Кубат Чекиров, Бишкек

Россиянын Украинага басып киргенинин түпкү себеби, башкы көйгөйү анын саясий элитасы мурунку империялык, советтик колонизаторлук саясатты улантып, андан баш тарта албай жатканында дейт Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат.

Erica Marat

Кубат Чекиров: Россиянын Украинага басып киргенинин түпкү себептерин сиз эң алды тарыхый контексттен карап түшүнүп, аны ошол жагынан чечмелеп жаткандайсыз?

Эрика Марат: Империялык ойлом менен иденттүүлүк анын тышкы саясатын аныктап көзөмөлдөп жатканын Россиянын  өкмөтү жана калкы  жеткире түшүнө албай жатат.

Бул империялык иденттүүлүк, аң-сезим, Россия кандай болсо дагы коңшу өлкөлөрдү, алардын аймагын көзөмөлдөп, алардын тагдырын чечүүгө акысы бар деп, Казакстан, Украина, Грузия, Молдова, Кыргызстан сыяктуу  өлкөлөрдүн тагдырын чечип, алардын башкаруучулары менен калкы эмнени ойлонуп, эмнени коюп жатканын көзөмөлгө алып жатканында болууда.

Россия Кыргызстан, Грузия сыяктуу эле өлкө. Эмне керек экенин алар азыркы убакта көз каранды эмес өлкө болгондон кийин өздөрү чечиш керек.

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Россиянын Украинага басып киргенинин түпкү себеби, башкы көйгөйү анын саясий элитасы мурунку империялык, советтик колонизаторлук саясатты улантып, андан кете албай жатканында дейт Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат.

Кубат Чекиров: Россиянын Украинага басып киргенинин түпкү себептерин сиз эң алды тарыхка карап түшүнүп, аны ошол жагынан чечмелеп жаткандайсыз?

Эрика Марат: Россиянын өкмөтү жана калкы өлкөсүнүн тышкы саясатын империялык ой жүгүртүү менен иденттүүлүк аныктап, көзөмөлдөп жатканын жеткиликтүү түшүнө албай жатат.

Бул империялык иденттүүлүк, аң-сезим, Россия кандай болсо да коңшу өлкөлөрдү, алардын аймагын көзөмөлдөп, алардын тагдырын чечүүгө акысы бар деп, Казакстан, Украина, Грузия, Молдова, Кыргызстан сыяктуу  өлкөлөрдүн тагдырын чечип, алардын башкаруучулары менен калкы эмнени ойлонуп, эмнени коюп жатканын көзөмөлгө алып жатканында байкалууда.

Россия Кыргызстан, Грузия сыяктуу эле өлкө. Азыркы убакта көз каранды эмес өлкө болгондон кийин, өздөрүнө эмне керек экенин алар өздөрү чечкени жакшы.

Кубат Чекиров: Россияны Кыргызстан менен салыштыруу, өзгөчө геосаясатта кыйын го. Кайсыл эле өлкө болбосун, экономикалык жана аскердик күчүнө таянып геосаясатта активдүү болот эмеспи. Россия өзүнүн азыркы жүрүшүн улуттук жана геосаясий кызыкчылыкты коргоо деп түшүндүрүп жатпайбы?

Эрика Марат: Империялык амбициянын себеби бул эле эмес. Биз Россиянын армиясы Украинада кандай кулаганын көрүп жатабыз. Канчалык чоң өлкө болсо да, Украинада өзүнүн аскердик максаттарына жетпей койду.

Бул жерде аскердик же экономикалык кызыкчылык эмес. Бул Россиянын мурдагы СССРдин республикаларындагы саясаты, өзүнүн айланасындагы артта калган элдерге маданиятын, тилин тартуу кылып, аларды таңуулоо менен Украина, Беларус, Казакстан, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө цивилизация алып келдим деп ишенип алганында болуп жатат.

Жалаң гана орус тилин билүү, орус элин, маданиятын сыйлоо аркылуу гана биз цивилизациялуу эл болуп жатабыз деген ишеним. Эгер биз андай таңууланган саясаттан баш тарта турган болсок, бизди жакшылыкты билбеген, караңгы, артта калган эл деп жатат.

Россия өзүнүн тышкы саясаты айланасындагы элдерге, өлкөлөргө карата цивилизациялык миссияны аткаргам деген ишенимдин негизинде куруп жатат. Анын экономикалык жана аскердик саясаты таптакыр рационалдуу эмес. Россия өзүнүн коңшулары, Украина, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдү теңине алып сүйлөшө билгенде, бул мамлекеттер менен экономикалык алака-катышы азыркыдан да алда канча жакшы болмок.

Кубат ЧекировРоссиянын азыркы жүрүшүн мурдагы империянын колониалдык саясатынын, андан кийинки СССРдин саясатынын эле уландысы катары карап жатасызбы?  

Эрика Марат: Ооба, бул падышалык Россиядан, андан кийин советтик Россиядан мураска калган, азыркы путиндик Россиянын саясаты. Эмнеге ушундай болуп жатат. Анткени, Россияда буга чейин же тоталитардык, же авторитардык режим болуп келди. Россиянын элитасы менен калкы өзүнүн аймагындагы жана коңшулаш аймактардагы  тарыхый ролу жөнүндө, падышалык Россиябы же большевиктерби, бардык жерде улам жаңы аймактарды импердик басып алуу саясаты канчалык ырайымсыз болгону жөнүндө эч качан эркин ой калчап көргөн эмес.

Канчалаган кан төгүлдү, канчалаган эл кырылды. Мурдагы союздун аймагында канчалаган маданият түп орду менен жок болду, россиялык коому бул жөнүндө ой калчап, талкуулап көргөн эмес. Империялык дух Россия коомчулугунда же орус коомунда норма бойдон калууда. 90-жылдары Ельциндин тушунда айрым бир деңгээлде талкуулар болсо болгондур, бирок бул абдан кыска убакыт болгон. Ошондон улам Путин тарыхый архивди ачтырбай, “Мемориал” сыяктуу уюмдарды жаап, Советтер Союзун сындоону тыйып жатат.

Кубат Чекиров: Постколониалдык синдром деген түшүнүк бар эмеспи. Мурда колонияда болуп келген өлкөлөрдүн өзү көп жылдар бою өз алдынча саясат жүргүзүп, өз алдынча чечим кабыл алууга кудуретсиз болуп, дагы эле кылчактап, мурдагы метрополияны карай берет эмеспи. Ошондой көрүнүш мурдагы Союздун республикаларында дагы эле үстөмдүк болуп жаткандай?

Эрика Марат: Сиз туура айтып жатасыз. Бул постколониалдык өлкөлөрдүн баарында бар. Түштүк Азияда, Африкада, Латын Америкасында. Мени Казакстанда жана Кыргызстанда Советтер союзунун ролу жөнүндө активдүү талкуу башталганы кубандырат. “Эсимде” деген жакшы долбоор иштеп жатат. Биз эмне болгонубузду түшүнүү аркылуу гана, эмне жоготуп, эмне тапканыбызды билгенде гана, Россиядан сырткары биз ким экенибизди, бизге эмне керек экенин түшүнөбүз.  

Мындай ойлор, түшүнүк азыр окумуштуулардын чөйрөсүндө, коомчулук арасына талкууланып жатат. Кайсы бир убакта бул талкуу саясий денгээлге жетет деп үмүт кылам, ошондо гана  мурдакы колонизаторлордун таасирине көз каранды эмес саясат, чыныгы көз каранды эмес өлкөнүн саясаты башталат.

Украинадагы согуш бул процессти тездетти. Менимче, путиндик Россиянын азыркы кылып жатканын көп адамдар түшүнүп жатат. Советтер союзу ушундай жол менен курулганын, жүз жыл мурда большевиктер так ушундай кан төгүү жана ырайымсыздык менен Борбор Азия аймагын каратып алганын, жергиликтүү элди багындырганын түшүнө баштадык. 

Кубат Чекиров: Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун даярдап алышып, талкуу башталганда эле Россиянын элчиси аны орус калкын дискриминация кылган долбоор деп каршы чыкты. Ошону менен талкуу дымып калды.

Эрика Марат: Тилекке каршы, Россиянын элчилиги  Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүндө алардын ички ишине кийлигишүүнү өзүнүн милдети катары санап, эмне жакшы, эмне жаман экенин өзү билгендей таңуулап келатат, анын ичинде маданий чөйрөдө да.

Украинада эмне болуп жатканын көрүп туруп көп саясатчылар орус бийлигин жана алардын элчилигин таарынтып алабыз деп мыйзамдарды, чечимдерди кабыл алуудан коркуп жатат.

Мисалы, Өзбекстанда тышкы иштер министри Камилов өлкөсү Украинанын суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн, Донбасс, Луганск жана Крымды кошуп тааный турганын билдиргенден кийин башка позицияга которулганын көрүп жатабыз.

Саясатчылар коркуп жатат, мен аны түшүнүп турам. Бирок алар бара-бара көз карандысыз ой-пикирди өнүктүрүп, өздөрүнүн кызыкчылыгына багытталган саясатты жүргүзүү максатында күчтөрүн бириктирет деп үмүт кылам.

Материалдын түп нускасы бул шилтемеде