Салттуу демократиялык мамлекеттерде биздикине же Туркияныкына окшогон окуялар болсо, өкмөт небак тарап, кезексиз шайлоо болмок. Себеби, бул өлкөлөр саясий-экономикалык кризиске киргенде, мындай абалдан мыйзамдуу жол менен чыгуунун тажрыйбадан өткөрүлгөн алгоритмдери бар

Түркияда экономикалык кризистин үстүнө социалдык кризистер да улам үстөккө-босток келе баштады. Учурда докторлор жана медицина кызматкерлери менен калк арасында тирешүү бар. Себеби, бийликтеги партиянын төрагасы жана өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдогандан тартып, мечиттин имамдары жана катардагы исламчылар жерүүчү сөздөрдү сүйлөп, кедейлик жана жакырчылыктан сиркеси суу көтөрбөй турган карапайым калкты медиктерге каршы тукуруп жатат. Мындай тукуруунун кесепетинен бейтапканадларда докторлорду сабоо, кээ бир учурларда, өлтүрүү барган сайын артып бара жатат.

Учурда Түркиянын журналисттери кеңири колдонуп жаткан, күндемдеги маселелер тууралуу көчөөдө суроо берип, катардагы жарандан жооп алуу репортажынын биринде Эрдогандын АКП партиясын жактаган жаран: “Кудайга шүгүр! Президетибизге дуба кылып атабыз. Анткени, жетиштүү медициналык кызматты ала албай калдык деп чечсек, каалаган учурубузда, докторлорду сабай алабыз”, – деп сыймыктанганы соцтармактарда тарады.

Докторлорго карата мындай мамилени социо-психологдор люмпендиктин, б.а. наадандыгына сыймыктанган караңгылыктын эң ачык көрсөткүчү дешти. Анткени мындай инсан, чынында: “Билимине манчыркап, ак сөөктөнүп, бизди теңине албай жаткан немелерди президентибиз бизден төмөн түшүрүп берди”, – деп айткысы келип жатат. Окуган текстти түшүнбөгөн, чет тил үйрөнө албаган, туруктуу карьера эмне экенин билбеген мындай топтор дин жана улутчулдук ураандарынын тегерегинде биригип, өлкөсүн коомдук-экономикалык сазга батырган учурдагы бийликти колдогону колдогон.

Карапайым динчилдин “сүйүнүчүнө” таң калбаш керек. Анткени, мындай мамиледен чарчап, сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болгон докторлорго, билим жана тажрыйбанын баркын билбеген Тайып Эрдоган: “Кетишсе кетсин! Биз алардын ордуна университетти жаңы бүтүргөн балдарды алабыз. Жоголсун, кетсин”, – деген. Анын айткысы келгенин, он жыл мурун эле АКП партиясынын Энергетика министри Танер Йылдыз: “Калктын билим деңгели арткан сайын биздин партиянын добушу азаят экен”, – деп балп эттирген. Президенти экөөнүн: “Биз наадандар менен ичи тарлардын партиясыбыз. Силерден, билимдүүлөрдөн ансыз деле добуш ала албайбыз. Канчалык азайсаңар, бизге ой бергендердин добушу ошончолук салмактуу болот. Мындай шартта иштегиңер келсе, иштегиле, каалабасаңар, кете бергиле!”, – деп жатканы белгилүү.

Өткөн аптада дагы бир доктор өлтүрүлүп, анын өлүмүнөн кийин митингге чыккан медкызматкерлерди түрк полистери сабап, таратып жиберди. Эртеси күнү жума-хутбасына чыккан имамдын бири докторлорду басынткан президенти менен динчилдерди мактап, медкызматкерлерди жемелеп сүйлөдү.

Жогоруда айтылган себептерден улам, түрк докторлору, жетиштүү тажрыйба алаары менен чет тилдердин бирин үйрөнүп, 30-40 жашка чыгып, бала-чакалуу болуп калганына карабай, сыртка чыгып кетүүсү барган сайын артууда. Аларды ушундай даражага жеткиргенге салым кошкон калк менен мамлекет кандай чоң жоготууга учурап жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Чындап келгенде, доктор эле эмес, кандайдыр бир медик болушуң үчүн тытынып окуп, күнү-түнү иштеп, коомдун 5%дык катмарына киришиң керек.

Ошол эле учурда европалык мамлекттерден Германияда 10 миң кишиге 4,3 доктор болсо, Түркияда 2нин алдында. Түрк доктору немис докторуна караганда эки эсе көп иштеп, он эсе аз маяна алат. Андан сыткары, катардагы жарандан жана полистерден таяк жейт, президенти менен министри тарабынан жемеленет, дин кызматкерлери тарабынан мечит минбарларынан басмырланат, маал-маалы менен болсо өлтүрүлөт.

Жансакта Сарбашов