Азирети Бедиуззаман Ухуввет (Диний боордоштук) Рисалесинде Хафиз Ширазинин: “Эки дүйнө бейпилдиги сыйган ушул кош сөзгө: досторуңа айкөл болгун, душман менен тил табыш…”[1], – деген сөзүн айтып кеткен. Бул жердеги “доско” кеңири маани берүү керек. Бир туугандар, туугандар, санаалаштар, тарапташтар ж.б. жакындыгы бар кишилер ушул топко кирет. Алардын арасында керек болсо жакшы күндөрдө жаныңарда болгону менен, башыңарга күн түшкөндө алсыздык кылып сыртын салып кете тургандар да бар. Аларга да чыдоону, айкөлдүк кылууну билип, Хафиз Ширази айткандай, адамгерчиликтен ажырабашыңар керек.
Ошондой эле, өзүнө душмандай мамиле кылгандар менен тынч жашаганды да билиш керек. Азирети Айша риваят кылган хадисте Алла элчиси (саллаллаху алейхи васаллам): «Алла Таала мага парздарды кылууну буйругандай эле, адамдар менен тил табышып жашоону да буйруду», – деп айткан[2]. Пайгамбарыбыз адамдар менен тил табышып жашоо намаз окуу, орозо тутуу, зекет берүү, ажылыкка баруу сыяктуу буйрук экенин билдирет. Муну жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу катары да карасак болот.
Негизи мунун дагы бир аты саясат. Бүгүнкү күнү канчалык кирдегени менен, арап тилиндеги саясат “тил табышып жашоо өнөрү” дегенди билдирет. Бул көп кырдуу өнөр олуттуу маалыматка ээ болууну талап кылат. Өз учурунун талабын жакшы билбеген жана чөйрөсүндөгүлөрдүн пикирин туура пайдалана албаган кишинин шарттарга жараша ыңгайланышы, душмандык кылган кишилерди ийге келтирип, тил табышып жашашы мүмкүн эмес. Саясатты (тил табышып жашоону, адамдарды жөнгө салуу өнөрүн) билген киши, мисалы майда-чүйдө маселелер үчүн чыр чыгарбайт. Элдин мүнөзүн, жөндөмүн жана маданий чөйрөсүн жакшы билип, ошого жараша мамиле жасайт. Ээ-жаа бербей каптап келген селди да бир нукка салып, бөөдө зыяндын алдын алат. Нугун буруп эле тим болбой, аны суу сактагычка чогултуп, кийин сугатка пайдаланганды да билет.
Саясат, б.а., адамдарды жөнгө салып, тил табышып жашоо өнөрү мамлекетке гана байланыштуу маселе эмес. Таалим-тарбияда, үй-бүлөдө, адамдардын ортосундагы мамилелерде, коомдук маселелерде да саясат болот. Чөйрө кеңейген сайын адамдарды жөнгө салуу да кыйындай берет. Көйгөйлөрдү акыл-эс менен, дипломатиялык жол менен чечүү, душмандарга туура саясат жүргүзүү негизги маселе. Бирок, жетишерлик потенциалы жок, өз ордуна ылайык боло албаган башчылар дароо күч колдонууга өтүп, саясат илиминин талабын орундата албайт.
Айрыкча, ар бир баскычты басып өтпөй, дароо бийик орунга отуруп калган кишилер өз ордуна ылайык боло алышпайт. Алар кандай бийик мансапта болушса да, аң-сезим жана ой-пикир жагынан тээ төмөн жакта калышат. Туш болгон кыйынчылыктарга, же душмандардын айла-амалдарына бат алдырып, сезимдерине жеңилишет жана качан кандай аракет кылуу керектигин билбей калышат. Мына ушул себептен өз милдеттерин жетишерлик аткара алышпайт. Жөнөкөй кызматтан баштап, ар бир баскычта ийгиликке жетип отуруп бышып жетилген кишилерде өз орундарына ылайык болуу потенциалы жогору болот. Кайда кызмат өтөсө да Алланын жардамы менен жаңылыштык кетиришпейт.
Ийри-буйру жолдор менен акыйкатка жете албайсың!
Хафиз Ширазинин сөзү бүгүнкү мусулмандар үчүн өзгөчө мааниге ээ. Келишпестиктер, аягы үзүлбөгөн уруш-талаштар, катаал мүнөздөр жана радикалдуу аракеттер Исламдын айдың жүзүн кирдетип турган учурда Мавланадай, Юнус Эмредей, Бедиуззамандай мамиле кылып, урганга мунжу, сөккөнгө дудук, эсептешкенге эсепсиз мамиле кылуу зарыл. Мусулман киши ар кандай катаалдыкка, душмандыкка төшүн тосуп, кыйынчылыктарга чыдай билиши керек. Акыркы кылымдарда мусулмандардын өлкөлөрү басылып, жерлери тартып алынып, башкаруу системалары колдон чыгып, байлыктары таланып кетсе да, бул абал аларды реакциячыл жана радикалдуу кылыктарга жетелебеши керек. Алар өздөрү карманган баалуулуктардын урматы үчүн Исламдын пикирин жаюуга, дүйнө жүзүнө тынчтык көпүрөлөрүн орнотууга аракет кылууга тийиш.
Бүгүнкү күнү бул жаатта чоң каталар кетирилип жатат. Кээ бирөөлөр мамлекетинен көз карандысыз болуп, өз билгениндей эркин жашоого жетем деп дүрбөлөң салууда. Кээ бирөөлөр белине бомба байлап алып аял-эркек, бала-бакыра, кары-картаң дебей бейкүнөө кишилерди өлтүрүүнү жихад деп жүрөт. Акыйкатта бириге алышпаганынан ар ким өзүнчө акыйкат издеп, ар ким өз билгениндей күрөшүп калды. Эркиндиктин артынан буту үзүлгүчө чуркаса да максатына жетпей, тескерисинче, каргашалуу окуяларга, анархияга себепкер болушууда. Ал тургай өч алуулар, жек көрүүлөр күч алып, Исламга каршы душмандык пайда болуп жатат.
Чынында акыйкатка жатпаган мындай кыйшык жолдор менен акыйкатка жетүүгө болбойт. Азирети Бедиуззаман айткандай, акыйкаттын ар бир себеби акыйкатка жатпаса, акыйкатка туура эмес жолдор менен жетүүгө аракет кылынса, анда жасалган бардык аракеттерден, куюлган терлерден жыйынтык чыкпайт. Акыйкатка жеткире турган жолдор да туура болушу керек. Эгер биз акыйкатка бет алып, Алланын динин жаюуга аракет кылсак жана бүтүндөй адамзаттын сүйүү менен ынтымакта болушун самасак, анда макиавелисттик ой1 менен бул максатыбызга жете албастыгыбызды жакшы түшүнүшүбүз абзел. Бул жаатта өз билгенибиздей жолдорду, усулдарды колдоно албайбыз. Оболу Куранда, сүннөттө көрсөтүлгөн принциптер менен, андан кийин бүгүнкү күнүбүздөгү адамзаттын күжүрмөн аракеттеринин натыйжасында ээ болгон жалпы адамдык баалуулуктарга ылайык аракет кылууга милдеттүүбүз.
Орток маселелерде келишим
Жалпы адамзат кабыл алган орток маселелер аныкталып, ошонун тегерегинде биригүү ар дайым болгондой эле, бүгүнкү күнүбүздө да көңүл бурулушу керек болгон саясат таризи. Куран Ахлу Китабга кайрылгандай, ар түрдүү аң-сезим жана ой-пикирлерге ээ болгон кишилер менен окшош жактар аныкталып, “Келгиле, ушул маселеде келишимге келели!” дей алышыбыз керек. Мына, дүйнө жүзүндө пайдалуу келишимди түзүү жаатында өтө маанилүү болгону ушул.
Куранда мындай деп айтылат: «Айткын: «Оо, китеп ээлери! Биз менен силер өз ара бириге турган адилеттүү орток сөзгө келели: Алладан башкага ибадат кылбайлы. Ага эч нерсени шерик кошпойлу, бири-бирибизди Алланын алдында кудай кылбайлы». Эгер бул чакырыкка каршы чыгышса: «Биздин Аллага моюн сунган момундар экенибизге күбө болгула» – дегиле»[3].
Азирети Бедиуззаман, аятта айтылган “ахлу китаб” деген сөзгө “ахлу-мактаб” дегендей маани берет. Бул пикир боюнча аятты караганда христиан менен жөөттөрдүн өздөрүнө түшүрүлгөн китепти окушуна жана түшүнүшүнө ишарат кылып, бир жагынан аларга сый көрсөткөнү байкалат. Экинчи жагынан бул сөз “Силердин колуңарда китебиңер бар жана аны окуп жаткан болсоңор, анда башкаларга окшоп укканыңарга жараша эмес, окуган кишидей аракет кылууга тийишсиңер”, – дегендей эскертүү болуп саналат.
Анын артынан Алла Таала эки тарап тең макул болгон бир сөздүн айланасында биригүүгө болорун баяндайт. Ал орток сөз кайсыл сөз? Аллага гана кулчулук кылуу. Аят эч кимди күнөөлөбөй, маселенин оң тарабына токтолот жана ага тереңдеп кирбейт. Анткени тереңдеген сайын келишпестиктер пайда болот. Негизги маселелерде келишүүгө болсо, анда майда-барат маселелер үчүн талашып-тартышуу туура эмес.
Ар кандай диндерди жана маданиятты кармангандардын келише албаган маселелери болушу табигый көрүнүш. Бирок талаш-тартыш туудура турган маселелер тууралуу кеп козгобой, орток маселелерде бир пикирге келүүгө болот. Ошондуктан маектешибиздин ой-пикирин эске албай, дароо өзүбүз туура көргөн нерселерди айта берүү туура эмес.
Дили таза, акылы тунук кишилер Курандын жогорудагы чакырыгына каршы болушпайт. Мына ошондуктан маанилүү миссияны аркалаган кишилердин ушундай аракет кылышы өтө маанилүү. Жүрөктөрдүн биригиши ушуга байланыштуу. Кылымдардан бери кыйрап жаткан чепти дароо калыбына келтире албайсыңар. Бузуу оңой болгону менен, бир нерсени өзүндөй кылып калыбына келтирүү өтө кыйын.
Бүгүнкү күнү жүрөктөр, дилдер, акыл-эс өтө катуу жабыр тартты, бүлгүнгө учурады. Адамдарда бири-бирине ишенүү деген калган жок. Эми анын кайра орношу зор аракетти талап кылат. Эгер дүйнө жүзүнө суна турган нерсеңер бар экенине ишенсеңер, оболу эң жакынкы чөйрөдөн баштап, акырындык менен башкаларга кол сунуп, орток маселелерде келишимге келүү менен ишти башташыңар керек. Эч жерде көйгөй чыгарбай, дүнүйө талашына кирбей, уруш-талашка себеп боло турган маселелерден оолак болгула. Анткени дүйнө жүзү бир тууганча жашоого, жардамдашууга, бейпилдикке жана тынчтыкка муктаж.
1Макиавелисттик түшүнүк – кандай болсо да, кандай жол менен болсо да максатка жетүүнү көздөгөн түшүнүк.
Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2008-жылдын 2-май айындагы баяндан алынды.
Которгон: Канатбек Аманбаев
Редактор: Насыпбек Асанбаев
[1] Бедиуззаман, Мектубат, 302-бет
[2] Али ал-Муттаки, Канзул Уммал, 3/407
[3] Аали Имран, 3/64