Саресеп
Исламский мир

Брюссель тоолорунан Шанхай чөлүнө түшкөн Түркия

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган сотту аттандаштарынан кутулуу, оппозицияны жок кылуу, сындаган үндөрдүн оозун жабыш үчүн колдонууда. Сот Эрдогандын оюнчугуна, анын администрациясынын бөлүмүнүн бирине айланды

Демократиялык мамлекеттерде сот, эгер эркин ЖМКны кошсок, мамлекеттин төрт бийлик бутагынын бири. Ал эркин жана көз-карандысыз иш алып барат, саясий топтор болсо сот бийлигине буйрук бере албайт.

Бирок бүгүн Түркиянын соту, Эрдогандын системасын эки жолу жеңген жана 2023-жылда ага эң катуу атаандаштык кыла алчу Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуна кылмыш ишин ачып коюп, бугуп жатат. Эгер ал да президенттик шайлоого аттанам десе, дароо капаска сологонго даяр. Эмнеге азыр эле солоп салбайт десеңиз, анын жообу анык – эл көтөрүлүп кетсе, аркасы эмне менен бүтөт белгисиз.

Күн өткөн сайын Түркиянын демократиялык стандарттары төмөндөп барат. Өлкөсүн 20 жыл ичинде мындай абалга алып келген Эрдоган болсо “Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мамлекетибизди Евробиримдикке албай коюшканы үчүн сагаалап атабыз”, – деген таризде шылтоо айтып, ыйманын жеп турган кез.

Биринчиден, ШКУ Евробиримдик менен салыштырчу уюм эмес. Анткени түрдүү элдер менен өлкөлөрдү укуктук жана саясий-экономикалык жактан жасалма эмес, чындап бириктирген мындай жогорку мамлекеттик түзүм дүйнөдө жок.

Экинчиден, чын эле Эрдоган айткандай, Евробиримдик Түркияны 52 жыл жалдыратып күттүрүп койдубу? Бул суроого суроо менен гана жооп берсе болот: “Түркия Евробиримдик талап кылгандай чыныгы демократиялык укуктук система куруп, жарандарынын негизги укуктарын камсыздап бере алдыбы”. Жок!

Убагында Евробиримдик Түркияга толук мүчө болуп кирүүгө талапкер деген статусун берген. Анткени, сенин бийлигиң дүйнөдөгү арзан акчанын жана Союздун кең базарынын ачылуусуна, анын аркасы менен түрк экономикасы ракета сымал учкан доорго дал келди. Элиңди европалык стандарттарды киргизем деген убада менен 20 жылдан ашык бийледиң. Бирок бийликке мас боло баштагандан тартып ал убаданын баарын унутуп, өлкөңү укутук, саясий-экономикалык, моралдык жактан итке мингиздиң.

Эгер буга чейин Түркия убактылуу киргизилген аскердик өзгөчө кырдаалдардан жапа чегип келсе, 2016-жылдын жайынан тартып, Эрдоган үзгултүксүз жана уч-кыйыры көрүнбөгөн чиновниктик өзгөчө кырдалды киргизип, кол баласы болгон парламентке анын мөөнөтүн улам узарттырып, 80 миллиондук өлкөнү өзү жалгыз чыгарган “мыйзам өкүмүндөгү токтомдор” (МӨТ) менен башкарып келет.

Түрк аналитиктери билет, 2000-жылдардын башында Евопарламентте Түркиянын Евробиримдикке киришин колдогон өтө күчтүү топ бар болчуу. Бирок Тайып Эрдогандын болбогон жана кыска мөөнөттүк кызыкчылыктарды көздөгөн битир саясатынан улам, ачылган стратегиялык мүмкүнчүлүктөр колдонулбай, Түркияны колдогон лоббилердин баарыны шаабайы сууп отуруп калышты. Эрдоган алардын баарынын көңүлүн соолутуп, дээрлик бардыгын Түркиянын душманына айлантты.

Эми болсо түрк ажосу Эрдоган жанын жеп, бизди кудай сүйсө да каапырлар сүйбөй койду деген сыяктуу жалганды айтып, бырылдап, эптеп элин алдап, 2023-жылы кайра шайланып алуу жан алакетине түшкөн кез. Жете албай калган майды сасык деп, элине майсыз чычаң сымал болгон ШКУну сунуштап турган кербези.

Жансакта Сарбашов

Related posts

Эрдоган назначил министров: Слагаемые и сумма

Эсен Ырыскелди
1 год ago

Режим Эрдогана и проблема идентичности Турции (2)

Эсен Ырыскелди
2 года ago

ЮРИЙ МИХАЙЛОВ: «НУЖНО РУСИФИЦИРОВАТЬ ИСЛАМ…»

Эсен Ырыскелди
2 года ago
Exit mobile version