Суроо: Азирети Адамдын уулдары Абыл менен Кабылдын ортосунда болуп өткөн окуядан момундар кандай сабак чыгарышы керек?
Суроого жооп берүүдөн мурун жалпы принцип тууралуу кеп кыла кетсем. Кураны Каримде айтылган ар бир окуянын сөзсүз бизге тиешелүү жагы бар. Биздин милдет алардын өз доорубузга тиешелүү тарабын таап сабак алуу. Куран илгерки окуяларды бир гана тарыхый маалымат берүү үчүн баяндабайт, алар аркылуу кээ бир акыйкаттарды жеткирет. Аяттарды үстүртөн гана карай турган болсок бул акыйкаттарды түшүнбөй, бизге тиешелүү жагы байкалбай калышы мүмкүн. Бирок, Куран деген кайра-кайра окулат. Ар бир аятка “Куран ушул жерден мага бир нерсе айтып жатса керек” деген түшүнүк менен каралат жана маселелер жалпы бүтүндүктө тереңинен каралат. Мына ошондо гана андан толук кандуу пайдаланып жатабыз деп айтсак болот. Бул жааттан алганда, мусулман киши ар бир аятты өзүнө кайрылып жаткандай окуп, ал аяттын өзүнө таандык жагын ойлонушу керек. Мына, азирети Адамдын уулдарынын окуясын да ушул жагынан карап, өзүбүз үчүн алардан бир нерселерди чыгарабыз.
Белгилүү болгондой, Кабыл менен Абылдын ортосунда пикир келишпестик чыгат. Кабыл Алланын жазмышына ыраазы болбойт. Ушундан улам кимиси туура, кимиси туура эмес экенин билүү үчүн, Жараткан Алланын ошол кездин жашоочулары үчүн өзгөчө мамилеси саналган бир ишти кылмай болушат. Ага ылайык көктөн түшкөн от туура болгон кишинин курмандыгын алып, туура эмесиникине тиймек эмес. Натыйжада ким туура, ким туура эмес экени аныкталмак. Ушул максатта Абыл менен Кабыл Аллага бирден курмандык алып келишет. Көктөн түшкөн от болсо Кабылдыкына тийбей, Абылдыкын алат. Бирок, ач көздүк менен көрө албастык Кабылдын көзүн ушундай тумандатып калган экен, Жараткан Алла анын туура эмес экенин билдирип жатса да буга макул болбойт. Натыйжада Куранда айтылган күнөөнү жасап, бир тууганын өлтүрүп тынат. Андан кийин карганын көрсөтүүсү боюнча аны жерге көмөт.
Пайгамбардын көз алдында чоңойгон кишинин Алланын чечимине ыраазы болбоосу, ыйык өкүмдү кабыл албоосу, билип туруп мыкаачылык кылышы, анан эң аягында күнөөнүн далилин жашырып коюусунун баары катмарланган күнөө болгондуктан, алар улам-улам караңгылыкка тартып отуруп, белгилүү бир чекиттен кийин таптакыр каапырлыкка алып кетип жатат. Себеби, Куранда анын түбөлүк жоготууга учураганы айтылат.
Кураны Карим: «Аларга Адамдын уулдарынын кыссасын айтып бер», – деп Абыл менен Кабылдын ортосунда өткөн ушул окуяны билдирет. (Маида сүрөсү, 5/27-31) Куран менен Сүннөттө алардын ысымы айтылбайт. Алардын аттары Эски Осуяттан алынган. Анда жакшысынын аты Абыл, шайтандын жолуна түшкөнүнүн аты Кабыл болот. Деги аттары кандай болгон күндө да, булар вахий жамгырдай жаап турган үйдө туулуп, пайгамбардын кол алдында чоңоюшкан. Бул жагынан алганда Абылдай эле Кабыл дагы ыйман келтирген болсо керек. Бирок, Куранда айтылганы боюнча, ал шайтанга моюн сунуп, бир тууганын өлтүрүп тынды. Ошентип ал адам баласынын ичинен эң биринчи кишинин канын төккөн, ушундан улам бул жаман жолду баштаган киши болуп калды. Бул жагынан алганда да күнөөсү эселенип отурат жана аны каапырдыкка ушул нерсе алып кеткен болушу мүмкүн. Анткени Баддиуззамандын айтуусу боюнча, ар бир күнөөнүн ичинде каапырдыкка кеткен жол бар. Күнөөнү карай ташталган ар бир кадам ошол эле маалда каапырдыкка карай ташталган кадам болуп саналат.
Кабылды жоготууга түрткөн күнөөнүн негизги себеби көрө албастык, ич күйдүлүк болчу. Жараткан Алла бир тууганына берген нерсени кызгануусу, Алладан келген тандоону кабыл албаганы аны кургуйга кулатты. Курандын аяттарында ачык айтылганына караганда, Алла ар бир кишини ар кандай кылып жаратып, ар кандай белектерди тартуулап, ар кандай жөндөмдөрдү берип, кээ бирлерин кээ бирлеринен өйдө кылып койгон. Ал эмес пайгамбарлардын да кээ бири кээ биринен өйдө экени айтылат. (Исра сүрөсү, 17/55) Бир киши бир нерседе алдыга кеткени менен, башка бир нерседе башкалардан артта калышы мүмкүн. Бир маселе боюнча башкалардан өйдө турган киши, башка бир маселеде ылдый болуп калышы мүмкүн. Жараткан Алла биз билбеген көптөгөн себептери, хикматтары менен кээ бирине ашыкча жөндөм берип, ашыкча хикмат тартуулап, аң-сезимин кеңейтип койот. Алар болсо Жараткандын бул артыкчылыктарын татыктуу колдонуп, улуулугуна улуулук кошуп алган болушу да мүмкүн. Алла адамдарга ар түрдүү тартууларды берип, бирөөсүнө бербеген нематты башка бирөөсүнө берет.
Албетте, мунун баары сыноо. Башкалардан ашыкча нематка ээ болуунун сыноосу, жоопкерчилиги да башкалардан ашыкча болот. Жоопкерчиликти орундаткан киши сыноодон өтөт. Башкалардын жоопкерчилиги болсо өзүнө берилген нематтарга жараша белгиленет. Момунга берилген милдет – Жараткан Алланын бул мерчемдерин баштан аяк сый-урмат, ызат менен кабыл алуу, колундагыларга канаат кылуу, өзүнө тийген жоопкерчиликти так орундатуу.
Тилекке каршы, көп кишилер өзүнөн өйдө болгондордун өйдөлүгүн кабыл ала албай, “Анда болгуча менде болсо эмне” деп турушат. Ошону менен акырындап жүрүп жүрөгүн өлтүрөт, жасаган жакшылыктарынын кайрымын түгөтөт, күнөөлөрдү мойнуна үйөт. Себеби, көрө албастык менен ич күйдүлүктүн жүрөктү өлтүрүүчү да, жасалган жакшылыктарды түгөтүүчү да сыпаты бар. Ал тургай ичиндеги ич күйдүлүгүн, көрө албастыгын басууга аракет кылбаса, аларды ооздуктап турбаса, анысы сыртка чыгып күнөөгө түртүшү мүмкүн. Натыйжада кордолгон абалга түшүп жок болот. Кудум Кабылдай жок болот. Андай болсо кишинин милдети Алланын жазмышына ыраазы болуп, ичиндеги көрө албастыкты, кызганычты акыл-эси, эрки менен тарбиялоодо.
Абыл түшүнүгү
Бул икаядагы өзгөчөлүктөрдүн дагы бири − Кабылдын кыжынуусуна каршы Абылдын жообу. Куран анын бул жердеги абалын мындай билдирет: «Аллага ант, сен мени өлтүрүш үчүн кол көтөрсөң да, мен сени өлтүрүш үчүн кол көтөрбөйм. Анткени мен ааламдардын жаратуучусу Алладан корком». Абылдын бул сөзү бизди жамандыкка жамандык деп заалымдарча түшүнүктө болбоого, душмандыкка душмандык менен жооп бербөөгө чакырат.
Бул динде уруксат берилген коргонуу акыңды колдонбойсуң деген сөз эмес. Тескерисинче, киши динин, жанын, намысын, мал-мүлкүн коргогонго милдеттүү. Шариятта уруксат берилгендей коргонуу үчүн жасалган иш-аракеттер күнөө деп эсептелбейт. Ал тургай бул негизги баалуулуктарды коргоп жатып өлсө шейит болот.
Ошол эле маалда, корголчу нерселерди коргоодо напсиге алдырбай, колдон келишинче жамандыктарды жакшы ниет менен кароо, илгертен бери айтыла келгендей, урганга колсуз, сөккөнгө тилсиз, таарынтканга айкөл болуу адамдык мамилелерди өнүктүрүү жана коомдук, дүйнөлүк ынтымакты чыңдоо жаатынан өтө маанилүү. Бирөөлөр бизге муштумун түйсө, “Алла бизге колду мушташсын, бутту тебишсин деп берген эмес” деп, кимге болбосун, айрыкча ыймандууларга, жумшак мамиле кылууну тандоо эр кишинин белгиси. Бул биздин алмашкыс мүнөзүбүз болушу керек.
Бүгүнкү күнү болбогон нерселерди да саясий жараянга, же дагы башка нерсеге айлантып жиберип жатышат. Кишилер кадыр-баркка жетүү, кайсы бир макамды ээлөө, кадыр-көңүл алуу максатында болбогон нерселерди көбүртүп-жабыртып, укмуш керектүү нерседей көргөзүп, ошонун айынан кармашып жатып калышат. Ушундан улам жумшактыкты тандоонун, жамандыкка жамандык менен мамиле кылбоонун эл ичинде тынчтыкты, ынтымакты орнотуу жаатында орду аябай чоң. Атаганат, Курандын бул сабагынан саясатчылар да сабак алып, кулк-мүнөздөрүн, карманган усулдарын кайрадан карап чыгышса кана! Атаганат, Куран ахлагына жараша жолдорун, ыкмаларын көзөмөлдөп, кылык-жоруктарын электен өткөрсө кана! Атаганат, мынчалык ачуулуу, кескин чараларды көрбөсө, ортодогу отко май куйбаса, ынтымак көпүрөлөрүн талкалашпаса кана!
Сүйүү менен жек көрүүдө тең салмак
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жактырган кишини чеги менен жакшы көрүп, жаман көргөн кишини чеги менен жаман көрүүгө чакырган. Анткени жакшы көргөн кишиңер бир күнү душман болуп калышы мүмкүн, жаман көргөнүңөр бир күнү дос болуп калышы мүмкүн. (Тирмизи, Бирр 60) Ошондо силер мурда кылганыңар үчүн бармагыңарды кырча тиштеп, катуу өкүнөсүңөр. Ошондуктан, достукта да, душмандыкта да ашыкча кетпеш керек.
Эгер бирөөнү көкөлөтүп пир тутсаңар, койо берериңер менен жерге түшүп талкаланып жатып калат. Ошондой эле, бирөөгө ачууланганда ачууңузду басканды билиңиз. Себеби, бүгүн душман деген кишилер эртең дос болуп калышы мүмкүн. Натыйжада буга чейин кылган ишиңер үчүн жаман болуп, катуу өкүнүп каласыңар. Ушундан улам бир гана бүгүнкү күнгө карап иш кылбагыла. Бири-бириңерге өтө кылдат, чеги менен мамиле кылышыңар керек.
Эч кимибиз эртеңки күн бизге эмне даярдап турганын билбейбиз. Балким бүгүн жактырбаган кишибиз менен эртең ортоктошуп иштешүүгө мажбур болорбуз. Балким бүгүн урушуп жаткан кишилер менен эртең ийин тиреше туруп, ой-максатыбызды, каруу-күчүбүздү бириктирип бир душманга каршы күрөшүп, бир оор кырдаалга каршы чара көрөрбүз.
Пенде мына ушунун баарын ойлоп туруп кадам таштап, эртең «аттиң» деп бармак тиштей турган иштерди жасабашы керек. Пайгамбарыбыздын насаатын кулагына күмүш сырга кылып, ар бир ишинде чектен ашпоого аракет кылганы оң. Мына улуулуктун өрнөгү катары назарыбызга коюлган Абылдын жолу. Аттиң, айткан пикирлери, жазган эмгектери менен башкаларга багыт берген кишилер жасаган иштерин эртеңки күндү эсепке алуу менен дагы кылдатыраак карап чыгышса кана!
Мухаммад Фетхуллах Гүлен
Которгон: Насыпбек Асанбаев