялык, адилеттүү жана таза шайлоодо жеңе албашын моюндаган Эрдоган баары бир келерки шайлоого аттанам деди. Ошондуктан башында Шайлоо жөнүндө мыйзамды өзгөртүп, БШКга кызматкерлер буга чейинкидей тандалбай, чучу-кулак менен кирмей болду. Чучу-кулакка кирчү соттор болсо алдын ала электен өткөрүлүп, Эрдогандын упайы көп болсун дегендер гана өтөөрү азыртан белгилүү болуп калды.

Эрдогандын экинчи маселеси – чечүүчү 7-8%га ээ күрт шайлоочусун сандыкка келтирбөө же, 2015-жылкы парламенттик шайлоодогудай, коркутуп өзүнө добуш бердиртүү. Ошондуктан, түрк бийлигинин бул жааттагы максаты: көбүнчөсү күрттөрдөн турган ХДП партиясын жабуу, өлкөнүн түштүк-чыгышында антитеррордук операция баштоо, Сириялык күрддөргө каршы согуш ачуу аркылуу, мындай аскердик аракеттерден улам өлгөн түрк жоокерлеринин жаназаларын медиасында көбүртүп-жабыртып көрсөтүү аркылуу түрк шайлоочусун радикалдаштырып, социалист, улутчул жана исламчыл түрктөрдү “Алтылык курамга” каршы тукуруу болут турат. Мурун күрт саясатчыларын капаска сологон болсо, учурда күрт журналисттери менен блогерлерин да сот-соболсуз темир торго киргизе баштады.

Эрдоган келерки шайлоодо өзүнө каршы талапкер катары жоош деп ойлогон жана алеви ишениминен келген Кемаль Кылычтароглу чыкса экен деп тилеп турат. Ошондуктан эң күчтүү көргөн, жана Стамбулдун мэрлигине ат салышканда, Эрдоганды талапкери Бинали Йылдырым менен бирге жеңип алган, Имам Экремоглуга кылмыш ишин ачтырып койду. Бирок Эрдоган эң алсыз деп тандап алган Кылычтароглу соцтармактар аркылуу таасирин күн өткөн сайын жогорулатып бара жатат. Акыркы сурамжылоолордо Эрдоган ага да биринчи турда уттуруп жиберери, өзү жетектеген АКП партиясы болсо тарыхта биринчи жолу 30%’дан төмөн түшүп калганы көрүнө баштады.

Акыры соцтармактарда каяша айткан ким болбосун кармап келип, 3 жылга жейин капаска солоого жол берген мыйзам да кабыл алдырды. Буга түрк бийлиги асыраган миндеген троллдорду кошсок, шайлоо бүткөн кечте, салтту масс-медиа менен соцтармактарда Эрдоган биринчи турда жеңип чыкты деп, куралданган тарапташтарын көчөлөргө чакырып, оппоненттеринин жактоочуларын мөгдүрөткөн медиа, курал жана прокси-аскерлери даяр экенин баары билет.

Эрдогандын Путинден эмнеси кем?

Тайып Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин сыяктуу дүйнөгө өз билгенин окугандай ресурсу барбы деген суроо жаралат.

Эң негизги өзгөчөлүк – Түркиянын Орусиядай мунай-газ корлору жок. Ошондуктан, Сирияга же Грецияга болобу, кандайдыр бир согуш ачып рейтингин көтөрүү алдында, орус-украин согушу алдында орустар миллиарддаган долларлык кор жыйнап алгандай, санкцияларга карабастан бир күндө миллиард долларга мунай-газ саткандай мүмкүнчүлүгү жок. Тескерисинче, учурда түрк бюджети 60 млрд доллардан ашык минуска кетип, жетекчилиги Кытай менен араб өлкөлөрүнүн кымбат долларларын тилемчилик кылып отурган чагы.

Эгер Эрдоган рейтингин көтөрөм деп, чектешкен өлкөлөргө каршы кандайдыр бир агрессия баштаса, экономикасы алгачкы келген санкциялардын соккусунан өсөөрүп, бүк түшүп отуруп калчу абалда. Орусияга окшоп, СНГ мамлекеттери жана Кытай аркылуу товар алып, санкцияларды алсыратууга да мүмкүнчүлүгү дээрлик жокко эсе. Учурда түрк калкы, 150%’дан ашкан инфляция жана улам жогорулаган салыктан күн санап жакырланып баратат.

Ошондуктан, буга чейин саясий харизмасы менен түрк калкынын оозун ачырып келген Эрдогандын сыртындагы “алтын каптамасы” күбүлүп, улутчул жана исламчыл саясий демилгенин түбүнө жетип, исламчыл жаштар да социалисттер баштаган “Алтылык курамды” жактап, буга чейин жек көрүп келген Мустафа Кемаль Ата-Түрктүн ырын ырдап калган кези.

Учурда улутчул да, исламчыл да, социалист да, социал-демократ жана күрт шайлоочу да Эрдоганды, газы чыккан жылып калган минералкадай, колуна да алгысы келбей турат. Коррупциялашкан бийлигин бербей, кайра шайланып алуу үчүн жарандык согуш чыгарса да президенттик макамда калгысы келген Тайып Эрдоганга дүйнө жана түрк калкы чочулоо менен карап турган учур.

Жансакта Сарбашов