Дүйнө жүзүндө, анын ичинде Жакынкы Чыгыштын мусулман мамлекеттеринде пайда болуп жаткан Ирак жана Шам ислам мамлекети (ИШИМ) жана ошого окшогон радикал, кара күчкө таянган топтор дүйнө тарыхында жана ислам тарыхында болушу биринчи жолу эмес. Мындай уюшкан канкор топтордун аты жана формасы өзгөргөнү менен пайда болуу себептери жана заты кылымдар бою өзгөрбөй келе жатат

Алгач бөрү болуп бөлүнгөндөр

Ислам тарыхында мындай көрүнүш алгач азирети Али мусулмандардын башына келген доордо пайда болгон. Азирети Али халифа болгондо азыркы Сириянын аймагында губернатор болуп турган азирети Муавия анын халифалыгын кабыл албай коёт. Натыйжада тездик менен кеңейип, башкаруу институттары жаңы калыптанып келе жаткан мамлекетке биримдик абадай керек экенин билген Али Муавияга сес көрсөтүү максатында кол топтоп барат. Ага каршы Муавия да кол топтоп чыгып, эки тарап Сыффин деген аймакта жолугушат. Негизги максаты согушуу эмес, акыйкат издөө болгон лидерлер бул жерде дипломатиялык келишимге келишет. Эки тараптан үчтөн адам чыгып, ортого бир калыс адам дайындалат. Бул калыс кандай өкүм чыгарса, ошого баш иели деп макулдашышат. Мына ушул жерден азирети Алиге кошулуп келген бир топ: «Куран менен пайгамбардын салты турганда, адамдардын сөзүнө баш ийбейбиз» деп эки тарапка тең каршы чыгат. Мына ошол адамдар «чыккандар» деген, арабчасы «харижийлер» деген аталыш менен Сыффинде биринчи жолу өзүнүн коркунучтуу жүзүн көргөзгөн.

Харижийлердин негизги өзгөчөлүктөрү: ислам маданиятынын чордонун көрбөгөндүгү, ал маданиятта калыптанбагандыгы, диний тексттердин контекстин (пайда болуу тарыхын) билбеши, Курандын аяттары менен пайгамбардын салтын заманга жана шарттарга жараша жоруй алган эмес. Ошентип, исламдык эки негизди сөзмө-сөз гана түшүнүп, ошо бойдон түз колдонгон, натыйжада оройлукка алдырган топ эч бир башчыга же аалымга баш иймек эмес. Алар диндин формалдуу тарабын гана тутунуп, аны ички дүйнөнү тазартуучу, адеп-ахлакты оңдоочу тараптарынан куру калышкан. Харижийлер диний тексттерди жашоонун өзгөрүүсүнө жараша колдоно албай, эски тажрыйбаларды ошол бойдон жаңы турмушка колдонгонго аракет кылышкан. Өздөрүнөн башкача ойлонгон адамдарга «динден чыкты» деген өкүм берип, аларды жок кылууга болот деген чечимге келишкен.

Заманбап харижийлер

Эми жогорудагы окуянын нугу менен карап көрсөк, бүгүнкү күнү да ар түрдүү аталган, бирок заттары харижийлердикине окшош топтор көп. Мисалга Африкада пайда болгон «Боко харам» тобун алсак. «Боко харам» табиятты таануу үчүн керектелчү заманбап илим-билимге каршы чыгып, аталышы да «билимдер – арам» дегенди билдирген топ. Андан сырткары, Сирия менен Ирак аймагында «ИШИМ» деген чоң тайпа пайда болду. Ага чейин «Аль-Каида» деген бар эле. Андан мурун өздөрүн «Талибан» деп атаган харижийлердей түркөй түшүнүктөгү адамдардан турган топ болгон. Кыскасы, байыркы жана жакынкы тарыхты карап отурсаңыз, доор өзгөрсө да көз-карашы, түшүнүгү жана ой жүгүртүүсү өзгөрбөгөн, экстремисттик сыпаттарга чылк сугарылган топтор дайыма болуп келгенин көрөсүз.

Эми бул сыпаттарды талдоодо төмөнкү тарыхий фактыга өзгөчө көңүл буруубуз керек. Пайгамбарыбыз Мухаммеддин, алгачкы төрт халифанын жана башка мусулмандар жашаган мамлекеттерде прогресстин туу чокусуна жеткен учурлар шарият, табият жана коомдук илимдерди бирдей колдонуп, адамзаттын орток баалуулуктарына салым кошкон, ар түрдүү дин жана маданияттар менен биргеликте жашаган доорлор болгон. Харижийлик сапаттагы топтор болсо башка көз-карашка, маданиятка, динге, ал тургай башкача түшүнүгү бар диндешине да толеранттуу боло албаган, эч бир укукту тааныбаган радикал, зомбулукту жакшылык катары көргөн кишилерден турат.

Харижийлер пайда болгон шарттар

Өткөн доорду жана азыркы учурду анализдей келсек, харижийлердин пайда болуусуна чиеленишкен социалдык, экономикалык жана саясий себептер түрткү болгон. Негизинен мындай себептер исламда гана эмес, башка диндерде, же динден алыс мамлекеттерде деле радикал топтордун чыгуусуна түрткү берген.

Билим берүү

Коомдук себептердин эң негизгиси бул билим берүүнүн төмөндүгү. Азыр ислам дүйнөсүнүн билим берүү тармагын кайсыл тарабынан карабайлы, артта калганын көрөбүз. Мисалы мусулмандар көп болгону менен башка топторго салыштырмалуу сабатсыздыгы менен белгилүү. Керек болсо окуганды, жазганды да билбегендери көп. Андан кийин китеп окуу көрсөткүчтөрүн салыштырсак, башкалардан кыйла төмөн экенин көрөбүз. Мисалы «Дар уль-Фикр» деген басма үйүнүн изилдөөсү боюнча, алдыңкы өлкөлөрдө бир адам бир жылда орто эсеп менен 15тен 20га чейин китеп окуса, араб чөлкөмүндө жашаган адамдар жылына 6 бет гана окушат экен. Убагында илим-билимдин чордону саналган ислам дүйнөсүндө бир дагы мусулманды өлкөнүн улуттук китепканасын фонду жана мазмуну боюнча алдыңкы катарынан көрүүгө болбойт.

Тарбия

Дагы бир социалдык көйгөй – келечек муунду тарбиялоо. Мусулмандардын жарымы психикалык жактан жабыркаган делет. Себеби, жүздөгөн адамды көз ирмебей туруп кырып салып, артынан бир өкүнүп койбогон адамды адам деп айтууга да ооз барбайт. Адамга кыянаттык кылмак тургай, жан-жаныбарга, чөп-чарга жана башка диний, маданий жана тарыхий мурастарга чейин этият мамиле кылууну буюрган диндин өкүлү ушуну кылып атса, бул анын тарбиясынын тайкылыгын, психикасынын олуттуу бузулганын билдирбегенде эмнени билдирет. Психологиядагы теория боюнча, ар-намысы тебеленип, уруп-согуу жана зомбулук менен чоңойгон бала, кийин башкаларга да ошондой мамиле кылып, аларды басынтуу аркылуу ички таарынычын жана бугунан кутулгусу келет. Ушундан улам, үстүртөн эле караганда мусулман элинин балага берген тарбиясында оркойгон кемчиликтер бар экенин байкалат. Бир эле факт – парз намазда да кичине бала жонуна минип ойноосун туура көргөн пайгамбардын үммөтү жаш балдарга толеранттуу мамиле кыла албай келебиз. Натыйжада, бардыгына кара күч жана зомбулук менен мамиле кылган жаштар пайда болуп жатат.

Улуу муунга таарыныч

Коомдук болобу, же үй-бүлөлүк болобу, жашоо стандарттардын башка өлкөлөргө караганда кескин төмөн болуусу «буга кимдир бирөө күнөөлүү» деген өспүрүмдөрдүн жана жаштардын пайда болуусуна алып келген. Мындай шарттарда жашагысы келбеген жаштардын бир бөлүгү колуна курал алып, «күнөөлүүлөрдү» жок кылууга аттанса, экинчи бөлүгү элине адамдык шарттарды камсыздап бере алган өлкөлөргө көчүп кетүүдө. Мисалы, Түркияда жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча, каза болгон 1000 мусулмандын 900үнүн жаны диндеши тарабынан кыйылат.

Коррупция менен жумушсуздук

Алдыңкы делген 60ка жакын мусулман мамлекети мунай коруна ээ экенине карабай, баарынын экономикасы Германиянын экономикасына жете албаганы өкүнүчтүү. Коррупциялык көрсөткүчтөр боюнча караганда да мусулман өлкөлөрү алдына эч кимди чыгарбай келет. Жаштыгы жана изденүүсү жетишерлик камсыз кылынбай, жумушсуз калган мусулман жаштары радикалдардын торуна түшкөн жеңил олжо болуп келүүдө.

Исламдык принциптерге дал келбөө

Исламда башкаруу системасы ачык белгиленбесе да кеңешүү, адилеттүүлүк менен эркиндиктин камсыздалуусу негизги маселелерден. Бирок так ушул өңүттөн алганда, тагыраак айтканда, жалпы коомго тиешелүү маселеде тиешелүү тараптар менен кеңешип иш кылуу, соттордун көз каранды болбошу, саясий бийликтин тең салмактуу бөлүнүүсү жагынан караганда мусулмандар жашаган өлкөлөр эң аркада калган.

АКШдагы Жорж Вашингтон университетинин эки мусулман профессору жүргүзгөн изилдөөлөрү таң калычтуу натыйжа берген. Алар 202 өлкөнү Куран менен пайгамбарлык салттын критерийлери боюнча өлчөп көрүшкөн. Натыйжада биринчи 30 өлкөнүн арасына мусулмандар жашаган бир да мамлекет кирген эмес. 33-орунду араң Малазия алган. Кувейт 42, Түркия 71-орунга араң илинген. Өзүн ислам мамлекети деп атаган Иран 135-орунда жүрөт.

Неохарижийлердин алдын алуу

Билимсиздик, тарбиясыздык, мусулмандардын ар тараптан артта калуусу биздин жаштарды үмүтсүздүккө түртүүдө. Ошондуктан жогоруда айтылган чиелешкен руханий, интеллектуалдык, социалдык, экономикалык жана саясий көйгөйлөрдүн себептерин аныктап, аларды чечип, мусулман жаштарынын үмүтүн ойготуу керек. Ортого «келгиле, кайрадан мусулман бололу» деген ураан таштап, ар тараптуу аракет кылуу зарыл.

Эсен Өмүракунов