Бийликте калуусу өзү жана жакындары үчүн өтө маанилүү болуп турган Түркиянын президенти жакынкы шайлоодо түрдүү бурмалоолорго бармакчы. Бул үчүн, айрыкча 2016-жылы АКШ’да ишке ашкан, соцтармактар аркылуу кишилердин аң-сезимине таасир берүү ыкмасын колдонмокчу

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп 2016-жылкы шайлоодо атаандашы Хиллари Клинтонду бир аз гана айырма менен утуп алган. Шайлоонун чаңы басылгандан кийин, анын коммандасы “Кембридж аналитика” фирмасы менен бирге 50 млн кишиге Фейсбук аркылуу таасир бергени ачыкка чыккан. Мында өтө жогорку деңгээлдеги технология колдонулгандыктан, кылмышты далилдөө мүмкүн эмес болуп калган. Бирок “Кембридж аналитика” жабылууга мажбур болду.

Кантип таасир берди дегенде, кээ бир аналитиктин айтымында, Фейсбук же башка соцтармактарда он чакты нерсеге лайк басып, бир нерселерди бөлүшүп, коммент жазсаңыз, соцтармактын алгоритмдерин анализ кылган фирмалар сизди эң жакын кишиңизден да жакшы таанып алат. Кийин ошого жараша контент жөнөтүп, реклама жибере баштайт. Демек, соцтармак аркылуу кишини багыттап келип, керектүү талапкерге добуш бердирүүгө болот.

Түркияда болсо учурдагы президенти Тайып Эрдоган келечектеги президенттик шайлоого аттанат деген талапкерлердин эң алсызына да уттуруп жиберерин бардык сурамжылоолор далилдеп турат. Ошондуктан буга чейинки уурулуктарын жана башка кылмыштарын жаап калуу үчүн, ооруганына карабай кайра президент болууга мажбур. Анткени, жеке башкаруунун негизги өзгөчөлүгү боюнча, ал өз партиясынан чыкчу потенциалдуу лидердерди да саясий сахнадан алдын ала сүрүп чыгарып салган.

Түрк билермандардын айтымында, Тайып Эрдоган президенттик шайлоону мөөнөттөн мурда жарыялашы керек. Себеби, түрк конституциясы боюнча кайра кандидатурасын коюшу үчүн бир шылтоо таап, кезексиз шайлоого барышы шарт. Ошон үчүн Түркияда президенттик шайлоо мөөнөтүндөгү 2023-жылдын 23-июнуна чейин калбастан, ушул кышта же келерки жазда болмокчу.

Түркиянын учурдагы экономикалык абалы Тайып Эрдогандын темир электоратын да өгөөлөп кемитип бара жатат. Инфляция расмий маалыматтар боюнча 70%’га жакындаса, көз-карандысыз булактарда 160%’дан ашканы көрүнүп турат. Түрк лирасы менен маяна алган кишинин сатып алуу мүмкүнчүлүгү ай сайын көз көрүнө төмөндөп, түрк калкы ар бир сурмажылоодо жана көчө репортаждарында бактысыздыгы артып бара жатканын какшап атат.

Путинди туурап Сириянын чек араларынан аскерин киргизип, “кыска жана ийгиликтүү” согуш кылып жиберейин десе, анысына АКШ да, Орусия да ачык маакулдук бербегендиктен, бир айдан бери токуп алган аттарынын ээрлерин кайра кантип сыйрып аларын билбей турат. Айласы кеткенде, масс-медиасы аркылуу Грецияга асылып, энергиясын чек арадан кирип барып баланча аралдарды алабыз деп бакылдап чыгарып атышат. Бирок Грецияга кирсе Сирияга киргенден да катуу тумшукка жээрин билгендиктен, анысы сөз гана бойдон калаары айдан ачык.

Ошол эле убакта Орусияда иштелип чыккан, кийин биз де да кабыл алынган, соцтармактагы блогерлер жана оппозициянын оозун жабууга багытталган мыйзам Түркияда да кабыл алынып атат. Бул мыйзамдын ал жактагы аты “Дезинформация менен күрөшүү жөнүндө” деп аталды. Анткени түрк бийлиги салттуу ЖМК’лардын 90%дан ашыгын көзөмөлдөсө да, каяша айткандардын оозун жаба албай кыйналып атат. Мындан сырткары миңдеген троллдорду жалдап, оппозициясын соцтармактарда талатса да, элдин көбү барган сайын санариптеги көз-карандысыз маалымат булактарын жактырууда.

Жогорудагы себептерден улам, Тайып Эрдогандын бир гана жолу калды, бул, Орусия менен Кыргызстандын акыркы шайлоосунда колдонулгандай, шайлоону санариптик ааламда манипуляция кылуу жана бурмалоо. Бул максатта жакында “Маалымат технология жана байланыш мекемеси” (МТБМ) деген жаңы уюм түптөлүп, аны килейген көп кабаттуу имаратка жайгаштырып, “Кембридж аналитика” фирмасынын тажрыйбасын колдонуп, интернет аркылуу түрк шайлоочусунун аң-сезимине таасир берүү аракети башталды.

Өткөн аптада МТБМ интернет-провайдерлерге миллиондогон түрк жаранынын интернеттеги маалыматтарын бизге жибересиңер дегени ачыкка чыкты. Мындай опузага каршы бир нече интернет-провайдер сотко кайрылган.

Демек, түрк бийлиги келечектеги шайлоодо өз жарандарынын аң-сезимин интернет-провайдерлерден алган Big data‘лар аркылуу манипуляция кылганы жатат.

Албетте, Орусиянын жана биздин акыркы парламенттик шайлообузда колдонулган, БШК’нын серверине байланып, керектүү %’дагы добушту “вброс” кылуу ыкмасы Түркияда да колдонулмакчы. Бирок мындай аракетке, дээрлик ар биринин үйүндө куралы бар, түрк калкы кандай реакция берээри азырынча белгисиз.

Жансакта Сарбашов